«Мектеп» журналы Н.К.Крупскаянын 10 томдук педагогикалык тандалма эмгектеринин 3 томго камтылган макалаларынан үзүндү жарыялады. Макалага 1923-жылдын датасы коюлган.
Крупская Надежда Константиновна (1869-1939) — 1929-жылдан 1939-жылга чейин РСФСР Агартуусунун элдик комиссарынын орун басары болуп иштеген, таалим-тарбия жана педагогика жөнүндө көптөгөн эмгектердин автору. Крупская пионерлер, советтик балдар менен активдүү түрдө кат жазышып турган. 1930-жылдары Крупская административдик-командалык системанын орношуна, класстык күрөштүн күрөшүнө каршы турууга далалаттанып, «эл душмандарынын» балдарын куугунтуктоого каршы чыккан, бирок Агартуунун элдик комиссариатындагы ээлеген кызматынан четтетилип, китепканалар боюнча маселелер менен алектенип калган. Ага педагогика илимдеринин доктору деген окумуштуулук даража ыйгарылган. В.И.Лениндин (Ульяновдун) өмүрлүк жары болгон.
… революциялык энергияны жана күчтү аябай сарптаганыбызга карабай, биз дайыма тиги же бул тармактан салыштырмалуу азыраак жыйынтыктарга жетишебиз, себеби бизде уюштуруучу көндүмдөр жетишпегенин, кадам сайын биз көрүүгө туура келет.
Жакшы китептерди түзүшөт, басып чыгарышат, бирок өз убагында керектүү жактарга жеткиришпейт, мектеп китепсиз калат — окуу китебин түзүүгө, аны басып чыгарууга жана башкаларга кеткен энергия жөн эле сарпталат. Окуучулардын тамактануусуна акча алышат, бирок өз убагында азыктарды сатып алууну уюштура алышпайт, сатып алгандарды сактап алууну билишпейт — ошентип окуучулар тамаксыз калышат. Элдерди чогултуп ишенбилик кылышат, күрөк жана шыпыргыны даярдап коюшпайт жана ошондуктан элдер иши жок бекер жүрүшөт, алардын убакыты бекер эле королот. Ушундай нерселер бардык тармактарда.
Максатты ачык коюу, ушул максатка кандай күчтөр менен жетишүүгө болорун таразалоо, максатты ишке ашырууга материалдык шарттарды даярдоо, адамдарды тандап алуу, иштин даана планын түзүү — ким ушуга каршы талашат? Ар кандай иште эң биринчиден саноо жана эсеп керектигине ким талашат? Ал эми иш үстүндө кандай? Иш үстүндө барыбыз кыйын экендигибиз көсөөнүн акылы түштөн кийин дегендей. Эмне үчүн ушундай? Анткени, Россия өндүрүш жагынан аябай артта калган өлкө, ал эми тарых анын алдына өндүрүш тарабынан эң алдыңкы мамлекет гана колунан келген ушундай маселелерди койду. Биздин экономикалык жактан артта калгандыгыбыз үчүн, биз кандай оор төлөмдөргө дуушар болууга туура келип жатат! Бизде канча деген күчтөр курулай эле жумшалып жатат!
Албетте, акыркы жылдарда биз көп нерселерди үйрөндүк. Биз биздин административдик аппараттарды көбүрөөк жана көбүрөөк кыскартып жатабыз, ишти жакшы тартипке келтирип жатабыз, эң эле маанилүү нерселерге көңүлүн бүт коюп, кээ бир күч жетпес тапшырмалардан мамлекетти бошоттук ж.о.э. ж.у.с.
Бирок, бизге ушул жактан дагы көп нерселерге үйрөнүү керек, ар бирөөнү өзүнүн ордуна коюуну жана анын күчтөрүн жакшы түрдө колдонууга тырышып үйрөнүү керек. Бизге караганда өсүп келе жаткан муундарга уюштуруучулук көндүмдөр көбүрөөк керек болорун, биз толук ишенич менен айта алабыз. Биз ушул жактан ага жардамга келүүгө тийишпиз. Албетте, жаштарды турмуш өзү уюштурууга үйрөтөт, бирок мектеп ушул жактан бардык нерселерди жасай алышы керек. Мектептин бардык жашоосун уюштуруу суроолору — сабактарды, эмгекти, балдардын эс алуусун уюштуруу эми педагогдун көңүлүнүн борбору болуп калышы керек.
Мектептин өзүн өзү башкаруусунун бирден бир эң маанилүү милдети балдарда уюштуруучулук көндүмдөрүн өнүктүрүү болушу керек.
Мектепке бала белгилүү уюштуруучулук көндүмдөрү менен келет. Оюн – ушул көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн башкы булактарынын бири. Адатта, балдар бакчасындагы же мектептеги оюн жөнүндө айтканда, көпчүлүк учурда дегеле оюн жөнүндө айтылбай, беш манжа оюну, мышык–чычкан, в горелки, крокет, серсо оюндары жөнүндө; тиги же бул оюн кандай жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрөт, кайсынысы тартипке, өзүн өзү токтото билүүгө, шамдагайлыкка ж.б. тарбиялай турганын талкуулашат. Оюндардын жыйнагын, оюн боюнча мектеп программаларын окуганда жана мектептеги оюндарды көргөндө, ыза жана капа болосуң : оюндан анын жанын алып салышат. Балдарга эң эле сүйүктүү, эң эле керектүү оюндар – бул балдар оюндун максатын өздөрү койгон оюндар: үй куруу, Москвага баруу, тамак жасоо, актарды кууп чыгуу, аюуну өлтүрүү ж.б.д.у.с.
Оюндун процесси ушул максаттарды ишке ашыруу болуп саналат: бала пландарды түзөт, ишке ашыруу каражаттарын тандайт. Ал кетип бара жаткан поезд мейли отургучтардан болсун, курулган үй чамындыдан болсун, кептин баары мында эмес – баланын кыялдануусу чындыкты толуктайт. Бул жерде планды куруу процесси маанилүү. Жалгыз ойногон оюндар, топтук оюндар маанилүү, Коллективдүү оюндарда максатка туруктуулук менен умтулганды билген, өзүнүн артынан башкаларды кызыктырган уюштургуч-балдар, жетектөөчү-балдар келип чыгат. Уюштуруучулук көндүмдөрүн өнүктүрүүдө эркин оюн кандай ролду ойноору жөнүндөгү суроолор толугу менен педагогикалык адабиятта чагылдырылган эмес, ошону менен бирге бул суроо эң маанилүү. Ал, мисалы балдардын идеалдары жөнүндөгү суроого караганда көбүрөөк маанилүү. Ар түрдүү курактагы, ар кандай класстагы балдар өздөрүнө кандай максаттарды коёрун, ушул максаттар окуунун, аңгеменин таасиринде кандай өзгөрөөрүнө байкоо жүргүзүү маанилүү. Балдар өздөрүнүн максаттарын кандайча ишке ашырышат, бул жерде өнүккөн жана өнүкпөгөн балдардын айырмасы эмнеде экендигине байкоо жүргүзүү маанилүү. Адабият көптөгөн бай материалдарды бере алышы мүмкүн, көпчүлүк жазуучулардын балалык эскерүүлөрү аябай ачык,. Чындыгында, ушул эскерүүлөрдүн баарысы чоңдордун психикасы аркылуу өтөт. Оюндарды изилдөө багытында чоӊ ишти жасоо керек.
Белгилүү бир өсүү баскычта бала схемалар (отургучтан жасалган поезд, чамындыдан жасалган үй — схемалары) менен канааттанбай калат жана ишке ашыруу каражаттарынын реалдуулугун таразалай баштайт. Ал өзүнө койгон максаттардын мүнөзү дагы өзгөрүлөт. Жаш кезинде оюнда коюлган максаттар жөн эле туурап коюуну алып жүрөт жана аларды максат деп аябай шарттуу мааниде гана атаса болот. Кийинчерээк бардык жагынан ойлонгон, мотивацияланган максаттардын мааниси бар максаттар болот.
Нормалдуу шарттарда оюндан жашоону жана эмгекти уюштурууга өтүү мына мындай жол менен баруу мүмкүн болмок: максаттар акылга сыярдык боло баштамак, ишке ашыруу каражаттары реалдуураак, оюнда пайда болгон уюштуруучулук көндүмдөр уюштуруучулук эмгек көндүмдөрүнө, жашоону уюштуруу көндүмдөрүнө өтмөк. Мектеп балага ар кандай ишмердүүлүккө чоӊ адамдардын методдору менен мамиле кылууну дароо эле таӊуулап, оюнга аябагандай аз орунду бөлөт,. Ал оюндун уюштургуч ролуна жеткире баа бербейт. Оюндан олуттуу сабактарга өтүү аябай чукул, эркин оюндардын жана мектептин тартибиндеги сабактардын ортосу эч нерсе менен толукталбаган. Бул жерде өтмө формалар керек. Ушуга окшогон бир немени биз скауттардан табабыз. Скауттардын ишмердүүлүгү аныкталган, негизделген максаттарга ээ, бирок аларга жетүү оюн формасына айланган. Бул жерде аябай кылдаттык менен өтмө курактын психикасы эске алынат. Ошондуктан өспүрүмдөрдөгү оюнга болгон жоюла элек керектигин канааттандырууга жөндөмдүү уюмдарга, жаш пионерлер уюму сыяктууларга кенен орун бөлүп берүү керек. Адатта, оюндун процессинде бала ээ болгон анын уюштуруу көндүмдөрүн мектеп тоотпойт.
Эски мектепте сабактарды жана мектептин жашоосун уюштурууга ээ болгон уюштуруу көндүмдөрүн бир нерсеге колдонууга мүмкүндүк берчү эмес, ошондуктан алар акырындык менен жок болуп кетишкен. Эмгек мектеби ушул көндүмдөрдү колдонууга жана мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Анын күчү ушунда. Албетте, ал ушул мүмкүнчүлүктөрдү ишти туура койгондо гана ачат. Эмгек мектебинин туура иштешинин бирден бир шарты болуп, мектептин өзүн өзү башкаруусу менен анын органикалык түрдөгү ынтымактуулугу эсептелинет. Окуу мектебинде окуучулардын ишмердүүлүгү мугалим эмне айтса угууга жана эстеп калууга алып келген. Ошондуктан мектептин жашоосу кедей жана мазмуну менен жарды болгон. Бала уюштурууга эмнеден үйрөнө алат эле. Эмгек мектеби – мына бул башка сөз. Ал бала угуп жана эстеп гана калбастыгын божомолдойт. Ал байкайт, салыштырат, тажрыйбаларды жүргүзөт, чыгармачыл жактан иштейт. Мектеп жашоосу кыймыл-аракеттерге, сарсанаага жетиштүү. Ушул жашоо кубанычтуу, уюшулган түрдө өтүш үчүн мунун үстүндө иштөө керек. Сабактардын жүгүртмөсүнүн алкагына ал анча деле кире албайт. Бардыгын кантип тартипке келтирүүнү, макулдашууну, курууну ойлонуу керек. Бул нерсени жалгыз ойлонбой, бардыгы менен бирге ойлонуу керек. Жашоо ушул биргелешкен талкуулоону, биргелешкен аракетти, эмгектин бөлүнүшүн талап кылат. Эмгек мектеби өзүн өзү башкаруусуз мүмкүн эмес. Биз эмгек мектеби түзүлүп жаткан бардык жерлерде мектептин өзүн өзү башкаруусу дагы түзүлүп жатканын көрүп жатабыз.
Бизде эмгек мектебинин заманбап формалары иштелип чыкпагандыктан, андыктан бизде мектептин өзүн өзү башкаруу формалары дагы түзүлө элек. Бул формалар жаӊыдан гана байкалыштырылып жатат. Биз мектептен уюштуруу комитеттерин, эмгек комитеттерин, окуу комитеттерди, эмгек артелдеринин ар кандай түрлөрүн жана типтерин жолуктурабыз. Өзүн өзү башкаруунун формалары, жооптуулугу окуучуларга тийген уюштуруу милдеттер менен ылайыктуу болушу керек. Албетте, биринчи баскычта эмгек кулачы азыраак, балдардын милдеттери чектелген жерде, тапшырмалар жөнөкөйүрөөк, жана примитивдүү демократияга жакындап өзүн өзү башкаруунун формалары да примитивдүү болушу керек. Экинчи баскычта ишмердүүлүктүн кулачы кенен жерде, иш татаалыраак жана белгилүү болгон адистүүлүктү талап кылат, анда өзүн өзү башкаруу дагы татаалыраак жана белгилүү формаларды кабыл алат.
Өзүн өзү башкаруу балдарга тарбия берүү, тартипке үйрөтүүгө таасир көрсөтүү үчүн экендигин, алар тарабынан белгилүү бир муктаждыктан чыккан аябай керектүү нерседей, эч качан эстен чыгарып койбоо маанилүү. Ошондо гана алар ага олуттуу зарылдык менен мамиле кылышат. Өзүн өзү башкаруу үчүн өзүн өзү башкарууну балдар тарабынан оюн сыяктуу кабыл алынат, ага алар кызыгуу артышат, бирок өзүнүн массасында ага бат эле көңүл кош болуп калат.
Кичинекей класстардан баштап мектепте өзүн өзү башкаруу аябай терең жана татаал формаларга өтөт. Ошондуктан өзүн өзү башкарууну белгилүү процесс катары, уюштуруучулуктун өсүшү катары түшүнүү керек.
Бирок, мындан бул процесс ар кандай таасирден тышкары жүрүшү керек деген жыйынтыкты чыгарууга болбойт.
Өзүн өзү башкаруунун татаалыраак жана эң мыкты формаларынын жанаша жашоосу (чоң топтордо жана класстарда) абдан чоң таасир көрсөтөт. Алар эмнеге умтулуу керек экендигин көрсөтүү болуп эсептелинет. Өзүн өзү башкаруунун баарына түшүнүктүү жана татаалыраак формалары бар жерлерде, акыркылар өзүнүн жашоосунун факты болуп, кенже топтордо өзүн өзү башкаруунун өнүгүү процессин ылдамдатат.
Мектептеги өзүн-өзү башкарууну уюштуруу ишинде мугалимдин ролу кандай?
Анда балдар менен жакшы жолдоштук мамиле бар болсо, балдарды толкундандыруучу суроолорду талкуулоодон аны четтетсе, алар терс кабыл алышмак. Ал четтеле албайт. Албетте, ал мүмкүн өзүн пассивдүүрөөк (ынтасыз) болушу мүмкүн, өзүнүн авторитети менен кысым кылбоого жана балдар жасаганга маанилүү болгон иштерди өзүнө жүктөбөгөнгө аракет кылышы керек. Иштин маңызы боюнча, мугалим өзүн өзү башкаруунун туура формаларын иштеп чыгууга таасирин тийгизиши керек, бирок бул таасир түздөн-түз эмес, кыйыр болушу керек. Ал мына булардан турушу керек: ал балдар бардык учурда оюнда жана жашоодо кезигишкен уюштуруу көйгөйлөрдү түшүнүүгө түздөн-түз жардам бериши керек.
Сабакта, экскурсияда, станокто, столдо ал балдардын көңүл буруусун уюштуруу суроолоруна багытташы керек: максатты кантип белгилөө керектигин, аны убакытты жана энергияны кетирбей кантип жетишүүнү, күчтөрдү кантип бириктирүүнү, иштерди кантип бөлүштүрүүнү, күчтөрдү эске алууну, жасаган ишти эске алууну ж.у.с.ж.б. көрсөтүшү керек. Ушинтип, балдар акырындык менен жашоо көрсөткөн көйгөйлөрдү коллективдүү чечүүгө туура багыт алуу көндүмүнө ээ болушат, ал эми бул алдыда коюлган маселелерди б.а. өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү маселелерди чечүү үчүн кантип жакшы уюшуу керек экендигине эстүүлүк менен мамиле кылуусуна мүмкүнчүлүк берет. Алар менен жогоруда көрсөткөн иштен кийин мугалимдер , окуучулар өзүн өзү башкаруунун маселелерин түшүнүүгө бир далай жакшы даярдыкта болушуп, аларды бир далай жакшы турмушка ашырышат.
1923 г