СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

КАЛЫСТАР — СЫНАКТЫН ЖҮЗҮ. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫН КИМДЕР БААЛАШТЫ?

Кесиптик сынактын жүрүшүн баалоо үчүн калыстар тобунда сөзсүз эксперттер катышууга тийиш деген оюма сиздер да макул болосуздар деп ойлойм. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын калыстар тобун эксперт деген сөз менен гана мүнөздөп, айкалыштырууга болот. 2011-жылдан бери сынак өткөрүлүп келе жаткан  жылдар бою калыстар тобунун курамын илимий жана иш жүзүндө тажрыйбасы мол билим берүү тармагынын көрүнүктүү адистери жана ошондой эле биздин сынактын катышуучулары түзүп келатат.

БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2021 сынагы учурда уланууда. Бул макала 2020-жылдагы сынак үчүн жазылган, бирок калыстар тобунун курамы өзгөргөн жок жана кээ бир жаңыртуулар менен мен дагы бир жолу Кыргызстандын айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдеринин ЖЫЛДЫК сынагына кызыккандардын назарына сунуштайм.


Калыстар тобунун мүчөлөрү жыл сайын сынактын 1-турунда катышуучулардын дилбаяндарын жана 2-турда мугалимдердин оозеки таймашын баалашат. Калыстар тобунда баардыгы 10-11 адам бар, алардын ар бири биринчи турда 40-45 дилбаянды 6 критерий боюнча баалайт, ал эми ар бир дилбаянды калыстар тобунун 7 адамы баалап чыгат. 2011-2021 жылдардын Жоболору менен тааныш адам, калыстар тобунун бардык мүчөлөрү катышуучулардын дилбаянын аты-жөнү жашырылып, код – номур коюлган түрүндө алышаарын, баллдын суммаларын эсептөө үчүн Excel толтурулган баалоо баракчасын жиберишерин жакшы билет, ошондон кийин гана катышуучулардын аты-жөнү ачыкталып, жыйынтыгы жарыяланат.

Калыстар тобу бул иштердин баарын коомдук башталышта, эч кандай материалдык компенсация албастан, өзүнүн жеке убактыларын сарптап аткарышат. Ошого карабастан,  калыстар тобунун бардык мүчөлөрү мага жыйынтыгын өз мөөнөтүндө, б.а. белгиленген күндөн калтырбай жөнөтүшөт! Кыргызстанда адамдар кечиккенди адатка айланткан дегендерге — ишиңдин ийгилиги ким менен өнөктөш болгонуңа жараша болот деп гана айткым келет! Мисалы, биздин калыстар тобундагы колдору кымындай да бошобогон, талабы бийик адамдар, эскертүүгө муктаж эмес! Алар өз иштерин өз учурунда, ынтымакта жана ашыкча сөзү жок так аткарышат.

Акыркы бир нече жыл сынактын калыстар тобуна 11 адам катышууда, алардын төртөө – биздин сынактын жеңүүчүлөрү. Биздин билим берүү тармагында ушундай чыныгы кесипкөй, сабаттуу, эмгекчил, жигердүү мыкты адамдар бар экендигине сыймыктанамын.

Төмөндө мен аларды алфавиттик тартипте тааныштыра кетейин:

БАТРАКЕЕВА ЧЫНАРА ЭБИШОВНА

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ББОУБ) директору. Бул борбор 2020-жылдан бери Жалпы республикалык тестти (ЖРТ) өткөрүп келиши менен коомчулукка кеңири белгилүү. 2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү

ВОЙТЫШИНА ЛЮДМИЛА ВЛАДИМИРОВНА

Бишкек шаарындагы КРСУнун мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими. Билим берүү тармагындагы эмгек стажы 25 жыл. Бишкек шаардык билим берүү департаментинин, мэриясынын, Кара-Балта шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, КР президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган. 2017-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

КАШЫБАЕВА АЙНАГҮЛ СУПАТАЕВНА

Билим берүү жана илим министрлигинин “КУТ БИЛИМ” гезитинин бөлүм редактору. Билим берүү тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар журналист. Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун “Мыкты журналист” медалынын жана Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын “Кеменгер” сыйлыгынын ээси. 2017-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

МОМУНКУЛОВА ЗАМИРА КАЗАКОВНА

Бишкек шаарындагы англис тилин тереңдетип окутуучу №13 гимназия-мектебинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары  жана кыргыз тили жана адабияты мугалими. Мектепте көп жылдык тажрыйбасы бар мугалим. КРнын билим берүүсүнүн отличниги. 2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

МЫКЫЕВА МИРА РАСАБЕКОВНА

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча улуттук борбордун адиси, он жылдан ашык убакыттан бери баалоо маселелери боюнча адис болуп иштейт, андан тышкары, көп жылдык тажрыйбасы бар практик окутуучу. Билим берүү тармагындагы эл аралык долбоорлордун катышуучусу. 2011-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү. 2013 жана 2014-жылдардагы сынактын калыстар тобунун төрайымы.

РЫСКУЛОВА ЖАРКЫН МАМАТОВНА

Филология илимдеринин кандидаты, доцент. Жогорку окуу жайынын окутуучусу, жогорку мектепте билим берүүнүн сапаты боюнча эксперт. Адабият таануу (дүйнөлүк адабият жана котормо таануу) боюнча адис, билим берүү тармагындагы (орто жана жогорку мектепте окутуу жана баалоо) эл аралык долбоорлордун координатору. 2011-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү. 2018-2019-2020-жж. — калыстар тобунун төрайымы.

ЭСЕНГУЛОВА МИРКҮЛ МОЛУТБЕКОВНА

И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу. Педагогика илимдеринин кандидаты. Педагогикалык дисциплиналарды окутууда көп жылдык тажрыйбасы бар. 60 илимий макалалардын жана окуу-усулдук колдонмолордун автору. Эшенаалы Арабаев тууралуу монографиянын автору: «Эшенаалы Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгү жана педагогикалык мурасы». 2014-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү. Калыстар тобунун төрагасы 2015 жана 2016

2020-жылдын калыстар тобунун мүчөлөрү – сынактын мурдагы жылдардагы жеңүүчүлөрү:

БЕККУЛ КЫЗЫ НУРЖАН

2019-жылдагы “Биринчи мугалим” сынагынын жеңүүчүсү. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Чолпон айылындагы Үтүр Калиев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими. 28 жылдык тажрыйбасы бар мугалим. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан Ардак грамотасынын ээси. Райондук, облустук грамоталардын ээси. 2020-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

ДЖОЛЧУБАЕВА АЙГУЛЬ СЕЙДЕКЕРИМОВНА

“Биринчи мугалим” сынагынын 2016-жылдагы жеңүүчүсү. Талас облусундагы Бакай-Ата районунун, Бакай-Ата айылындагы Ленин атындагы мектебинин башталгыч классынын жана орус тили мугалими. 2017-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

КАЛМАМБЕТОВА БАКТЫГУЛЬ МАЛИКОВНА

“Биринчи мугалим” сынагынын биринчи жеңүүчүсү (2011). Чүй облусундагы Кемин районунун, Шабдан айылындагы «Билимкана-Шабдан» жеке менчик мектебинин директору, башталгыч класстардын жана англис тили мугалими. Мектепте көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар мугалим. 2013-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

КАМБАРОВА ДИНАРА ДАРМАНБЕКОВНА

“Биринчи мугалим” сынагынын 2018-жылдагы жеңүүчүсү. Баткен облусундагы Кадамжай районунун Чечме айылындагы №37 Биринчи май атындагы мектебинин башталгыч классынын мугалими окуу бөлүмүнүн башчысы. 17 жылдык тажрыйбасы бар мугалим. КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Баткен облустук методикалык бөлүмдүн, Кадам-Жай райондук билим берүү бөлүмүнүн, Бирлик айыл аймагынын жана мектеп администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган. 2019-жылдан бери калыстар тобунун мүчөсү.

КАРИМОВА ТУРУМКАН АБДЫРАХМАНОВНА

2017-жылдагы сынактын жеңүүчүсү. Пенсияда. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айылында башталгыч класстын мугалими болуп иштеген. 2018-жылдан бери сынактын экинчи турунун калыстар тобунун мүчөсү. Билим берүү жана илим министрлигинин, Ысык-Көл облусунун администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

10 жыл аралыгында биздин калыстар тобунда билим берүү тармагынын башка дагы мыкты кесипкөй адистери болушту. Мында биз азыркы калыстар тобунун мүчөлөрүн тааныштырдык.

Калыстар тобунун бардык мүчөлөрүнө кесиптик жогорку чеберчилиги жана ак эмгеги үчүн чын ниеттен чыккан ыраазычылыгымды билдиремин!

 

Дагы:

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮН МОСКВАГА 10 КҮНДҮК МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТБАЯНДАРЫ (2012-2019)

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮН ОКУУЧУЛАРЫНЫН БИШКЕККЕ МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТТАРЫНЫН СҮРӨТБАЯНДАРЫ (2015-2019)

СЫНАКТЫН 2-ТУРУНУН ЖАНА СЫЙЛОО САЛТАНАТТАРЫНЫН СҮРӨТБАЯНДАРЫ

СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *