"МЕКТЕП" ЖУРНАЛЫНАН

ЭРКИН АДАМ МАНИФЕСТИ

Симон Львович Соловейчик (1930-1996) — советтик жана россиялык публицист жана журналист, педагогиканын теоретиги. Педагогикалык журналистикада 1960-жылдын башталышынан баштап, өмүрүнүн аягына чейин эмгектенген. Ал өзүнүн макалаларында, жазган китептеринде, жарыялаган жамааттык манифесттеринде «педагогикалык өнөктөштүктүн» урунттуу идеяларын жалпылоо менен сунуштап келген. 1984-1988-жылдары «Мугалимдер газетасынын» идеялык жетекчиси (башкы редактор В.Ф.Матвеев менен биргеликте) болгон, ал эми 1992-жылы «Биринчи сентябрь» газетасын негиздеген.
Симон Соловейчиктин негизги китептери: «Час ученичества», «Учение с увлечением», «Педагогика для всех», «Пушкинские проповеди». Макаланын соңунда автордун библиография берилген.


Бийик баалуулук

Симон СоловейчикКээде ойлогондой жана айткандай мурунку идеология арамза адамдардын ыктыярдуулугу менен эмес, анын түпкүрүндө укмуштуудай, эч бир аткарылбаган кыял бар болгондуктан кеткен. Чындыгында буга эч ким деле ишенген эмес, ошондуктан тарбиялоо бардык учурда ийгиликтүү болгон эмес. Жашоонун чындыгына мектеп карманган расмий пропаганда  өтө эле туура келчү эмес.

Азыр биз жашоонун чындыгына кайтып келебиз. Ал советтик эмес, ал буржуазиялык эмес, анда мына булар негизги болгон: ал адамдар жашаган анык, чыныгы жашоо. Жакшыбы же жаманбы, бирок жашашат. Ар бир элдин өзүнүн тарыхы, өзүнүн улуттук мүнөзү, өзүнүн тили жана ар бир элдин өзүнүн тилеги өзгөчө – өзүнүкү. Бирок жалпысынан жашоо бир бүтүн, чыныгы.

Ушул чыныгы жашоодо  ар бир адам үчүн өзүнүн баалуулугу, бийик максаттары бар. Бардык башка максаттар жана баалуулуктар тизилген бир бийик баалуулук дагы бар.

Тарбиялоо үчүн ушул бийик баалуулук эмнеден турарын мугалим үчүн, тарбиячы үчүн түшүнүү өтө маанилүү.

Биздин оюубуз боюнча, мындай бийик баалуулук, миң жылдап  адам эмне жөнүндө кыялданган жана талашкан, адамдын түшүнүгү үчүн өтө оор болгон бул —  эркиндик,

Эми кимди тарбиялайбыз? – деп сурашат.

Эркин адамды – деп жооп беребиз.

 Эркиндик деген эмне?

                 Ушул суроого жооп бериш үчүн жүздөгөн китептер жазылды, муну түшүнсө болот: эркиндик – чексиз түшүнүк. Ал адамдын бийик түшүктөрүнө таандык жана ошондуктан принципиалдуу так аныктамага ээ боло албайт. Сөз менен чексиз аныкталбайт. Ал сөздөн бийик. Адамдар канча жашаса, алар эркиндик деген эмне экендигин түшүнүүгө тырышышат жана ага умтулушат.

Дүйнөнүн эч бир жеринде толук социалдык эркиндик жок, ар бир адам үчүн экономикалык эркиндик жок жана бардык пикирлер айткандай болушу да мүмкүн эмес; бирок эркин адамдар аябай толуп жатышат. Бул кандайча болот?

«Эркиндик» деген сөздө бири — биринен аябай айырмаланган эки ар башка түшүнүк камтылган. Мааниси боюнча ар түрдүү нерсе жөнүндө сөз жүрүп жатат. Философтор бул татаал сөздү талкуулап жатып мындай жыйынтыкка келишти, «эркиндик — … андан» кандай гана болбосун сырткы эзүүдөн жана зордоодон эркиндик бар жана «… үчүн эркиндик» — адамдын ички эркиндиги бар анын өзүн ишке ашыруу үчүн. Мурун айтып кеткендей сырткы эркиндик абсолюттуу болбойт. Бирок аябай оор жашоодо деле ички эркиндик чексиз болушу мүмкүн. Педагогикада эчактан бери эркин тарбиялоо талкууланып жатат. Ушул багыттагы мугалимдер балдарга мектепте сырткы эркиндикти берүүгө умтулушат. Биз башка жөнүндө айтып жатабыз – бардык шарттарда адамга оңой болгон ички эркиндик жөнүндө, ал үчүн атайын мектептерди түзүүнүн кереги жок.

Ички эркиндик сырткы эркиндиктен аябай эле көз караанды эмес. Эң эле эркин мамлекетте деле көз караанды, эрксиз адамдар болушу мүмкүн. Эң эле көз карандысыз мамлекетте, бардыгы кандай болсо дагы эзилген болсо деле, аларда эркин болгондор бар болушу мүмкүн. Демек, эркин адамдарды тарбиялоо эч качан эрте жана эч качан кеч болбойт. Биздин коом эркиндикти тапкандыктан, биз эркин адамдарды тарбиялашыбыз керек эмес – бул талаш суроо, анткени кандай гана коомдо жашабасын ички эркиндик биздин тарбиялануучунун өзүнө керек.

Эркин адам – бул ички дүйнөсү эркин адам. Бардык адамдардай эле ал сыртынан коомго көз каранды. Бирок ички дүйнөсүндө көз каранды эмес. Коом эзилүүдөн сыртынан кутулушу мүмкүн, бирок качан гана көпчүлүк  адамдардын өзүнүн ички дүйнөсү эркин болгондо, коом эркин боло алат.

Адамдын ички эркиндиги – дал ушул нерсе биздин көз карашыбызча тарбиялоонун максаты болушу керек. Биз ички дүйнөсү эркин адамдарды тарбиялап жатып, эркиндикке умтулган биздин тарбиялануучуларга, өлкөбүзгө эң чоң пайда алып келип жатабыз. Бул жерде эч бир жаңы нерсе жок; мыкты мугалимдерге көз салыңыздарчы, өзүңөрдүн мыкты мугалимдериңерди эстегилечи – алардын баары эркин болууга тарбиялаганга умтулушкан, ошол үчүн эсте калышкан. Аалам ички дүйнөсү эркин адамдар менен кармалып турат жана өнүгөт.

Ички эркиндик деген эмне?

Жалпысынан алганда ички эркиндик деле эркиндиктей эле бири-бирине карама-каршы. Ички дүйнөсү эркин адам, эркин инсан бир нерсеге карата эркин, дагы бир нерсеге карата эрксиз.

Ички дүйнөсү эркин адам эмнеден эрктүү? Биринчи иретте адамдардын астындагы жана турмуш астындагы коркунучтан. Жаңы пикирлердин келишпестигинен. Ойлонуунун стереотиптеринен эркин, өзүнүн жеке көз карашына жөндөмдүү. Ичи тардыктан, ач көздүктөн, жеке кастык умтулуулардан эркин.

Анда бардык адамдык касиеттер эркин деп айтса болот. Эркин адамды оңой эле билсе болот: ал өзүн жөнөкөй кармайт, өзүнчө ойлонот, ал эч качан кошоматчылыкты, одоно көрүнгөн нерсени көрсөтпөйт. Ал ар бир адамдын эркиндигин баалайт. Ал өзүнүн эркиндиги менен мактанбайт, эркиндикке кандай гана болбосун жетишпейт, өзүнүн жеке эркиндиги үчүн күрөшпөйт – ал бардык учурда ага ээ. Ал ага түбөлүккө ээ болууга берилген. Ал эркиндик үчүн жашабайт, ал эркин жашайт.

Бул жеңил адам, аны менен жеңил, анын жашоо деми толук.

Биз ар бирибиз эркин адамды жолуктурганбыз. Аларды дайыма жакшы көрүшөт. Бирок чыныгы эркин адам эркин боло албаган бир нерсе бар. Муну түшүнүү аябай маанилүү. Эркин адам эмнеден эрксиз? Уяттан (Ынсаптан).

 Уят деген эмне?

Эгерде уят дегенди түшүнбөсө, анда ички дүйнөсү эркин адамды деле түшүнбөйт. Уяты жок эркиндик — жалган эркиндик, бул оор көз карандылыктын бир түрү. Эркин болгондой сыяктанат, бирок уятсыз – өзүнүн жаман умтулуусунун кулу, турмуш кырдаалынын кулу жана өзүнүн сырткы эркиндигин жамандык үчүн колодонот. Мындай адамды кандай гана аташпайт, бирок эркин деп аташпайт.  Аң-сезимибизде эркиндик жалпысынан ак көңүлдөй кабыл алынат.

Маанилүү айырмачылыкка көңүл бурсаңыздар, бул жерде өзүңдүн уяттыңан эркин эмесиң деп адатта айткандай айтылбайт. Анткени уят эч качан өзүңдүкү болбойт. Уят өзүңдүкү дагы, жалпыныкы дагы.  Уят – ар биринде өз алдынча болгон жалпы нерсе. Уят – адамдарды бириктирген нерсе.

Адамдардын жана ар бир адамдардын ортосунда жашаган чындык бул – уят. Биз бири-бирибиз менен баарлашууда тарбия менен, тил менен аны кабыл алабыз, ал барыбызга бирөө. Чындык деген эмне деп суроонун кереги жок, ал эркиндиктей эле сөз менен айтылбайт. Бирок биз аны качан жашоо чындык менен кетип жатканда, биздин ар бирибиз сезген адилеттик сезим боюнча тааныйбыз. Качан адилеттүүлүк бузулганда, качан чындык бурмаланганда – ар бир адам кыйналат. Уят эң эле ички сезим ошол убакта коомдук сезим, каякта чындык жана каякта калп экендигин айтат. Ааламды чындыкка карманууга уят мажбурлайт, башкача айтканда чындык менен адилеттүүлүк боюнча жашоого. Эркин адам уятты гана — жалгыз гана аны угат.

Мугалимдин максаты боюнча эркин адамды тарбиялоо  болсо, анда адилеттүүлүк сезимди колдошу керек. Бул тарбиялоодо эң негизги.

Эч кандай вакуум жок. Тарбиялоого эч кандай мамлекеттик заказдын кереги жок. Бардык учурдун максаты бир – бул адамдын ички эркиндиги, чындык үчүн эркиндик.

Эркин бала

Ички дүйнөсү эркин адамдын тарбиясы бала чактан башталат. Ички эркиндик – бул табигый жөндөмдүүлүк, бул басып салса боло турган өзгөчө талант, бирок ар кандай башка таланттардай эле өнүктүрсө болот. Ар бирибизде чындык бар сыяктуу эле, ар бирибизде ушул талант тиги же бул өлчөмдө бар, бирок адам же аны угуп уяты менен жашоого тырышат, же ал жашоонун жана тарбиянын шарттарына басылат.

Балдар менен баарлашуунун бардык формалары, ыкмалары жана методдору эрктүүнүн  тарбиялоо максатын аныктайт. Эгерде бала эзүүнү билбесе жана уяты менен жашаганды үйрөнсө, ага өзүнөн өзү эле болгон ички эркиндикти өнүктүрүү, аны колдоо жана коргоо тарбиялоо турат.

Бирок балдар бейбаш, кежир, агресивдүү болушат. Көпчүлүк чоңдорго, ата-энелерге жана мугалмидерге балдарга эркиндикти берүү коркунучтуу сыяктуу болуп көрүнөт.

Бул жерде тарбиялоодогу эки мамиле кылуунун чек арасы өтөт. Кимде ким эркин баланы өстүргүсү келсе, ал кандай болсо дагы аны кабыл алат, аны бошоту сүйүү менен сүйөт. Ал балага ишенет, ушул ишенич ага сабырдуу болууга жардам берет.

Эркиндик жөнүндө ойлобогон адам андан коркот, балага ишенбейт, ал анын көңүлүн сөзсүз эзет, ошо менен анын уятын кыйратат, басат. Балага болгон сүйүү көңүлсүз боло баштайт. Ушундай эрксиз тарбия коомго жаман адамдарды берет. Эркиндиксиз бардык максаттар канчалык  бийик көрүнсө деле, балдар үчүн жалган жана коркунучтуу боло башташат.

Эркин мугалим

Бала эркин чоңоюш үчүн, кичинекей кезинен эле эркин адамдарды жанында көрүшү керек  жана биринчи иретте – эркин мугалимди.

Ички эркиндик коомго түздөн-түз көз каранды болбогондуктан, бир эле мугалим ар бир балада жашырынган эркиндик талантына, музыкалдуу, спорттук, көркөм таланттарга ээ болгондой күчтүү таасир бере алышы мүмкүн.

Эркин адамды тарбиялоо ар бирибиздин, ар бир айрым мугалимдин  колунан келе турган нерсе. Анткени балдар эркин адамдарга умтулушат, аларга ишенишет, алар менен суктанышат, аларга ыраазы болушат.  Мектеп эмне гана болбосун, ички дүйнөсү эркин мугалим жеңүүчү болушу мүмкүн.

Эркин мугалим баланы өзүнө тең адамдай кабыл алат.  Жана ушуну менен ал өзүнүн айланасында эркин адам гана чоңоё турган чөйрөнү курат. Балким, ал балага эркиндиктин демин берет, ошону менен аны сактайт, аны эркиндикти баалоого үйрөтөт, эркин адам болуп жашоого боло тургандыгын көрсөтөт.

Эркин мектеп

Эгерде ал эркин мектепте иштесе, мугалимге өзүнүн таланттын  көрсөткөнгө, эркин тарбиялоого биринчи кадам жасоого оңой болот.

Эркин мектепте – эркин балдар жана эркин мугалимдер.

Мындай мектептер дүйнө жүзүндө анчалык көп деле эмес, бирок алар бар, ошондуктан ушул идеалды ишке ашырабыз.

Эркин мектепте негизгиси балдарга  алар каалаган бардык нерселерди жасоону эркин коюу эмес, тартиптен бошотуу эмес, мугалимдердин эркин көңүлү, өз алдынчалыгы, мугалимди сыйлоосу.

Дүйнөдө аябай көп талапты катуу койгон традициалык тартиптеги, көбүрөөк баалуу адамдарды берген элиталык мектептери көп. Анткени аларда  эркин, таланттуу, чынчыл өзүнүн ишине берилген  мугалимдер бар, ошондуктан мектепте адилеттүүлүктүн көңүлү кармалып турат. Бирок мындай авторитардуу мектептерде бардык эле балдар эркин өсүп чыгышпайт. Кээ бир начарлардын эркин таланты басылып, мектеп аларды сындырат.

Балдар кубанып барган мектеп, чыныгы эркин мектеп.  Дал ушундай мектепте балдар турмуштун маанисин табышат. Алар эркин ойлонууга, өзүн эркин алып жүрүүгө, өзүнүн жана ар бир адамдын эркиндигин баалоого жана эркин жашоого үйрөнүшөт.

 

Эрктүүлөрдү тарбиялоо жолу

 

Эркиндик – бул максат дагы, жол дагы.

Ушул жолго түшүп жана ушул жол менен аябай кыйшайбай жүрүү мугалим үчүн эң маанилүү. Эркиндикке болгон жол аябай оор, аны катасыз өтө албайсың, бирок максатты тутабыз.

Эрктүүлөрдүн тарбиячысына биринчи суроо: мен балдарды эзген жокмунбу? Эгерде аларды бир нерсеге кыстасам – эмне үчүн? Мен ойлойм, алардын пайдасы үчүн деп, бирок мен алардын балалык эркиндик талантын өлтүргөн жокмунбу? Менин алдымда класс, сабак өтүү үчүн мен белгиленген шартка мажбурмун, бирок жалпы тартипке аны баш ийдирүүгө тырышып мен баланы сындырып койбоймунбу?

Мүмкүн бардык мугалимдер ар бир суроого жооп таба албастыр, бирок ушул суроолорду  өзүнө бергени маанилүү.

Коркунуч пайда болгон жерде эркиндик өлөт. Эрктүүлөрдү тарбиялоо жолу мүмкүн коркунучтан толугу менен кутулуудур. Мугалим балдардан коркпойт, бирок балдар дагы мугалимден коркушпайт – ошондо эркиндик өзүнөн өзү класска келет.

Коркунучтан кутулуу – мектептеги эркиндик жолундагы биринчи кадам.

Эркин адам дайыма сулуу деп кошумчалап коюш калды. Руханий сулуу, сыймыктуу адамдарды тарбиялоо – бул мугалимдердин тилеги эмеспи?


БИБЛИОГРАФИЯ СИМОНА СОЛОВЕЙЧИКА

  • Книга про тебя. М., 1965.
  • Алый парус: О ребятах 16-17 лет. Сб. статей из газ. «Комсомольская правда». М., 1966.
  • Отчаюха: Повесть. М., 1969.
  • Десять тысяч уроков: Школа: какая она, какой станет в девятой пятилетке. М., 1971.
  • Про пионеров. [Кн. для октябрят / С. Соловейчик; Рис. В. Винокура], 83, [5] с. цв. ил. 27 см, 2-е изд. М. Дет. лит., 1974 г. Переизд. в 1981 и 1984 г.
  • Мокрые под дождём. Москва: Детская литература, 1968 г.
  • Фрунзенская коммуна: Книга о необычной жизни обыкновенных ребят, написанная ими самими, с рисунками, которые сделала Галина Скотина, тоже коммунарка. Книгу сост. и подгот. к печати С. Соловейчик. 1969.
  • Воспитание творчеством. 95 c. ил. 17 см, М. Знание, 1978.
  • Ватага «Семь ветров». Л.: Детская литература, 1979 г.
  • Резервы детского «я». 96 с. ил. 16 см. М.: Знание, 1983
  • Учение с увлечением. Роман. [Для детей] [Перевёл с рус. П. Венцлова], 224 с. ил. 17 см, Каунас Швиеса 1983. Изд. на русс. языке М., 1986 г.
  • Вечная радость: Очерки жизни и шк. 366,[2] с. портр. 21 см, М.: Педагогика, 1986
  • Час ученичества: [Для сред, и ст. возраста]; [Худож. Б. А. Шляпугин], 381,[2] с. ил. 22 см. М.: Дет. лит., 1986.
  • Педагогика для всех: Кн. для будущих родителей: [Для ст. возраста] 365,[2] с. ил. 22 см. М.: Дет. лит., 1987. Переиздания в 1989 и 2001 г.
  • Воспитание по Иванову: [Сб. о методике коллектив. творч. воспитания, разраб. педагогом И. П. Ивановым], 348,[2] с. ил. 21 см. М.: Педагогика, 1989
  • Революция: Размышления перед очередной годовщиной Октября. М., 1995.
  • Последняя книга. М., 1999.
  • Пушкинские проповеди: О нашей жизни, измеренной строками Пушкина. М., 2001 г. ISBN 5-8246-0029-5
  • Непрописные истины воспитания: избранные статьи. М.: «Издательство «Первое сентября», 2011. ISBN 978-5-8246-0158-9

Автору
Симон Соловейчик

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *