СЫНАКТЫН КҮНДӨЛҮГҮ

ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ – АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДЕРДИН КОЛУНДА. БИРИНЧИ МУГАЛИМ 2016

Санжарбек Данияровдун фонду айылдык мектептердин баштапкы класстарынын мугалимдери үчүн жыл сайын өтүүчү “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагынын кезектеги жеңүүчүсүн аныктады.

Учителя - участники конкурса, члены жюри и почетные гости
Учителя — участники конкурса, члены жюри и почетные гости

Кыргызстандын калкынын үчтөн эки бөлүгү айыл жергесинде жашайт, башкача айтканда, айылда жашагандар басымдуу көпчүлүктү түзөт, анын үстүнө айылдарда балдардын саны көбүрөөк төрөлгөндүктөн, жарандардын катары да айыл жактардан толукталат. 10-15 жылдан кийин элдин активдүү бөлүгү азыр баштапкы мектептен билим алып жаткандардан куралат. Аларга билим-тарбия берип, акыл-эсинин, адеп-ахлак, принциптерин калыптандырып жаткандар кимдер? Албетте, алар – ата-энелери жана мугалимдер, тагыраак айтканда, башталгыч мектептин мугалимдери экени талашсыз чындык.

Санжарбек Данияровдун фонду жыл сайын (быйыл 5-жолу өткөрүлдү) айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери катышкан “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” сынагын өткөрүп келет. Жеңүүчү мугалим Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякатка барат. Кызыктуу жана көркөмдүү программанын алкагында элеттик мугалим борбордогу белгилүү музейлерди, сүрөт галереяларын, балет жана операны, джаз концерттерин, драмтеатрларды, атактуу Юрий Никулиндин циркин, Кремлди кыдырып көрүшөт жана башка көптөгөн Россиянын борборундагы байыркы кооз жайларда болушат. Мурдагы жылдардагы жеңүүчүлөрдүн айткандарына караганда, мындай жүрүштөр жагымдуу жана пайдалуу сезимдерди жаратып, дүйнө таанымын бир кыйла кеңейтип, дүйнөлүк борборлордун бири болгон орус калкынын маданий турмушу жөнүндө кеңири түшүнүк берүү менен бирге алардын ааламга атагы бар искусство чыгармалары, шедеврлери менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Андан тышкары, сынактын баш байгесин жеңген мугалим жана экинчи жана үчүнчү орунду ээлегендер абдан кызыктуу өзгөчө сыйлыкка ээ болушат. Тактап айтканда, алар өздөрүнүн классындагы окуучулары менен бирге Бишкек шаарына бир күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка чыгышат. Балдар борбор калаабыздагы театралдык оюндарды, музейлерди жана борбордогу белгилүү эстеликтерди кыдырышат. Балдардын көпчүлүгү шаардагы көркөм-кооз жайларды биринчи жолу көрүшүп, балет, опера жана драма менен алгачкы ирет таанышкандыгын айтышууда.

2016-жылдагы сынак жөнүндө

2016-жылы сынакка республиканын аймактарынан баардыгы болуп 85 дилбаян түшкөн. Бизге маалыматтык колдоо көрсөтүп, мугалимдер үчүн кулактандырууларыбызды гезит бетине  жарыялап келаткан “Кутбилим” гезитинин кызматкерлерине өзөчө ыраазычылык билдиребиз.  Бул ыкма жарыяларды мугалимдерге жеткирүүнүн эң ишенимдүү жолу экендигине өз тажрыйбабыздан улам ынандык.

Бизге келип түшкөн 85 дилбаяндын ичинен сынакка 75 дилбаяндын автору катышты:

  • Тилекке каршы, дилбаяндын алтоо плагиат боюнча текшерүүдөн өтпөй калды.

Уюштуруу комитети ал катышуучуларга дилбаяндары кабыл алынбаса да, келерки жылы өз тексттерин жазышса, сынакка катыша аларын кабарлады.

  • Үч дилбаяндын автору айыл жергесинде эмес, Каракол шаарында жашагандыгы үчүн сынакка катыш алган жок. Уюштуруу комитети ал үч мугалимдин дилбаяны сынактын талабына шайкеш келбегендиги үчүн сынактан четтетилгенди тууралуу кабарлады.
  • Бир дилбаян анкетасы жок жөнөтүлгөндүктөн, автору табылбай калды.

Ошентип жыйынтыгында сынакка Кыргызстандын төмөнкү аймактарынын мугалимдери ат салышты: Нарын облусунан – 20 мугалим, Чүй облусунан – 15 мугалим, Ош облусунан – 12 мугалим, Жалал-Абаддан – 11 мугалим, Ысык-Көл облусунан – 9, Баткен облусунан – 4 жана Талас облусунан 4 мугалим катышкан.

Бардык дилбаяндарга жашыруун белги коюлгандыктан, калыстар тобуна жөнөтүлгөн дилбаяндардын авторлорунун аты-жөнү, мектеби, дареги же кайсы аймактан келгендиги тууралуу эч кандай маалымат болгон жок. Алардын ысымдары балл эсептелгенден кийин гана айкын болду.

Сынактын экинчи туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты

2016-жылдын 10-сентябрында И.Арабаев атындагы КМУнун жыйындар залында сынактын экинчи туру жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты болуп өттү. Фонддун чакыруусу боюнча канча балл алгандыгына карабай, сынакка катышкан мугалимдердин баары келишти. Биринчи турдун жеңүүчүлөрү  биринчи орун жана “Биринчи мугалим” наамы үчүн таймашты, ал эми калган катышуучулар марага чыккан кесиптештерине күйөрмандык кылышып, талкуунун жүрүшүндө ой-сунуштарын айтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 76 катышуучунун ичинен экинчи турга 45 мугалим келди, алардын ичинде эң алыскы аймактан келгендер да бар.

Иш-чараны уюштурууда бизге И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович, аябай чоң колдоо көрсөттү. Анын жардамы менен окуу жайдын жыйындар залында иш-чара уюштурулуп, алыскы түштүк жергесинен келген мугалимдер университеттин жатаканасында жайгашты. Педагогикалык университеттин ректорунун  мындай колдоосу жана салтанатта сүйлөгөн сөзү мугалимдер үчүн кандай баалуу экендиги айтпаса да түшүнүктүү болсо керек, андыктан Төлөбек Абыловичке ыраазычылык билдиребиз!

Сынактын жеңүүчүлөрү

Марага 1-турдун үч жеңүүчүсү чыкты:

  • Акматалиева Жаңыл Дүйшекеевна – Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айылындагы орто мектептин мугалими,
  • Джолчубаева Айгүл Сейдекеримовна – Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылындагы Ленин атындагы мектептин мугалими,
  • Примбердиева Сергул Исраиловна – Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айылындагы Жибек Исаева атындагы №38 мектептин мугалими.

Тилекке каршы, Жаңыл Дүйшекеевна ден соолугуна байланыштуу сынакка катыша алган жок, андыктан баш байге жана “Биринчи мугалим” наамы үчүн таймашка чыга албады, бирок аны да сыйлыксыз калтырган жокпуз! Кичи-Кемин мектебинин мугалими 1-турдун жеңүүчүсү катары сыйланат жана 1-турдун жеңүүчүсү катары башка жеңүүчү кесиптештериндей эле классы менен Бишкек шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякатка келет.

2-турдун жыйынтыгында Джолчубаева Айгүл Сейдекеримовна жеңишке жетишип, Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу 10 күндүк саякатка баруу укугуна эээ болду. Биз жеңүүчүнү жеңиши менен куттуктайбыз! Анын Москвага болгон саякаты тууралуу сайттан баяндайбыз.

Женүүчү мугалимдерге дипломду сынактын калыстар тобунун төрайымы, И.Арабаев атындагы КМунун педагогика кафедрасынын доценти, болочок мугалимдерге педагогика тарыхы, педагогика теориясы, системасы жана технологиясы, этнопедагогика, билим берүү системаларын башкаруу предметтерин окуткан Эсенгулова Миргуль Молутбековна тапшырды.

Салтанаттын атактуу меймандары

Дилбаяндын жана сынактын катышуучуларынын негизи темасы көркөм адабият окууга арналгандыктан, мугалимдер балдарга китеп окуу адатын кантип үйрөтүү керектиги тууралуу өз ойлорун ортого салышты.

Катышуучулар салтанаттын ардактуу конокторун кубануу менен тосуп алышты. Алар: легендарлуу кинорежиссер, сценарист, актер, драматург, жазуучу, Кыргыз ССРнин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси жана бир катар эл аралык фестивалдардын лауреаты Болотбек Төлөнович Шамшиев болду. Болотбек Төлөнович мугалимдердин суроолоруна жооп берип, балдарды китеп окууга тарбиялоо боюнча өз ою менен бөлүштү. Аягында баардыгы менен эстеликке сүрөткө түштү.

Биздин белгилүү режиссер менен бирге салтанатка алтайлык акын, түрколог, Алтай Республикасынын эл жазуучусу, алтай элинин Эл Башчысы Бронтой Янгович Бедюров жана ошондой эле жазуучу, “Кыргызстандын жаңы адабияты” долбоорунун – кыргызстандык авторлордун чыгармаларынын көп тилдүү санариптик китепканасынын автору, редактору жана координатору, Интернеттеги дареги www.literatura.kg. Кыргызстандагы китеп басмаканаларынын жана китеп таратуучулардын Ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Ярославович Бондаренко да катышты.

Салтанаттуу иш-чарада 2015-жылдагы “Биринчи мугалим” сынагынын жеңүүчүсү, Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылындагы мектептин мугалими Наталья Александровна Уланова өзүнүн классы менен Бишкек шаарына келгендеги саякаты тууралуу кызыктуу баяндап берди. Тагыраак айтканда, анын окуучулары өздөрүнүн таасирлерин  ушул күнгө атайын жаздырып, видеобаян аркылуу жөнөтүп жиберишкени жагымдуу болду.

Фонддун КММАнын жаш окумуштуу дарыгерлеринин арасында уюштурган сынагынын былтыркы жылдагы жеңүүчүсү, иш-чаранын алып баруучусу Елена Черномазова өзүнүн кесиптеши Жаркын Откеева менен бирге Москва шаарына баргандагы саякат тууралуу кызыктуу баяндап беришти.

Сынактан кийинки сын ойлор

Башталгыч класстарынын мугалимдери коомчулуктун көңүл буруусуна, баарлашууга муктаж.

Андыктан сынакты акырындап жаңылантып, жакшыртуу менен уланта бермекчибиз. Катышуучулардын санын 7-10 адамга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатабыз.

Сынакты уюштурууда биз туш болгон эң эле чоң тоскоолдук бул – мугалимдерге, айрыкча, алыскы аймактардагы агартуучуларга толук маалымат жеткирүү. Өкүнүчтүүсү, мугалимдер арасында Интернет булагын пайдалангандар аз. Бул ХХI кылымда – маалымат кылымында эң чоң маселе.

Плагиат көйгөйү да ойлондурбай койбойт, тилекке каршы, көпчүлүгү аны өзүнүн ишинде кадыресе көрүнүш катары кабыл алышат…

Балдар китеп окуудан алыстап баратканы ачуу чындык. Бир чети аларга окуй турган китептер жетишсиз, китеп дүкөндөрү дээрлик жокко эсе. Балдардын ата-энелери да алардын китеп окуусуна аз көңүл бурушат. Өлкөнү сабатсыздык каптап баратканына кайдигер кароого болбойт.

Жеке эле окуучуларда эмес, мугалимдерде да маданий-эстетикалык боштук байкалат.

СҮРӨТАЛЬБОМ: АЙГУЛ ЖОЛЧУБАЕВАНЫН 10 КҮН САЯКАТЫ 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *