УРМАТТУУ ДОСТОР!
Кыргызстандын мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, окуучулардын ата-энелери жана ошондой эле билим берүү темасына кайдигер эмес адамдарга дагы кайрылам!
Санжарбек Данияровдун фонду Сиздерди
Санжарбек Данияровдун Фондунун Кыргызстандын айылдык мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдеринин сынагы 2011-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келүүдө.
Катышуучулар сынак жандуу жана кызыктуу өтөөрүн айтышып, жогору баа беришет. Келип, биздин келечегибизди түптөгөн мугалимдер кандай экендигине күбө болуңуздар.
Фонд сынактын 2-турун ар жылы сентябрь айынын акыркы ишембисинде өткөрүп келген, бирок былтыркы пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам, белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Салтанаттуу иш-чара салт болуп калгандай, И.Арабаев атындагы КМУнун жыйын залында өтмөкчү, ал үчүн университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз!
Адаттагыдай эле мугалимдер Москва же башка дүйнөдөгү борбор шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу укугун камсыздаган 1-орун жана “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” наамы үчүн жана ошондой эле классындагы окуучулары менен бирге эс алуу күндөрү Бишкек шаарына 2 күндүк маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келүү үчүн акыл таймашында күч сынашат. Андан сырткары, 2-3-орундарды ээлеген мугалимдер да классындагы окуучулары менен бирге Бишкек шаарына 2 күндүк экскурсияга келишет.
ИШ-ЧАРАНЫН АЛДЫН-АЛА ТҮЗҮЛГӨН ПРОГРАММАСЫ – КӨРҮҮ ЖАНА ЖҮКТӨП АЛУУ
Каалоочуларга эшик ачык.