13-жолу өткөрүлгөн БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын жеңүүчүсү Айнура Ашированын саякаты 2025-жылдын август айына туш келди. Менин баяным төрт ай кечирээк чыгып калса да, калыптанып калган салтыбызды бузбай, бул саякат жөнүндө баяндап берейин. Төмөндө Ысык-көлдөн келген мугалимдин бул саякаты жөнүндө репортажымды сиздер менен бөлүшкүм келет.
БИРИНЧИ МУГАЛИМ сынагынын бардык жеңүүчү мугалимдеринин 10 күндүк саякаттары, ошондой эле жеңүүчүлөрдүн жана сынактын лауреаттарынын классындагы окуучулары менен эс алуу күндөрдөгү экскурсиялары алгачкы күндөрдөн тартып эле сүрөттөрү менен ушул сайтта жайгаштырылган.
САЯКАТТЫН ОРДУН ТАНДОО ЖӨНҮНДӨ
Башка жеңүүчүлөр сыяктуу эле Айнура Маканбаевна Аширова (улуу катары аны төмөндө Айнура деп атынан эле айта берейин) мени менен бирге Москвада он күн болду. 13-сынактын Жобосунда сынактын Жеңүүчүсү жеңүүчүнүн дипломунан тышкары фонддон “Дүйнөлүк борборлордун бирине, сынактын негиздөөчүсүнүн коштоосунда, бай маданий программа менен 7–10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка барат” деп жазылган.
Эмне үчүн мындай борбор катары Москва тандалды? Дүйнөдөгү азыркы кырдаалды, коңшу эки мамлекеттин ортосундагы болуп жаткан жаңжалды эске алганда, репортажымдын окурмандары мага дал ушундай суроону бериши мүмкүн. Тандоо Москвага түшкөнүнүн себеби — ал постсоветтик мейкиндиктеги эң ири шаар катары, бизге дүйнөлүк деңгээлдеги балетти, мыкты операны, музыкалык концерттерди, жогорку кесипкөй циркти, дүйнөлүк искусствонун эң мыкты үлгүлөрү коюлган көркөм галереяларды, архитектуралык көрнөктүү жайларды, музейлерди, парктарды жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай алат.
Москвага биз үчүн визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү бар, каттамдар үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Ошондой эле менин бул шаардын жакшы районунда жайгашкан бардык шарттары менен батирим бар, ал жакка мезгил-мезгили менен барып турам жана коногумду алып барып, жайгаштыра алам. Ооба, Атайын аскердик операция жакын арада аяктап калар деген үмүтүбүз бар эле, бирок азырынча андай болгон жок. Балким, кийинки жылы жеңүүчүнү дүйнөнүн башка бир бурчуна алып бараармын. Ошондой эле биздин сапарыбыз үчүн Москвадагы жашоо деңгээли саясий окуялардын фонунда төмөндөбөгөнү да маанилүү фактор болуп эсептелет.
САЯКАТЫБЫЗДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ ЖӨНҮНДӨ
Биздин саякатыбыздын урунттуу жерлери ушул жылдар аралыгында саякатка келген башка мугалимдердикине окшош, бирок ар бир жолу жыл мезгилине, чоң шаардын динамикасына жана жеңүүүнүн тандоосуна жараша айырмаланып турат. Алсак, Москва шаарында театралдык сезон болжолдуу түрдө июнь айынын ортосунан баштап жай аяктаганга чейин жабылып калат да, сахналык аянтчаларда гастролго келген театр труппалары оюн-зоок көрсөтүшөт. Ар бир мугалимдин өзүнүн хоббиси болот эмеспи, алсак, кимдир бирөө көркөм сүрөт өнөрүнө кызыкса, кимдир бирөө хореографияга кызыгат дегендей. Биздин Айнура Аширова декоративдүү өсүмдүктөрдүн чыныгы күйөрманы жана билерманы экен. Анан, атайын болгондой, Москва ушул жайда көптөгөн экзотикалык өсүмдүктөр, гүлзарлар, бак дарактар коюлган кадкалар жана декоративдүү бакчалардын шедеврлерине толуп кеткендей болду.
ЖОЛУГУШУУ, ЖАЙГАШКАН ЖЕРДИН ШАРТТАРЫ
Батирим “Ходынское поле” паркынын ичинде болгондуктан, ал паркка автоунаа менен кирүүгө болбойт. Ал эми парктын ичинде, батирдин короосуна болгону 200 кадам аралыкта эң кооз метро станцияларынын бири – Ходынское поле” жайгашкан. Алардын так ортосунда “кургак фонтан” деп аталган фонтандан суу жер астынан түз атылып чыгат. Парктын ичинде отургучтар, өрдөктөр сүзгөн көлчүк, спорттук шаймандар жана балдар ойноочу чоң аянт бар. Короонун ичинде дагы жашыл өсүмдүктөр жана эң сонун балдар аянтчасы орун алган. Андан тышкары үйдүн 12-кабатынан жогору чатырында пикник үчүн ыңгайлуу аянтчасы бар, ал жакта биз мейманыбыз келгенине алты күн болгондо, жума күнү аны түшкү тамакка чакырып, теребелге көз жүгүртүп ырахаттандык.
ТЕАТРЛАР
Москвада баардыгы болуп ар түрдүү багыттагы 400гө жакын театр бар. Алардын баары зыңкыйып ремонттолуп, жаркыраган жарыктар менен жабдылган, көбү технологиядагы жана искусстводогу заманбап жаңы нукта модернизацияланган жана кооз интерьерлери менен архитектуралык эстеликтерден турат. Москва классикалык балеттин дүйнөлүк борборлорунун бири деп эсептелсе да, жай мезгилде балет спектаклдеринин тандоосу чектелүү, анткени балеттин жаңы сезону аяктап калат. Ушундай учурда көптөгөн жылдардан бери «Москва балеттик сезондору» абалдан чыгууга жардам берип келет, алар адатта РАМТтын (Россиялык академиялык жаштар театры) имаратында өтөт, ал Чоң театрдын жанында, эски шаардын так борборунда жайгашкан. Кооз жарыктандырылган архитектуралык шедеврлер балетти көрүп чыккандагы жүрөк толкуткан сезимдериңди улантып, майрамдык маанай тартуулап турат. Биз С. Прокофьевдин “Ромео жана Жульетта” спектаклин көрдүк.
П.Чайковскийдин өлбөс-өчпөс операсы “Евгений Онегинди” биз саякаттын аягына жакын “Жаңы опера” театрында көрдүк. Бул театр Москва борборунун эң кооз бурчтарынан бири болгон модерн стилиндеги «Эрмитаж» бакчада жайгашкан. Театрдын негиздөөчүсү Е. Колобовдун мыкты постановкасы көп жылдардан бери театрдын афишасынан түшпөй келет. Моссовет театрында эки драмалык спектакль: баарыбызга тааныш Н. Гоголдун “Үйлөнүү” комедиясы классикалык вариантта көрсөтүлдү, ошондой эле “Модерн” театрында Ю. Грымовдун постановкасында “Леонардо” спектакли коюлду. Бул чыгарма жөнүндө мен карама-каршы сын пикирлерди окудум, көбү суктанган, бирок айрымдары өтө сындаган. Актерлер май полотного тартылган сүрөттөрдү тирилткендей кызыктуу оюн көрсөтүштү, мисалы, “Сырдуу кечки тамакты” белгилесек болот. Кандай болсо да, Айнурага бул чыгарма менен таанышуу кызыктуу болду деп үмүттөнөм.
КРЕМЛЬ, КУРАЛ-ЖАРАК ПАЛАТАСЫ (ОРУЖЕЙНАЯ ПАЛАТА), КЫЗЫЛ АЯНТ, ГУМ, КӨПҮРӨЛӨР, ТҮНКҮ МОСКВАДА СЕЙИЛДӨӨ
Кремлге биз “Кароол алмашууну” көрүү үчүн ишемби күнү бардык, анткени жылдын жылуу мезгилинде ар бир ишемби күнү өткөрүлөт. Салтанат гвардиячылардын жана аттардын мыкты уюшулган, синхрондуу кыймылдары менен таасир калтырат. Ушунун бардыгы Кремлдин Собордук аянтында өтөт.
Кремлдин аймагында, байыркы соборлордун, Царь-коңгуроо, Царь-пушка-мылтыктын айланасында сейилдегенден кийин, биз Курал-жарак палатасына бардык. Бул музейде падышалык кербендер, тактылар, экипаждар, калкандар жана куралдар, ошондой эле падыша үй-бүлөсүнө таандык идиш-аяк жана үй тиричилигин буюмдары жыйнак катары көрсөтүлгөн. Кремлдин дубалынын сыртында шаардын эң белгилүү жайы — Кызыл аянт жайгашкан. Ал кооздугу гана эмес, көлөмү менен да таасир калтырат. Биз Василий Блаженный чиркөөсүнө суктандык, мавзолей жана Спас каптал мунарасынын фонунда сүрөткө түштүк жана ГУМдун имаратын карап чыгып, Москвада белгилүү балмуздактын даамын таттык.
Москворецкий көпүрөсү аркылуу айланадагы кооз көрүнүштөрдү шашпай кыдырып, Болотная аянтын басып өтүп, Михаил Шемякиндин «Балдар — чоңдордун кемчиликтеринин курмандыктары» скульптуралык композициясын көрдүк. Тверская көчөсүн бойлой ар кандай өсүмдүктөр жана гүлдөрдөн куралган татаал композицияларды көрдүк. Андан соң Арбатта да сейилдеп, сувенирлерге көз жүгүрттүк.
Ошондой эле, биз Арбат көчөсү менен сейилдеп, сувенирлерди карап чыктык.
Биз Воробьевы Дөбөсүнө канат жол менен (фуникулер) чыгуу үчүн Лужники стадионуна бардык, Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) жайгашкан жеринен Москванын панорамалык көрүнүшүн көрдүк жана университеттин көп кабаттуу имаратын да кыдырдык.
ЦИРК ЖАНА МУЗЫКАЛЫК КОНЦЕРТ
Менин бир да мейманым циркти көрбөй кетпейт. Москвада эки чоң цирк бар. Биз Ю.Никулин атындагы циркке бардык. Цирк деп ушуну айтса болот, көргөн адамга майрамдык маанай тартуулаган профессионалдардын чебер оюну көз жоосун алат! Арена айланасындагы көрүүчүлөр жандуу сыйкырдуу иш-чаранын күбөсү болуп, бир таасирдүү номер экинчисине чеберчилик менен өтүп, адамдын чексиз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүчү эффекттүү ыкмаларына чындап таңданбай кое албайсың.
Биз Англикан чиркөөсүнүн кооз акустикалуу имаратындагы кооз атмосферада чиркөө органы, гитара кайрыктары жана керемет вокал ырчысы сопрано Екатерина Монисованын аткаруусунда Италия, Испания жана Латын Америкасынын музыкасын угуп ырахаттандык. Кыргызстанда улуттук филармонияда орган орнотулган, бирок орган музыкасы көп деле боло бербейт.
КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮ ГАЛЕРЕЯСЫ
Пушкин атындагы музейдеги Батыш искусствосунун чоң жыйнагын бир-эки күндө толук көрүү мүмкүн эмес. Биз негизги имаратты кыдырдык, ал өзү эле кызыктуу, ар бир зал өзгөчө. Египет, Месопотамия залдарын, антика искусствосу залдарын, дүйнөнүн ар кайсы жеринен алынган скульптуралардын көчүрмөлөрүн жана Рембрандт менен Рубенстин эмгектери коюлган европалык живопись залдарын көрдүк.
Третьяков галереясы орус көркөм сүрөт искусствосунун эң чоң жыйнагы болуп эсептелет. Биз залдарды хронологиялык тартипте кыдырып чыгып, Серов, Репин, Перов, Ге, Иванов, Врубель, Левитан жана башка көптөгөн белгилүү авторлордун чыгармачылыгы менен тааныштык.
ВДНХ, ОКЕАНАРИУМ, КОСМОНАВТИКА МУЗЕЙИ
Советтик мезгилде өлкөнүн айыл чарбасы жана өнөр жай жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн түзүлгөн ВДНХ, убакыт өткөн сайын эс алуу, сейилдөө жана ар түрдүү темадагы таанып-билүүчү көргөзмө аянтчаларына айланган. Чоң аянтты бир күндө толук кыдыруу мүмкүн эмес, бирок биз белгилүү “Элдердин достугу” фонтанын кыдырдык, ал жакта союз республикаларын символдоштурган он алты кыздын арасынан кыргыз кызын тааныдык. Ошондой эле Уралдын баалуу таштары мотивинде жасалган “Таш гүлү” фонтанын көрдүк.
Биз “Москвариум” деп аталган чоң океанариумга бардык жана деңиз тереңдигин мекендеген ар кандай өлчөмдөгү жана түстөгү көптөгөн жандыктарды көрдүк.
ВДНХнын жанында “Космосту багындыргандар” скульптурасынын түбүндө Космонавтика музейи бар. Музей чоң жана кызыктуу, ал жерден чыныгы космостук кемелердин бөлүктөрү менен толтурулган жана космонавтиканын өнүгүү тарыхын көрүүгө болот.
МОСКВА ДАРЫЯСЫН КАТЕР МЕНЕН СЕЙИЛДӨӨ ЖАНА ДИОРАМА
Адатта мен яхта менен сейилдөөнү саякатчы белгилүү жерлер менен бир аз таанышкандан кийин пландаштырам, анткени ал мурда барып көргөн жайларды жаңы ракурстан көрө алат. Рэдиссон флотилиясындагы яхталар абдан ыңгайлуу, ал эми Москва дарыясынын ичке ийри кыймылы калаа жээктеринин, Воробьев тоолорунун, Новодевичий монастырдын, Ыйсанын куткаруучусу чиркөөсүнүн, Кремлдин, Кызыл аянттын жана башка көптөгөн кооз көрүнүштөрүн көрүп ырахаттанууга эң сонун шарт түзөт.
Эки жарым сааттык катерден кийин биз Москвадагы жети белгилүү бийик имараттардын бирине — “Украина” (Рэдиссон) мейманканасына көтөрүлдүк. Анын интерьери өткөн кылымдын 1950-жылдар стилинин үлгүсү болуп саналат. Бул жерге эл аралык көргөзмөлөрдүн бирине жарым кылым мурун жасалган Москва диорамасы орнотулган. Ал Кремль жана анын айланасын чагылдырган макет болуп, анда күн түнгө алмашып, чырактар жанып, терезелердеги жарыктар күйөт.
НОВОДЕВИЧИЙ МОНАСТЫРЫ ЖАНА АРХАНГЕЛЬСКОЕ УСАДЬБАСЫ
Новодевичий монастыры Москвадагы эң кооз жерлердин бири. Биз монастырдын аймагын аралап, айлана-чөйрөнү — көлмөнү жана монастырдын таасирдүү көрүнүштөрү бар аллеяларды изилдедик.
Айланма жолдун ары жагында Орусия империясынын эң бай үй-бүлөсүнүн, Юсупов княздарынын кооз усадьбасы жайгашкан. Ал азыр музей-усадьбага айланган. Бул жерде мейманыбыз 18–19-кылымдардын жана 20-кылымдын башындагы бакча-парк искусствосу менен таанышты. Усадьбанын имараты реставрацияга жабык болчу, бирок Юсуповдордун чоң аймагы, жакшы жасалган парк, кыркылган чөп талаалары, шагы ийилген өсүмдүктөрдөн турган көркөм галереялар жана дарыя жээги боюнча сейилдөөбүз бир күнгө созулду.
МОСКВА МЕТРОСУ, ТРАНСПОРТ
Биз дагы башка адамдардай эле, мүмкүн болушунча көбүрөөк көрнөктүү жайларды көргүбүз келгендиктен, жөө көп кыдырдык. Шаар ичинде негизинен метро менен жүрдүк, ал Москвада өтө функционалдуу, ыңгайлуу, таза, так иштейт жана абдан кооз.
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Эгер сизди кызыктырса жазылыңыз



