СЫЙЛЫК ЭЭЛЕРИ

2025-ЖЫЛЫ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ТАТЫКТУУ МУГАЛИМДЕРИНЕ “УРМАТ БЕЛГИСИН” САЛТАНАТТУУ ТАПШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ

Санжарбек Данияровдун Фонду 2022-жылдан баштап ар бир окуу жылы кыргыз Республикасынын башталгыч класстын мугалимдерин «УРМАТ БЕЛГИСИ» деген сыйлык менен сыйлайт. Сыйлыкты тапшыруу “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн салтанаттуу сыйлоо аземине туш келет. 2025-жылдын 19-апрелинде БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын 2-туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө алты мугалимге сыйлыктар тапшырылды.


САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН «УРМАТ БЕЛГИСИ» ЖӨНҮНДӨ

Фонд бул сыйлыкты 2022-жылы кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес стажы бар жана мектептеги билим берүүнүн кийинки баскычына үчтөн кем эмес башталгыч класстын окуучуларын даярдаган мугалимдердин жетишкендиктерин баалоо үчүн негиздеген.

Сыйлык берүү жөнүндө жобого ылайык, документтерди алгачкы текшерүүдөн өткөндөн кийин аны мугалимге ыйгаруу жөнүндө чечимди биротоло бекитүү билим берүү тармагынын адистеринин – эксперттердин тобу тарабынан кабыл алынарын өзгөчө белгилеп кеткибиз келет, алар жөнүндө биз өзүнчө материал даярдадык. Сыйлык берүү жобосуна жана эксперт кеңеши жөнүндө шилтемелер басылманын аягында


2024/25-ОКУУ ЖЫЛЫНДА “УРМАТ БЕЛГИСИ” МЕНЕН СЫЙЛАГАНДАР ЖӨНҮНДӨ

Мурдатан калыптанып калган салт боюнча БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын экинчи туру аяктагандан кийин, бирок сынактын жыйынтыгы чыга электе сыйлыкка талапкерлерге УРМАТ БЕЛГИСИ ыйгарылышын жактырган эксперттерди трибунага чакырдык. Иш-чаранын катышуучуларын эксперттер менен тааныштыргандан кийин, биз сыйлык алууга татыктуу болгон мугалимдерге «УРМАТ БЕЛГИСИ» төш ​​белгисин салтанаттуу түрдө тапшыруу үчүн трибунага чакырдык:


ИСРАИЛОВА ГҮЛНАР ДҮЙШАКУНОВНА

35 жыл стажы

М.Мамакеев атындагы гимназия мектеби Ысык-Көл обл., Ак-Суу району, Теплоключенка а.


КАЗЫМБЕКОВА ГҮЛЖАН САРЫГУЛОВНА

18 жыл стажы

Жакшылык Асаналиев атындагы жалпы билим берүү орто мектеби Ысык-Көл обл., Түп району, Тогуз-Булак а.


ОРОЗГОЖОЕВА МЭЭРИМ ШАМШИЕВНА

26 жыл стажы

Жүрсүн Субанбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектеби Ысык-Көл обл., Ак-Суу району, Сары-Камыш а.


ОСМОНОВА АЙГҮЛ КАЛЫКОВНА

34 жыл стажы

Асан Сопиев атындагы № 19 Тасма жалпы билим берүү орто мектеби Ысык Көл обл. Түп району, Тасма а.


ТАЙЖАНОВА РЫСКҮЛ КАРАБАЕВНА

35 жыл стажы

Абдыш Ракымов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби Ысык-Көл обл., Ак-Суу району, Ак-Чий а.


ТОЙМАТОВА МЭЭРИМ ТОЙЧУБЕКОВНА

19 жыл стажы

Жусуп Турусбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектеби Ысык-Көл обл., Тоң району, Ак-Сай а.


Башталгыч класстын окуучуларынын бир нече муундарын турмуштун кийинки этабына даярдаган тажрыйбалуу мугалимдерибиз мындан ары да балдарыбыздын жаңы мууну менен ийгиликтүү иш алып барышып, өлкөбүздүн жыргалчылыгы, келечеги үчүн жаш мугалимдерге топтогон билимдерин, шык-жөндөмдөрүн ортого салышаарына терең ишенебиз.


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Дагы тема боюнча:

САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП МУГАЛИМИН «УРМАТ БЕЛГИСИ» СЫЙЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ (Бул макалада сыйлыктын Жобосу бар)

КЕСИПКӨЙ ЭКСПЕРТТЕР – “УРМАТ БЕЛГИСИ” СЫЙЛЫГЫНЫН МААНИЛҮҮГҮНҮН КЕПИЛДИГИ

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13-СЫНАГЫ. ФИНАЛ. 1-БӨЛҮК. КАТЫШУУЧУЛАР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ» 13-СЫНАГЫ. ФИНАЛ. 2-БӨЛҮК. КАЛЫСТАР ТОБУ, АЛЫП БАРУУЧУ, АРДАКТУУ КОНОК, МУЗЫКАЛЫК СЮРПРИЗ

 



Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *