2023. АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛЫНЫН МУГАЛИМИ ГҮЛҮМКАН ТУРГАНБАЕВАНЫН 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” 2022-2023-окуу жылындагы сынактын жеңүүчүсү Гүлүмкан Абыталыповна Турганбаева болду. Сынактын финалы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты 2023-жылдын 15-апрелинде өттү. Бул тууралуу: «Интеллигенциянын өкүлү катары … жөнүндө» деген баяндоодон окуй аласыздар. Ал эми азыр мен жеңүүчүнүн Санжарбек Данияровдун фонду Москва шаарына уюштуруп келаткан маданий-маалымат арттыруучу саякаты жөнүндө сүрөт баянды бөлүшкүм келди. Аталган фонд маданий-маалымат арттыруучу саякат […]

Толугу менен...

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ЧОЛПОН АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССЫНЫН МУГАЛИМИ АСЕЛЬ УБАЙДЫЛДАЕВАНЫН 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ

Бул баяндамамда мен сиздерге БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2021 сынагынын жеңүүчүсү, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Асель Убайдылдаеванын саякаты жөнүндө айтып беремин. Саякатка ал КММАнын балдар кардиоревматология адистиги боюнча клиникалык ординатору, КММАнын 2022-жылдагы Илимдер күндөрүнүн алкагында өткөн жаш окумуштуу дарыгерлер сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Надырбекова менен бирге келди. Саякат былтыр өткөн эле, бирок […]

Толугу менен...

ЧОЛПОН АЙЫЛЫНАН БАРГАН НУРЖАН БЕККУЛ КЫЗЫНЫН ЖАНА САРЫ-ДӨБӨ АЙЫЛЫНАН БАРГАН ҮМҮТ УЗАКОВАНЫН 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ. ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ

Төмөндө — “Биринчи мугалим” сынагынын 2019-жылдагы жана 2020-жылдагы жеңүүчүлөрүнүн саякаты жөнүндө СҮРӨТБАЯН. Аталган саякат былтыр, 2022-жылы болгон, бирок мен ал жөнүндө азыр жарыялап жатканымдын себебин айтып берейин. Эки жыл пандемиянын кесепетинен “Биринчи мугалим” сынагынын 2019-2020-2021-жылдардагы женүүчүлөрү өздөрүнүн сыйлыгын дароо пайдаланып, саякатка чыга албай калган. Ал саякат былтыр, 2022-жылы гана мүмкүн болгон. Адатта биринчи орунду ээлеген […]

Толугу менен...

ВИДЕО: «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ПРЕМИЯСЫ

Бул видеотасмада 2019-жылдын премиясы (2018-жылдын жеңүүчүлөрү) жөнүндө баяндалат: 1-орун — Динара Камбарова — Баткен облусундагы Кадамжай районунун Чечме айылындагы мектептин мугалими. 2-жана 3-орундар Ашымова Назира Асанбековна — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылынындагы мектептин мугалими жана Суранчиева Фарида Кенжеалиевна — Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы мектептин мугалими. Москва шаарына саякат 2019-жылдын 11-21-июлунда, Бишкек шаарына […]

Толугу менен...

ДИНАРА КАМБАРОВАНЫН МОСКВАГА 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТБАЯН. ФОНДДУН ПРЕМИЯСЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. Динара Камбарова Баткен облусундагы Кадамжай районунун Чечме айылындагы 1-Май атындагы №37 орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими. Динара — биздин сынактын 2018-жылдагы жеңүүчүсү, ал Фонддун Премиясынын алкагында, МОСКВА ШААРЫНА МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТКА 2019-жылдын июль айында барып келген. Эмне үчүн мен жыл сайын ыйгарылуучу премияны маданий-маалыматтык деп атаймын? Өзүңүздөр, күбө болуңуздар, төмөндөгү кыскача сүрөтбаян Динара экөөбүздүн […]

Толугу менен...

ТАЛАС ОБЛУСУНУН БАКАЙ-АТА АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ, ФОНДДУН ЛАУРЕАТЫ АЙГҮЛ ЖОЛЧУБАЕВАНЫН МОСКВА ШААРЫНДАГЫ 10 КҮНҮ.

СҮРӨТАЛЬБОМ. “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” сынагынын кезектеги сыйлыгына Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата мектебинин башталгыч классынын мугалими Айгүл Жолчубаева татыктуу болду. Айгүл бир нече жылдан бери бир эмес, эки башталгыч класста сабак берип келет, андыктан анын балдар менен иштөөдө тажрыйбасы мол. Ал андан тышкары башка мугалимдер менен тажрыйба алмашуу программасында тренер катары да белгилүү. Үстүбүздөгү жылдын, т.а. […]

Толугу менен...

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫНЫН ЭКИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ: СОКУЛУК РАЙОНУНДАГЫ ТӨМӨНКҮ-ЧҮЙ АЙЫЛЫНАН НАТАЛЬЯ УЛАНОВА ЖАНА КЕМИН РАЙОНУНДАГЫ ШАБДАН АЙЫЛЫНАН АЛМАГҮЛ АКМАТКАНОВА 10 КҮН МОСКВАДА БИРГЕ БОЛУШТУ.

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2015-жылдын сентябрында (17.09 — 27.09 чейин) “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын эки жеңүүчүсү Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып келишти. НАТАЛЬЯ АЛЕКСАНДРОВНА УЛАНОВА 2015-жылдагы сынакта жеңүүчү болуп, ошол эле айда Москвага саякатка барган эле. Ал эми АЛМАГҮЛ ЧОТУЕВНА АКМАТКАНОВА 2013-жылдагы сынакта жеңүүчү болгону менен, бөбөктүү болгондугуна байланыштуу, ошол мезгилде бара албай калган. Алмагүл Наталья жеңүүчү […]

Толугу менен...

АЛАМҮДҮН РАЙОНУНДАГЫ ЛЕНИНСКОЕ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ ЭЛИНА ЛИМДИН 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2014-жылы “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагында Аламүдүн районунун Ленинское айылындагы В.И.Ленин атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими ЭЛИНА ИВАНОВНА ЛИМ жеңүүчү болгон. Ал сынактан кийин 07.09 — 18.09.2014-жылы Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып келди.

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2011” СЫНАГЫНЫН АЛГАЧКЫ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БАКТЫГҮЛ КАЛМАМБЕТОВАНЫН МОСКВА ШААРЫНА МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. Бактыгүл Кемин районунун Шабдан айылындагы мектептин мугалими болуп иштеп жүргөн кезинде Фонд мугалимдер үчүн алгачкы уюштурган сынактын жеңүүчүсү болгон. Саякат 21.08. – 31.08.2011-жылы болду. Бактыгүл андан кийин Шабдан айылындагы “Билимкана” мектебин жетектеп калды. Бактыгүлдүн бул саякат тууралуу “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынан мен эмне таптым?” деген баяны. КУТБИЛИМ САЙТЫНДА

Толугу менен...