СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

АТА-ЭНЕЛЕРДИ, ЧОҢ ЭНЕ, ЧОҢ АТАЛАРДЫ БАЛДАРЫ МЕНЕН ТЕАТРГА ЧАКЫРАБЫЗ!

Урматтуу ата-энелер, чоң эне-чоң аталар!

20-апрелде, ушул ишемби күнү Санжарбек Данияровдун Фонду Редьярд Киплингдин “ПИЛДИН БАЛАСЫ” жомогу боюнча кыргыз тилинде даярдалган “БАРДЫГЫН БИЛГИМ КЕЛЕТ” спектаклине чакырат!

Жомок сүйүүчүлөр үчүн кирүү БЕКЕР!

Бул спектакль “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2018” сынагынын үч жеңүүчү мугалиминин окуучулары үчүн Бишкек шаарына атайын уюштурулган маданий-маалымат арттыруучу сыйлыктын алкагында көрсөтүлөт. Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына быйыл 80 жыл болот!

Бизге мейманга алыскы Баткен облусунун Кадам-Жай районундагы Чечме айылынан жеңүүчү мугалим Камбарова Динара Дарманбековна, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылынан Ашымова Назира Асанбековна жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылынан Суранчиева Фарида Кенжеалиевна окуучулары менен келишет.

Баардыгы болуп Бишкек шаарына 1-3 класстын 64  окуучусу 3 мугалим жана ата-энелер комитетинин 10 өкүлү келишет. Театрдын залында 200 орундук бар.

Биз ошол калган бош орундарды чыныгы жомок сүйүүчүлөрү менен бөлүшкүбүз келет! Балдарыңыздар жана небереңиздер менен келип спектакль көрүп кетиңиздер!

Спектакль боло турган күнү: 2019-жыл, 20-апрель, эртең мененки саат 10:00

Спектаклдин АФИШАСЫ:                                   Театрдын дареги:

 

 

 

 

 

 

 

Аннотация 

«БАРДЫГЫН БИЛГИМ КЕЛЕТ»

Г.Владычинанын «Слонёнок» аттуу пьесасы боюнча
(Р.Киплингдин жомогунун негизинде жазылган)
Которгон Э.Турдубекова

Спектаклге аннотация 

Кичинекей балдар жана алардын ата-энелери үчүн бул абдан эле тааныш көрүнүш. Ооба, кичинекей пилдин «бул эмне? ал ким?», — деп улуулардан сурап билгиси келгени – кадимки эле бөбөктөрдун кызыгуусунан түшүнүк берет. Бардыгын билгиси келген пилди бул ирет кичинекей көрүүчүлөр өзүлөрүнүн жакшы көргөн оюнчугу катары кабыл алып, аны менен бирге кайгырып же кубанып спектаклдин тен аткаруучулары боло алат.

Коюучу-режиссер                  – Ж.Мидинов
Спектаклдин музыкасын жазган – КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ж.Сыдыков
Коюучу-сүрөтчү                    – Э.Векуа

Катышуучулар жана аткаруучулар:

ПИЛ                                                  – КР эмг.сиң.арт. Ж.Эркимбаев
БЕГЕМОТ                                         – артист Ж.Айткулиев
ТӨӨ КУШ                                        – КР эмг.сиң.арт. Н.Мусаева
ЖИРАФ                                            – КР эмг.сиң.арт. Э.Шикматова
ПАВИАН                                          – КР эмг.сиң.арт.Ш.Иманалиева
КОЛО-КОЛО КУШ                         – артист Р.Качкынова
ТОТУ КУШ                                      – КР эмг.сиң.арт. Э.Шикматова
АРСТАН                                           – артист К.Акматов
ПИТОН                                             – КР эмг.сиң.арт. Н.Мусаева
КРОКОДИЛ                                     – артист И.Омуралиев
ЧЫМЫН                                           – артист Р.Качкынова
ЭЛ КӨЧӨТ                                       – артисттер Г.Ходжамбердиева, Ж.Сагындык кызы

_______________________________________________________________

БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагы жөнүндө:

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2019». АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИН СЫНАГЫНА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАБЫЗ! 

КҮН НУРЛУУ БАЛДАР КҮНӨСТҮҮ БИШКЕКТЕ. 2018-ЖЫЛДАГЫ ЭКСКУРСИЯ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТ ОТЧЕТ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *