СЫНАКТЫН СҮРӨТ ГАЛЕРЕЯСЫ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2017”: ЭКИНЧИ ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2017-жылдын 9-сентябрында 6-жолу Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка бара турган БИРИНЧИ МУГАЛИМ аныкталды: Ал — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Каримова Турумкан Абдырахмановна.

2-орунга Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылындагы К.Акназаров атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Акунова Нур Садатбековна озуп чыкса, үчүнчү орунду Баткен облусунун Баткен районундагы Жаңы-Бак айылындагы К.Тагаев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалим Караева Нургүл Жапаровна ээледи.

Жеңүүчү мугалимдин 3 классы Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга катышууга укук алышты. Катышуучулардын маанайына караганда, сынак аябай кызыктуу өттү!

 

 

ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИН КАЙДАН КӨРСӨ БОЛОТ? БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2017 СЫНАГЫНАН!

 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *