Көптөн бери сиз менен эсимде турган сонун адамдын сүрөтүн бөлүшкүм келди. Баяным узун, ким окуса, өзү үчүн кызыктуу бир нерсе табышы мүмкүн…
Жаныл Абдылдабек кызы (Тайгуронова) (1947-2021), Шабдан баатырдын уулдарынын бири Исаметдин Шабдановдун уулу Абдылдабек Тайгуроновдун (Тайгүрөңовдун) кызы. 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун автоматика жана телемеханика адистиги боюнча бүтүрүп, кыргыздын алгачкы IT инженер аялдарынын бири болгон. Ал дисциплиналар аралык изилдөө жаатында илимдин алдыңкы катарында эмгектенип, жасалма интеллектти жаратууга байланыштуу маселелерди чечүүгө катышкан. Кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп, аялдардын укуктарын коргоо менен алектенген. Гендердик эксперт катары ал көп жылдар бою БУУнун программаларын жана “БУУ-аялдар” бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жигердүү катышып, Кыргызстанды эл аралык деңгээлде татыктуу көргөзө алды. Системалык мамиленин чеберчилиги жана изилдөөчүнүн тажрыйбасы Жаңыл Абдылдабек кызына Кыргызстандын автордук укук жана чектеш укуктар жаатындагы мыйзам базасын түптөөгө олуттуу салым кошууга жана Кыргызпатенттин директорунун орун басарынын милдеттерин ийгиликтүү аткарууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүп берди.
Жаныл Абдылдабек кызы “Доорлор тогошуусу. Шабдан баатыр” даректүү романынын автору.
Жаңыл эже менен биз бир нече жыл тыгыз мамиледе болдук. Менде аны бала кезден эле жакын билгендей сезим болоор эле. Жаш курагы боюнча ал менден бир топ эле улуу болгонуна карабай, биз курбулардай же болбосо, жакын туугандардай баарлашар элек. Чындыгында эле ал мага жан дүйнөсү, дүйнө таанымы боюнча да эң жакын адамымдай сезилчү. Биздин ички дүйнө туюмубуз бирдей, бир ааламда, бир чөйрөдө чоңойгондой, бизди окшош нерселер түйшөлтүп турчу. Мен муну кийинчерээк тереңирээк аңдап түшүндүм, көрсө, бизди чын эле турмушта да көптөгөн түйүндөр тыгыз байланыштырып турчу экен, биздин үй-бүлөнүн кандайча жакын катыштыгы бар экендигин төмөндөгү баянымда эскере кетмекчимин.
Биздин баарлашуубуз адатта биздин үйдө, көбүнчө үчөөбүздүн ортобузда – менин жолдошум Володянын катышуусунда өтчү, ал эми биз сыртта жүргөндө телефон жана ошондой эле электрондук почта аркылуу жана бирге саякаттаган учурларда, андан тышкары, кандайдыр бир иш-чараларга байланыштуу өтчү. Албетте, биз майрамдарды бирге майрамдап, мейманга барганда да жолугушуп калчубуз. Бирок баарынан маанилүүсүбү, же балким муктаждыкпы, айтор биз үчүн маанилүү деп эсептеген темалар боюнча пикир алмашканды баарынан жогору койчубуз, анткени биз үчүн ошол эң кызык эле.
Ал баарлашуубузда биз күнүмдүк көр-тирликке, чарбага же жалпы тааныштарыбызды талкуулоого тап-такыр көңүл бурчу эмеспиз, биз андайда жашообуздагы, өлкөнүн турмушундагы жана келечекке таасир берүүчү темаларды талкуулап, ой-пикирлерибизди бөлүшөр элек. Алсак, Россия империясынын курамындагы Түркстандын абалына азыркы тарыхчылардын көз карашы кандай, 1916-жылдагы окуялар, сталинизм, билим берүү, маданият көйгөйлөрү, азыркы Кыргызстандагы аялдардын ролу, заманбап маалымат ааламы, мезгил менен каада-салттар байланышы ж.б.у.с Пикир алмашуу учурунда аны да бизге окшоп тарых барактары, айрыкча ХХ кылымдын башталышындагы окуялар, маалыматтын түпкү нускасы менен иштөө, өткөн доордогу “ак тактарды” изилдөө сыяктуу маанилүү маселелер түйшөлтүп келээрин аңдачубуз.
Жаңыл эже адамдар менен аңгемелешип жатканда жумшак, жалпак тилде сүйлөшчү, ал кандай курч маселе болбосун, өзүнүн оюн адам таң калгыдай илбериңки түшүндүрүп бергендиктен, анын көз карашын тең бөлүшпөгөндөр да ага каршы чыгып, кескин, орой жооп берүүгө батына алчу эмес.
Аны менен таанышкандан алгачкы мүнөтүнөн тарта ага чексиз сый-урмат сезими ээлеп алаар эле. Өзүнүн ой-пикирин чечкиндүү маанайда билгизгиси келген адамды өзүнүн көзгө илешпеген мээр жиби аркылуу ороп алгандай сезилгендиктенби, айтор, анын каршылашы да өзүнүн ой-пикирин жай баракат, сылык-сыпаа айтканга өтчү. Биз анын мүнөзүндөгү бул өзгөчө сапатын дароо байкачубуз. Биз менен күйүп-бышкан темаларды талкуулап жатканда, сүйлөп жаткан адамга кунт коюп карап, анын сөзүн эч качан бөлчү эмес. Жаңыл эженин үнүнүн ыргагы дайымы жай, шашпай угулуп турчу, бирок зериктирме, кайдигер эмес, тескерисинче, токтоо бирок эмоционалдуу эле, балким бул анын сезимин башкара билгендигинен болсо керек.
Менин көз алдымда анын жандуу, акылдуу, олуттуу, ошол эле учурда жаш баладай жагымдуу назик тегерек жүзүндөгү түшүнүгү терең көз карашы өмүр бою сакталып калды. Анын наристеникиндей тазалыгы түпкүлүгүндө башка адамдарга карата мамилесинде цинизм, текеберчилик, шылдыңкөйлүк мүнөз тап-такыр болбогондугунун айкын далили болсо керек.
Мына ушундай сүйкүмдүү жана карапайым адам эбегейсиз баалуу тарыхый кенчтин жана сырлардын сактоочусу болгон. Ага – Жаңыл Абдылдабек кызына, атасы Абдылдабек Тайгуронов белгилүү баатыр Шабдан Жантаевдин үй-бүлөлүк таберик документтер архивин сактоого ишенип таштап кеткен. Жаңыл эже мына ушундай эң чоң жоопкерчиликти, милдетти, тагыраагы миссияны өз мойнуна алган. Болочок урпактар үчүн ошол тарыхтын чыныгы күбөсү болгон адамдын идеялары менен жаратман умтулууларынын уютулган уюткусун суук көздөн далдоо төкпөй-чачпай сактап калуу керек эле. Ал адам – Жаңыл эженин атасы көзү тирүү кезинде Ала-Тоону мекендеген ар бир адамга жакшы таанымал, кыргыз элинин тагдырын чечүүдө олуттуу милдеттерди аткарган тарыхый инсан болгон. Жаңыл эженин милдетине ал документтерди сактап калуу эле эмес, ал архив кези келгенде тил бүтүп “сүйлөп”, тарыхый инсандын түпкү маңызын ачып бергидей, кыргыз эли кесипкөй тарыхчылардын жардамы менен ага адилет баасын берип, өткөн доордун акыйкатын ачыктоо менен бирге, өткөндөр тууралуу өздүк көрөңгөсүн байытканга салым кошкудай деңгээлде жеткирүү вазийпасы жүктөлгөн.
Жаңыл Тайгуронова, убакыт таасын көргөзгөндөй, атасы ага ишеним артып өткөрүп берген үй-бүлөлүк, андан да маанилүүсү элдик байлыкты сактоо милдетин ачык жана так түшүнүү менен кабыл алган. Бул маанилүү милдет ага канат бүтүрүп шыктандырган десе да болот.
Анын атактуу чоң атасынын жигердүү ишмердүүлүгү жүрүп турган мезгил менен, Жаңыл эже али жаш кезинде Шабдан баатырдын калтырып кеткен ыйык таберигин атасынын колунан алган убагы саясий баш аламандыктын, адамдардын турмушундагы мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдүн бүтүндөй бир дооруна туш келгенин салыштырып бөлүп кароого болот. Бизде бир нече жолу бийлик алмашты, бийлик эле эмес, өлкөнүн өзү бир нече жолу олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Ариптердин алмашканынан улам, өткөн доордун тарыхын ошол өткөндүн ариби менен бирге таанып билүү талабы келип чыкты.
Кесипкөй тарыхчы өткөн доордогу окуяларды баяндап жатып учурдагы саясий кырдаалга такалбашы керек дешет. Арийне, өткөн жүз жылдын аралыгында атактуу инсандардын басып өткөн жолуна, аткарган ишмердигине баа берүүдө көбүн эсе азыркы саясий кырдаалдан саресеп салып келебиз. Шабдан баатыр жана анын балдары, жада калса анын неберелери менен да ошондой болду. Өлкөбүздөгү саясий кырдаал өзгөргөн сайын бийликтин бутагындагы “окумуштуулар” тарых барактарына өз деңгээлинде ар түрдүүчө баа берип келди, көбүн эсе терс ой-пикирлер басымдуу болгонуна күбөбүз. Кай бирде атактуу ысымын өчүрүп, эстен чыгарып салууга да далалаттар болгону да чындык. Ошентүүгө мүмкүнбү деги?! 1931-жылдагы белгилүү новатор, поэт, драматург жана окумуштуу Касым Тыныстановдун “Академия кечелерине” байланыштуу окуялар эсиңиздеби? Ал драматургиялык циклди түзгөн үч пьесанын толук тексти биздин күнгө чейин сакталбай калган. Автор «Академия кечелеринде» кыргыздын атактуу манабы Шабдандын өлүмүн эл тарабынан жалпы кайгы, жалпы трагедия катары бергени, аны жалпы элдик баатыр катары даңазалаганы үчүн күнөөлөнгөн.
Шабдан баатырды экинчи кечтин – “Капитализм доорунда” (II кеч) башкы персонаж катары бергени үчүн гана автор басма сөз беттеринде катуу сынга кабылып, саясий мүнөздөгү куугунтуктар башталган.
Кыскасын айтканда, Абдылдабек Тайгуроновдун кызына тапшырган баалуу таберигин дароо эле толугу менен аткарып коюуга тап-такыр мүмкүн эмес эле. Жаңыл эже: “Атам өлөөр алдында мага: “адамдар ал (Шабдан) жөнүндө сыймык менен айта турган күн келет, ошондо сен анын документтеринин баарын ачык жарыялашың керек” деп, айтып бергени эсимде”[1].
Бул жерден биз ал документтерди ачык жарыялоого эмне тоскоолдук болгонун кыстара кетпесек болбос.
Шабдан баатыр (1840-1912) жарык дүйнөгө келгенден баштап, көз жумганга чейин кыргыз коомчулугунда көрүнүктүү орунду ээлеген. Анын атасы Жантай Карабеков – кыргыздын казак жана орус сыяктуу коңшу эли менен өз ара мамиле түзүүдө өтө маанилүү чечимдерди кабыл алган кыргыздын белгилүү манаптарынын бири болгон. Жантай баатырдын чоң атасы Атаке бий да өз кезегинде кыргыздын жерлерин жунгарлардан бошотууга катышып, 1785-жылы император айым Екатерина II ге алгачкы кыргыз элчилигин жөнөткөндүгү менен атагы чыккан адам эле.
Ал эми Шабдан баатырдын өзүнө келсек, анын басып өткөн өмүр жолу кыргыз эли жердеген жер Россия Империясынын составдык бөлүгүнө айланган мезгилди камтыйт, бул мезгилде кыргыздардын турмуш-тиричилигинде чоң өзгөрүүлөр болуп өттү, алар орус падышасына баш ийген кезде бүткүл дөөлөттөр менен кошо кайгылуу кесепеттерге кабылганы, кийинки жарым кылымда «Орус Түркстаны» деп аталган аймактын тургундарынын ортосундагы мамилелер, акыры, ал каза болгондон бир нече жыл өткөндөн кийин Россия империясынын өзү да жок болгону маалым.
Шабдан баатыр көрүнүктүү инсан болгондугу талашсыз, бирок анын тарыхтагы изи ал болуп жаткан окуялардан четте калбай, алардын активдүү каарманы болгондугу менен айырмаланат.
Өмүр жолун Кокон хандыгын коргоодогу согуштук аракеттерге катышуудан баштаган Шабдан баатыр империянын тарабына өтүп, анын чек арасын кеңейтүүдө аскер башчыларына жана администраторлоруна зор кызмат көрсөткөн. Тарыхчы Дөөлөт Сапаралиевдин сөзү менен айтканда: «Шабдан баатыр аймактын монолиттүү жана кубаттуу өнүгүп келе жаткан Россия империясына кошулуу процессинин кайра кайтпастыгын эрте түшүнүп, бүт күчүн мекендештердин жаңы мамлекеттин жашоо шарттарына кыйналбай киришине жумшаган”[2].
Анын иш-аракеттерин кылдат карап чыккан адам ал биринчи кезекте жеке өзү үчүн эмес, эли үчүн дагы кайсы бир кадамдардын саясий максатка ылайыктуулугун жетекчиликке алгандыгын байкаары анык.
Алсак, ал 1906-жылы уюштуруп бийликке жолдогон “Шабдан петициясы” жергиликтүү калктын кызыкчылыгын коргоп, түндүк кыргыздар менен түштүк казактардын өкүлдөрү тарабынан колдоого алынган жана кеңири атак-даңкка ээ болгон.
Жаңыл эженин чоң атасы уулу Самудин экөө жеке каражаты жана өз күчү менен 1909-жылы Тар-Суу айылына жадид «Шабдания» медресесин куруп, 20-кылымдын алгачкы мезгилинде кыргыз жаштарын тарбиялоодо прогрессивдүү роль ойногону талашсыз. Баса, Кыргызстандын алгачкы агартуучулардын бири болгон менин чоң атам Базаркул Данияров ушул окуу жайды аяктаган.
Албетте, Шабдан Жантаев азыркы заманда билим берүүнүн ордун жакшы билген. Балдарын, неберелерин, окуучуларын Уфа менен Казань шаарларынын атактуу медреселерине, ошондой эле Верненский атындагы эркектер гимназиясына жиберген.
Мындай жаркын инсан тарыхчылардын, жазуучулардын кызыгуусун жаратып келгени талашсыз. Балким, Кыргызстанда совет дооруна чейинки мезгилде мынчалык көлөмдө архив булактары сакталып калган, илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, ар кыл жанрдагы көптөгөн көркөм чыгармалар жаралган башка инсан жок десек да болот. Натыйжада, анын тарыхый ролу тууралуу талаш-тартыштар бүгүнкү күнгө чейин басаңдаган жок, кээде андай ой жорууларды кабыл алуу жакын адамдар жана бул мезгилдин тарыхый окуяларын чечмелөөгө кайдыгер карабаган ар бир адам үчүн өтө оор болуп саналат. Маал-маалы менен Жантай Карабеков менен Шабдан Жантаевди каралоочулар үнүн бийик чыгарып, кыргыз жерин казактарга бир үйүр жылкыга сатып жиберген деп негизсиз күнөөлөп келишет. Эгерде бул «үн кошууларга» эч ким көңүл бурбай калса, анда Шабдан баатырды кыргыз жерин орус империясынын колониясына айландырган баскынчылардын шериги болгон деген дооматтарды айткандар чыгат. Канткен күндө да, Шабдан Жантаев кандай аракеттерди көргөн болсо да, ал окуялардын кесепеттерин ондогон жылдарга алдын-ала көрө билген көрөгөч ийкемдүү саясатчы жана реалист катары өз элинин кызыкчылыгын биринчи орунга койгону фактылар менен айкын далилденип отурат.
Ошого карабастан, баатыр каза болуп, анын даңазалуу жаназасы окулган күндөн тартып Шабдановдордун үй-бүлөсү чоң кыйынчылыктарды баштан кечирип, кийин куугунтукка кабылган. 1916-жылдагы драмалык окуяларда кыргыздар Кытайга качууга аргасыз болгондо, Шабдандын уулдары түндүктөн алгачкылардан болуп, сарыбагыштарды ажалдан арачалап алып чыгууга жетишкен, бирок алардын артынан Бычковдун казак отряды кубалап, колониялык администрациянын кылмыштарынын күбөсү катары Шабдановдорду атайылап жок кылуу максатын көздөгөн.
Бийлик алмашкандан кийин Шабдандын урпактары «бай-манап» өкүлдөрү катары куугунтукка кабылып, алардын күнүмдүк турмушу эркин жашоо үчүн чексиз күрөшкө айланган. Ошол эле учурда алар өз эли үчүн бир топ жакшы иштерди жасоого үлгүрүшкөн, мисалга алсак, Кемел Шабданов Кытайдан качкан кыргыздардын мекенине кайтып келишин уюштурууга активдүү катышкан. Тилекке каршы, бардык бир туугандардын тагдыры кайгылуу болду: Кемел, Мөкүш, Аман жана Жаңыл эженин чоң атасы Самудин “бай-манаптарга” таандык деген негизде сүргүнгө айдалып, жер-мүлкүнөн ажыратылып, камакка алынган, Мөкүш 1933-жылы камакка алынгандан 5 күндөн кийин, уулу Ажыймандын өлүмүнө алты ай калганда түрмөдө каза болгон.
Куугунтуктун узун укуругу кийинки муундун өкүлдөрүнө да жетпей койгон жок. Шабдан баатырдын неберелери Ажыйман (Кемелдин уулу), Ажыгабыл (Мөкүштүн уулу), Мажит (Самудин уулу) 1925-жылы Алматыдагы агартуу институтун аякташкан.
1925-жылы Ажыйман Фрунзеге кайтып келгенден кийин, 1925-жылы ачылган мугалимдерди даярдаган биринчи адистештирилген мекемеде — Пишпектеги (Киринпрос) Кыргыз агартуу институтунда мугалим болуп иштеген. Ал окуу жай кийин Борбордук Кыргыз педагогикалык техникуму деп аталган, анда Базаркул Данияров адегенде башкы окутуучу, 1929-жылдан баштап директор болуп иштеген. Ажыйман менен Базаркул аталар биргелешип мектепке математика боюнча эки окуу китебин жазган жана ошондой эле Касым Тыныстанов жетектеген илимий комиссиянын курамында кыргыз терминологиясы боюнча да чогуу иштеген.
Андан тышкары, Ажыйман башка кесиптештери менен биргеликте дагы бир нече окуу китептерин жазган. Мына ошол жаш тилчи, кыргыздардын жаңы терминдеринин автору, окутуучу 1933-жылы 28 жаш курагында Социал-Туран партиясын түзүүгө катышкан деген күнөө боюнча атылып кеткен. Ал Кыргызстандагы сталинизмдин алгачкы кандуу курмандыгынын бири болгон.
Ажыгабыл 30-жылдардын аягында, болжол менен 1937-жылы кармалып, Базаркул Данияров менен бирге Свердлов облусундагы Ивдель колониясында ГУЛАГга түшкөн. Базаркул ошол жакта 1942-жылы каза тапкан, ал эми Ажыгабыл жыйырма жылга жакын камакта отуруп, Сталин өлгөндөн кийин азаттыкка чыккан.
Айрым маалыматтарга караганда, Абдылдабек Тайгуроновдун бир тууган агасы Мажит, Ысык-Көлдүн жээгинде, түз маанисинде алганда, чычырканактардын арасында көп жылдар бою жашынып жүрүүгө аргасыз болгон.
Кек сактаган куугунтук издери Жаңыл эженин атасы – Абдылдабек Тайгуроновдон да кыйгач кеткен жок. Ал дээрлик жарык дүйнөгө жаралгандан тартып эле ата тегинин запкысын көрүп чоңойгон. Абдылдабек 1920-жылы туулган Самудин Шабдановдун уулу болгон, б.а., ал мезгил жарандык согуш бүтө элек, Кытайдан кайтып келген кыргыздардын жерин жаңы келгиндер ээнбаштык менен басып алган, кыйын кезең эле.
Ошол эле 1920-жылдын май айында кыргыздын он билимдүү адамы, негизинен манаптары, анын ичинде Абдылдабектин атасы Самудин Шабданов, ошондой эле Эшенаалы Арабаев, анын кайын атасы Гайбылда Алматаев, Исак Шайбеков, Дөөткул Шыгаев жана башкалар В.И. Ленинге өз элинин оор абалы, андан чыгуунун чаралары жөнүндөгү сунуш менен кат жазып кайрылган. Формасы жана мазмуну боюнча ал документ эпистолярдык жанрдын жаркын үлгүсү болгон, кыска, так, түшүнүктүү, спецификалык, чынчыл жана бир аз эмоционалдуу жазылып, бүтүндөй бир эл дуушар болгон өлүм коркунучунун реалдуулугу адекваттуу чагылдырылган ал кат, ошол эле учурда улуттук жана жеке кадыр-баркты сактоо сезими менен жазылганы байкалат. Катта конкреттүү кадамдар боюнча сунуштар камтылган жана натыйжа берген; 1920-жылдан кийин көптөгөн сунуштар ишке ашырылган. Абдылдабекти Самудиндин жигити, досу Тайгүрөңгө баланы сүргүндөн сактап калуу үчүн багууга берген, ал ошондон улам Тайгуроновдун фамилиясын алып калганы белгилүү. Бирок, бул ага жардам берген эмес, бала башталгыч мектептен тартып эле «ыңгайсыз ата теги” тууралуу жемелерди угуп чоңойгон. Шабдан Жантаевдин ысымы эл арасында салмактуу экендигин, Шабдан баатыр сарыбагыштын чоң манапы болгонун, албетте, анын укум-тукумунун баары эле жакшы билген.
Үркүндөн кийин түндүктөгү кыргыздардын дээрлик баары, бай-манабы деле, кедейи деле жакырланып, оокат-аштан айрылып, итке минген кедей болуп калганына карабай, түпкү теги манаптарга каршы көз караштар токтогон эмес, манаптарды алар “таптык душман” катары көрсөтүшкөн.
Абдылдабек 16 жашка чыкканда, Чоң-Кеминге ошол кезде эл арасында атагы тарап калган акын Аалы Токомбаевдин аялы Зейнеп апа айылдагы балдарды борбор калаабыз Фрунзедеги жумушчулар факультетине[3] окууга алып кеткени келип калат. Бирок айылдаштарынын арасында окууга дилгирлиги менен таанылып калган Абдылдабекти бир балээге кабылып калбайлы деп чоочулагандыктан, албай кетет. Не айла кылаарын таппай турган бала, акылмандыгы үчүн айыл ичинде “Чечен эже”[4] деп коюшчу коңшу Салмаке эжесинин карап турбай, арабанын артынан чурка деген кеңеши менен, арабанын артынан тызылдап чуркап жөнөйт. Болжолу менен отуз чакырымдай чуркап отуруп, капчыгайдан чыга бергенде арабакечтерге жолугат, Зейнеп апа аны башка балдарга кошуп арабага отургузуп алып кетет[5].
Абдылдабек Тайгуронов педагогикалык институттун физика-математика факультетин аяктаган, ал студент кезинен баштап ошол кезде кыргыз тилиндеги жалгыз №5 шаардык мектеп менен тыгыз алакада болгон. Менин атам Санжарбек Данияров ал мектептин 5-классында окуган кези экен, так ошол 1940-жылы окуунун алдыңкысы, мыкты окуучу катары анын сүрөтү гезит бетине басылып чыккан. Институтту аяктаган соң Абдылдабек Чоң-Кеминге кайтып келип, биздин байкебиз Төлөнбай Данияров директор блуп иштеп жүргөн Тегирменти айылындагы Карл Маркс атындагы мектепте математика мугалими болуп иштеп калат. Абдылдабек Тайгуронов анын үйүнөн өзүнүн болочок жары – Сайна апа менен таанышкан, ал анда 10-классты аяктап жаткан кези эле.
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда новатор мугалим фронтко аттанып, согушуп, жарадар болуп, 1943-жылы өз мекенине кайтып келген. Жан дүйнө чакырыгы менен жаш математик күтүүсүздөн эле элдик оозеки чыгармачылык менен алектенип, СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын (ИАКФ) алгачкы аспиранттарынын катарына кирет.
Ал согуш аяктай электе эле Ата-Мекендик согушка арналган кыргыз элинин чыгармаларын чогулта баштап, илимий иш сапарларына чыккан кезде чогулткан материалдарынын негизинде кыргыз эл чыгармачылыгы деген темада диссертациялык иш жазган.
Абдылдабек Тайгуронов изилдөө иштерин жүргүзө баштаган мезгилде, 1947-жылы Кемел Шабданов колунда болгон өзүнүн атасынын бүт архивин өткөрүп берген, ал эми Шабдан баатырдын кичүү инисинин уулу, 1916-жылдагы Боом капчыгайында курал жүктөлгөн арабага кол салган башкы каармандардын бири, Ыбрайым Төлө ажы уулу, ага ошол окуялар баяндалган өзүнүн кол жазмасын тапшырган. Менин оюмча, жеке ишенимден тышкары, үй-бүлөнүн ыйык сыр сандыгын сактоо милдети Абдылдабекке “ыйгарылгандыгынын” эки маанилүү себеби бар. Бир жагынан алганда, ал билимдүү адам болгон жана ошол убакта татыктуу билим алууга жетишкен анын бардык аталаш туугандарынын баары репрессияланган.
Кемел уулу Ажыгабыл 30-жылдардын аягында, болжолдуу 1937-жылы камакка алынып, Базаркул Данияров менен бирге Свердлов районундагы Ивдель колониясындагы ГУЛАГда жыгач кесүүчү жайга түшкөн. Базаркул 1942-жылы ошол жерде каза болуп, Ажыгабыл жыйырма жылдай түрмөдө отуруп, Сталин өлгөндөн кийин бошотулган.
Экинчи жагынан алганда, Абдылдабек, Тайгүрөңдүн атын алып жүргөндүктөн анын баласы деп эсептелген, бул албетте аны сактап калаары арсар эле, бирок репрессиядан аман калар деген үлбүрөгөн үмүт бар эле.
Арийне, сталиндик репрессиянын жаңы толкуну каптай баштагандыктан, Абдылдабек Тайгуронов өзүнүн диссертациясын жактай албай калган. 1950-жылы улуу кесиптештери – филологдор Тазабек Саманчин, Ташым Байжиев, Зияш Бектенов камалган. Жаш окумуштуу баш калаадагы ишин таштап өлкөнүн түштүгүнө кетүүгө аргасыз болгон, бирок ал жакта да көпкө чейин улам иш ордун алмаштырып турган: бирде математика мугалими, бирде айылдагы мектептин убактылуу директору, анан кайра математика мугалими болсо, кай бирде балдарын эмне кылып багууга айласын таппай, үйдө иши жок отуруп калган. Кайсы бир мезгилде аны кармап кетишип, 4-5 ай түрмөдө сурак жүргүзгөн. Анын болгон айыбы эле Шабдан баатырга тиешелүү ата теги эле.
Ошондой коогалаңдуу жылдарда архивди каякта сактаган? Ал жөнүндө анын жубайы Сайна гана билсе керек.
Ошол кезде анын үй-бүлөсүндө түштүктө кичинекей Жаңыл эже чоңоюп келаткан эле…
Алардын абалы Сталин каза болгондон кийин, 1950-жылдын экинчи жарымында оңоло баштаган. Абдылдабек Тайгуронов үй-бүлөсү менен Фрунзеге кайтып келип, өмүрүнүн аягына чейин автожол техникумунда математика мугалими болуп иштеген. Улуу кызы – Жаңыл политехникалык институтка окууга кирип, “автоматика жана телемеханика” адистигин ийгиликтүү аяктаган.
Ата-энеси жана беш баласынан жана башка кыргыздар сыяктуу эле шаарга келип кетчү сандаган алыс-жакын туугандардан турган бул үй-бүлө өтө жупуну турмушта жашачу.
Жаңыл эжеге Шабдан баатырдын үй-бүлөсүнүн кайсы бир мүчөсүнөн таберик мурас катары калган, оймо-чиймелерине асыл таштар бастырылып кооздолуп, чеберчилик менен кайыштан жасалган кемер кур сакталып жүрчү. Атасы ал этнографиялык баалуу байлыкты Тарых музейине өткөрүп берүүгө көндүргөн. Ага бир чети үй-бүлөдөгү муктаждык да түрткү болгон. Жаңыл эже ошол таберик буюмду көрүү үчүн кез-кезде тарых музейине келип, ата-бабаларын эстегенди жакшы көрөр эле. Кызык, бул экспонат азыр музейде бар болду бекен?
Ушундай оор күндөрдү башынан кечирген Абдылдабек Тайгуроновдун 56 жашында көз жумганы таң калычтуу деле эмес чыгар. Жаңыл эже атасынын осуяттарын эч качан эстен чыгарбай, аяр сактап, документтерди четинен изилдеп жүргөн.
Ал маалыматтык технологиялар боюнча республикадагы алгачкы инженерлердин бири болгонун айта кетким келет. Жаңыл Тайгуронова чейрек кылымдай СССР Илимдер академиясынын мураскери болуп калган, атасы Абдылдабек алгачкы аспиранттарынын бири болгон жана анда корголмок тургай, жарык көрбөгөн өзгөчө диссертациясы калган Улуттук илимдер академиясында эмгектенди.
Жаңыл эже өзү айтып жүргөндөй, дисциплиналар аралык изилдөө тармагында, илимдин алдыңкы сабында эмгектенип, жасалма интеллект түзүү жана үлгү таануу маселелерин чечүүгө катышкан. Мындай адистик анын миссиясын аткарууга ички даярдыгына тоскоол болбостон, анын системалуу ой жүгүртүүсүнө жана көрүнүктүү чоң атасынан калган маалыматтарды акыл-эс калчап түшүнүүгө жардам бергени анык.
Атасы айткан мезгил али келе элек болчу. Кыргызстандын аймагында Октябрь революциясына чейин болуп өткөн окуялардын баары же артта калган, же реакциячыл деп таанылып, кээ бир адамдардын эсинде калган акылман акындар да реакциячыл деп эсептелип, “бай-манап” деген термин дагы эле таптык душман дегенди билдирип турган.
Жаңыл эже ал арада үй-бүлөсүнө, апасына, бир туугандарына каралашып жүрдү, турмушка чыгып, эки уулду тарбиялап өстүрдү. Ал экөөбүз бири-бирибизди таба элек мезгил болгондуктан, анын үй-бүлөлүк жашоосундагы ошол мезгил тууралуу азыраак билем. Бирок кийинчерээк жолугуп, ата-бабаларыбыздын тагдырын талкуулап, эски сүрөттөрдү карап, айрым документтерди чогуу «казып» жүрүп, анын жакындарына арка бел жөлөк болуп, алардын сүйүүсүнөн, сый-урматынан ырахат алаарын, жакшы мааниде өтө өз алдынчалыгы күчтүү, өтө жоопкерчиликтүү адам экендигин түшүндүм. Мунун баары жогоруда анын миссиясы деп аталган милдеттин аткарылышын жакындатып жаткандай эле.
Жаңыл эже экөөбүз жакындан таанышып, мамиле күтө баштаган мезгилде, биз Данияровдордун үй-бүлөсү үчүн кичинекей ачылыш жасадык. Менин атамдын улуу агаларынын бири Апсеке деп коюшчу Абдысалам агабыз үй-бүлө күтүп балалуу боло элек кезде, Улуу Ата мекендик согушта каза болгон эле, анын бир да сүрөтү бизде сакталып калбаптыр. Биз ошол бойдон анын элесин көрбөй калдык деп кейип калчубуз.
Бир күнү биз экөөбүз Шабдановдордун үй-бүлөлүк архивиндеги сүрөттөрдү сканирлеп көчүрүп жатып согуш алдында түшкөн үч адамдын сүрөтүнүн артындагы Тайгүрөң, Абдылдабек жана Апсеке деген жазууну окуп калдык! Мен ал сүрөттү чоңойтуп, аталаш туугандарымдын баарына таратып берсем, алар аябай кубанып калышты.
ХХ кылымдын 80-жылдардын аягында Советтер союзунда “кайра куруу” доору башталып калды, анын негизги өзгөчүлүгү “ачык жарыялоо” болду, натыйжада басма сөз беттеринде калктын басымдуу бөлүгү үчүн жаңылык болгон эбегейсиз көп ар кандай маалыматтар жайнап чыкты. Көптөгөн адамдардын аң-сезиминде мурунку окуяларга жана инсандарга болгон баалоолорду кайра карап чыгуу башталды.
Анан “кайра куруунун” уландысы катары СССР кулаганда, мамлекеттик институттар да кыйрады, биздин көптөгөн замандаштарыбыз бул оор мезгилде экономикалык жактан кантип оокат кылып, кантип жан багаарын билбей баштары маң болду. Жаңыл эже акча табуу үчүн академиядан чыгууга туура келсе да, кыйналып тим отуруп калган жок. Адатта, билимдүү, жигердүү адамдар бош калышпайт, алар ар кайсы убакта суроо-талапка ээ болоору белгилүү.
Көп өтпөй эле ал гендердик маселелер боюнча эксперт болуп иштеп, бул тармактагы ар кандай маанилүү долбоорлорго, анын ичинде мамлекеттик деңгээлдеги өтө жооптуу долбоорлорго катыша баштады. Жаңыл эже гендердик теңчиликке жетишүүгө байланышкан маселелерди чечүүдө да чыныгы кесипкөйлүгүн көргөзүп, кандай көйгөй болсо аны чечүү жолдорун издеп табууга чын дилинен киришер эле. Мен аны экөөбүз аңгемелешип отурганда, бул тармактагы тажрыйбасын мисалга келтирип айткан эскерүүлөрүнөн улам байкачумун.
Жаңыл эже жашы бир топ өйдөлөп калган курагында дагы башка тармакта — патенттик укук жагында иштеп жүрдү, бул жерде ал автордук укук жана чектеш укуктар боюнча монография жазганын айтып, экөөбүз жаңы таанышканда аны мага белекке берген эле. Ал китеп жөн салды жазылбаганы, көптөгөн адамдар үчүн пайдалуу экени талашсыз.
«Кайра куруу» башталгандан бери постсоветтик эгемен Кыргызстанда тарыхтагы окуяларга коомдун көз карашында ырааттуу өзгөрүү процесси жүрүп, аларды кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүктөр пайда болду, документалдык архивдердин көбү жеткиликтүү болуп, аты аталбай келген тарыхый инсандар жөнүндө басма сөз беттеринде көптөгөн макалалар чыга баштады. Убаданын аткарыла турган убагы келди! Ага биздин Жаңыл эже буга чейин эле даяр болчу.
Ал биринчи жолу кыргыз генеалогия изилдөөчүлөрүнүн — кыргыз санжырачыларынын сынагына катышып, Шабдан баатырдын эл тарыхындагы орду жөнүндөгү теманы кыйыр түрдө көтөргөн. Бул сынак кайсы жылы өткөнүн билбейм, бирок “кайра куруунун” натыйжасында элдин улуттук “маңкуртчулуктан” чыккандыгын көрсөткөн алгачкы окуялардын бири эле. Бул, кыязы, ХХ кылымдын акыркы он жылдыгынын башында болсо керек. Жаңыл эженин жакындарынын айтымында, ал катышуучулардын арасынан баш байгеге ээ болуп, математика, жасалма интеллект, гендердик теңчилик же автордук укук тармагынан тап-такыр алыс кесиптеги көбү эркек катышуучулардын баарын таң калтырган… Бул чоң казаттын башталышына тете окуя эле.
Ал мезгил 1916-жылдагы трагедия биринчи жолу ачык кызуу талкууланып жаткан жылдар эле, падышалык колонизаторлорду колдогон таптык душмандарга, «өз эзүүчүлөрүнө» каршы күрөшкө басым жасалбаган ошол мезгилде болуп өткөн окуялар жөнүндө жаңы китептер жарык көрө баштаган. 1993-жылы Э.Кылычев жана Н.Капаров түзгөн «Ала-Тоо» журналына тиркеме катары жупуну жасалгалуу, бирок өтө мазмундуу «Үркүн» аттуу чакан китеп жарык көргөн. Бул ар кандай жанрлардын жана авторлордун күбөлөрүнүн жыйнагы болгон, алардын көпчүлүгү болгон окуялардын чыныгы күбөлөрү эле.
Анда прокурор Г.И.Бройдонун көрсөтмөлөрү, Хусейин Карасаевдин очерки, Белек Солтоноевдин тарыхый очерки, Жусуп Абдрахмановдун жана Баялы Исакеевдин докладдары жана Ысак Шайбековдун “Кайран эл” поэмасы, Осмонакун Ибраимовдун макаласы кирген.
Ал абдан баалуу жана мазмундуу маалыматтарды камтыган жыйнакка Жаңыл Абдылдабек кызы биринчи жолу Шабдан баатырдын иниси Ырайым Төлө ажы уулунун 1916-жылы Боом капчыгайында курал-жарак жүктөлгөн арабаны басып алганы тууралуу эскерүүлөрүн жарыялаган.
Жогоруда айтылгандай, араб алфавити менен кыргызча жазылган бул эскерүүлөрдүн түп нускасын Жаңыл эженин атасына автор өзү өткөрүп берген. Ал окуядан бери 77 жыл өтсө да, басма сөздө жарыяланган документтердин арасында Канат Абукиндин көрсөтмөсүнөн башка, Кыргызстандын аймагында 1916-жылдын августунда болуп өткөн окуялар жөнүндө кыргыз тараптан окуянын түздөн-түз катышуучусунун бир дагы күбөлүк далили болгон эмес. Андыктан ал документтин канчалык маанилүү экендигин сөз менен жеткирүүгө болбойт…
Акырындык менен басма сөз беттеринде Шабдан баатыр жана анын үй-бүлөсү, башка манап уруулары, ошондой эле жалпы эле XIX кылымдын аягы – XX мезгилдин башындагы элдин тарыхындагы окуялар, тарыхый инсандар тууралуу маалыматтар көбөйүп, тарыхчылар тарабынан ал маалыматтар чогултулуп, элге ачык жарыяланып жатты, Жаңыл эже болсо чоң атасы, анын жашаган чөйрөсү, алардын турмуштук жагдайлары жана бул доордун маанилүү окуяларындагы ролу тууралуу чындыкка дал келген маалыматтарды жеткирүүгө талыкпай аракеттенип келди.
Бул үчүн ал чоң иштерди аткарып, орус тилиндеги документтер жыйнагын түзүп, анда Шабдан баатырдын өмүр баянына, ишмердүүлүгүнө байланышкан документтер Россиянын жана Кыргызстандын үй-бүлөлүк архивинен, мамлекеттик архивдеринен иргелип, бир жыйнакка топтолгон. Жыйнак 1999-жылы «Шабдан баатыр. Доор жана инсан» деген аталышта жарык көрдү. Менимче, бул документтердин жыйнагы бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготкон жок жана келечекте профессионал тарыхчылар тарабынан пайдаланылары шексиз.
Жаңыл өзү түзгөн жыйнакка документтерден тышкары, эгемендүүлүккө чейин эле мурда жазылган, бирок окурмандарга белгисиз болгон чоң атасы тууралуу тарыхый окуяларды да кошкон.
Шабдан баатырдын эрдиктерин баяндаган эң биринчи эмгек Сыдык уулу Осмонаалынын 1912-жылы Уфа басмасынан жарык көргөн «Мухтасар тарых-и Кыргызийа» (кыргыздардын кыскача тарыхы) аттуу чакан китеби болгон. Бул кыргыз тилинде жарык көргөн алгачкы тарыхый эмгек болгон, ал эми кийинки жылы анын жаңыланган варианты «Тарых-и кыргыз Шадманыйа» (Шабданга арналган кыргыздардын тарыхы) деген аталышта басылып чыккан, көбүбүз ушул күнгө чейин өзүбүздүн санжырабызды ошол китептин негизинде салыштырып текшерип келебиз. Анда ал Шабдан баатырды кыргыздын эл камын ойлогон даанышман инсаны катары аябай суктануу менен баяндап, ага китептин бир кыйла көлөмдүү бөлүгүн арнаган. 1999-жылдагы жыйнакта ал китептеги баян өзүнчө бир бөлүгүн ээлейт. 1992-жылы Кусейин Карасаев текстти араб алфавитинен заманбап тамгага которгондон кийин Бишкектен кайрадан басылып чыккан. Жаңыл эже Осмонаалы Сыдыковдун китебиндеги газалдарды ошол бойдон калтырып, ал эми прозалык бөлүгүн өзү орус тилине которгон.
Буга ал казак султандары Кенесары менен Садыктын 1889-жылы жарык көргөн Шабдан баатыр жөнүндөгү баянын, анын 1862-жылдагы окуяларга катышкандыгын баяндаган В.В. Бартольддун 1927-жылы жарык көргөн «Кыргыздар» деген очеркинен үзүндүсүн, ошондой эле 1930-жылдагы С.Абрамзондун Шабдан баатырды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрү жөнүндө сөз кылган «Манапизмдин башатында» аттуу чоң макаласынын бир бөлүгүн кошкон. Айрыкча мени ал жыйнактагы Жаңыл эженин бир тууганы Абдыхалил Абдылдабековдун орус тилине эркин котормосунда жарык көргөн Кемел Шабдановдун атасы тууралуу баяны кызыктырды. Баарынан да, Шабдан баатырдын документтерин жээни Абдылдабек Тайгуроновго берип, Кемел ата өзүнүн кол жазмасын түз эле Илимдер Академиясынын Филиалынын (ФАН) Кол жазмалар фондуна өткөрүп бергени кызык.
Бир сөз менен айтканда, 90-жылдары Шабдан баатырдын инсандыгы жана анын доорундагы окуялар боюнча замандаштарынын жана тарыхчылардын ар кандай көз караштарын чагылдырган, тарыхтын ак барактарын даана көрүүгө мүмкүндүк берген чындыкка жакын маалыматтардын окурмандардын кеңири чөйрөсүнө ачыкталганы, көбүнчө Жаңыл эженин ырааттуу эмгегинин үзүрү десек болот.
Ошол эле 1999-жылы тарыхый маанидеги чоң окуя болгон – Кыргызстанда Шабдан баатырдын 160 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген. Ошол кездеги өлкө президенти Аскар Акаевдин колдоосунда илимий конференция өтүп, иш-чара массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылган. Басма сөз беттеринде жеке эле иш-чара тууралуу эмес, Шабдан баатырдын өзү тууралуу да материалдар жарыяланды. Чоң-Кеминдеги Новороссийка айылы Шабдан айылы деп аталды.
Юбилейлик салтанаттын соңунда Чоң-Кемин өрөөнүндө Шабдан-атага арналган мемориалдык музей комплекси түзүлүп, анда баатырга арналган чакан музейдин имараты, анын чоң атасы Атаке баатырга эстелик, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын жана майдандан кайтпай калган жоокерлерибиздин ысымдары жазылган мемориалдык такта жана ошондой эле өлкөбүздүн илим-билимин, жана искусствосун өнүктүрүүдө зор салым кошкон Чоң-Кеминден чыккан белгилүү инсандардын ардактуу аллеясы камтылган.
Капчыгайда жайгашкан Чоң-Кемин өрөөнү улуттук парктын курамына кирет, аны бойлоп Чоң-Кемин суусу агат, тоо боорундагы дайым жашыл карагайлар анын көркүнө көрк кошуп кооздоп турат. Комплекс өтө ыңгайлуу, кооз жерге жайгашкан, анын аймагы да ырааттуу пландаштырылган. Анын бери эңкейишинде узунунан түшкөн аллеяны бойлой жайгашкан эстеликтер, жогорку бөлүгүндө орун алган музей, андан ары тирелген тоолор жана ийне жалбырактуу токойлор көз жоосун алып укмуштуудай керемет көрүнөт.
Аллея ушунчалык ыңгайлуу жол менен курулгандыктан, элесин түбөлүккө калтырууга татыктуу адамдардын бюстун көпкө чейин улап кошууга болот. Учурда Белек Солтоноевдин, Абдылас Малдыбаевдин, Мураталы Күрөңкеевдин, Болот Юнусалиевдин, Аалы Токомбаевдин жана башка Кыргызстандын белгилүү инсандарынын эстеликтери бар. 2014-жылы Көк-Ойрок айылдык кеңешинин демилгеси менен (бул Чоң-Кеминдин бир бөлүгү) менин атам – физиолог, радиобиолог, академик Данияров Санжарбек Бакировичке да эстелик тургузулганын сыймыктануу менен айтып кетким келет. 1970-1987-жылдары КММИни (Мамлекеттик медицина институтун) жетектеген, ал кездеги мединституттун республикада аброю абдан жогору болгон. Жакын жерде айылдык мектеп жайгашкандыктан, окуучулар улуу муунга таазим кылып, сейилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Шабдан баатырдын музейин түзүү, бул комплекстин идеясынын өзү маңкуртчулуктан жапа чекпегендер үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм. Жаңыл эже музей комплексин талыкпай «көзөмөлдөп», аны жакшы абалда кармоого аракет кылып, кароолчуларга, аны таза кармагандарга кам көрүп, колдон келишинче өз чөнтөгүнөн каржылык жактан колдоо көрсөтүп турду. Тилекке каршы, бул комплекс районго көрк кошуп, баалуу байлыкка айланганы менен бул үчүн райондун жетекчилиги тарабынан өз убагында жетиштүү каражат каралган эмес.
Бир нече убакыт өткөндөн кийин (2012-жылы) Америкада Дэниел Приордун «Шабдан кодекси» аттуу чоң тому жарык көрдү. Бул эмгек Шабдан баатырдын жеке өзүнө эмес, ХХ кылымдын биринчи жарымында Кыргызстандын изилдөөчүлөрү жана агартуучулары тарабынан чогултулган жана Улуттук Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турган кыргыз элдик адабий чыгармачылыгынын үлгүлөрүнүн алтын фондуна арналган.
Ал кол жазмалардын ичинде Шабдан баатырга арналган кошоктор бар, мисалы, Исак Шайбековдун авторлугундагы жана башка чыгармалар камтылган. Изилдөө иштерин даярдап жатканда Даниэль Приор Жаңыл эже менен сүйлөшүп, кээ бир маселелер боюнча кеңешип, анан китебин белекке тартуулаган. Тилекке каршы, ал азырынча кыргыз жана орус тилдерине которула элек, ошондуктан кеңири аудиторияга анча белгилүү эмес.
Кийинчерээк 2015-жылы Москвада Шабдан баатырдын 175 жылдык мааракесине карата (ага даярдыктар алдыңкы жылы башталса керек) анын тарыхый ролуна арналган кыргыз-орус конференциясы өткөн. Ага Жаңыл эжеден башка белгилүү жазуучу, ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев дагы катышып, ал кездеги жарык көргөн китеби – Шабдан баатыр тууралуу чоң романын тартуулаган. Ал китепти окурман журтчулугу кызыгуу менен кабыл алынганы маалым.
Изилдөө чөйрөсү ошону менен токтолгон жок. 2016-жылы Япониядагы «University of Tokyo Press» басмасы Токио университетинин изилдөөчү Тецу Акияманын “Көчмөндөр Баатыры жана Россия империясы: кыргыз лидеринин жашоосунан” аттуу 243 беттен турган монографиясын басып чыгарган. Изилдөөчү Жаңыл эже менен кеңешип, жигердүү иштешкен, ал эже менен жолугушканда, архивдик материалдардын негизинде чоң атасынын инсандыгы, урпактары жана айлана-чөйрөсү, алар катышкан иш-чаралар тууралуу билгендерин айтып берген. 2018-жылы китептин авторунун катышуусунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде китептин бет ачарын уюштурган. Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Жалилович Садыков өзү жетектеп алып барган ал иш-чара өтө кызыктуу өткөн.
Жаңыл эже ата-бабасынын кыргыз тарыхындагы орду тууралуу чындыкты жеткирүү максатында маалымат мейкининдеги боштукту документтик басылмалар, илимий-популярдуу макалалар менен гана толтурбастан, тарыхый темада конференцияларды, чыгармачылык сынактарды уюштуруп, Шабдан-Ата Мемориалдык комплексине колдоо көргөзүп, ошону менен бирге атактуу ата-бабасынын аброюн түшүрүүгө жол бербей, негизсиз каралоодон коргоп келди.
Белгилүү болгондой, кимдир-бирөөнүн аты элдин кеңири катмарына таанылып калганда, аны коммерциялык максатта пайдалангысы келген шылуундар дароо пайда болот. Мында да, Шабдан атанын атын жамынып (!) арак чыгаруу аракеттери болду. Жаңыл эже аны дароо колдонуудан алып салып, өндүрбөй коюуну талап кылды. Көрүлгөн чаралар өз натыйжасын берди, кыргыздын даңазалуу инсанынын атын колдонбогонго прецедент түзүлдү!
Андан кийин дагы банкнотко байланыштуу, баатырдын элеси акча бирдигине түшүрүлүшү керекпи же жокпу деген суроо пайда болду. Баатырдын элеси сунушталып, талкууланган номиналы анча чоң эмес болгондуктан, бул элдин кабылдоосуна таасир этиши мүмкүн эле, ал эми чоңураак номиналдагы жаңы банкнот чыгаруу сунушу болгондо да, аларды, мисалы, атактуу Курманжан датка менен салыштыруулар болбойбу деген ушундай эле маселе көтөрүлдү. Ырасында эле, анын сырткы көрүнүшүн акчага байлоонун зарылдыгы барбы?…
Акырында, туура чечимди табууну талап кылган эң татаал долбоор пайда болду. Өкмөт, атап айтканда, Маданият министрлиги Каныбек Иманалиевдин романынын негизинде Шабдан баатыр тууралуу чоң көркөм кинематографиялык тасма тартууну чечкени эсибизде. Ага мамлекеттик бюджеттен Кыргызстан үчүн олуттуу каражат бөлүнгөн. Албетте, бул Голливуддун тарыхый тасмаларына коротулган чыгым эмес болчу, бирок биздин өлкөдө чектелүү бюджет менен көп нерсени жасоого болот. Кыргыз кинематографиясынын бүткүл хроникасы бул тезисти ырастап турат.
Бул баатырдын эмгегин баалоо эмеспи деп сүйүнүшүбүз керек эле. Бирок, чындыгында, баары ошондой жөнөкөй болсо кана! Көркөм фильмде эркин көркөм сүрөттөөгө орун бар, бирок чыныгы каармандардын, окуялардын образын бурмалоого орун жок. Бүтүндөй өлкөбүз күтүп турган чыгарманы тарыхый өңүттө көрсөтүүдө өзгөчө кылдаттык менен мамиле кылуу керек эле деп айтсак болот. Мен сценарийди окуган жокмун, ага өзүмдүн сын баамымды айта албайм, бирок, сыягы, ал романдын авторунун адабий негизинен өтө алыс болуп калган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы бир топ видеорепортаждарды, тарыхчылардын жазгандарын эске алсак, тасманын сценарийинен улам келип чыккан адистердин кызуу талкуулары тууралуу кыйыр түрдө түшүнүк алууга болот. Сунушталган сюжет боюнча окуялар орун алмашып калган, каармандардын тагдырындагы кээ бир бурулуштар алардын реалдуу аракеттеринин логикасына дал келген эмес. Бул жерде маселен, Тынчтыкбек Чоротегин сыяктуу чыныгы кесипкөй тарыхчылардын колдоосу талап кылынган, анын пикири Жаңыл эженин берген баасы менен дал келген окшойт.
Сценарийди кайра жазуу боюнча бир нече аракеттерден, кызуу талкуулардан кийин тасманын үстүндө иштөөнү токтотуу чечими кабыл алынган. Жаңыл эже бул боюнча өзүнүн жүйөлүү ойлорун айтып, мурда болуп көрбөгөндөй өз оюнда бекем турганын кошумчалай кетким келет. Мен видеорепортаждарды көргөндөн кийин ушундай жыйынтык чыгардым. Съёмканы улантуу маселеси ал үчүн өтө аялуу болгонуна карабастан, ал бул маселеге катышкан бардык адамдарга карата өзүнүн оң мамилесин сактап кала алды. Албетте, ал тасманын тартылышын кааласа керек, ошол эле учурда Шабдан баатырдын образын бурмалоого жол бергиси келген жок деп эсептейм.
Ачык-айкындуулуктун доору башталгандан бери өткөн отуз жылдын ичинде биздин өткөндөгүлөр жөнүндө, чыныгы баатырлар жана баатыр эместер жөнүндө, Кыргызстандын тарыхындагы орчундуу окуялар жөнүндөгү билимдерибиз өлчөөсүз байыды, ал тургай кеп учурларда туп-тамырынан бери тескери бурулду. Тарыхый инсандардын образдарына расмий көз караштар, окуу китептериндеги материалдар жана турмуштук кабылдоолор кадыресе өзгөрдү. Азырынча көп нерсе изилдене элек, бирок азыр изилдөөгө боло турган көп сандагы материалдар жеткиликтүү болуп калганы таласыз.
Бирок, карапайым элдин пикирлери, кесипкөй тарыхчылардын пикирлери сыяктуу эле бири-бирине кайчы чыгып, бир эле аракеттерге ар кандай жоромолдор айтылаары белгилүү болду. Башкача айтканда, замандаштардын назарына документтерди, күбөлөрдү көрсөтүү чындыкты издөөнүн айныгыс шарты болсо да, ал жетишсиздик кылат тура.
Жаңыл эже негизги ишине акырындап жакындап жүрүп отуруп, акыры Шабдан баатыр тууралуу китеп жазууга бел байлады. Атасынын аңгемелеринен, туугандарынын эскерүүлөрүнөн, көп сандагы документтерди изилдеп, архивдик материалдардын жыйнагынын үстүндө иштеп, көптөгөн макалаларды жазып, теманы башка авторлор, изилдөөчүлөр, тарыхчылар, кинорежиссерлор менен талкуулап, акыр соңунда анда чоң атасы менен болгон тарыхый жагдайлар, анын иш-аракеттеринин мотивдери, анын мүнөзү тууралуу терең түшүнүк калыптанган.
Ал тарыхый инсандын образына топтогон билимин айкалыштыруу менен “Доордун тогошуусу. Шабдан баатыр” деп аталган документалдуу роман жазды. Бул көлөмдүү чыгарманын жанрын белгилөө кыйын, анткени бул илимий монография эмес, формасы боюнча ал тарыхый роман, бирок ал баатыр жөнүндө маалыматты так жеткирүүгө умтулгандыктан, аны даректүү деп айтууга болот. Бул китепте ал окурмандарга Шабдан баатырдын кандайдыр бир тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алуусунун себептерин түшүндүрүүгө аракет кылган. Ал окуяларга баатырдын көзү менен карап, анын сезими менен кабыл алып, анын логикасын түшүнүп, анын иш-аракети жоопкерчиликтүү адамдын иш-аракети экенин, биринчи кезекте бүткүл үй-бүлөнүн жана кала берсе, өз элинин узакка созулган кызыкчылыгын, анын тарыхын жетекчиликке алган деген ойду окурмандар кабыл алуусун каалаган.
Китептин мазмунун кайталоонун кажети жок деп ойлойм, аны окугусу келгендер арабызда арбын экенине ишенем. Китеп кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн. Китепти окугандардын биз менен бөлүшкөн ой-пикирлерине караганда, роман чоң кызыгууну жаратып, тарыхыбызды билгиси келген көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланды. Китептин келечеги алдыда деп ойлойм.
Жаңыл эже атасы ага тапшырган миссияны татыктуу аткарып, анын өтөөсүнө чыкты. Аны аткаруу эжеге оңойго турган жок, чымырканып иштөөгө туура келди, анткени ал китепти аяктап калганда өзүнүн айыкпас ооруга чалдыкканы жөнүндө билген эле. Ал 2018 жана 2019-жылдары китептин үстүндө катуу иштеди. Китеп жазуу идеясы андан мурда эле пайда болгон эле, ал узак убакыт бою келечектеги китептин өзүнчө фрагменттерин акырындап түзүп отуруп, кийин өз алдынча бир чыгармага бириктирген. Жаңыл эже бул китепти кандай болсо да, жарыкка чыгарууга жана аны окурмандарга тартуулоого бардык күч-аракетин жумшады.
Ошол эле учурда, китеп анын жашоосун улантууга жардам берип, улам алдыга сүрөп жатты. Мен муну менен эжени өкүттө калды дегендей угулушун каалабайм, анткени ал айыкпас ооруга чалдыкканын жана анын абалы тууралуу биз билерибизди билип туруп, эч качан наалып, арызданган эмес. Ал китептин уландысын жазууну кыялданып, ал болочок китептин каармандары – татыктуу инсандар Шабдандын балдары болушу керек деген пландарды түзүп жүргөн. Эми алар жөнүндө башка авторлор жазат деп ишенгим келет.
Мен Володя экөөбүздүн бул китепке аз да болсо салым кошууга мүмкүнчүлүк алганыбызга кубанычтамын. Чыгарманын орус тилиндеги вариантына мыкты редактор, жазуучу, биздин досубуз Олег Бондаренко редактор болгон. Жаңыл эже бизге китепти сын көз менен карап окуп чыгышыбызды сунуштады. Ал үчүн жакын адамдарынын пикири өтө маанилүү эле. Анын үстүнө биз бул темага жакын болчубуз, анткени буга чейинки баарлашуубузда башкалар менен катар эле Шабдан баатырдын жана анын уулдарынын доорундагы тарыхый окуяларды бирге талкуулап, ага Москванын жана Санкт-Петербургдун архивдеринен чоң атасына тиешелүү документтерди табууга жардам бергенбиз. Володя экөөбүз китепти кунт коюп окуп чыккан соң, Олег, Жаңыл эже болуп чогулуп талкуулап, ар бирибиз өзүбүздүн оюбузду айтканбыз, жыйынтыгында эмнени кабыл алып, кандай пайдалануу керектигин Жаңыл эже өзү чечкен.
Ал китепти жазып бүтөйүн деп калганда, Жаңыл эже менен бирге Гүлнара Айтпаева жетектеген «Айгине» маданий-изилдөө борбору уюштурган 1916-жылдагы окуялар боюнча эл аралык конференцияга катышууга Каракол шаарына барып калдык. Бул кызыктуу, өтө мазмундуу окуя болду, ал жаз айы аяктап калган мезгилде, күнөстүү жайдын алгачкы күндөрүндө, жаркыраган Ысык-Көлдүн жээгинде өттү. Эже катышуучуларга үй-бүлөлүк архивдеги Ыбрайым Төлө ажы уулунун оригиналдуу баалуу кол жазмасын көргөзүп, чоң эргүү менен сүйлөп бергени эсимде. Бул илимий форумда анын ар бир сөзү кол чабуулар менен коштолуп, сый-урматка бөлөнүп турду.
Мындан бир аз мурдараак, эрте жазда Жаңыл эженин сунушу менен Ысык-Көлгө барып, айыл мугалимдерине Кыргызстандын аймагынын Россия империясынын курамына киришине түрткү болгон окуяларды, 1916-жылдагы драма жөнүндө жана мен көп жылдардан бери өткөрүп келаткан, Жаңыл эже да ардактуу мейман болгон айыл мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдеринин сынагы тууралуу айтып бергенбиз. Эми артка кылчайып, ага анча маани бербей, айткандарын кулак сыртынан кетирген айрым мугалимдер эмнени жоготкондугун билишти болду бекен деп ойлоп, ичим ачышат. Алар эмнеге чогулгандарын деле жакшы түшүнүшпөй, көбү үй тиричилигин ойлоп, телефондорун чукулап, бири-бири менен сүйлөшүп отурушкан эле…
Ал эми алардын маңдайында көптү билген, түшүнгөн, окуган, көргөн адам олтурган эле! Андайды элибизде “маалымат уюткусу, казынасы” деп коет эмеспи. Анткени, биз катышууга мүмкүнчүлүк болбогон окуяларга күбө болгон жакын адамдарыбыздан же жөн эле тааныштарыбыздан ал окуялар жөнүндө сурабай калганыбызга, же аларды терең изилдеп, көптү билүүгө умтулбаганыбызга кийин өкүнүп, «чыканак тиштеп» калабыз. Анан ал адамдар бизди түбөлүккө таштап кете беришет.
Бирок, бир окуя мени кубандырды. Бул семинардын уюштуруучусу Шабдан баатырдын үй-бүлөсүндөгү келиндердин бири, айылда жеке башталгыч мектеп түптөгөн жигердүү Мээрим болду. Биз анын үйүндө мейманда болуп, үч уулунун бири– 13 жаштагы Жандан аттуу өспүрүм менен тааныштык, анын ысымы Жантай жана Шабдан деген ысымдардан куралып коюлуптур. Көрсө, ал окууга аябай кызыккан, мектептеги алдыңкы окуучулардын катарындагы окуучу экен, бош убактысында аймактык край таануу музейине барып, ыктыярчы катары кызматкерлерге жардам берип жүрүптүр. Аны эч ким чакырбаса деле, өз каалоосу менен барып жүргөнүн угуп кубандык. Балким Жаңыл эжени ушунча түйшөлткөн ишти ошол сыяктуу балдары улантаар, ким билет?
Кайра келе жатып Боом капчыгайындагы 1916-жылы курман болгондордун эстелигине токтодук. Күн бир аз суук тартып калган эле, Володя саякаттап жүргөн кезде перулук индейлерден сатып алган чоң жылуу пончосун чечип, Жаңыл эжени ороп койсо, ал жаш баладай таттуу жылмайганы көз алдымда сакталып калды.
1916-жылы курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскердик.
Жаңыл эже менен болгон бир маек Володя экөөбүздүн эсибизде. Ал оорусу күчөп үйдөн чыкпай калганда, бизге телефон чалып: “Мен профессионал тарыхчы болбосом да, тарыхчылардын арасында менин пикиримди сыйлап, уккандар бар экенин жакшы билем. Тарыхый изилдөөлөрдө, өзгөчө 1916-жылдагы тема боюнча колдоо таппаган учурда, сиздердин изилдөөңүздөр менен мен жакшы тааныш экенимди оппоненттерге айтып, менин пикириме таяна берсеңиздер болот, анткени мен сиздер туура жолдо экениңиздерге көзүм анык жетет” – деген эле.
Биз аны менен Кыргызстанда, балким, Кыргыз улуттук университетинде, балким, өз алдынча билим берүү музейин түзүү жөнүндө көп жолу сөз кылганбыз. Азырынча бул ишке аша элек, бирок турмуштагы эң жооптуу миссиясын аткарып кеткен бул улуу адамдан үлгү алып, ал идеяны сөзсүз ишке ашыруу керек.
Биз депутат, жазуучу Каныбек Иманалиевдин чакыруусу менен Чоң-Кеминге чогуу барып, Кайыңды айылындагы мектепте ачылган музейдин салтанатына катышканыбызда, Жаңыл эже ал музейге китептерин белек кылган эле, бирок ал кезде анын романы жарыкка чыга элек болчу. Эми бул мектепке Жаңыл Абдылдабек кызынын китебин биз беребиз. Ошол сапарыбызда ал бизге Шабдан баатырдын мүрзөсүн жана араб тамгалары менен жазылган ташты көрсөткөн эле, андан анча алыс эмес, ээн жерде жыгач стол, отургучтар орнотулган экен.
Бул жерге Жаңыл эже жана анын жакындары келишип, айтылуу ата-бабаларынын бейитине зыярат кылып, жашоо-турмушу тууралуу ой толгошоору шексиз. Ошондо мага Жаңыл эженин ата бабалары жаткан жерди айланып карап чыгып жатканы кадыресе көрүнүштөй сезилген эле, көрсө, ал ар дайым басса-турса өз миссиясын аткарып, көрүп-билгендерин өзүнөн кийинкилерге өткөрүп берүүгө даярданып жүргөн тура, мен аны кийин түшүндүм
[1] Жаңыл Абдылдабек кызынын “Тагдыр” (“Судьба”) автобиографиялык баяны.
[2] Шабдан Жантаев: Доор жана инсан (Эпоха и личность): Документтер жана материалдар/ Түзүүчүлөр: Ж.Абдылдабек кызы, Д.Ш. Кызаева, Д.Б. Сапаралиев ж.б.. Бишкек: Шам, 1999, 10-бет.
[3] Жумушчу факультет (рабфак)– жумушчу факультеттер 1919-жылдан баштап 1940-жылга чейин болгон жана жогорку окуу жайга даярдоочу курстун милдетин аткарган, жумушчу факультеттер ал кездеги билим деңгээли жетишсиз жаштарга билим алууга кеңири жол ачуу үчүн керек болгон.
[4] Чечен (кырг. яз) – акылман, сөзмөр.
[5] Баймырзаев Б. Абдылдабек Самүдүн уулу (Тайгурөңов). – Б: “Бийиктик” 2006, 16-17-бет.
[6] Кошок – кыргыздын өлүм-житимде кошкон салттуу ыр түрмөгү.
Жаңыл Абдылдабек кызынын бул сайттагы макаласы:
ЖАНТАЙ ХАН ЖАНА ШАБДАН БААТЫРДЫН ӨМҮР ЖОЛУНДАГЫ ДАТАЛАР ЖӨНҮНДӨ