САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ

2018-ЖЫЛ – САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫ (1928-2011). И.К.АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММА БУЛ ДАТАНЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕДИ.

Санжарбек Бакирович Данияров азыр арабызда жок болсо да, бактыбызга жараша, ал адамдын жаркын элеси жөнүндө көптөгөн эскерүүлөр бар. Биз кымбат адамыбызды кантип эскеребиз?

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы бул датага байланыштуу бир нече маанилүү иш-чараларды өткөрдү:

  • Бүтүндөй өмүрүн Кыргыз мамлекеттик медициналык институтка арнаган академик Данияровдун жаркын элесин чагылдырган «АКАДЕМИК САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВ, 90 ЖЫЛ» деген аталыштагы сүрөт альбом жарык көрдү. Санжарбек Данияров Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда 9 жыл проректор (1962-1971), андан соң 17 жылга жакын – ректор (1971-1987) болуп эмгектенген, баарыбызга маалым болгондой, ал жетектеп турган мезгилде КММИ Советтер Союзундагы эң алдыңкы медициналык ЖОЖдордун бири болуп эсептелген. Биздин Фонд ал сүрөт альбомду түзүп берди, ал эми Медициналык академия аны каржылап, жарыкка чыгарды

Сүрөт альбомдун электрондук версиясы ушул жерде

АКАДЕМИК САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ 90 ЖЫЛ

  • Нормалдуу физиология боюнча ЖОЖдор аралык олимпиаданы академик Санжарбек Бакирович Данияров атындагы Фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасынын кызматкерлери уюштурушту. Иш-чара бийик профессионалдык жана ошол эле учурда оптимисттик деңгээлде өтө кызыктуу өттү.

Сайтта Олимпиада жөнүндө кененирээк жазылган.

  • КММА кызматкерлери, кафедра башчыларынын катышуусундагы КММА салтанаттуу окумуштуулар кеңеши.

Окумуштуулар кеңешинин ачылышында КР Гимни ойнолду.

Окумуштуулар кеңешин И.К.Ахунбаев атындагы КММА ректору, медицина илиминин доктору, профессор Индира Орозобаевна Кудайбергенова ачты. Индира Орозобаевна Санжарбек Бакирович жөнүндө өзүнүн жеке эскерүүлөрү, студенттер менен иш алып барууда, чыр-чатактарды четтетүүдө ал киши менен бөлүшкөн кеп-кеңештерин эскерип өттү.

КММА Гигиеналык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, профессор Раиса Минахмедовна Атамбаева, өзүнүн эскерүү сөзүндө КММАнын студенти болуп окуу жайдын босогосун жаңы аттаган студенттерди ректор өзү куттуктап, колдорун кыскан учуру өмүр бою эсте каларлык маанилүү болгондугун эскерди.

КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мурзалиев Амангелди Жолдошбекович министр Батыралиев Талантбек Абдуллаевичтин С.Б.Данияровдун медициналык билим берүүгө кошкон зор салымын, анын илимий жетишкендиктерин белгилеген кайрылуусун Окумуштуулар кеңешинин катышуучуларына окуп берди.

КР УИА Президенти Жуматаев Мурат Садырбекович С.Б.Данияровдун илимий ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип, Улуттук илимдер академиясы менен КММА кызматташтыгын бекемдөө боюнча конкреттүү кадамдарды жасоону сунуштады.

Кесиптештери, достору, академиктердин атынан И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын дипломго чейинки жана дипломдон кийинки нейрохирургия кафедрасынын башчысы, профессор Миталип Мамытович Мамытов жана КР Улуттук хирургия борборунун Ардактуу директору, КР УИА анык мүчөсү, медицина илиминин доктору, профессор Мамбет Мамакеевич Мамакеев чыгып сүйлөштү.

Чыгып сүйлөгөндөр Санжарбек Бакирович менен формалдуу эмес жолугушуулар учурунда аңгемелешкен адамдарда сөзсүз жаңы идеялар пайда болгондугун эскеришти. Замандаштары анын терең билими, кеңири кругозору жөнүндө айтышып, Санжарбек Бакирович менен Мирсаид Мирхамидович диалогго чыкканда, ошол чөйрөдөгүлөрдүн баары эле жогорку билимдүү жана илимий жетишкендиктери бар адамдар болгонуна карабай, алар айтып берген нерселер  кесиптештери жана достору үчүн жаңы, мурда укпаган белгисиз нерселердей сезилерин эскерип өтүштү.

Жогорку категориядагы фтизио-пульмонолог, м.и.к., доцент, КР Эмгек сиңирген врачы, И.К.Ахунбаев атындагы КММА Ардактуу профессору Асанбаев Абдыкадыр Асанбаевич, жана Мамытов Миталип Мамытович досторунан, академиктерден жана профессорлордон куралган “сауначылар” деп атап алышкан өздөрүнүн “клубунун” мүчөлөрүнүн атынан физиология боюнча Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырышты.

Окуучуларынын атынан КРСУ медицина факультетинин деканы, профессор Анэс Гургенович Зарифьян адаттагысындай эле эң сонун сүйлөдү. Ал Санжарбек Бакирович менен илимий баарлашуу учурунда адамдын организмине тийген шооланын таасири жана ошондой эле бийик тоолуу аймактын таасирин изилдөөнүн жыйынтыктарынын сакталып келаткан актуалдуулугу жөнүндөгү кызыктуу фактыларды эскерип өттү. Ал ошондой эле Данияровдун студенттер, окутуучулар менен иш алып барууга, институтка жогорку квалификациялуу кадрларды тандоо жана тартууга өтө чоң маани бергендиги, КММИ студенттерди окутууга коюлган бийик талаптары жөнүндө айтып берди.

КР Жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы Тыналиева Бакыт Карыбековна өзүнүн сөзүндө, Санжарбек Бакирович КММИда ректор болуп турган кездеги окутуунун бийик деңгээли жөнүндө, айрыкча, студенттерге лекция окууга доценттерге жана профессорлорго гана уруксат берилгенин эстеди. Үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын башчысы, профессор Нурлан Нургазиевич Бримкулов, Санжарбек Бакировичтин радиациялык медицина тармагында, Төө-Ашуудагы бийик тоолуу базадагы иштер жана Борбордук илимий-изилдөө лабораториясындагы илимий идеялары, изилдөөлөргө жасаган оригиналдуу ыкмасы жөнүндө кызыктуу доклад жасалды. Профессор КММА жетекчилигине бул илимий багытты андан ары өнүктүрүүнү сунуштады.

Албетте, Окумуштуулар кеңешинин эң башкы темасы – Санжарбек Бакирович Данияровдун инсандык сапаттары, анын турмушу, илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгү жана КММИ жетекчилиги туурасында орус жана кыргыз тилдеринде даярдалган эки докладда кеңири баяндалды:

  • «САНЖАРБЕК БАКИРОВИЧ ДАНИЯРОВ – УНИКАЛДУУ ИНСАН». Бул докладды академик Санжарбек Бакирович Данияров атындагы Фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасынын башчысы, профессор Ирина Евгеньевна Кононец жасады. Ирина Евгеньевна кандидаттык жана доктордук диссертациясын академик Данияровдун жетекчилиги астында жазган жана ошондой эле институтту аяктагандан бери аталган кафедрада иштеп келатат.
  • Ибраимов Алихан, КММАнын 4-курсунун студенти. Ал өзүнүн кыскача билдирүүсүнөн кийин С.Б.Данияровдун 70 жылдыгын белгилеген учурдагы материалдардын негизинде даярдаган видео тасмасын сунуштады. Алихан даярдаган уникалдуу кадрлардан Санжарбек Бакирович өзүнүн өмүрлүк жубайы Лиля Жусуповна Турусбекова менен бирге куттуктоолорду кабыл алып жаткандарын, өзүнүн апасы жөнүндө айтып бергендерин көргөн залдагылар көздөрүнө жаш алышты…

Видеозапись с 70-летия Санжарбека Бакировича Даниярова (будет помещена позже)

Сөз кезеги Санжарбек Бакировичтин балдарына келип жетип, балдарынын атынан жана Санжарбек Данияровдун фондун негиздөөчүсү жана директору катары Асель Санжарбековна Даниярова чыгып сүйлөдү. Асель Санжарбековна өздөрүнүн үй-бүлөсүндө китептин ролу кандай болгондугун айтып берип, Фонд “СЕНИН ӨЗҮҢ ЖӨНҮНДӨ” деген балдардын медициналык энциклопедиясын кайрадан басып чыгаргандыгын билдирди. Бул китепти өз учурунда кыргыз тилине академик Санжарбек Данияров которгон. Аталган китепти С.Данияровдун фондунун атынан Физиология боюнча олимпиаданын катышуучуларына жана Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнө белекке тартуулашты.

Профессор, Кыргыз мамлекеттик врачтарды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун ректору Чубаков Төлөгөн Чубакович жыйынтыктоочу докладын “Сүйүнчү” деген сөздөн баштап, отургандарга Санжарбек Бакирович Данияровдун ысмы ал жетектеген институтка ыйгарылгандыгын кабарлады. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Комиссиянын чечимине ылайык, уставын жана аталышын юридикалык жактан алмаштыруу процесси жүрүп жатат.

“СЕНИН ӨЗҮҢ ЖӨНҮНДӨ” китебинин Вариант 09.02.2018

Кеңештин жыйналышы өтө кызыктуу, жандуу жана формалдуу эмес маанайда өттү. Катышуучулар академик Данияровдун жемиштүү илимий ишмердүүлүгү, анын педагогикалык тармакта профессионал адис болгондугу жана ошондой эле анын жетекчилик өзгөчө жөндөмдүүлүгүн баса белгилешти. Баардыгы бир ооздон академиктин адамгерчиликтүүлүгүн, жогорку маданияттуулугун, зирек акылын, өтө так жана чынчыл адам болгондугун, адамдарга оң таасир этүүчү өзгөчө жылдыздуулугун айтып жатышты.

Окумуштуулар Кеңешинин соңунда жетекчилик тарабынан катышуучулар үчүн салтанаттуу дасторкон жайылды. Академикти эскерүүлөр формалдуу эмес кырдаалда уланды. Санжарбек Бакировичтин бийик парасаттуу инсандык сапатына терең урматын билдирүүнү каалагандар андан кийин да токтогон жок…

  • ДАНИЯРОВДУК ОКУУЛАР 2018-жылдын апрель айында өтө турган КММАнын Билим Күндөрүнун программасына киргизилди.

КММ Билим күндөрүнүн программасы менен Билим күндөрүнүн сайтынан тааныша аласыздар. 

  • Санжарбек Бакирович Данияровдун ысмын алып жүргөн кафедрададагы анын кабинетинде чакан музей уюштурулду. Кабинет жалпы жыйналыш, кафедралык талкууларды өткөрүү үчүн колдонулат.

Санжарбек Бакирович Данияров жөнүндө сайтыбыздын Кыргызстандын инсандары рубрикасынан кененирээк тааныша аласыздар.


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *