СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИН КАЙДАН КӨРСӨ БОЛОТ? ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТЕЛЕТАЙМАШЫНАНБЫ? ЖОК — БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2017 СЫНАГЫНАН!

Азыркы учурда өлкөбүздүн келечегин түптөп жаткан адамдар кимдер? Алар шайлоо кампаниясын шайма-шай өткөрүп жаткан президенттикке талапкерлер дейсизби? Же жаңы премьер-министр жана анын жаш жана амбициялуу команда мүчөлөрүбү? А балким азыр таймаштарда “кырчылдашып” жатышкан саясатчыларбы?

Менимче, ал адамдарды башка жерден издөө керек. Алар азыр мектептерде, жаш курагы 7, 8, 9 жана 10 жаштагы биздин өлкөнүн кичинекей жарандарына билим, тарбия берип, жаш бөбөктөрдү өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тарбиялоого далалаттанып жатышкандар. Алар, айыл мектептериндеги башталгыч класстардын мугалимдери — баарынан көп, анткени өлкөбүздүн калкыгын үчтөн бирин элеттиктер түзөт.

Катышуучулар, коноктор жана калыстар тобу

Ошол зор адамдарыбыздын жашоо шарты кандай? Алар эмне жөнүндө кыялданышат, кандай ой жүгүртүшөт, биздин балдарга кандай идеялардын үрөнүн себишет?

Бул жөнүндө жыл сайын өткөрүлүүчү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 2017 сынагынын кезектеги, 9-сентябрда алтынчы жолу өткөн сынагынан көрүп-билүүгө болот. Бул күнү сынактын биринчи турунда эң жогорку балл алган алты мугалим билим таймашына чыгышты, ал эми калгандары өз кесиптештерине, жакын санаалаштарына күйөрман катары атайын алыстан ат арытып келишкендер жана катышуучу катары күбөлүк алгандар болду.


Сынактын биринчи туруна баардыгы болуп башталгыч класстын 87 мугалими дилбаян жазып жөнөткөн, бирок сынактын Жобосуна ылайык, анын ичинен иргелип калыстар тобунун калыс талдоосуна 52 дилбаян жетти. Анын себептери:

  • Тилекке каршы, 13 катышуучунун жиберген дилбаянынын көлөмү өтө кичинекей, 1 эле барак, же темасы мурда жарыяланган темасына дал келбейт, арасында өздөрүнүн байланыш даректерин көрсөтпөгөндөрү да кездешти…
  • Дагы 22 дилбаян плагиаттан (!) өтпөй калды. Былтыр башка тексттерди энчилеп алгандардын көбү орус тилдүү авторлор болсо, быйыл кыргыз тилдүү мугалимдер да “алдыга” өсүш жасап, ӨЗДӨРҮНҮН УНИКАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮЛӨРҮНӨН интернеттеги “БӨЛӨКТӨРДҮН ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ (!) АЙТКАНДАРЫН жогору коюшуптур.

Адегенде, дилбаяндарды калыстар тобуна даярдап жатып (сканирлөө, тексттик форматка келтирүү, плагиатка текшерүү жана критерийлерге ылайыктоо, жашыруу үчүн бирдей түргө келтирүү, код коюу), мен баарынан да плагиаттын көп пайызда болгондугуна капаландым.

Дагы бир жагдай мени жагымсыз таң калтырды. Мен мугалимдердин ичинен интернетти колдонууну билгендер дагы да болсо өтө аз экендигине дагы бир жолу көзүм жетти, бул дилбаяндарында плагиат табылгандарга да тиешелүү, алардын көбү интернеттен алынган. Бирок, автор эгерде күнүмдүк иш практикасында интернетти колдонбосо, интернеттен кантип көчүрүп алды? Менин жеке пикиримде – ал эмгекти ага башка бирөө жазып берди! Биздин сынакка мугалимдер өз ыктыяры менен катышуусу керек, андай болсо фальсификацияга барып кереги не?! Бул өтө кейиштүү көрүнүш, анткени, сөз биздин балдарды окутуп жана тарбиялап жаткан адамдар жөнүндө болуп жатпайбы…

Дилбаяндардын негизги бөлүгү – теманы жакшы түшүнүп, анын идеясын ачып берүүгө чын пейилинен далалаттангандардан түзгөндүгү мени чексиз кубандырды. ПРОФЕССИОНАЛ КАЛЫСТАР ТОБУНУН мүчөлөрүнүн дилбаяндарды текшергенден кийин мени менен бөлүшкөн ой-пикирлери бул позитивдүү баага шайкеш келди. Бул жылдагы дилбаяндардын сапатынын жогору болгондугун кандай түшүндүрүүгө болот? Менин гипотезам боюнча – дилбаяндын темасы мугалимдин жан дүйнөсүн козгогон тема болгондугунда. Балким сиз бул тууралуу башкача ойдо болсоңуз, өзүңүздүн идеяңыз менен бөлүшсөңүз болот!

Сынактын автору катары мага бардык тема баалуу жана абдан маанилүү, бирок мугалимдерге башкача сезилиши ыктымал. Сынактын темаларын эсиңиздерге сала кетейин:

2011 – Менин окуучуларым мени эмнеге үйрөтүшөт

2013 – Мугалим балдарды тарбиялоодо ата-эненин союздашы

2014 – Биринчи класстын окуучусу мугалимдин көзү менен: бала, тарбиялануучу, окуучу?

2015 – Үйүндө китеби жок балдарга көркөм адабиятты окууну кантип үйрөтүү керек

2016 — Китеп – эң жакын досуң: ата-энелерге кайрылуу жана балдарга кайрылуу

2017 – Ч.Айтматовдун “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” повести менен менин алгачкы таанышуум, убакыттын өтүшү менен менин Дүйшөнгө болгон мамилемдеги өзгөрүүлөр

Калыстар тобунун жогорку баасына татыган 2017-жылдагы 6 катышуучусунун дилбаяндары менен ушул сайттан тааныша аласыз. Ошондой эле ал БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2017 сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты үчүн даярдалган брошюрага жарыяланган, аны бул макаланын аягында көчүрүп алсаңыз болот.

Сынактын 1-турунун жеңүүчүлөрү менен таанышып алыңыздар:

  • КАРИМОВА ТУРУМКАН АБДЫРАХМАНОВНА, Эркин Керимгазиев атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими, Темир айылы, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу;
  • АКУНОВА НУР САДАТБЕКОВНА, К.Акназаров атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими, Чолпон айылы, Кочкор району, Нарын облусу;
  • КАРАЕВА НУРГҮЛ, К.Тагаев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими, Жаңы-Бак айылы, Баткен району Баткен облусу.

Мен бул мугалимдер жана алардын окуучулары жөнүндө Фонддун Сыйлыгы жана Фонддун Атайын Сыйлыгынын алкагындагы саякат жана экскурсия аяктаганда, сөзсүз кененирээк жазам.

Бул жылдын сынагынын дагы бир өзгөчөлүгү менен бөлүшкүм келет: бул жолу өздөрүнүн мугалимдери үчүн “күйөрман болууга” райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары келгендиги аябай кубанычтуу көрүнүш болду. Чындыгында мурда алар тараптан мынчалык көңүл буруу боло элек эле. Айрыкча, алыскы өрүкзарлуу Баткенден атайын ат арытып келген, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Аппазович Заитовдун катышуусу жагымдуу болду. Ал жөн гана келип “көрүнүп” коюп кетип калбай, сынактын жүрүшүн аягына чейин өтө ынтызарлык менен көрүп, катышуучулар үчүн тынчсызданып, алардын ийгилигине кошо кубанып отурду! Абдилазиз Аппазович бекер келбептир, анын үмүтүн актап, Баткенден катышып жаткан 6 мугалимдин ичинен бир мугалим байгелүү орунга илинди. Ушундай колдоо дем-күч бергени талашсыз. Андыктан, башка жетекчилер да андан үлгү алышса болот!

Салт болуп калгандай, жылда өтүүчү салтанатка мугалимдер үчүн атайын белгилүү адамдар коноктор чакырылды, бул жолу Кыргызстандагы коммерциялык эмес жеке менчик мектептердин тармагы – Билимкана КФ түзүүчүсү, демилгечиси, идеянын автору Төлөндү Тойчубаев болду. Учурда республикабыздын ар кайсы аймактарында Билимкананын 10 мектеби бар, алардын саны кыска убакыт аралыгында көбөйүп баратканы кубанычтуу. Төлөндүнүн айткандары ар тараптуу зор кызыгууларды жаратып, айтор аудиторияны кайдыгер калтырган жок. Заманбап мектептин форматы кандай болушу керек, ал кандай жолду тандайт, мунун баары кеңири талкуулана турган өзүнчө тема экени талашсыз.

Анан албетте, мугалимдерге өзгөчө таасир калтырган көрүнүш – бул Эрнис Асаналиевдин жетекчилиги астындагы президенттик “МАНАС” камералык оркестри болду. Бул номерди катышуучулар үчүн сюрприз катары даярдаган элек, биз күткөндөй эле, жагымдуу сюрприз болду! Баардыгы ар кайсы элдин классикалык музыкасын бир дем менен угушту. Катышуучулардын көбү камералык музыканы биринчи жолу ушинтип жанынан жандуу угуп жатышканын айтышты. Айрыкча оркестрдин аткаруусундагы чыгармалар сынактын катышуучулары жана Фонд үчүн чыныгы белек болду, башкача айтканда, дирижердун жана оркестрдин эрки менен ал чыгармаларды бекер аткарып беришти. Ар бир номерди аткаруунун алдында Эрнис Умбарович композитор жана аткарыла турган чыгарма тууралуу кыскача өтө пайдалуу маалыматтарды айтып жатты.

Салтанаттын жүрүшүндө калыстар мүчөлөрүнө Фонддун атынан ыраазычылык катары ГҮЗЕЛЬ ДАНИЯРОВА-АЙТМАТОВАНЫН ГРАФИКАЛЫК ЭМГЕКТЕРИ  белекке тартууланды. Аны автор долбоорду колдоо максатында Фондго берген эле. Ал эмгектер менен биздин сүрөтгалереядан таанышсаңыздар болот.

Баянымдын соңунда айтаарым:

  • Сынактын быйылкы катышуучуларынын дилбаяндары жана 2-турда көрсөткөн жалпы билим деңгээли мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогору болду. Бул абдан кубанычтуу көрүнүш, бирок анын себептерин азырынча боолголоп гана айтууга мүмкүн.
  • Башталгыч класстардын мугалимдеринин арасында эмгек акысынын аздыгына, мектеби заманбап жабдылбагандыгына карабай, өз ишине жан дили менен берилип, чыгармачылык мамиле жасаган мгуалимдер аз эмес.
  • Башталгыч класстардын мугалимдери жазган дилбаяндарда плагиаттын болушу чоң көйгөйлүү көрүнүш, муну кандай кылуу керек, анын жалпы билим берүү системасына зыяны канчалык экендигин жакшылап аңдап билүү зарыл.
  • Мугалимдерге маалымат жеткирүү мурдагыдай эле өтө чоң маселе бойдон калууда. Бул тууралуу Биринчи мугалимдин Сабактарын окуп, таанышсаңыз болот.
  • Мугалимдер жолугушууларга жана маалымат алмашууга өтө муктаж.
  • Мугалимдер коомчулуктун көңүл буруусуна муктаж.
  • Сынактын маданий-маалымат арттыруучу сыйлыктары катышуучуларды өзүнө тартат жана алар үчүн өтө кызыктуу. Биздин урматтуу мугалимдерибиз маданий маалымат таасирлерин алуу жагынан канааттанбай келатканы байкалат.

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2017» СҮРӨТАЛЬБОМУ

ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР 

Биринчи мугалим 2017 2-тур ПРОГРАММА

БРОШЮРА Биринчи Мугалим 2017 брошюра


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *