БУЛ БАЯН ТУРМУШТАГЫ ЭҢ ЧОҢ ВАЗИЙПАСЫН АТКАРЫП КЕТКЕН ЖАҢЫЛ АБДЫЛДАБЕК КЫЗЫ ЖӨНҮНДӨ

Көптөн бери сиз менен эсимде турган сонун адамдын сүрөтүн бөлүшкүм келди. Баяным узун, ким окуса, өзү үчүн кызыктуу бир нерсе табышы мүмкүн… Жаныл Абдылдабек кызы (Тайгуронова) (1947-2021), Шабдан баатырдын уулдарынын бири Исаметдин Шабдановдун уулу Абдылдабек Тайгуроновдун (Тайгүрөңовдун) кызы. 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун автоматика жана телемеханика адистиги боюнча бүтүрүп, кыргыздын алгачкы IT инженер аялдарынын бири болгон. […]

Толугу менен...

МЕНИН ӨЛБӨС ПОЛКУМ

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. Менин таятам. Акын жана драматург. 32-жашта согушта курман болгон САГАЛЫ ЭГИЗОВ. Жездем. Гүлсурук эжекемдин күйөөсү. Ал фронтто курман болгондо 30 жашка чыга элек болчу АПСЕКЕ (АБДЫСАЛАМ) БАКИРОВ (ДАНИЯРОВ). Атам Санжарбек Данияровдун агасы. 28-жашта курман болгон.  КУБАНЧБЕК МОЛДАХМАТОВ. Үмү-Күлсүн Молдахматова таенем, акын Жусуп Турусбековдун жубайынын агасы. Полшада курман болгон АСАНБЕК МОЛДАХМАТОВ. Үмү-Күлсүн […]

Толугу менен...

БАРБОРА ШВАРЦТЫН КЫЛЫК-ЖОРУГУ

30-жылдардын аягында СССРде Сталинди жек көрүп жектеген, аны бийликтин узурпатору деп санаган, партия жетекчилеринен тартып жөнөкөй жумушчуларды, карапайым таза адамдарды өлтүрүп жок кылгандардын башында турган уюштургуч катары көргөн адамдар болду бекен? Менимче, көп эле болсо керек.Бул тууралуу Генсектин өзүнө батынып айта алган СССРдин жок дегенде, бир жараны болгонбу? Мен буга чейин андайлар жөнүндө уккан эмес […]

Толугу менен...