КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ДИЛБАЯНДАРЫ

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2023» СЫНАГЫ. ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР

 

Калыстар тобунун баасы боюнча 2022/23 окуу жылындагы сынактын 1-турунда эң жогорку балл алган 6 дилбаянды жарыялайбыз. Бардык дилбаяндарды котормосуз эле түпнуска тилинде гана жарыялайбыз. Бардык 6 дил баян кыргыз тилинде жазылган

 

 


2021-жылдагы дилбаяндын темасы: 
АЙЫЛДЫК ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ КАТАРЫ МУГАЛИМДИН РОЛУ 
Дилбаяндарды баалоо критерийлери:

  • Теманын толук ачып берилиши
  • Негизги ойду ачык жана так баяндап берүү
  • Баяндоо стили (көркөмдүүлүгү)
  • Жазуунун сабаттуулугу
  • Тажрыйба бөлүшүү, иш жүзүндө андан ары колдонууга пайдалуулугу
  • Дилбаяндын темасына стандарттан тышкары ыкма жасоо

Ар бир критерий боюнча 5 баллдык шкала боюнча баа берилди


ТУРГАНБАЕВА ГҮЛҮМКАН АБЫТАЛЫПОВНА
 Нарынская область, Ат-Башинский район, с. Ача-Кайынды, учитель средней школы Ой-Терскен
Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу

План:
Алгы сөз
Өзөк сөз
Жыйынтык 

Интеллигент деген сөздү укканда дароо эле сүйлөгөн сөзү орундуу, жасаган иши сапаттуу, алган билимин башкаларга да бөлүшүүгө жан үрөп, коомдун бир кичине бурчу болсо да чоюп, жакшы жакка өзгөртүүгө умтулган, коомдон өз ордун тапкан адам көзгө тартылат. Көп учурда интеллигенциянын өкүлдөрү деп, билим алган адамдарды гана айтып келебиз. Бирок, менин жеке пикиримде, мындай эмес. Билим алып, аны туура, пайдалуу колдоно билсе, адам өз алдынча изденип, креативдүү ой жүгүртсө, ички жана тышкы маданиятын өнүктүрүп, адамдарга адилеттүү мамиле кылса, эң ириде өзүн сыйлап, анан, албетте, башкаларды да сыйласа, чыныгы өнүккөн адам болору анык. Күн сайын ачылыштар болуп жаткан биздин күндөрдө заман талабына ылайык, бир катар жаңы тенденциялар, жаңы жараяндар орун алып, жашообуз өзгөрүп жатат. Жашообуз менен биз, адамдар да өзгөнрүп, замандан артка калбайлы деп, алдыга умтулуп жаткандыгыбыз-жакшы саамалык. Мурда сабаттуу деп тек гана тамга таанып, окуганды билген жана жаза алган инсанды айтсак, азыр эми сабаттуулуктун да бир катар түрү чыкты. Алсак, финансылык жактан сабаттуулук, ишкерлик кылуудагы сабаттуулук, мамилелердеги сабаттуулук жана башка. Минтип, ар бир нерсе системалаштырылып, кылдат каралып жаткандыгы жакшы. Бул иштерди туура жана кеңири таркатууну колго алып алсак, коомубуздагы интеллигенттердин саны артары шексиз. Интеллектин бийик болушуна таасирин тийгизген бир катар факторлор бар. Анын бири (башаты деп айтсак дагы болот) мектеп, мектептин мугалимдери. Себеби алмустактан бери эле коомдун күзгүсү делип, дал ушул билимдүү агартуучулар айтылып келет эмеспи.

Айылдагы жашагандардын ичинен типтүү интеллигент – бул мугалим деп эсептейм. “Ааламга кеткен жол айылдан башталат”- деген таамай айтылган накыл сөз бар эмеспи. Мугалимдер-чыгармачыл, сабырдуу, чыдамдуу, уюштургуч, таланттуу, көп кырдуу интеллигенттер. Ар бир инсан жашоосундагы дүйнө таанымын дал ушул мугалимдин жылуу көзүнөн, таамай сөзүнөн, жумшак колунан, жугумдуу тарбиясынан тааныган десек туура болор. Бүтүндөй өлкөнү башкаруу үчүн такка отурушкан президенттер, аалам сырларын ачкан окумуштуулар, илимий кызматкерлер, академик, доцент, космосту багындырган космонавттар, мыкты дарыгерлер, бизнесмендер, массалык маалымат каражатынын кызматкерлери ошол ийгилигинин башатын дал ушул айылдык жөнөкөй мектептерден, мугалимдерден алганы төгүн эмес. Анан айылдык мугалимди интеллигент, интеллигенциянын өкүлү деп айтпаганда кимди айтабыз? Албетте, жогоруда аталган адамдардын баары интеллигенциянын өкүлдөрү экендиги талашсыз.

Кыргыз журтчулугунда Айтматовдун Дүйшөнүнүн мугалим болуп келиши менен интеллигенциянын эң алгачкы пайдубалы түптөлгөн десек жаңылыш эмес. Байлардан калган атканада отуруп кат тааныган Алтынай Дүйшөн агайдын аракети менен атагы чыккан окумуштуу Алтынай Сулайманова болуп чыга келди. Анан Дүйшөндү интеллигент дебегенде кимди айтабыз. Туура, сөз айылдык интеллигенция жөнүндө болуп жатканда жалаң мугалимге басым жасоо туура болбос. Биздин айылда болгону үч мекеме бар. Алар: айыл өкмөтүнүн кеңсеси, айылдык медпункт жана Ой-Терскен орто мектеби. Менин атам мугалим эле, ыраматылык. Атамдын айтканы эсимде, Мырзалиев Абдалы деген киши бухгалтер болуп иштечү. Эртең мененки саат сегизде жумуш ордунда, саат бирде түшкү тамактанууда үйүндө, саат экиде кайрадан жумуш ордунда, беште жумуштан чыгат, бир мүнөт да ары-бери болбойт. Сааты жоктор Абдалынын ары-бери өткөнүн көрүп убакыт ченешчү. Чыкыя кийинип, кыска, так сүйлөгөн, мыкты кызматкер, чыныгы интеллигент деп айтчу. Демек, биздин айылда типтүү интеллигенттер, интеллигенциянын өкүлдөрү да бир топ десем, жаңылышпайм. Ал эми азыркы абал, жашоо-шарт такыр башка нукка бурулду. Айылдагы колу иш билген, билимге кызыккан жаштарыбыз борборго, чет жактарга кетип жатышат. Жашоонун мыйзамы, турмуштун ыргагы ошону талап кылууда. Анан кантип интеллигенциянын тобу өсүп келе жатат деп айтабыз? Жакын арада чечилет деп айтуунун өзү күмөн жаратат.

Кайрадан эле сөз мугалимге келип такалат. Отко салса күйбөй, сууга салса чөкпөй, “жок дегенде мугалим болуп аларсың” деген сыяктуу сөздөргө терикпей, айылда мугалимдер жашап, иштеп, кандай жумуш болбосун жүктүн оорун көтөрүп келишүүдө. Айылдын эли да кино-театрга барып, парктарда эс алып тургусу келет. Бирок кантип, ким көңүл бурат? Албетте, айылда интеллигенциянын жоон тобу өсүп чыгып турса, эң сонун болмок. Ал үчүн кана алар иштөөчү жай, алар алчу маяна?

Мен өзүмдү мугалим, интеллигенциянын өкүлү катары пессимизмге батып, кол куушуруп отуруп калбай, колунда бар классташтарым, өзүм бүтүргөн тың окуучуларым, мекенчил айыл тургундары, айыл башчысы менен бирдикте кеңешип, айылдын чок ортосуна заманбап маданият үйүн салалы деп долбоорлогонбуз. Кудай буюруп, бул максатыбыз ишке ашса, заманбап жашоонун бир бөлүгү, жаңы интеллигенциянын өкүлдөрү түзүлөт деп ишенем.

Окуучу деген бала, жаш муун, элдин эртеңкиси. Андыктан баланын туюму, дүйнөгө болгон көз карашы, адамдарга болгон мамилеси, ыпластыктан алыс болушу, баланын чыныгы адам болуп калыптанышына мектеп менен мугалимдин ролу өтө чоң жана так ошол биз сөз кылып жаткан интеллектуалдуу адамдардын жасаган ишинен түз көз каранды экендигин унутпашыбыз керек. Мына ушул жагдайда дагы мугалимдин ролу жөнүндө айтууга мажбурбуз. Интеллигенциянын сап башында сабаттуу, чыгармачыл, көз карашы курч, кенен болгон мугалимдер турат деп ишенимдүү айтса болот. Себеби, жети жашка толгон бала мектепке сөзсүз келе тургандыгы мыйзамдуу көрүнүш. Эгерде үй-бүлөсүнөн интеллигенттер болуп, туура жол көрсөтүп турса, биринчи мугалими өз принциби бар, потенциалы бийик, сабаттуу адам болуп, терең билим берсе, айылында акылы терең, таамай сөзү бар таасирдүү, адеби бар, маданияты ар бир кадамынан байкалып турган интеллектуалдуу адамдар бар болсо, келечекте менин айылым дагы заманбап, жаңычыл айылдардын бири болот деп ишенем.

Өзүмдүн кызым (окуучум дагы) мектепти “Алтын тамга” жана “Алтын сертификат” менен аяктап, артыкчылык менен бүткөн соң, жогорку окуу жайга өтүп, борборубузга сапар алды. Кызым биринчи экзамендерин тапшырып, кышкы каникулга үйгө келип, биринчи эле айткан сөзү — “Апа, мен көп нерседен артта калыпмын.”- болду. Буга аябай таң калып, эмне үчүн мындай дегенинин себебин сурасам, айрым заманбап билимдер, түшүнүктөр жөнүндө саймедиреп, аларды айыл жергесинде дагы жеткиликтүү кылуу керектигин айтып бергени эсимде. Ошол жылы кызым алгачкы ирет эки социалдык долбоорун ишке ашырды. Мына, жөнөкөй эле мисал, айылда “социалдык” деген сөздү бир гана өкмөт үйүнө, анда иштеген адамдарга тиешелүү деп кабыл алып, эзели ал үчүн баш катырбайсың да. Жок, тескерисинче, жапа тырмак киришип, жаш жеткинчектерге жол көрсөтүп, адегенде ошо кичинекей айылды, анан, бара-бара бүтүндөй мекендин өнүгүүсүнө өбөлгө болуунун эң жөнөкөй жолу колубузда экендигин түшүндүм. Андан сырткары, азыркы тапта лидерлик сапаттарды арттыруу боюнча миңдеген тренингдер, сабактар, китептер жазылып, түрдүү долбоорлор уланып келе жатат. Лидер десе эле, башкарып, буйрук берген адамды элестетебиз. Чыныгы лидер — коммуникабелдүү, уюштургуч, сөзү таасирдүү, иши үлгү, топту алдыга сүрөп, ийгиликке бирге жетүүнү максат кылган адам. Ошондой эле, адам ар түрдүү кырдаалдардан чыгуу жолдорун билип, окуяга туура баа бергенди үйрөнсө, майда-чоң конфликттердин алдын алган болот. Эң негизгиси, адам өзүн, өзүнө таандык тандоолорду, чектерди, баалуулуктарды, кызыкчылыктарды билсе, аларды коргосо, көз карашын, ой жүгүртүүсүн кадыресе олуттуу кылып, калыптандырса, ички туюм менен сырттан алган билимди шайкеш кылууну үйрөнсө — ийгиликке өзү жетип, өзгөнү да жетелээри айгине. Тарбиячылар мындай жөндөмдөрдү арттыруу менен, келечек муунга өнүккөн коомдун татыктуу инсаны болуу өрнөгүн бере алышат. Мисалы, азыр мен кадимки ишембиликке да атайын тема тандап, окуучуларымды шыктандырып, алардагы жаратмандык сапатты өнүктүрүүгө далалат кылам. Негизи эле, кандай иш болбосун, сүйүү менен жасасак, сөзсүз түрдө мээнет дөөлөт менен кайтары шексиз. Куру сөзгө караганда, албетте, иш жүзүндө көрсөткөн маанилүү. Ушул себептен, ар бир сабагымды жандуу өтүп, кызыктуу кыймыл, акылды өстүрүүчү оюндар менен пампарасаттуу адамдардын санынын көбөйүшүнө салым кошсом деген дымагым күч. Ириде, билимин, илимин жайылтып, маданиятты, адеп-ахлакты биринчи орунга коюп, башкаларды үйрөтөм деген кайсы өкүлдүн, кайсы кесиптин ээси болсо да, ошол коюлуп жаткан талаптарга жооп бериши керектиги баарыбызга маалым. Ошондуктан, мен да ден соолукту, ага жанаша эле жан соолукту өркүндөтүп, деңгээлин көтөрүү, дүйнө таанымды кеңейтүү, билим куржунумду толтуруу милдеттеримди аткарып, үзгүлтүксүз изденүүнүн түйшүктүү жолуна түшкөм. Ойлоп көрсөм, адам өмүрү жалаң эле ирмемдерден турат өңдүү. Ал себептүү, жакшы элестерде, жакшы иштер менен эскерилип, баскан изинен гүлдөр ачкан, элдин алкышына татыган жаран болууну максат кылам. Мендеги мындай сапаттар мугалимдердин чыныгы интеллигенция өкүлдөрү экендигин тастыктагандай болот.

Арийне, жасай турчу иштер арбын. Аларды сапаттуу жасоо — баарынан маанилүү. Ар кесиптин, ар тармактын өкүлү тиешелүү жумуштарын өзгөчөлүк менен, сүйүү менен аткарса, чыгармачылык кошуп, жаратмандыкка сугарса, коомдун алдыңкы, бейпил, бири-бирине кол сунган, иреттүү коом болуп, жалпы таасири жумурай журтка, калың калкка тез эле толкун болуп тарап, жакшы тарапка өзгөрүү болору анык.

Коомчулукту ээрчитип жол көрсөткөн, алдыга жетелеген, маданиятты өнүктүргөн жана жайылткан, жогорку адеп-ахлактуу, акылы тунук, билимге бай элдин коомдук катмары интеллигенциянын өкүлдөрү катары көп түрдүү жана тармактуу багыттарда өзүбүздүн элибиздин алдында инсандык милдеттерибизди толук аткарып, бири-бирибизге түртө салбай, жабыла бүтүргөн иш жакшы деп, жапа тырмак киришели. Интеллигенттери көп, идеяга бай, эркин ойлонуп, туура кадам жасаган, каталардан сабак алып, аларды ийгиликке буруп жиберүүнү билген, адамгерчиликти туу тутуп, адептүүлүктү биринчи орунга койгон, башкысы, коомдун, анын бөлүгү болгон элдин да кызыкчылыгын эске алып, өнүктүрүүгө талпынган адам катары, өзүн бардык жактан өнүктүрүүгө бел байлаган таасирдүү адамдарга бай, мартабасы бийик мекендин макамдуу жарандары болсок экен деген изги тилегим менен, сөзүмдү жыйынтыктайм.


НАЗАРАЛИЕВА НУРАЙЫМ АСКАРБЕКОВНА
Таласская область Таласский район с. Кеңеш, средняя школа им. Гүлай Орозалиевой

Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу

Өзүмдүн сүйүктүү айылымда,  үй-бүлөм менен 35 жылдан бери жашап,  мектепте 35 жылдан бери,  башталгыч класстын мугалими болуп үзгүлтүксүз эмгектенип келе жатам.

Айылдагы типтуу интеллегенция өкүлү дегенде көз алдыма сүйүктүү устатым Орозалиева Гүлай эже тартылат.  Бул эже биздин айылдын Дүйшөн агайы эле.

Ушул айылда 1950-жылы башталгыч мектеп ачылып,  Гүлай эже түптөп иштеген экен.  Ошондо окуган балдар азыр 80ден ашып калган аксакалдар.  Арты 50дөн ашкан айылдын белдүү адамдары. 

Ошол Гүлай эжекебиздин таасири айылда ошол эле бойдон сакталып калган.  Ар бир чогулушта,  балдар менен жолугушууда,  ошол байкелер,  чон аталар: “Гүлай эже бизге туура жол көрсөткөн,  адам болушума чоң таасири болгон,  мектептен чыгып кеткенимде кайтарып келген,  шарты жогубузга дептер,  ручка,  ачкабызга үйүнөн тамак,  кийим алып келип,  окуткан эле.  “Эң негизгиси адам бол,  балам “- деп.  “Адам деген сөздү абдан бийик,  чоң тамгалар менен баалайт эле”- деп эскерип айтышат.

Азыр мектеп чоң мектеп болуп,  Гүлай Орозалиева эженин аты берилген.  Кыргыз эл акыны А. Токомбаев “Өмүр бизден өтуп кетсе,  эл эмгектен эскерсин” деп айтканы дал ушул Гүлай эже жөнүндө айтылгандай.  Мен да өзүмө ушул Гүлай эжени идеал тутуп иштеп келем.  Мектептин кире беришинде эженин чоң сүрөтү илинип турат.  Эртең менен кирип келе жатып: “Саламатсызбы,  эже!”- деп учурашам.  Кетип бара жатып,  “Эже,  бугүн сабагымды бешке өттүм”, -деп озүмө ыраазы болуп эжеге күлө карайм.  Кээде кандайдыр бир себептер менен,  окуучуларым түшүнбөй,  жеткиликтүү өтө албай калсам,  “Эже,  кечириңиз,  бүгүн сабагымды “3”кө өттум,  эртең ушул теманы кошумча өтөм “ деп эжеден уялып,  башымды жерге салып,  кечирим сурап өтөм.

Гулай эженин музейин ачайын деп,  үйүндөгү буюмдарын мектепке чогулттум.  Арасында окуучулардын дептерлери да бар эле.  Дептерлерди барактап отуруп,  бир дептердин ичинен кат таап алып,  абдан тан калдым.  Кол жазмасы мончоктой экен.  Бирок аты жөнү,  ай күнү жок,  бала неме убактысын койгонду ойлобосо деле керек. Кат эскирген. Эки- үч жерине суу тамгандай көрүндү. Демек бул эжемдин көз жашы. Жүрөк менен ыйлап жазган катты,  жүрөк менен ыйлап окубадымбы.  Ушул катты ошол бойдон көчүрүп келип,  ушул дил баянга киргизгим келди. 

“Менин сүйүктүү Гүлай эжем! Мен Сизди абдан сагындым. Сиз менен жолугушкан биринчи күндү сагынып,  озүңүзгө кайта келе жатам.

Бала кезимди эстегим деле келбейт.  Жылуу сөз укпай мээрим көрбөй чоңойдум. Чоң энемдин айтуусу боюнча мен апамдын ээрчип келген кызы экенмин.  Апам,  атамдар Казактарда иштеп жүрүшөт.  Чоң апанын кичүү баласы,  анын бала чакасы,  мен болуп жашайбыз.  Жарты курсак,  эски кийим,  көп жумуш,  заар тил.  Үйдөгү ызы-чууну,  чоң эненин бөлөксүнткөн заар тили,  мектептеги кыздардын шылдыңы,  кошпогон чөйрөсү,  апама болгон кусалык,  аларга болгон таарынычым менен жерге батпай,  өлүмдү эңсеп,  анын жолун издеп жүргөндө,  сиздин класска ордума калтырылдым. 

Эң арткы партада чүнчүгөн,  жүдөгөн,  сөөгүнө эти жабышкан,  эски,  тарыраак кийимчен мени доскага чакырып,  үй тапшырманы сурай баштадыңыз.  Эптеп чала –була бир нерсе сүйлөгөндөй болдум.  Класста кыраан каткырык.  Шылдың.  Бир гана сиз күлбөдүңүз. Боор ооруу менен мени карап турганыңыз али көз алдымда.  –Балдар эмнеге күлдүңөр? Эмнени туура эмес айтты? Менимче ой жүгүртүүң эң сонун.  Бир сүйлөм менен түшүндүрдүң”, — деп ашыра мактадыңыз.  Ошол күндөн менин жашоомо жашоонун ачык түс боегу башталды.  Эжекем мага күндөлүк берди.  Башында эки баракта бир күндүк өз убактысын жазган экен.  Кыраакы эжем мени бүгүн,  арманын төгүп,  ичин жеңилдетсин дегени го.  Мага берип жатып: “Сен ушуну улант.  Күнүгө жазып,  мага алып келип тур,  мага жардам бер.  Баштап алып бүтүрө албай жатам, убактым аз” — деди.  Менден эч ким жардам сураган эмес.  Буйрук гана беришчи.  Аябай сүйүнүп,  күнүгө кечинде үйдөгүлөр уктагандан кийин,  ыйлап күндөлук жазам. Эжейим алып ыйлап окуйт.  Мактайт.  Китеп берет, аны окуп кайра берем.  Ошентип мени адабиятты сүйдүрүп койду. Эми мен оор күндөрүмдү сезбей калдым.  Китептерим ааламга алып учат. Адабий китептерди көтөрүп жүрүп окуйм. Ошол каармандар менен жашайм.  Эжемдин эмгеги менен башка тарбияга түштүм.  Мал кайтарсам да,  талаада иштесем да,  бир колумда күрөк болсо,  бирөөндө китеп болуп калды.

Эми гана жан дүйнөм жылыганда,  кайрадан бурулуш болуп кетти.  Жаңыдан өзүмдү таап,  ал мектеп жылуу уям болуп келе жатканда кайра кетиш керек болбодубу.  Ата –энем ажырашып,  мен кийинки айылга тайнеме кеттим Ал жакта деле мурдагыдай эле ызы чуу.  Тайкенин арагы,  жетпеген жашоо.  Апам экөөбүз эки башка адамбызбы же алыстык жүрөктөрдү муздатканбы? Ал айылга көнбөй калганбы же намыстандыбы кайра эле Казакстанга кетип калды. Жаңылып жаралган өзүмдү түрткүнчүк эле сезип,  кайрадан татаал турмушта,  өз арабама түштүм.  Апама кал деп,  же мени ала кет деп жармашпадым. Мени ким укмак эле.  Апамдын жашоосунда ордум деле жоктой.  Мага деле баары бир болду.  Жарым жылдан бери кошуна мектепте окуп жатам. Көнө алган жокмун.  Жалгыздыктан кыйналып кеттим.  Таң эрте ойлонуп,  кайрадан өзгөргүм келди.  Өзүмчө алым жетпөөчүдөй.  Мага алтын эжемдин сүйүүсү,  мээрими,  кеңеши керек.  Келечекте сиздей мугалим болуп,  сиздей назик сүйлөп, ар бир окуучунун тамырын тартып,  ата-энеси бар, бирок өзун жетим сезгендерге,  мен сыяктуу мүнөзү оор,  эч кимге аралаша албаган,  туңгуюктагыларга энелик мээрим берсем деп кыялданып жүрбөдү белем.

Алтын эжем! Жаным эжем! Мен Сизге бара жатам! Кучагыңды ачып,  тосуп алчы, жаным эжекем ! Сиз менин акыркы үмүтүмсүз!”

Окуп алып,  көзүмдөн жашым мөндүрдөй жаады. Бул Гүлай эженин кайсы окуучусу,  азыр каякта,  кийинки тагдырын аябай кызыгып,  изилдегим келди.  Кайра – кайра үйүнө барып,  эженин буюмдарынан издеттирип жүрүп,  кыздын келечегин биле албадым.  Албетте,  ал атактуу мугалим же эл жазуучусу болду деп ишенем.  Мугалим болгонума сыймыктанып,  Гүлай эжени мурдагыдан да эмгегин баалап калдым.  Эжемди айылыбыздагы интеллегенция өкүлдөрүнүн көч башы,  билимге умтулган карапайым канчалаган балдардын булактын көзүн ачкан сыяктуу билим башатынын көзүн ачкан мугалим катары билем.

Мектепке жаңы келген жаш мугалимдерге,  сөзсүз түрдө Гүлай эженин өмүрү менен тааныштырып,  бул кыздын катын окууга берем.  Жана да Абу Али Ибн Синанын (Авиценна) айткан учкул сөзун айтам: “Өмурумдө көп жүктү көтөрдүм.  Бирок моюнга тагылган милдеттен оор жүктү көрбөдүм”.  Демек айыл ичинде мугалим деген кесипти тандап алган болсон,  анын күңгөй тескейине,  ысык суугуна кошо даяр болбосоң бул кесипти алып кете албайсың.  Айыл жергесинде жашаган элдердин түшүнүгү боюнча мугалим айылдын күзгүсү,  маданияттын эталону.  Мугалим туура эмес сүйлөөгө,  күлүүгө,  туура эмес кийинүүгө,  көчөдө өзүн бейадеп алып жүрүүгө акысы жок.  Себеби ал мугалим да.  Ал гана эмес мугалимдин балдары да бейбаштык кылганга,  сөгүнүүгө,  ачык жүрүүгө,  тамеки чегип,  ичүүгө акысы жок,  себеби ал мугалимдин баласы да.  Көп эле жерден угуп жүрөбүз “карагылачы өзү мугалим болуп туруп,  же эне — атасы мугалим болуп алып баласы минтип.  Демек,  мугалимдер кааласа,  каалабаса да интеллегент болууга милдеттүүбү жана өзүн,  үй – бүлөсүн ошого тете алып жүрүүсү керекпи?

Албетте азыркы социалдык тармактар өнүгүп турган маалда,  бирөөлөрдү тангалдыруу өтө кыйын.  Бардыгы акылдуу,  бардыгын билишет.  Бирок сүйлөшө келсең. жан дүйнөсү жарды адамдар өтө көп.  Ошол адамдар жаш балдарды туура эмес жолго баштап,  туура эмес тарбия берип жатышпайбы.  Ошол себептен да азыркы күндө бардык байлыктардан материалдык байлыкты алдыга коюп,  байлыкка умтулуп жаткан жокпузбу? 30-жылдардагы интеллегенция өкүлдөрү абдан күчтүү болгон экен деп койдум.  Касым Тыныстанов,  Төрөкул Айтматов,  А. Орозбаков,  Базаркул Данияров өздөрү билим алып,  өзүн өзгөртүп,  жана дээрлик кыргыз элинин бардыгынын аң-сезимин өзгөртө алышкан экен.  Алган билимин колдоно алышкан.  Ал эми азыркы кездеги интеллегенция коомго таасир бере албай жатат көрүнөт.  Азыркы адамзат үчүн баалуулуктар такыр башкабы? Коом мугалимдер жөнүндө эмне сөздөрдү айтпасын биз жаркын,  балким,  биз көрбөй кала турган,  өнүккөн Кыргызстанды куруу үчүн жандалбас уруп иштейли.  Өлкөсүн,  эли,  жерин,  тилин сүйө турган,  заманга шайкеш көп кырдуу атуулдарды тарбиялайлы.  Аткарып жаткан ишибиздин келечек үчүн потенциялын билели.  Аны жон терибиз менен сезели.  Ар бир баланын көөдөнүндө катылып жаткан талантты ачып чыгалы.  Аны кемчилиги менен жакшы көрөлү.  Аларды туура түшүнүүгө тырышалы.  Ар бир мугалим классынан бирден И. Раззаковдой атуулду тарбиялап чыгарсын. 

Гүлай эжекебиздин мектебине келген жаш мугалимдер менен ушул туурасында абдан көп ой толгоолорду жүргүзөбүз.  Интеллегенция өкүлү катары коомго салым кошолу,  айылдагы элди аркабыздан ээрчители,  жаш муунга баалуулуктарды түшүндүрөлү деп,  жалаң эле мектепте жигердүү эмгектенбестен,  айылдын элин өз артынан ээрчите ала тургандай деңгээлге жетели деп максат койгонбуз.  3жаш мугалимдерибиз,  агайларыбыз айылдык депутаттыкка коюшуп,  элден колдоо таап,  депутат болушуп,  айылдагы элдердин көйгөйүн чечүүдө жакшы саамалыктарды көрсөтүшүүдө.  Бир мугалим агайыбыздын долбоору менен спорт зал,  күрөш залы менен салынып,  пайдаланууга берилди.  Натыйжада көчөдө жүргөн балдар агайы менен бирдикте күрөшкө машыгышып,  айылдын эли бош учурунда ичкиликке,  эжелер ушак сөздөргө алаксыбай,  волейбол,  футбол командалары түзулүп,  ата апалары,  балдары куйөрман болушуп,  үй-бүлөнүн,  айылдын арасында ынтымак орноп баштаганы билинип жатат.  Мектепте иш чаралар, оюн зооктор өтүлө турган орду жок болгондуктан,  долбоор менен дагы бир мугалимибиз чакан топ түзүп,  иштеп,  мектепке улап,  актовый зал салышты.  Азыр ар түрдүү оюн зооктор өткөрүлүп,  окуучулар мугалимдер кызыктуу жолугушууларды уюштуруп,  ата — энелер убактысын мектепке көбүрөөк бөлүшүп жатышат.  Айыл ичинде көйгөйлөр болсо,  биздин мугалимдерге келип,  акыл салып,  депутат катары,  мугалим катары жардам берип жатышат.  Айылдын ар бир чогулушу жаш мугалимдердин жетектөөсү менен өтүп,  ар бир чогулушта айылдаштардын аң-сезимин,  материалдык байлыктан азыр руханий байлыктын жогору экендигин аз-аздан жеткиришүүдө. 

Алтыным Гүлай эжем,  урматтуу устатым эжем! Сиз сыяктуу айылымдын жүрөгүнөн орун алгым келет.  Сиз салган чыйыр менен бир жаңы агым келе жатат,  жаш мугалимдерден түзүлгөн жаңы көч келе жатат.  Сизди көргөн,  сизден таалим алган мугалим катары ушул көчтү жолунан адаштырбай,  тоскоолдуктарга мүдүрүлтпөй,  эл үчүн кызмат кыла ала турган мыкты күчтүү инсандардын билимдүү катмары башкача айтканда интеллегенция өкүлү кылып тарбиялап чыгам деп өз абийиримдин алдында Сизге убада берем!


РАХМАТОВА АСПИРА КАНЫБЕКОВНА
Таласская область район Кара-Буура с. Чоң-Кара-Буура средняя школа им Мамата Акымбекова

Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу

Кыргыз элинде: «Атым калсын десеӊ бала окутуп, бак тик» деген сөз бар эмеспи. Андыктан улуу кыргыз элибиз бала окутууга, тарбиялоого өтө зор маани беришкен. Жогорку педагогикалык билими, диплому жок эле өзүнүн алысты көрө билген даанышмандыгы, көрөгөчтүгү, кеменгерлиги, адамдарды туура сөзү, ак иши менен ынандыра билгендиги, калыстыгы, ыймандуулугу менен лидерлик сапатка ээ болгон адамдар эл ичинде мугалимдик милдетти аткарышкан. Андай адамдарды карапайым эл үлгү тутушуп, кастарлап, накыл кептерин көӊүлгө түйүп, артынан ээрчишип, урмат-сый көрсөтүшкөн. Алар балдардын мыкты адамдык сапаттарга ээ болушуна, мекенчил, адилет, кыраакы болуп эр жетишине зор салым кошуп, мекенибиздин бүгүнкү күнгө чейинки урпактарына сакталып калышына чоӊ роль ойношкон. Мындай адамдар кыргыз тарыхында жүздөп саналат. Мисалга алсак, Ысык-Көлдөн чыккан жети аке элдин эл болуп калыптанышына күйүп бышкан, келечектин камын көргөн адамдык улуу сапаттардын ээси, калыс, адилет, акыйкаттан тайбаган кыраакы өзгөчө феномендүү элдин куту болушкан.

Калыгул олуя менен Арстанбек баштап кеткен интеллектуалдык кыймыл—ушул күнгө чейин созулуп, алар сепкен үрөндөн, интеллектуалдык кыймылдан экинчи зор маанилүү доор—Агартуучулар доору келип чыккан.

Ишеналы Арабаев, Базаркул Данияров менен Касым Тыныстанов баштаган жоон топ окумуштуулар, Белек Солтоноев менен Осмоналы Сыдык уулу сыяктуу алгачкы тарыхчылар, Нурмолдо менен Молдо Нияз, Тоголок Молдо сыяктуу биринчи жазгыч акындар —журтубуздун төл башы агартуучулары, же болбосо улуттук тарыхыбыздын Агартуучулук доорунун залкарлары. Ала-Тоо койнунда жашаган калкыбыздын көзүн умачтай ачкан залкарлар, Чынгыз Айтматов жазып кеткен Дүйшөндөр, биринчи мугалимдер болуп саналышат. Дал ушулар биздин элдин интеллигенциясынын өкүлдөрү болушкан. Дал ушулар жогорку маданияттын, акылмандыктын, тарбиялуулуктун үлгүсүн көрсөтүшкөн. Алар өзгөчө кесипкөйлөр катары айырмаланып, кыргыз элинин баалуулуктарын, өнөрлөрүн кийинки муунга өткөрүп беришкен.

Демек, интеллигенция өкүлдөрү байыртадан бүгүнкү күнгө чейин элибизди жарыкка үндөп, туура жолго жетелеп келет. Азыркы күндө да интеллигенттерден уучубуз кур эмес. Ар бир аймактын өз агартуучулары, интеллигенттери эл арасында өздөрүнүн милдетин аткарып келишет. Айылдагы интеллигенциянын өкүлдөрү деп мен мугалимдерди, медицина, укуктук органдардын, маданият, дин кызматкерлерин эсептейм. Дегеле коомдо акыл эмгеги менен иштеген мугалимдер, доктурлар, жазуучу, акындарды интеллигенттер деп эсептешкен эмеспи. Булардын ар бири кандайдыр бир деӊгээлде айылдагы жаш муундардын өсүп-өнүгүшүнө, адам катары калыптанышына таасирин тийгизип, салым кошуп келишет. Алардын катарында мугалимдик ыйык кесипти аркалаган агартуучулардын орду өзгөчө деп айта алам. Анткени мугалим балдарды тарбиялоого, жаш муундардын аӊ-сезиминин өнүгүшүнө бүтүндөй өмүрүн арнаган ардактуу кесип. Келечек муунга акыйкат жолду көрсөткөн, ата-энеден кийинки эле ыйык адам. Ооба, мугалим дегенде биз ар дайым акыл айтып, ак сүйлөгөн, караӊгыны жарык кылган билимдүү адамды элестетип келгенбиз. А бирок азыркы ааламдашуу доорунда заманбап айыл үчүн мугалимдин ролу кандай, окуучулар үчүн мааниси барбы? – деген суроо туулат. Коомчулукта мугалимдердин кемчиликтери сындалып, массалык маалымат каражаттарында кызуу талкууга алынып жаткан учур. Мугалимге болгон сый-урмат эмес, сын-пикир көбөйүп турган мезгил болуп жатат. Ар бир окуучу, ар бир ата-эне окутуучуларды сындап, терс пикирин ачык эле билдирип, жадакалса социалдык тармактарга жарыялап жатат. Мунун эмнесин жашырабыз. Мугалим катары мугалимдин терс иш-аракети, окуучулардын мугалимди басынткан же сыйлабастык көрсөткөн учурлары тартылган видеолорду көргөндө зээним кейип, бирде намыстанып, бирде окуучуга нааразы болуп, бирде мугалимге нааразы болгонум чын.  Буга эмне себеп? Эмне үчүн коомго, балдарга таасир берүүчү мугалимдин аброю кескин төмөндөп, талкууда калды?

Менин жеке пикиримде азыркы күндө мугалим күн сайын жаӊы билим алып, жаӊыланып, өзүнүн үстүндө иштеп туруусу зарыл. Учурда окуучуну таӊ калтырып, анын урмат-сыйына ээ болуу оӊой-олтоӊ иш эмес. Демек, интеллигент болуу оӊой эмес. Азыркы z (зет) муун деп аталган жаӊы муун мугалимди изденүүгө, өзүн-өзү өнүктүрүүгө, жаӊы билим алууга мажбурлайт. Мугалимдик тажрыйбамда бүгүнкү күндө зээндүү, өзгөчөлөнгөн окуучулар мугалимдерди заманбап мугалим жана эски мугалим деп экиге бөлүшөрүн байкадым. Муну менен мен мугалим эски, салттуу тарбияны таштап, таптакыр жаӊылануусу керек деп айтуудан алысмын. Албетте, окуучулардын азыр канатын кенен жайып өсүп келе жаткан технология менен кошо заманбап, жаӊы катмар болуп келе жаткан блогерлерден, коуч, тренерлерден, ошондой эле жеке ишкерлерден өзгөчө таасир алып жатканын байкоого болот. Эгер окуучу көп маалыматты билип, талдап, электен өткөрүп, заманга жараша өнүгүп жатса, анын эмнеси жаман? Бул жөнүндө кыргыз элим илгери эле «көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» деп таамай айтып койгон эмеспи. Болгону ошол эле учурда мугалим андан дагы эселеп жаӊы билим алып, аны өз тажрыйбасына жуурулуштуруп, акылмандык менен окуучуга күчтүү таасир берип турса дегим келет. Азыркы заманбап окуучу билимдүү бирок тажрыйбасыз болсо, мугалим билимдүү дагы, тажрыйбалуу дагы эмеспи. Болгондо да z (зет) муундун психологиясын, эмнеге умтулганын, жан дүйнөсүн түшүнгөн, тарыхты мыкты билген, балдардын мекенчилдик сезимин ойгото алган, учурдагы заманбап илимдерди салттуу педагогиканын системасына салып, жуурулуштуруп жиберген кесипкөй мугалим накта интеллигенциянын өкүлү боло алат. Дал ушундай мугалим заманбап айылга керек. Анткени билим берүү мамлекеттин маанилүү тармагы. Элибиздин руханий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынат. Билимдүү, демилгелүү, өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүү мугалимдин милдети. Мугалимдер күчтүү болсо, мамлекеттин өнүгүшүнө, бакубат, бай болуусуна түздөн-түз таасир этет. Азыркы окуучулар «өзүнө болгон бааны көтөрүү, өзүн сүйүү, мен эӊ жакшыга татыктуумун, мен мыктымын» деген сыяктуу коучтардын психологиялык сабактарына таасирленип жатканын байкоого болот. Ал эми мугалим ушул билимдерди туура колдонуусуна багыт берүүсү керек деп ойлойм. Бардык алынган билимдер мугалим аркылуу жетип, ишке ашат. Анткени мугалим – бул билими тереӊ көз карашы менен айырмаланган, айылдын гана деӊгээлинде эмес, дүйнөлүк деӊгээлде ой жүгүрткөн, жөн эле ой жүгүртпөй чыгармачылык менен иштеген интеллектиси бийик адам. Азыркы интеллигенттер жаӊы маалымат технологиясын өздөштүрүп, айыл жеринде болобу, коомдо болобу, интернет дүйнөсүндө болобу агартуучулук ролун аткаруусу зарыл. Анткени азыркы күндө балдардын чөйрөсү кеӊейди. Мурда окуучуларга үй бүлө менен мектептеги достору таасир этсе, азыр дагы бир күчтүү чөйрө пайда болду. Ал — соцтармактагы чөйрөсү. Ал эми чыныгы агартуучу, чыныгы интеллигенция соцтармакта да өз пикирин билдирип, туура жолго багыттап туруусу абзел. Оюмду Конфуцийдин: «Ким эскини алпештеп, жаӊыны аӊдап -билсе, андай адам мугалим боло алат» — деген сөзү менен бышыктагым келет.      

Интеллект бул- дүйнөнү түшүнүү, өзүн-өзү өркүндөтүү, кеӊири ой жүгүртүү, маселелерди чече билүү, чыгармачылык менен иштөө, коомчулукка оӊ таасир этүү эмеспи. Азыр педагогдук адистиги бар, кийин ишкер болуп кеткен, кийин жеке ишканаларды куруп, ар кыл тармакка жардам берген киши бизнес өкүлүбү, же интеллигентпи? Балким технология, массалык маданият өнүккөн коомдо такыр башка болушу мүмкүн. Мүмкүн ар бир инсан интеллигенциянын өкүлү болуш керектир. Айрым мамлекеттерде дегеле интеллигенция катмары деп бөлүнбөйт. Фермер болуп туруп дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүрткөн адамдар бар. Эки диплом алып, бирок эч нерсе билбегендер бар. Технология өнүккөндөн кийин, ар бир адам өз алдынча ойлонуп, өз алдынча өнүгүп келе жатат. Ал тургай элеттин кайсы бир жеринде отуруп алып онлайн форматында каалаган тилди өздөштүрүп, өнүгүп жаткандар бар.  Ошол технология дүйнөсүнө аралашкандан кийин өзүңдүн улуттук маданиятыңды, баалуулуктарыӊды сактап калуу үчүн күрөшүүң керек болот. Болбосо кадимки машина болуп калуубуз мүмкүн. Кыргыздын баалуулуктарына, биримдигине салым кошуп жаткан кимдер? Билим берүү тармагыбы? Аскер адамдарыбы? Же дин тармагыбы? Үч тармак теӊ коомду жарыкка чыгарат экен. Албетте, билим берүү тармагы негизги орунда деп ойлойм. Интеллигенттер коомдогу көйгөйдү байкап, коомчулукка алып чыгып, улуттук баалуулуктарды, маданиятты сактап калууга салым кошкон инсандар. Мен дагы айылдын интеллигенциясы катары жаш муундардын аӊ-сезиминин, кулк-мүнөзүнүн, көз карашынын өзгөрүүсүн баамдап, өз ичимден талдап, баа берип, жооп издеп келем. Азыркы муун психологиясын изилдеп көрүүгө жана аларга туура жол көрсөтүүнүн ыкмаларын өздөштүрүүнүн үстүндө иштеп жүрөм. «Азыркы жаштар ыйманы жок, тайманбайт, өзүмчүл ж. б. » деген нааразычылыктарды да угуп жүрөм. Бирок нааразы болуунун ордуна аларга туура багыт берип, колдоо көрсөтүү жакшы натыйжа берерин түшүндүм. Азыркы окуучуга көндүм болуп калган шаблон сөздөрдүн кереги жок. Тарыхта «Элди агартам» деп күйүп бышкан адамдар чыкканын билебиз. Алардын бири Ахмед Ясавий деген адам болгон. Ал окуучуларын ээрчитип кетип бара жатып: “Эгерде сен алың жетпей кайсы бир жерден токтосоң, ошол жерди өнүгүп өстүр” деген экен. Ушуну накта интеллигенция деп ойлоп калдым. Биз болсо мындайларды көбүнчө айылдардан көрүп жүрөбүз. Айылда жашаган элет адамдарынын ар бири деңгээлинин жеткенине жараша тиричилик кечирип келишет. Кай бири дыйканчылыктын майын чыгара иштешип, мол тʏшʏм алышып, ʏй-бʏлɵсʏн камсыздап жатышса, кай бири мал чарбачылыгын ɵнʏктʏрʏп, эт, сʏт азыктары менен ɵзʏн эле эмес, башкаларды дагы канааттандырып жатышат. Соода тармагына ɵтʏп кеткендери да, билим алуунун жогорку деңгээлине жеткендери дагы жок эмес. Муну менен мен эмнени айткым келди? Билим алуунун жолунда кайсы жерге жетип токтоп калсаң, ошол жерден артка кетенчиктебей ошол жерди гʏлдɵтʏʏ , ошол жерди изилдɵɵ акыбетин берет деп ойлойм.

Дилбаянымдын жыйынтыгында айтарым-заманбап мугалим кʏн сайын жаңыланып, кырдаалга жараша ɵнʏккɵн, бардык балдарга келечектин жарык экенин тʏшʏндʏрɵ билген таасирдʏʏ инсан болушу абзел. Окуучуларды мекенин сʏйгɵн, улутумдун тʏркʏгʏ болом деп кʏйʏп-жанган патриот кылып тарбиялоо ар бир мугалимдин милдети болсо деп ойлойм. Интеллигенциянын ɵкʏлʏ катары кесиптештериме кайрылуу менен аяктагым келди: Ылдамдык менен ɵзгɵрʏп жаткан, бʏгʏнкʏ ааламдашуу доорунда ар кандай кыйынчылыктарга моюн сунбай, коом менен бирге ɵнʏгʏп, келечек муундарга талыкпай билим-тарбия берип, чыгармачылык, изденʏʏчʏлʏк менен ак эмгек кылалы!


ШЕЙШЕКАНОВА ДИНАРА ОРОЗАКУНОВНА 
Иссык-Кульская область Тонский район с. Кара-Талаа средняя школа им Болота Алакова №14
Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу

І Киришүү

Кыргызстандын бермети болгон көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинен орун алган Кара-Талаа айылы — мен үчүн куттуу жер. Себеби, үй-бүлө күтүп, турмуш жолуна аттанып, бала-чакалуу болуп, сүйүктүү мугалимдик кесиптеги эмгек жолумду мындан 38жыл мурун ушул айылдан баштагам. «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей узак жыл бою, жаш бөбөктөргө билим-тарбия берип келем. Кесибимди сүйүп берилгендиктен көптөгөн ийгиликтерге, жетишкендиктерге жеткениме сыймыктанам.

Жол жээгинде кырка тизилген теректер айылга көрк берип, кооздоп турат. Чон жол боюндагы ак мектеп-менин экинчи үйүм.

Күндөгүдөй эле мектебиме ашыгып, энесин күткөн баладай, эшик алдында тосуп жаткан окуучуларым көзүмө элестей, жолго чыктым.

Кеч күз болгондуктан, аба суук тартып турат. Айылымдын таза абасын кере жыттап, дайыма баскан изим менен мектепке жакындап келе жаттым. Көл тараптан соккон сыдырым жел –теректин жалбырактарын туш келди түшүрүп жатты. «Менин мөөнөтүм бүттү» дегендей, каалгый түшкөн сары жалбырактар коштошкондой түр менен жерге ыргалып түшүүдө. Ушул көрүнүштү көрүп, мен: — «Эх мына дагы бир күз бүттү, демек бул жыл да аяктап баратат» -деген оюм менен алга карай кадамдадым.

Аңгыча жолдун аркы өйүзүнөн тамашакөй келинимдин: — Оо интеллигент жеңе жакшысызбы?» -деп шаңк эткен үнү оюмду бузду. Саламына алик алып, ыраазы боло жолумду уладым. Ɵзүмчө жылмайып алдым. Учурашуунун көп түрү бар эмеспи. Кээде өзүңдөн улуу адамдардын «Эжей» деп кайрылып калган учурлары бар. Ушундай учурашуусу-мугалимге болгон ызааты деп билем. Бир эсе сыймыктанасың, ыраазы болосуң.

Мына ушул сыймыктанып келген мугалимдик кесипти тандап алышыма багыт берип, мен үчүн үлгү болгон-бул менин апам — Мамбетова Айша эле.

Ар дайым таза, тыкан кийинип, чачын сыйда тарап, сумкасын алып үйдөн чыгып бара жатканы дайыма көз алдымдан кетпейт. Жан дүйнөсү бала деп согуп, өз кесибин мыкты билген, окуучу, мектеп дегенде «ичкен ашын жерге койгон» апам бар эле…Сабагын эң кызыктуу өтүп, түйшүктүү күндөрдө да кабагым-кашым дебей, тамашакөй мүнөзү менен тил таба билген күчтүү дарамети, адамгерчилик бийик сапаты, эң негизгиси — окуучуларыны сүйүктүү эжейи эле. Айыл эли, кесиптештери сыйлап, урматтап турушаар эле. Ошол «союз» кезиндеги «интеллигент» деген сөзгө татыктуу эжей деп-менин да ал кездеги балалык баа берүүм эле. Мен үчүн мугалимден кадыр-баркы бийик адам жок эле. Билим тарбия берүү менен гана чектелбестен, мектептен чакан аянтча бөлдүрүп, жашылчанын түрүн айдап, сугарып, сабагында практикалык иш катары колдонуп, эбегейсиз түшүм алышчу эле. Көрсө окуучуларды эмгекти сүйүүгө да тарбиялоочу экен. Көптөгөн сыйлыктарга жетишти. Мына андан бери көп жыл өтсө дагы жогоруда айтып кеткен эскерүүлөр –мага сабак, үлгү болуп келет.

ІІ Негизги бөлүк.

«Интеллигент жеңе» -деп жогорудагы шайыр келинимдин мага кайрылган саламы, ушул сөздүн мааниси эмнеде экени жөнүндө ойго салды.

Интеллигенция-латын тилинен алынып, «акылдуу, түшүнгөн, билген, ойлогон» деген кыргызча маанини берет. Бул элдин арасынан да-акыл, эмгек менен кесип кылып, маданиятты өнүктүргөн жана жайылткан коомдук катмар. Ал эми билимдүүлүк бул сапаттардын баардыгын байытат.

Интеллигенция-коомдун түрдүү катмарларынан жана таптарынан алынат. Анын жогорку катмарлары: башкаруу, илимий, аскердик элита болсо, төмөнкү катмарлдарына: мугалимдер, медицина кызматкерлери, контролдук кызматкерлери кирет.

Демек биздин чакан айылыбызда «эмгекчи» табынын чон отряды жашап жана эмгектенип жатканына күбөбүз. Айылыбыздын өнүгүшүнө, адамдардын ден- соолугуна биздин келечегибиз болгон-жаш муундардын билимдүү болушуна, эмгегин жумшап, салымын кошуп иштеп жаткан эмгекчилер тобу бар деп айта алам.

Типтүү интеллигент деп эсептеген адам катары-мен өзүм сыйлаган устатым, ардагер агайым-Кусеин Керимкожоев деп сыймыктануу менен белгилегим келет.

Алгач студент кезинен эле өзүн уюштуруучулук жөндөмү, терен билиминин негизинде комсомолдук иштерди жетектеген учурдан баштап, катардагы мугалимден, завуч, директор баскычтарынан өтүп, райондук билим берүү жетекчилигине чейин татыктуу иштеп келген. Акыркы жылдары 60 жаштан өткөн убакка чейин өз мектебинде окуучуларга билим-тарбия берүү менен мектеп жамаатына, өзгөчө жаш мугалимдерге акыл кенешин айтып, методикалык жардамын берип келди. Бир нече мугалимдерди «Жыл мугалими» конкурстарына даярдап, район, область, республикалык деңгээлине чейин сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келишти.

Мектеп эле эмес, айылдын Ак сакалдар Кеңешин жетектеп, өзүнүн калыстыгы менен далай көйгөйлөрдү чечип, элди ынтымакка үндөп келди. Чон масштабда «Кудайменде -300» тоюн уюштуруп, элдин алкоосуна татыды. Улутубуздун көөнөрбөс мурастарын аздектеген адам эле. Жылда «Нооруз» майрамдарын уюштуруп, кыргыздын түрдүү каада салттарын алып чыгуу менен майрамдын маанисин ачып берээр эле. Улуттук кийим менен элибиз улуттук тамак-аштардын түрүн алып чыгып, ыр, бий менен коштолуп турчу. Элибизди тек таануу боюнча «Санжыра» деген китебин жазып, таанып билүүлөрүн арттырды. Ɵз калеминен бир нече ыр жыйнактарын да жазып жетишти.

Мына-мугалим бир гана билим берүү менен чектелбестен, ар тараптуу, уюштуруучулук жөндөм шайкеш келсе, эл үчүн көп эмгек кылаарына көзүбүз жетип, кийинкилер үчүн үлгү болор деп ойлойм.

Тескерисинче кээде кара сумканы карууга илгени менен, эптеп эле сабагын берип ал сабагы максатына жетпесе, кирип чыгып 45 мүнөтүн өткөрүп, кийген кийими мугалимдин жүзүн ача бербеген, сүйлөө маданияты тайкы, (арасында «жаргон» сөздөр) окуучуга мамиле кыла албаган мугалимдер да кезикпей койбойт. Ошол «мугалим» атын жамынып, баланын келечегин «балталап» жаткандар мугалим атты кара көө менен булгап жатышат. Демек, ал-мугалим болушу мүмкүн эмес.

Жогоруда мен сөз кылып кеткен агайымдын эмгектери үлгү болсо экен деп ойлойм.

Мугалимдин дүйнө таанымы, интеллектуалдык потенциалы, оптимисттик көз карашы мамлекеттин келечегин аныктайт. Ошондуктан кайсы заманда жашабасын-ошол доорго жараша мугалимдин образы түзүлүшү шарт.

Мугалим кийген кийими, сүйлөгөн сөзү педагогикалык этиканы сактай билген, кесибине болгон мамилеси, жаны муундагы технологияны илгертпей үйрөнгөндүгү, адилеттүүлүгү, окуучуну уга билүүсү, сабырдуулугу болуу кажет.

Ɵзгөчө сабырсыз, өзүнө кармана албаган мугалим-окутууда өзү каалаган натыйжа ала албай, окуучулардын жек көрүүсүнө айланат. Ошондуктан мугалим-мамиле куруунун да устаты болуш керек.

Мугалимдик кесип менен интеллигенциянын байланышы бар экенин жогоруда айтып өттүк. Башталгыч класстын мугалими болуп иштегендиктен-бул жаны көзү ачыла элек, баео сезими, жүрөгү таза жаш бөбөктөрдүн билим пайдубалын түзүүчү экенибизди жакшы түшүнөбүз. Баланын адам болуусуна багыт берүүчү-шам чырак боло турган-экинчи энебиз. Сенин сүйлөгөнүң, баскан-турганың, керек болсо аны мактап, башынан сылаган колуң-ал үчүн жылуу жана назик болушу керек.

Билим берүүдө ар бир сабагын да жеткиликтүү, түшүндүрүп, булактын көзүн ачкандай, улам жаңы түшүнүктөр менен таанып билүүсүн өнүктүрүп отуруп, төмөндөн жогору тепкичтерге кадам шилтетип отурабыз. Эгер сабагынан кыйналса же түшүнбөсө-ошол «точканы» таап, аягына чейин аракет кылып, ал бала жакшы окуучуга теңелип, жетишип, жүзү нурга толгон сүйүнүчүн көрүү-мына бул-мугалимдин жетишкендиги. Албетте, бул чоң эмгек. Түйшүктөнөсүң, чарчайсың… «Жакшы мугалимдин жан дүйнөсү чарчабайт» деген сөз бар. Чарчаса да эртеси эле мектепке барып, балдарын көргөндө бир сыйкырдуу күч-кубатка ээ болуп, жанданып, чарчаганы жазыла түшөт. Балдарынан дем-күч алып, жан дүйнөсү жашарат. Бул-өзүнчө бакыт. Мугалим болуу өтө кыйын. Аны мугалим болуп кесибин сүйгөн адам гана билет.

Башталгыч класстын мугалими-бул биринчи мугалим, бул-Чынгыз Айтматовдун повестинин баш каарманы. Баланын көзүн ачып, көңүлүн таап, экинчи апанын ролун аткарып, жашоонун түйүнүн чечүүсүнө багыт берген бийик адам.

Мектептин босогосун жаны аттап, биринчи коңгуроонун дабышы менен, биринчи «А» тамгасын таанып, мектеп турмушун аттаган ар бир бала күндөн күнгө жаны билимге сугарылып келет.

«Мугалим-күн нурундай чачылса, Окуучусу-гүлдөй болуп ачылат» -бул накыл сөздө айтылгандай, канчалык балага мээримди төгө билсең, жыйынтыгы ийгиликтер менен коштолот.

А. А. Сухомлинский: «Баланын жан дүйнөсү-ак барактай таза» -деген. Ошол таза дүйнөгө болгон билимди, адепти, ыйманды, баалуулуктарды таза сиңирип, талыкпай эмгектенүүбүз керек.

Эң мыкты тажрыйбалуу мугалим-өзү иштеген жамаатынын таянаар тоосу, жаштардын устаты. Ар кандай кырдаалда акыл-кеңешин айтып, жардамын берип турат. Кээде билим берүүдөгү өзүнүн башынан өткөн окуялардан мисал келтирип, же болбосо чыгармачылык менен түрдүү методдорду колдонуп өткөн сабактарына катышып, жардам алган жаш мугалимдерди көрүп, аракетине ыраазы боло, келечегине үмүт артам. Эмнеден аксап жатканын билип, сунуш айтсаң, кемчилигин оңдоп, жыйынтык чыгарып, жаны нерселерге багыт алганын көрүп сүйүнөм.

Жакында болуп өткөн Элдик Курултай биздин мектептен да тарых мугалими Исмаилова Атыркүл эженин делегат болуп катышып, билим берүү тармагы боюнча омоктуу ойлорун ыйык трибунада сүйлөгөнү-баарыбызды кесиптештерди, айыл элин сыймыкка бөлөдү.

«Узакка акчу суунун уруунаар ташы көп». Бул түйшүктүү кесипте не деген кыйынчылыктар кездешет.

СОVID 19 пандемиясы жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндөгү билим берүү системасынын бардык көйгөйүн ачыкка чыгарбадыбы. Аралыктан сабак өтүүдө мугалимге гана эмес, ата-энеге бир топ машакатты алып келди. Мугалимдин баркы, баасы мына ушул кезде билинди. Ата-энелерди стресске алып келди, мугалимди колдоо керектигин түшүнүштү.

Тез арада маалымат коммуникациялык технологияларды өздөштүрүү талабы коюлуп, жаны окутуу форматына өтүүгө туура келгенин түшүндүк. Бирок ошол эле учурда аны жеңе билип, көп аракетти жумшап, онлайн сабактарын видео аркылуу чагылдырып өтүп жаттык. Ɵзгөчө биздин жаны эмгек жолун баштаган жаш мугалимдер Алымкул к. Назгүл, Жумалиева Гүлмиранын биринчилерден болуп өздөштүрүшүп, кызыктуу сабактарды өткөндөрү жалпы жамаатты ыраазы кылды, аракеттерине баа бердик.

Муну менен чакан мектебимде кесибин сүйгөн, чыгармачыл мугалимдер бар экенине бул бир гана үзүмү экенин сыймык менен айткым келди.

Айыл турмушунда интеллигенциянын ролу зор деп эсептейм. Себеби мугалим-коомдун ишенимдүү адамы. Окуучунун жүрөгүнөн түнөк таап, алган билими менен оозантып, дүйнө таанымын өстүрүп, талыкпаган эмгегин арнап, адамдык жакшы сапаттарга тарбиялай алса, элине, коллективине кадыр-барктуу болуп, эң негизгиси-окуучусунун сүйүктүү мугалими болсо, мына ушул жетишкендиктер бийик нерсе деп эсептейм.

Интеллигенция өкүлдөрү буга чейин эле көп кыйынчылыктарга туш болгон. Буга Чынгыз Айтматовдун “Биринчи мугалими”-Дүйшөндү эле алалы. Билимге жол салган чыныгы мугалимди ал кезде эч ким баалабаса, азыркы заманда мугалимдер “идеал туткан, жол баштоочу, мыкты инсан” экенин баалап келебиз. Ч. Айтматовдун генийлиги: чыгармасы аркылуу мугалимдин абалын ачык берген.

Эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жылда Кыргызстанда мугалимдердин социалдык абалында жарытаарлык өзгөрүү же алга жылуу деле болгон эмес. Аз айлык мугалимдердин күнүмдүк жашоосуна гана оордук алып келбестен, коомдо да көйгөйлөрдүн жаралышына себепкер болду. Ал мектепте окуучулардын билим сапатынын кескин төмөндөп кетиши айрым мугалимдердин башка кесипке өтүп кетиши болду.

Андыктан азыркы бийликтин айлыкты көтөрүү аракети, өз убагында көтөрүлгөн –мыкты чечим болду. Эзели материалдык жактан жарыбаган мугалим-азыр капчыгы толуп, көөнү да ток болуп, иштеген ишине, окуучуларга карата ишеничи ого бетер артып, кубанып турган чагы. Айлык маянанын жогорулашы менен педагогдун кесибинин баасы, баркы жогорулайт. Мындай арымдуу аракет-мугалим болом деген кыялдарын ишке ашыруусуна жол ачты.

Президентибиз Садыр Жапаров: “Чыгармачыл мугалимдер гана күчтүү муунду тарбиялайт. Мен азыркы жаштарга мектеп мугалими болуп иштениздер!-деп айткым келет”-деди. Ɵнүгүү-замандын талабы. Көтөрүлгөн айлыгыңыздардын жарымын- өнүгүүгө, чыгармачылыкка жумшаңыздар!”-деген сөзү-бизге, мугалимдерге ишеним артып жатканын билдирет.

Мурунку билим берүү министри Каныбек Исаков:”Мугалимдер менен биздин жашообуз мазмундуу, коомубуз туруктуу, келечегибиз жарык”-деп айтып кеткен сөзү жүрөгүбүзгө дем берет.

Кыргыз педагогикасынын тирүү легендасы-Кыргыз Республикасынын эл мугалими-Бектур Исаков-кыргыз журтчулугунун сыймыгы, чыгаан педагог-мугалимдерге үлгү болуп келет. Педагогикалык табылгалары, ачылыштары, окутуу технологиясынын жанылыгы, гуманизми, окутуудагы реформасы-элибиз үчүн зор иш болду. Анын мугалимдик тажрыйбасы, педагогикалык илимине сиңирген эмгеги өлкөбүздүн билим берүү системасында өзүнчө бир жаны доорду ачты десек болот. Окутуунун инновациялык технологияларын эң эрте баштап, анын натыйжалуулугуна жеткен залкар мугалим болду. Агайдын эмгектери-мугалим, студент, окуучулардын колдон түшпөгөн окуу китебине айланды. ”Манас” сабагы китеби-окутуудагы табылгыс эмгек болду. Бул эмгектер-чыгаан, татыктуу мугалим болууга чоң стимул болот.

Чыныгы интеллигенциянын өкүлдөрү-окуучулар үчүн мааниси өтө чоң нерсе. Жогорудагыдай инсандар бир жаралат да, кийинкилерге:-“Ушундай болууга умтулгула!”-деген өрнөк таштап кетишет. Миллиондогон соңку урпактар идеал тутушуп, ал кишиче ондолуп, ал кишиче түздөлө берет.

Ɵркөнү өскөн элдер мындай туу тутаар адамдарынын өмүрүнөн эбегейсиз чоң таалим-тарбия берээр күчтү таап чыгат. Жер астындагы кендер түгөнөт, бирок өмүр үзүмү үлгү болор кишилерден алган таалим түгөнбөйт. Улам жакшы нерселерди калпып алып отурган сайын, дагы жаңылыктарынын терең жактары чыга берет.

Мыкты мугалимдердин иш тажрыйбаларына шыктанып, өзгөчө жаш мугалимдерге күндүн нурундай жарык берет.

Ошол эле учурда мугалимдерди жамандап, беделин түшүргөн учурлар да кездешпей койбойт. Социалдык тармактардан айрым окуучуларды угуп, көрүп жүрөгүн ооруйт. Окуучуну урушуп койгону үчүн, жумуштан алып соттошууга чейин барганына кейийсиң. Ошол тентекти анда башынан сылаш керекпи? Баланын келечекте текеберликке жетелеген бул кылыгы-ата-энесине кийин жүк болоорун-кыйкырып чыккан ата-эне кийин кеч түшүнөөр. ”Куш уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат эмеспи”.

Ата-эне менен биргеликте иштөө (бала, мугалим, ата-эне үчилтиги) айкалышканда гана коомго пайдалуу инсанды тарбиялай алабыз. Бирдиктүү кызматташууда гана көп ийгиликтер жаралат.

Ч. Айтматов: ”Мугалим-жакшылыктын энеси”-деп айткан. Баланы ата-эне менен бирге жакшы нерселерге жетелеп, тарбиялоонун багыты ийгиликтерге алып келген келечекти калыпка салган кеменгер бололу.

ІІІ Корутунду 

Л. Толстой: “Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал-мыкты мугалим”-деп айткан. Ар дайым балага жылуу мээримин, шооласын чачып, билим менен сугарып, улутубуздун келечеги үчүн талыкпаган эмгегин арнаган мугалимден келечекте мыкты инсандар көп чыгышын тилейбиз.

Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары-мугалимдин ролу-өтө зор. Окуучу эле эмес, айрым түрдүү катмардагы адамдарга сапаттары, жүрүш-турушу, сүйлөө маданияты, тазалыгы, тактыгы жана албетте билими менен өзгөчөлөнүп, кадыр-баркка жетишүүсү-бул кесибибиздин жемиши.

Ары түйшүктүү, ары жемиштүү, ошол эле убакта ардактуу кесипти, өзгөчө башталгыч класстын мугалимдеринин-мектептеги пайдубалын түзүүчү катары, ошол эле баланын-биринчи мугалимине жараша болору айдан ачык.

Мен да көп жылдык мугалимдик кесипти аркалап, далай түйшүктүү күндөр, талыкпаган эмгектин натыйжасында ар кандай сыйлыктар, ондогон грамоталарга ээ болуп, “Билим берүү отличниги” төш белгисин тагындым. Алдыңкы окуучуларым Кыргызстандын ар кайсы бурчунда жогорку билими менен  эмгектенип жатышат, алар өтө эле көп. Бир мисал-Жоомартмырза Марат уулу деген окуучум, Жалпы Республикалык тесттин жыйынтыгында 222 балл алып, Кытай мамлекетинин Гонконг шаарында “Компьютер илими адистигинде окуп, азыр Австралия мамлекетинин Сидней шаарында окуусун улантууда. Бардык окуткан окуучуларымдын аманчылыгын тилеп, бакыт каалап келем.

Интеллигент адам төгөрөгү төп келип турса, балага булактын көзүн ачып бергендей мамилесин арнаса, билими менен окуучусунун жүрөгүнөн түнөк табат. Мындай улуу адамдардын өмүрүнүн ар бир мүнөтү, кеп сөзүнүн ар бир ыргагы, баскан турганынын ар бир кадамы кийинки муундар үчүн үлгү, өрнөк.

Мугалим  өз жан дүйнөсүн таанып билген, өзүнүн оң жана терс сапаттарын иликтеп, тактап, аларды өзүнүн инсандык өнүгүү жолуна багыттаган, жетелеген адам болушу зарыл.

Чыныгы мугалим-элге жагымдуу сөзү менен кайрылып, акыл сезимин ойготкон, акыл менен жашоонун көркөмдүгүн көрсөткөн, жаркын жашоого балдары аркылуу зор кызыгуусун ачкан чыныгы интеллигенттер болсо гана-азыркы жашообуз, келечек багытыбыз жакшы жагына өзгөрөт.

Мугалимдик кесипти сүйүп, иштеп жаткан жаш мугалимдер-силер коомдун күзгүсү болооруңарды унутпагыла! Чыныгы мугалимдерди жараткан кыргыз топурагына таазим кылып, кыргыз элиме ыраазымын. 


МИЙЗАМОВА СҮЙҮМКАН ИСРАИЛОВНА
Ошская область район Кара-Кулжа с. Биймырза средняя школа с гимназическими классами им Бөжөка Бегиева 

Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу 

Жашоо керемет!!! Жашоо кызык. Жашоо айлан-көчөк. Ар дайым угуп жүргөн кулагыбызга көнүк сөздөр, бирок маанилүү. Анда сөз башынан болсун дегендей.

Кечээ “Биринчи мугалим 2023” сынагына катышуу үчүн сунуш түштү, алгач темасына көңүл бурдум, окудум да дароо ууртума жылмаюу келди. “Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу”аттуу тема аруу балалыгымды эске салды. “Интеллигенция”, “Мугалим”, ”Интеллигент” бул сөздөр менин жашоомдо экинчи жолу бири-бири менен байланышып кездешүудө. Жашоо айлан-көчөк! Туура!

Анда мен 4-5-класстын окуучусу болчумун. Кыргыз тили сабагынан Өмүр баян жазуу тапшырма берилди. Адаттагыдай үй тапшырмасын апама көрсөттүм, анткени ал мектепте кыргыз тили мугалими болуп эмгектенчү. Унчукпай көңүл коюп окуп чыкты да, “инттеллигенттин үй-бүлөсүндө туулгам” деген сөздү “жумушчунун үй-бүлөсүндө” деп алмаштырып кой деп айтты.

— Хм, эмнеге? дедим көзүмдү алайта, -менин атам инттелгент эмеспи? 
-Жок, кызым сенин атаң айдоочу да, ошондуктан жумушчу деп жазышыбыз керек.
-А сизчи, мугалимдер интеллигентпи? 
-Ооба.
-Анда эмнеге мен интеллигенттин үй-бүлөсүндө төрөлгөм деп жазбашым керек?
-Анткени үй-булөнүн башчысы ата болот.
-Аа. . .

 Хм, анда эмне үчүн мугалимдер интеллигент, айдоочу интеллигент эмес. . .

Мына ошол кундөн баштап “интеллигент” деген ким?, ал эмне үчүн интеллигент деп аталат, башкалардан айырмачылыгы эмнеде? деген сыяктуу суроолор менин тынчымды ала баштады. Эмне үчүн деген менин суроолорума апам китептерден изде деген жоопту айтты. Ошентип үйдөгү жана китепканадагы китептерди окуй баштадым, китеп окуу хоббиме айланды. Интеллигент деген ким деген суроомо жооп таптым.

Интеллигенция-латын тилинен алынган, бизче акылдуу, түшүнгөн, билген, ойлогон дегенди түшүндүрөт. Тактап айтканда, акыл эмгеги менен маданиятты өнүктүргөн жана жайылткан элдин коомдук катмары. Коомдун бул катмарына башкаруучулук, аскердик, укуктук-сот органдары, мугалимдер, медицина кызматкерлери жана маданият массалык маалымат каражатынын кызматкерлери кирет. (Интернет булактарынан:Wikipedia)

Совет учурунда тарбия берүүчүлөр инттелигенттер болуп келген. Анткени алар коомдук маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошушкан, себеби жумушчулар китеп окуганга өздөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Демек, интеллигент коомдун өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн жогорку маданияттуулугу менен, жогорку акыл эмгеги менен таасир тийгизе алган адам. Мындай идеалдуу адамдар биздин тарыхыбызда да болуп келген. Мисал катары Алиппенин эң алгачкы автору Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаковдорду баса белгилей кетсек болот. Алар коомдун гана эмес мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон новатор мугалимдер, тарбиялоочулар, кыргыз элитасынын көрөңгөсү деп айтсак жаңылышпайбыз. Тарых барагына кайрылсак мындай инсандардын бир нече экенин байкай алабыз.        

Ал эми азыркы заман талабына ылайык айылдык интеллигенциянын өкүлүнө мисал катары менин идеялым, алдыга карай жол көрсөткөн багыттоочум катары баалаган инсан Гапыр Мадаминовду баса белгилөөгө болот. Анткени ал бүгүнкү күндүн Дүйшөнү. Ал өзүнүн кең пейилдиги, талыкпаган эмгеги, акылмандуулугу жана да бала деп соккон жүрөгү менен эл агартууга чоң салым кошуп жатат. Бир гана балдардын билимин көтөрүү менен гана алектенбестен жалпы энелердин билимин көтөрүп, кыргыз эли үчүн чоң мааниге ээ болгон үй-булөлүк тарбияны да колго алууда. Эң алыскы, Бишкектен 1200 чакырым алыстыкта, эч кандай шарты жок , чек ара менен чектешкен жерде өзүнүн № 3-гимназиясын ачып гана тим болбостон “Энелер мектебин” кошо колго алган. Анын өз кесибин сүйгөндүгү ушунчалык гимназиянын окуучуларынын тамагы үчүн өзү дыйканчылык кылып, бош убактысында талаага чыгып эмгектенген. Балдардын ден соолугуна кам көргөн. Муну менен гана чектелбестен мектептин курамындагы адистерге да көңүл буруп, алардын эс алуусу, өзүн-өзү өркүндөтүүсүнө да кам көрүп турган. Анын мындай аракетин карап көрүп жөнөкөй гана мугалим эмес өз элин сүйгөн мыкты патриот деп баалоого болот. Тынымсыз аракет, талыкпаган эмгек менен ал бүгүнкү күндөгү ийгиликтерди багынттууга жетишти. Жалпы республика боюнча “Ата-энелер мектеби” программасы колго алынып, иш жүзүнө ашырылууда. “Энелер мектеби” Гапыр агайдын кызы Гүлсара Мадаминова, Салтанат Бейшеналиева жана башка педагогдор тарабынан онлайн формада да уюштурулуп, жайылтылууда. Мен да азыркы заман талабына ылайык бул иш-чаралар боюнча социалдык тармактардан жакынкы арада мигрант эненин баянына кабылдым. Ал эне тааныштары аркылуу онлайн энелер мектебине катталып окуй баштайт. Ал уккан лекциялардан таасирленип күндө кечки саат 1900 дө жумушунан 15 мүнөткө уруксат сурап, телефон аркылуу балдарына жомок окуп бере баштайт. Бул аракети күн сайын кайталанат. Акырындык менен тынымсыз акча сурап турган балдары, апам бүгүн кайсы жомокту окуп берет экен деп күтө башташат, балдарынын жүрүм-туруму жакшы тарапка өзгөрө баштайт.

Дагы бир окуяны мисал катары белгилей кетсем. “Энелер мектебин” алгач уюштурган жылдары Гапыр Мадаминовдон жумушка бара жаткан мезгилинде айылындагы чакан дүкөндүн жанынан айылдагы аракеч аталган киши энелерди токтотпой окута берүүнү суранган. Анын себебин сураганда аялынын үйдөгү өзгөргөн мамилеси, моралдык-психологиялык климаттын өзгөрүшүн баса белгилеген. Ошону менен бирге эле ал аракеч өзүнүн дагы жүрүм-турумун оңдоп, мындан ары туура жолдо жашоого убада берген.

 Ал эми азыркы учурда №3- гимназиянын гана эмес жалпы Лейлек элинин окуучулары жана ата-энелери тарбия жана билим алуу боюнча республиканын алдыңкыларынан деп айтсак болот. №3- гимназиянын бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик бардыгы жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарды ээлешүүдө. Ал тургай дүйнөлүк деңгээлдеги окуу жайлардан билим алышууда. Албетте, бул жетишкендиктердин артында айылдык интеллигенциянын өкүлү катары айылдык жөнөкөй мугалим Гапыр Мадаминовдун эмгеги чоң. Анын интеллигент катары коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы деп “Ата-энелер сиздер үчүн”, “Өзүн-өзү тарбиялоо”, “ Акыл эмгегинин маданияты”аттуу жана башка чыгармаларын атасак болот. Бул чыгармалар жазылып гана тим болбостон эл арасында жалпы пропогандаланып, англис, орус, түрк тилдерине которулуп жатат. Жогоруда байкалгандай ал коомдун өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн жогорку маданияттуулугу менен, жогорку акыл эмгеги менен таасир тийгизе алган адам. Мындай инсандар элибиздин арасында дагы да көбөйүшүнө тилектешпиз. Анткени Исхак Раззаков белгилеп кеткендей: “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот”. Таза, руханий жактан өнүккөн коомдо эч качан кылмыштуулукка, коррупцияга жол берилбейт. Бул болсо коомдо интеллигенциянын өкүлдөрүнүн көбөйүшүнө чоң салым кошот деген ойдомун.

Мына ошондуктан Гапыр Мадаминов сыяктуу айылдык улуу новатор педагогдун замандашы болгонума сыймыктанам. Анткени мен да өзүмдүн иш тажрыйбамда “Энелер мектебин” колго алуудамын. Билим берген окуучуларымды коомдук жайларда, транспортто, үй-бүлөдө өзүн алып жүрүү эрежелери менен байма- бай тааныштыруудамын. Ошону менен бирге эле азыркы курактан жашоодо туура багыт алуу үчүн туура максат кое билүүгө да жол көрсөтүп бара жатам. Аны менен эле чектелбестен өз окуучуларымды жаратылыш койнуна, тарыхый жана маданий мааниге ээ болгон Өзгөн мунарасына, Сулайман-Тоого алып барып, табият менен таттуу мамиледе болууга, өз мекенин сүйүүгө жана баалап туура мамиле жасай билүүгө үндөп жатам.

Андан сырткары келечекте мен сыяктуу мугалимдердин жолун жолдогон мугалимдер, белгилүү математиктер жана да жаш пифагорлор көп болсун деген максатта ар жыл сайын НДИТА “ Алтын түйүн” тарабынан уюштурулган “Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө” аттуу республикалык олимпиадага окуучуларды активдүү катыштырып, байгелүү орундарды багынтуудабыз. Бул иш-чаралар аркылуу окуучулардын жогорку интелектуалдык потенциалын өнүгүшүнө жол көрсөтүп жатам го деген ойдомун

Муну менен келечекте интеллигенттүү топтун түзүлүшүнө салым кошуудамын деген ойдомун.

Ааламга кеткен жол айылдан башталат . Мына ошол балалык кезимдеги айыл, мугалим, интеллигент деген түйшөлүүлөрүм мен үчүн бүгүнкү күндүн да актуалдуу маселелеринин бирине айланды. Анткени 30 жыл эмгектенген апамдын жолун улай мен дагы мугалимдик кесипти аркаладым. Ооба, мен мугалиммин!!! Болгондо да жөнөкөй, айылдык , башталгыч класстын мугалимимин. Мен өзүмдүн кесибим менен сыймыктанам. Чыңгыз Айтматовдун каарманы Дүйшөндөй болуп, эң алгачкы мектебимди курбасам да, окуучуларым келечекте Алтынай Сулаймановадай академик болооруна ишенич артам. Айылдык интеллигенциянын өкүлү экениме сыймыктанам. “Интеллигент” деген атка татыктуу болууга тырышам. Өз эмгектерим менен аз да болсо элимдин маданиятынын жайылышына, калкымдын сабаттуулугунун артышына салым кошуп жатканыма сыймыктанам!!!

Акыр аягында өз дилбиянымды Кубанычбек Бакиевдин калемине таандык “Из калтыр бул дүйнөгө” аттуу ырдан үзүндү келтирүү менен аяктоону чечтим:

Из калтыр бул дүйнөгө,
Ирмемдей өмүр кыска.
Ысмыңды айтып урпак,
Иштериң болсун нуска.
Из калтыр бул дүйнөдө,
Ак эмгек кызмат менен.
Унутпай элиң жүрсүн,
Кетсең да бул дүйнөдөн.


 ЭРНАЗАРОВА ЖЫЛДЫЗ ТАЛАНТОВНА 
Чуйская область Сокулукский район с. Шалта средняя школа им Д. Доронбекова

Айылдык интеллигенциянын ѳкүлү катары мугалимдин ролу

  Мугалим жѳн гана маалымат берүүчү эмес,
ал-сѳзү менен дагы, иши менен дагы жол
кѳрсѳтүүчү жана адептүүлүктү, чынчылдыкты,
адамкерчиликти үйрѳтүүчү адам

Интеллегенттүү адам — тынымсыз каражанды карч уруп иштеген, жогорку адеп-ахлактуулук, гумандуулук, тереӊ сезимдер, граждандык жетилүү, социалдык тажрыйба, эмгектин, турмуш-тиричиликтин, жүрүм-турумдун маданиятына, психологиялык касиеттер сыяктуу сапаттарга ээ болгон адам. Сынчыл ой жүгүрткѳн коомдук адам, бирок жан дүйнѳсү ушунчалык жѳнѳкѳй, ѳзүн-ѳзү тарбиялоону талап кылган адам.

Ушундай жыйынтык сѳздѳргѳ токтодук. Анан бул формулага мен мугалимди теӊедим. Чыгармачыл, эмгекчил, билимди, маданиятты ѳнүктүргѳн, гумандуу, сезимтал, жүрүм-турум, тарбия маданиятын катуу талап кылган, бирок жан дүйнѳсү ушунчалык жѳнѳкѳй адам бул, талашсыз –Мугалим. Тактап айтканда –айылдык мугалим.

Айылда интеллегенттердин үй-бүлѳсүндѳ тѳрѳлүп, айылда жашап ѳскѳн, турмушка дагы айылга чыктым. «Айылым-алтын бешигим» дегендей, ошондон улам мен айылдык мектепте иштей баштадым. Институтту бүткѳндѳн кийин мен адис, мугалим болгондугумду бүт элдин баарына айткым келди, мектепке барып эле окуучуларга сабак бере баштайм деп күн санадым… Эми эстесем уялам.

Жашоомду мектеп, педагогика менен байланыштырууну чечкенде, мен өзүмө жүктөлгөн жоопкерчиликти толук түшүнгөн эмес экенмин. Бул түшүнүк мага кийин, мектепте иштей баштаганда, балдар менен тил табыша албай, тынч олтургуза албай, ата-эне менен сүйлѳшкѳндѳ ыйлаганда, пайда болду.

Айылда жашоо кыйын. Ошого карабастан достук, жоопкерчилик, өз ара жардамдашуу сыяктуу түшүнүктөр айыл тургундарына жат эмес. Мына ушундан улам мектеп — айылдыктар үчүн абдан кымбат – алардын, балдарынын, неберелеринин билим алган жери эле эмес, мугалимден жөнөкөй чындыктарды үйрөнгөн, тарбия алган, турмушту үйрөнгөн ыйык жер.

Мугалимдик кесипти тандоо мен үчүн бир күндүн чечими эмес. Анткени менин үй-бүлѳмдѳ мугалимдик династия чоӊ апабыздан бери келе жатат. Адия Шеримкулова –менин чоӊ апам, 16 жашында Фрунзедеги мугалимдик институтун аяктап, 1943-жылы Белек айылына кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын мугалими болуп, ѳзүнѳн 2-3 жаш улуу балдар-кыздарга сабак берип, мугалимдик эмгек жолун баштаган. Ошондон биз (мен эгиздин түгѳйүмүн) тѳрѳлѳгѳдѳ 1983-жылы чоӊ апам мектеп менен коштошуп, бизди апама багышкан. 40 жыл бир мектепте эмгектенип, айылдын сүйүктүү эжейи, кадыр-барктуу карыя, акылман кеӊешчи, абройу бийик адам, мугалимдик кесибинен тышкары даанышман, айылдагы эл арасында калыс, үлгүлүү адам болгон. Президентти дагы мугалим окуткан дегендей, чоӊ апамдын окуткан окуучулары: белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов, актерлор Орозбек Кутманалиев жана Болот Шалтаев, техника илимдеринин доктору, профессор Карыпбек Алымкулов сыяктуу мамлекеттин интеллигенциясынын ѳсүшүнѳ билимин дагы, убакытын дагы аяган эмес. Бир кызы, бир уулу, тѳрт келини айылдык мугалим болуп кесипти аркалап келишти. Чоӊ апамдын 4 келининин арасында эӊ кичүү келини менин апам Айдай Аскарова-орус тили жана адабияты сабагынын мугалими. Кайра апамдын үч кызы дагы мугалим кесибин тандап, жогорку окуу жайда жана айылдын мектептеринде эмгектенип жатабыз. Анын бирѳѳсү-мен. Жана дагы уулум Канат информатика сабагынын мугалими болом деп Россиядагы Йошкар-Ола Волгатех университетинде 1-курстун студенти, кызым Жанат мугалимдик кесипти тандайт деген үмүтүм бар.

Бүгүнкү күндѳ мектепте 14 жыл иштеп, мен эмнени билдим? Заманбап мугалим болуш үчүн ар тараптуу көп иштеш керек, өзүңдү өркүндөтүү керек, өз каталарын моюнга алып жоюга аракеттениш керек. Мен үчүн мугалим болуу – бул окуучулар менен дайыма чыныгы адамдык байланышка умтулган, ички дүйнөсү бай, түгөнгүс жандуулугу бар чыгармачыл, интеллектин бийик ѳстүргѳн индивидуалдуу инсан болуу. Мен ошого умтулам.

Уч жыл мурун балдар менен карылар күнүнѳ карата айылдагы муктаж болгон үй-бүлѳлѳргѳ барып, жүгѳрү, картошка жыйнап, бир жума сабактан кийин жардам бергенге барып жүрдүк, кѳп жумуштарын бүтүрдүк «Биз тимуровчылар» деген уран менен. Ал эми бул жөн эле жумуш эмес, бул мен үчүн, айылдык мугалим үчүн, баа жеткис байланыш дагы болду. Айылдык адамдар менен таанышып, баарлашып, айылда, айылдык мектепте иштөө кандай ырахат экенин ошондо түшүндүм. Бул жерде күчтүү, чынчыл, ачык-айрым, таза, чыныгы адамдар жашайт деп билемин. Ошондо аксакал аталар, апалар, байке-эжелер сѳз баштаганда эле мектеп, мугалимдер жѳнүндѳ айтышты. Бир аксакал апасын айтып, арип тааныбаган, кол тамгасын коё албаган, караӊгы карапайым киши менин апам, мектепке кирээрде, босогосунан аттап ѳтѳ электе үч жолу жүгүнүп, анан кирчү эле деп эстеп айтып берди. Мугалим эжей келатканда ойногон балдар жолдун жээгине качып же жашынып калаар элек деп далай мисалдарды айтып беришти. Мугалим бул айылдын эӊ биринчи интеллигенти деп саначу экен. Сүйлѳгѳнү сыпаа, басканы турганы тыӊ, түз, кийген кийми тыкан, таза, колунда, сѳзсүз, кѳтѳргѳнү портфель жана китеп. Интеллигент-бул окумуштуу, элге үлгү кѳрсѳткѳн, элди ѳзүнүн жүрүм –туруму менен тарбиялаган инсан деп билчүбүз дешет айылдыктар. Дагы бир байке -Мугалимдин сүзүн эки кылба, үйрѳткѳн нерсени кабыл ал, эсиӊе сактап, ага окшош болом деп умтулсан ошондо интеллигент болосун деп атам айткан. Атамдын сѳзүн угуп, мугалимдерден билим, тарбия алып мен дагы жогорку окуу жайды бүтүрүп, ѳзүбүздүн айыл ѳкмѳтүндѳ иштеп келдим. Эми ѳз балдарым, неберелериме дагы атам айткан сѳздү айтып келем. Ата Мекениӊ ѳсүп-ѳнүксүн десеӊ, эли-журтуӊ билимдүү, ыймандуу, тарбиялуу, ынтымактуу жана таза болсун десеӊ ѳзүӊ биринчи ошондой бол, канча бийиктесеӊ турмушуӊданбы, кызматыӊданбы ан сайын кичипейил бол. Мына сабак эле бербестен, мугалимдерибиз минтип айылыбыздын кѳчѳлѳрүнѳ кооздоп бак тигип, карыларга жардам берип, проект менен иштешип мектепке, бала бакчага жаӊы эмеректерди, компьютерлерди, китептерди жаӊыртып алып келип жатышат. Ушул сѳздѳрдү угуп, мен мугалимдик кесип эӊ ардактуу экенин сездим.

Ооба, мугалимдик кесип элет жеринде кадыр-барктуу, бирок эӊ жооптуу кесип. Бул жерде мугалим бүт айылдын көз алдында, өмүр бою айылдаштарынын кѳз алдында жашагандай жашайт. Жеке ѳзү гана эмес- аны менен бүт үй-бүлөсү –айылдыктага үлгү болуш керек. Мектептен окуучу бир кѳйгѳйдү чечиш үчүн менден кеӊеш сурайт, кээде жүрѳгүндѳгу сырын айтат, ишенет. Ишенип айткан нерсени кээде уктабай ойлонуп чыгам, билгизбей, жүрѳгүн оорутпай кандай жардам берсем дейм. Кѳйгѳйүү чечилип калса мен бактылуумун, жүгүм жеӊил болуп калат. Мени менен окуучулар эле эмес, алардын ата-энелери да кеңешет. Бул сыймык…бирок чоӊ жоопкерчилик.

Мугалимдик кесип мени биринчи кезекте өзүнүн адамкерчилиги, асылдыгы менен өзүнө тартат… Албетте, тажрыйба, чеберчилик ѳзү эле дароо келбейт экен. Ишке киришип, улуу педагогдор В. А. Сухомлинский, Ш. А. Амонашвили, А. Макаренконун чыгармаларын окуп, сап араларын ачып издеп, жүрөгүм менен окуйм. «Кут билим», «Кут билим-сабак» «Мугалим» газета, журналдарына жазылып, зор кызыгуу менен окуп, новатор мугалимдердин иш тажрыйбалары менен тааныштып турам. Бирок, кесипке алгачкы кадамдарды таштап иштегениме менин Шалта айылымдын Д. Доронбеков атындагы орто мектебимдин сүйүктүү кесиптештерим жардам беришти. Эжейлерим бир эмес, бир нече муун татыктуу инсандарды тарбиялап келишти. Тарбиялаган окуучулар ѳлкѳбүздүн булуӊ бурчунда иштеп, эмгектенип интеллигенциянын биринчи катарларында Кыргызстандын туусун бийик кѳтѳрүп келишет. Мен кадырлуу насаатчыларыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазымын. Алардын аркасында мен мугалим болуу жоопкерчиликтуу экенин түшүндүм!

Ооба, айылда мугалим деген барктуу кесип. Айылдыктар бул кишиге өздөрү ишенгендей ишенишет Айтылгандарды жыйынтыктап жатып, айылда мугалимдин ролу адаттан тышкары чоң экенин белгилей кетким келет. Аларга ишенишет, угушат, ээрчишет.

Антон Павлович Чехов айткандай «… айылга жакшы, акылдуу, билимдүү мугалим канчалык керек экенин билсең! Бул жерде «… аны кандайдыр бир өзгөчө шарттарга жайгаштыруу керек, эгерде элге кеңири билим берилбесе, мамлекет начар бышкан кирпичтен курулган үйдөй болуп, ыдырай турганы анык!». Улуу жазуучунун бул сөздөрү 19-кылымдын аягында жазылганы менен али тирүү.

Айылдагы мектеп… Бул өзгөчө дүйнө, өзгөчө мамилелер. Бул ынтымактуу үй-бүлө: балдар, ата-энелер, мугалимдер. Айылда баары бири-бирин көрүп-билип, бири-бирине колдоо көрсөтүүгө аракет кылышат, салттуу майрамдарды чогуу өткөрүшөт; чогуу кайгырып, көңүл ачышат, келечекке пландарды түзүшөт. Баары бири-бирин жакшы билген айылда баланын тагдырына үй-бүлөдөн мурда мугалим жооп берет. Анын колунан жана жүрөгүнөн бир нече муун балдар өтөт жана ар биринин индивидуалдуулугун көрүү, жашоону тандоого жардам берүү, айылдын жакшы табиятын, сезимдердин көрүнүшүндө табигыйлыкты, салттарга болгон сүйүүсүн сактоо абдан маанилүү. Айыл үчүн, жаратылыш үчүн, адамдар үчүн. Ал эми бардык кыйынчылыктарга карабай, кесибим айылдык мугалим экенине сыймыктанам.

Менин окуткан балдарым кайдай болушун каалайм? Чынчыл, эмгекчил, абийирдуу, адептуу, боорукер, намыстуу. Ал үчүн мугалим ѳзүнѳн баштайт!

Мен окуучулардын кайдыгер болбошун кааласам, анда мен өзүм активдүү жашоо позициясына ээ болушум керек, жалындуу адам болушум керек!

Окуучуларымдын кѳз караштарын өзгөрткүм келсе, өзүмдөн баштайм!

     Мен алардын максаттуу болушун каалап, мен алдыма максат койдум – бул менин жашоомду маңыздуу кылган, менин умтулууларыма багыт берүүчү, менин кадыр-баркымды, өзүмдүн сый-урматымды жарык кылгандыгым маанилүү.

Окуучулар мени сыйласын десем, аларга да, ата-энелерине да урмат көрсөтүүгө аракет кылам. Менден баланын тагдырына чын ыкластан катышуу талап кылынат. Айылдын социалдык-маданий чөйрөсү консервативдүү, стабилдүү жана салттуураак экенин унутпайм, муну мен мугалим катары эске алам.

Окуткан балдарым билими жагынан интеллектуалдуу жана турмушунда интеллегенттүү адам болушун кааласам, анда менден ката кетпеш керек. Ката кетиргенге акым жок!


Дагы:

АЙЫЛ МУГАЛИМДИН РОЛУ ТУУРАЛУУ, 2023-ЖЫЛДАГЫ СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА СЫЙЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ (сайтка жүктөө процессинде)


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *