Айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өткөрүлүп келаткан сынактын кезектеги 6-жолку сынагы аяктагандыгы тууралуу кабарлагым келет. Жеңүүчүнү сыйлоо салтанаты 2017-жылдын 9-сентябрында, ишемби күнү Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУнун Жыйындар залында өттү.
Сынакта жеңүүчү болуп, 1-орунду төмөндөгү мугалим ээледи:
![]() |
КАРИМОВА ТУРУМКАН АБДЫРАХМАНОВНА – Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими. Эми ал мугалим Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякатка бармакчы. |
Төмөндөгү эки мугалим сынактын лауреаттары болушту:
|
АКУНОВА НУР САДАТБЕКОВНА, Нарын облусу, Кочкор району, Чолпон айылы, К.Акназаров атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими; КАРАЕВА НУРГҮЛ Баткен облусу, Баткен району, Жаңы-Бак айылындагы К.Тагаев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими; |
Үч мугалим тең классындагы бардык окуучулары менен Бишкек шаарына бир күндүк маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга келишет.
Андан тышкары, биринчи турдун жыйынтыгы боюнча дагы төмөнкү 3 мугалим биринчи турдун жеңүүчүсү Дипломун алышты
Салтанаттын жүрүшүндө сынакка катышкан БАРДЫК МУГАЛИМДЕР катышуучунун Күбөлүгүн алышты.
СЫНАК ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТАЛЬБОМ Санжарбек Данияровдун Фондунун сайтында жайгашкан, сиз аны менен төмөнкү шилтем боюнча тааныша аласыз:
Биз 2018-жылда өтө турган кезектеги сынакка даярдануудабыз! Ал тууралуу Сизге сөзсүз кабарлайбыз жана кененирээк маалыматты сайтыбызга жарыялайбыз. Сиз жетектеген райондун мугалимдери активдүү катышат деп ишенебиз!