УБАКЫТ ТУУРАЛУУ ОЙ-ТОЛГООЛОР

КИТЕП 2021. ТЭЦУ АКИЯМА: КЫРГЫЗ БААТЫРЫ ЖАНА РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫ

 

Tetsu Akiyama. The Qїrghїz Baatïr and the Russian Empire. A Portrait of a Local Intermediary in Russian Central Asia. Series:  Islamic Area Studies, Volume: 05. — 2021. 144 б

Тэцу Акияма. Кыргыз баатыры жана Россия Империясы

Brill басмаканасынын сайтындагы китепке шилтеме: The Qїrghїz Baatïr and the Russian Empire. A Portrait of a Local Intermediary in Russian Central Asia

 


Биздин сайтыбыздын тарыхка кызыккан окурмандары менен жаңылыктарды бөлүшөбүз. 2021-жылдын апрель айында жапон тарыхчысы Тэцу Акияманын “КЫРГЫЗ БААТЫРЫ ЖАНА РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫ” деген китеби англис тилинде жарык көргөн, ал эми 2021-жылдын июль айында ал басмакана китептин электрондук вариантын чыгарды.

Brill Эл аралык басма үйү 1863-жылы негизделген, анын башкы кеңсеси Лейденде (Голландия) жайгашкан, бөлүмдөрү АКШ, Германия, Сингапур жана Пекинде бар. Аталган басмакана гуманитардык жана социалдык илимдерге, эл аралык укук жана илимдин кээ бир тармактары боюнча китептерге адистешкен.

Тэцу Акияма 2019-жылы Кыргызстанга келгенде

Тэцу Акияманын китеби “КӨЧМӨНДӨР БААТЫРЫ ЖАНА РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫ: КЫРГЫЗДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН БИРИНИН ТУРМУШУНАН” деген аталышта мурда жарык көргөн китебинин кайра иштелип, кошумчаланып кайра басылган варианты болуп эсептелет, ал китеп 2018-жылы мартта Бишкекте автор тарабынан окурмандарга сунушталган. Биз сайтыбызда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн ал иш-чара жөнүндө кабарлаганбыз. Тилекке каршы, китеп ал кезде кыргыздардын көпчүлүгүнө бейтааныш жапон тилинде гана болгондуктан, биз негизинен автордун айтуусу боюнча түшүндүрмө бергенбиз. Ал иш-чара жөнүндөгү макалага шилтеме төмөндө бар. Жапон окумуштуусунун эмгеги көпчүлүгүнө өтө кызыктуу экендиги талашсыз, эң оболу сырттан баам салганда өзгөчө кызык болсо керек. Анда олуттуу архивдик материалдардын негизинде 19-кылымдын аягындагы – 20-кылымдын башындагы кыргыздын ири тарыхый инсандарынын бири Шабдан баатырдын (1840-1912) өмүр таржымалы иликтенген. Өмүр даталары боюнча басылмага шилтеме төмөндө келтирилген.

Автор архивдик документтердин көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын архивдик фонддорунан, ошондой эле Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызынын үй-бүлөлүк архивинен алган.

Китептин жаңы англисче версиясы учурда басмакананын веб-сайтында электрондук жана басма версияларында сатылууда, шилтеме жогоруда берилген.

Биз ал монографияны бул жерде сайтка жарыялоого укугубуз жок. Азырынча китепти кыргыз жана орус тилдерине которууга уруксат сурап кайрылганбыз. Кызыккан окурмандар китептен тандалган үзүндүлөрүн ошол эле жерден, Brill басмаканасынын сайтынан көрүп, бул эмгектин толук библиографиясы менен тааныша алышат.

Басмаканадан берилген кыскача аннотациясы (котормо):

Тецу Акияма XIX кылымдын ортосунан 20-кылымдын башына чейинки көчмөн Орто Азиядагы империя куруунун динамикасын жана дилеммаларын ачык сүрөттөп, түндүктөгү кыргыз уруусунун лидери Шабдан Жантай уулунун (болжол менен 1839-1912) өмүр баянын реконструкциялайт. Акияма Орто Азия жана Россия мамлекеттеринин архивдеринде сакталган алгачкы булактарды ар тараптуу изилдөөнүн негизинде Шабдандын Жети-Суунун түштүгүндө жана анын тегерегинде Россия империясынын аскердик жүрүшүнө жана жүргүзгөн бийлигине болгон ортомчулук ролун изилдеп карап чыкканга аракеттенген. Россиянын ишенимдүү союздашы деген өңүттө мурдараак жалпы кабыл алынып калган стереотиптен тышкары, ал бул жерде стратегиялык жактан орус үстөмдүгүнө каршы турган жана ага каршы күрөшкөн ийкемдүү жана катаал лидер катары көрүнөт.

Окурмандардын чөйрөсү: Борбордук Азиянын/Евразиянын жана Россия империясынын жаңы тарыхына кызыккандарга жана жергиликтүү тургундардын, анын ичинде көчмөндөрдүн көз карашында заманбап империялардын тарыхына кызыккандардын баарына арналат.


ЖАПОН ОКУМУШТУУСУ ТЭЦУ АКИЯМА БАЯНДАГАН КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫНДАГЫ ЖАНТАЙ ХАН ЖАНА ШАБДАН БААТЫР ЖӨНҮНДӨ

ЖАНТАЙ ХАН ЖАНА ШАБДАН БААТЫРДЫН ТУРМУШУНДАГЫ ДАТАЛАР ЖӨНҮНДӨ

 

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *