САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ

C.Б.ДАНИЯРОВДУН ЫСМЫН АЛЫП ЖҮРГӨН ДАРЫГЕРЛЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ИНСТИТУТУНДА АНЫН МУЗЕЙ БУРЧУ АЧЫЛДЫ

Республикабыздын булуң-бурчтарынан келишкен дарыгерлер Санжарбек Бакирович Данияров атындагы Кыргыз квалификациясын жогорулатуу жана дипломдон кийинки даярдоо институтунда (ККЖДКДИ) кесиптик чеберчиликтерин жогорулатып кетишет. КР УИА академиги, окумуштуу жана педагогдун ысмы 2018-жылы, С.Б.Данияровдун 90 жылдык юбилейине карата дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу институтуна ыйгарылган.


Окууга келишкен дарыгерлер жана кызматкерлер үчүн иштеген институтта, китепканада С.Б.Данияровго арналган музей бурчу түзүлгөн. Биздин фонд ал музей үчүн материалдарды даярдап, жасалгалады. Китепкананын чакан бурчунда Санжарбек Бакировичтин ишмердүүлүгүнүн бардык аспектилерин батыруу оңойго турган жок, себеби ал окумуштуу физиолог, тоолуу өлкөнүн радиобиологиялык багытында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн башатында турган окумуштуу катары, жаш окумуштуулардын жакын жолдошу жана устаты жана кыйла жылдар биздин республикабыздын бардык аймактары үчүн дарыгерлерди даярдоодо ийгиликтүү жетекчилик кылган педагог катары көп иштерди аткарган. Албетте, бул материалдарда биз анын өзүнүн устаттарын өтө кадырлаган инсан катары, өзүнүн шакирттери, жолун жолдоочулары  тарабынан билимдүү, жылдыздуу, адамгерчиликтүү, абдан чынчыл, принципиалдуу, керек болсо, харизмасы бар адам катары терең урмат-сыйга арзыган инсан болгондугун көргөзгүбүз келди.

Китепкана башчысы Байсакова Нурияна Райымовна жаңы эле жасалгаланган музей бурчунда

Китепкананын бир дубалында төмөнкү темаларга арналган стенддерди жайгаштырдык:

— Мугалимдер, кесиптештер, студенттер, сүйүктүү кафедра
— Өмүр жолундагы даталар (толук эки стендди ээледи)
— С.Б.Данияровдун китептери
— СССР, Кыргыз ССР, Кыргыз Республикасынан алган С.Б.Данияровдун сыйлыктары
— С.Б.Данияров жөнүндө китептер

Ал дубалдын так ортосунда Санжарбек Данияровдун портрети орун алган.

Анын так маңдайкы тарабында С.Б.Данияровдун ишмердүүлүгүн, жеке турмушун чагылдырган 23 сүрөт жайгашкан.

Нурия Раимовна сүрөттөрдүн жанында

Белгилей кетүүчү жагдай, үй-бүлөлүк архивде анын 800дөн ашык санариптештирилген сүрөттөрү, дээрлик ошончо сандагы анын өмүрлүк жарынын – Кыргызфильм студиясынын режиссеру Лиля Турусбекованын жана балдарынын, жакындарынын, досторунун көптөгөн сүрөттөрү бар. Ошондой эле өткөн кылымдын 30-жылдарынан берки документтер, лекция конспектилери, докладдары, макалалары, китептери ж.б. орун алган.

Макаланын автору сүрөттөрдүн жанында.

Ошондой эле музейдин китепканасына С.Б.Данияров жөнүндөгү китептер, Санжарбек Бакирович автор катары өзү жазган китептер, анын шакирттери жана кесиптештери ал жөнүндө даярдаган презентациялар өткөрүлүп берилди. Биз ал музейди улам толуктап, жаңыртып турмакчыбыз.


ДАГЫ:

«Санжарбек Данияров жөнүндө» РУБРИКАСЫ

«ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ КИТЕПТЕР ЖАНА МАКАЛАЛАР» РУБРИКАСЫ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *