АЛАМҮДҮН РАЙОНУНДАГЫ ЛЕНИНСКОЕ АЙЫЛЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ ЭЛИНА ЛИМДИН 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2014-жылы “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагында Аламүдүн районунун Ленинское айылындагы В.И.Ленин атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими ЭЛИНА ИВАНОВНА ЛИМ жеңүүчү болгон. Ал сынактан кийин 07.09 — 18.09.2014-жылы Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякатка барып келди.

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНАН МЕН ЭМНЕ ТАПТЫМ? ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫНЫН БИРИНЧИ ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН БАЯНЫ

“Биринчи мугалим-2011” сынагынын биринчи жеңүүчүсү, Кемин районунун Шабдан айылындагы “Билимкананын” директору, башталгыч класстардын англис тили мугалими Калмамбетова Бактыгүл Маликовнанын баяны. Автордун бул баяны 2012-жылы мугалимдердин “Кутбилим” газетасында жарыяланган. -Менин: “Мен Санжарбек Данияровдун фондунун “Биринчи мугалим” конкурсунун биринчи лауреатымын деген” сыймыктуу сыр баяным, балким кээ бирөөлөргө мактаныч катары сезилсе дагы, зор сыймык менен ушул сөздү кайталагым […]

Толугу менен...

СЫЙЛЫК БЕРҮҮ ЦЕРЕМОНИЯСЫНДА ЖЮРИНИН МҮЧӨЛӨРҮ ОЛЬВА ФИРМАСЫНАН КӨРКӨМ ТАГЫЛУУЧУ БЕЛГИЛЕРИН АЛЫШТЫ

Москвалык зергер буюмдардын устасы Вадим Кац, логотип менен значокторду заказка чыгараган, Ольва зергер фирмасынын башкаруучусу, жана фонддун уюштуруучусунун досу, биздин ишибиз менен таанышып, фондубузга белек кылып берди: бул значок биздин фондубуздун логотипин көргөзүп турат (логотиптин мааниси боюнча бул жерден көрүп алсаңыз болот, кичине астыга түшүңүз), бирок фонддун аталышынын ордунда ФОНДДУН ШИРЕКТЕШИ деген жазуу турат. БИРИНЧИ […]

Толугу менен...

ЖЫЛЫНА БИР ЖОЛУ ӨТҮҮЧҮ “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” ДОЛБООРУ ЖӨНҮНДӨ

БИРИНЧИ МУГАЛИМ – бул мектептин башталгыч классынын мугалими. Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн – мугалимдердин эң мыктысы! Урматтуу БИРИНЧИ МУГАЛИМДЕР!             Мектептен кетпеңиздер! Биринчи мугалим деген наамга дайыма татыктуу болуңуздар. Сиздер баарыбызга: балдарга да, чоңдорго да абдан керексиздер. Ар бирибиздин жашообузда БИРИНЧИ МУГАЛИМ – чыныгы БИРИНЧИ МУГАЛИМ болуш керек! Сиздердин алтынга бергис акыл сөзүңүздөр биздин турмуш […]

Толугу менен...

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2011” СЫНАГЫНЫН АЛГАЧКЫ ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БАКТЫГҮЛ КАЛМАМБЕТОВАНЫН МОСКВА ШААРЫНА МАДАНИЙ-МААЛЫМАТ АРТТЫРУУЧУ САЯКАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. Бактыгүл Кемин районунун Шабдан айылындагы мектептин мугалими болуп иштеп жүргөн кезинде Фонд мугалимдер үчүн алгачкы уюштурган сынактын жеңүүчүсү болгон. Саякат 21.08. – 31.08.2011-жылы болду. Бактыгүл андан кийин Шабдан айылындагы “Билимкана” мектебин жетектеп калды. Бактыгүлдүн бул саякат тууралуу “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынан мен эмне таптым?” деген баяны. КУТБИЛИМ САЙТЫНДА

Толугу менен...