Биринчи мугалими бардыгынын эле эсинде болсо керек. Башталгыч класстын мугалимдери — биздин өлкөбүздүн, балдарыбыздын жана неберелерибиздин келечегин түптөгөндөр.
Санжарбек Данияровдун фонду 2022-жылы “УРМАТ БЕЛГИСИ” сыйлыгын уюштурган эле. Ал сыйлык 15 жылдан кем эмес педагогикалык стажы бар мугалимдерге жана үчтөн кем эмес башталгыч класстын окуучуларын кийинки тепкичке көчүргөн мугалимдерге ыйгарылат. Сыйлык боюнча акыркы чечимди кабыл алган эксперттер тобу менен тааныштырабыз.
Сыйлык ыйгарылып келаткан төрт жыл ичинде “УРМАТ БЕЛГИСИН” бул асылзат кесиптин 32 өкүлү тагынды. Аны ыйгаруу жөнүндөгү чечимди кабыл алуу тартиби сыйлыктын ЖОБОСУНДА берилген, анын шилтемесин ушул баяндаманын соңунда таба аласыздар.
Эгерде сыйлыкка талапкердин документтеринде анын кеминде он беш (15) жылдык кынтыксыз педагогикалык стажы бар экендиги жана башталгыч класстын окуучуларынын үчтөн кем эмес башталгыч класстын окуучуларын даярдалганы көрсөтүлсө, анда анын талапкерлиги үстүбүздөгү окуу жылында сыйлыкка талапкерлердин тизмесине киргизилет. Бул учурда бул тууралуу маалымат сыйлыкты ыйгаруу боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн документтер эксперттердин кароосуна жөнөтүлөт. Ар бир талапкердин документтери кеминде жети (7) эксперттен турган комиссия тарабынан бекитилет, алар курбуларынын сунуштарын, ошондой эле мугалимдин өзүнүн ишинин жетишкендиктери жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн карап чыгат
Ошентип “УРМАТ БЕЛГИСИ” сыйлыгын берүү боюнча акыркы чечимди эксперттер чыгарат (сыйлыктын уюштуруучусу эмес). Ар бир талапкердин документтери кеминде жети адамдан турган топ тарабынан каралат. Бул — сыйлыктын маанилүүлүгүнүн кепилдиги болуп эсептелет.
Биздин эксперттик топко башталгыч класстардын мугалимдери жана методисттери чакырылган; алардын көпчүлүгү БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаттары. Топтун курамы өзгөрүп, өсүп турушу мүмкүн, бирок анын курамына ар дайым билим берүү тармагында практикалык тажрыйбасы бар жана татыктуу абройго ээ адистер кирет.
Таанышып алыңыздар, алфавит иретинде:

АКУНОВА НУР САДАТБЕКОВНА
6-жолу өткөн БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты. Башталгыч класстын мугалими. Корчубек Акназаров атындагы орто билим берүү мектеби.
Нарын облусу, Кочкор району, Чолпон айылы.
2022/23, 2023/24, 2024/25 окуу жылында эксперттик баалоого катышкан
БЕКТАШОВА ЖАНАРА БЕКТАШОВНА
9-жолу өткөн БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты. Башталгыч класстын мугалими. Т.Мойдунов атындагы мектеп.
Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы
2022/23, 2023/24, 2024/25 окуу жылында эксперттик баалоого катышкану
ГАНЫЕВА АЙМЫСКАЛ ЫРЫСБАЕВНА
12-жолу өткөн БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты.
Башталгыч класстын мугалими. К.Тагаев атындагы мектеп.
Баткен облусу, Баткен району, Жаңы-Бак айылы.
2024/25 окуу жылында эксперттик баалоого катышкан
ИСАКОВА НУРЖАН ШАМУРАТОВНА
12-жолу өткөн БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жеңүүчүсү жана 10-жолку сынактын лауреаты.
Башталгыч мектептин мугалими.
Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кызыл-Сеңир айылы.
Ы.Чанаков атындагы №31 мектеп.
2022/23, 2023/24, 2024/25 окуу жылдарында эксперттик баалоого катышкан. 2024/25-окуу жылында “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын калыстар тобуна өттү
МИЙЗАМОВА СУЮМКАН ИСРАИЛОВНА
11-жолу өткөн БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты. Башталгыч класстын мугалими. Божок Бегиев атындагы мектеп.
Ош облусу, Кара-Кулжа району, Биймырза айылы
2023/24, 2024/25 окуу жылында эксперттик баалоого катышкан
МЫРЗАБАЕВ ТААЛАЙБЕК МЫРЗАБАЕВИЧ
8-жолу өткөн БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынан баштап ушул кезге чейин (13-сынак) сынактардын алып баруучусу. Мындан аркы сынактардын да алып баруучусу болоруна ишенебиз.
Башталгыч класстын мугалими. Көптөгөн педагогикалык долбоорлордун алкагындагы улуттук тренер.
Ысык-Көл облусу, Түп району, Сары-Дөбө айылындагы №21 К.Карачев атындагы мектеп.
2022/23, 2023/24, 2024/25 окуу жылында эксперттик баалоого катышкан
МЫРЗАБЕКОВА НАГЫЗГУЛЬ АДЫЛБЕКОВНА
БИРИНЧИ МУГАЛИМ 4-сынагынын лауреаты.
Башталгыч класстын мугалими.
К.Жуматаев атындагы мектеп.
Чүй облусу, Панфилов району, Эркин-Сай айылы
2022/23, 2023/24 окуу жылында эксперттик баалоого катышкан
ОСМОНБАЕВА НАЗИРА СЕЙТКАЗИЕВНА.
Методист жана англис тил мугалими.
Академик Мамбет Мамакеев атындагы орто билим берүү мектеби.
Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы
2022/23, 2023/24, 2024/25 окуу жылында эксперттик баалоого катышкан
Биздин сайтта Назира Сейитказиевна тууралуу өзүнчө макала бар. Шилтеме — басылманын аягында
РАХМАТОВА АСПИРА КАНЫБЕКОВНА
БИРИНЧИ МУГАЛИМ 8-сынагынын лауреаты.
Башталгыч класстын мугалими.
Мамат Акымбеков атындагы мектеп.
Талас облусу, Кара-Буура району, Чоң-Кара-Буура айылы
2022/23, 2023/24 окуу жылында эксперттик баалоого катышкан
СУРАНЧИЕВА ФАРИДА КЕНЖЕАЛИЕВНА
БИРИНЧИ МУГАЛИМ 7-, 8-, 9-сынагынын лауреаты.
Башталгыч класстын мугалими.
Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто билим берүү мектеби.
Талас облусу, Бакай-Ата району, Ак-Дөбө айылындагы
2022/23, 2023/24, 2024/25 окуу жылында эксперттик баалоого катышкан
ТУРГАНБАЕВА ГҮЛҮМКАН АБЫТАЛЫПОВНА
БИРИНЧИ МУГАЛИМ 11-сынагынын жеңүүчүсү жана 10-сынагынын лауреаты.
Башталгыч класстын мугалими.
Ой-Терскен орто билим берүү мектеби.
Нарын облусу, Ат-Башы району, Ача-Кайыңды айылы.
2024/2025-окуу жылындагы БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын калыстар өттү.
ШЕЙШЕКАНОВА ДИНАРА ОРОЗАКУНОВНА
11-жолу өткөн БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын лауреаты.
Башталгыч класстын мугалими. №14 Б.Алаков атындагыорто билим берүү мектеби.
Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кара-Талаа айылындагы
2024/25 окуу жылында эксперттик баалоого катышкан.
Биз чын ниетибизден эксперттерге жемиштүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдиребиз! Процесс уланууда!
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Кызык болсо жазылыңыз
Дагы тема боюнча
САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП МУГАЛИМИН «УРМАТ БЕЛГИСИ» СЫЙЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ (Бул макалада сыйлыктын Жобосу бар)
2025-ЖЫЛЫ БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН ТАТЫКТУУ МУГАЛИМДЕРИНЕ “УРМАТ БЕЛГИСИН” САЛТАНАТТУУ ТАПШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ
Башкы › Башкы бет ирети › Билим берүү › БИРИНЧИ МУГАЛИМ СЫНАГЫ



