УБАКЫТ ТУУРАЛУУ ОЙ-ТОЛГООЛОР

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫ ЖАПАН ОКУМУШТУУСУ ТЭЦУ АКИЯМАНЫН БАЯНДАМАСЫНДА

“КӨЧМӨНДӨР БААТЫРЫ ЖАНА РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫ: КЫРГЫЗДЫН БИР ЭЛ БАШЧЫСЫНЫН ӨМҮР БАЯНЫНАН” –«University of Tokyo Press» басмаканасы жапан изилдөөчүсү Тэцу Акияманын ушундай аталыштагы 243 барактуу монографиясын басып чыгарды. Китептин автору тарыхый изилдөөлөрдө колдонулуучу заманбап ыкмалардын бирөөнү, атап айтканда, документтерде чагылдырылган Шабдан баатырдын инсандык жана өмүр баян призмасы аркылуу  XIX кылымдын ортосу, XX кылымдын башындагы Россия империясынын колониялаштыруу жана таасир этүү аймагын кеңейтүү жана аймакты башкаруу түзүлүшү үчүн күрөшүү мезгилиндеги кыргыздар менен ич ара алакасын талдап, ушуга байланыштуу коомдук кайра куруулар жөнүндө кыргыздар башынан өткөргөн окуяларды талдап берген.

Бул өтө кызыктуу экени күмөнсүз.

Китеп али Кыргызстанда жарык көрө элек. Азыркы учурда аны орус тилине которуу иштери жүрүп жатат, аны кыргыз тилине которуу иши да талкууланууда.

Ошого карабастан, автор Кыргызстанга келгенде китепти кыргыз тарыхчыларына сунуштаган. Ал төмөнкү эки иш-чарага катышканда өзүнүн сунушун билдирген:

  • 2018-жылдын 3-мартында  — Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде “Кыргызстан
    Тэцу Акияма Ж.Баласагын атындагы КНУда

    тарыхы жапан окумуштууларынын көз карашы менен” деген темадагы семинарда бул тууралуу кеңири сөз болду. Семинарды өтө жогорку чеберчиликте  алып барган ректор Канат Жалилович Садыковдун жардамы менен угармандар али жарык көрө элек китеп жөнүндө мүмкүн болушунча арбын маалымат ала алышты. Талкуу учурунда тарыхчылар жана жалпы эле Кыргызстандын, Россия империясынын жана Шабдан баатырдын тарыхына кызыккандар тарабынан суроолордун өтө эле көп болгондугу, ал китептин жарык көрүшүн чыдамсыздык менен күткөндөр арбын экенин айгинелейт.

 

  • 2018-жылдын 5-мартында – КР УИАнын Тарых жана маданий мурастар институтунда “ХIХ
    Тэцу Акияма в УИН КРнда кереге кеңештин катышууучулары менен

    кылымдын экинчи жарымында жана ХХ кылымдын башында орус бийлигинин контексттеги кесилишинде Евразия жана Ислам көчмөндөрүнүн дүйнөсүндөгү Кыргызстандын тарыхы” (Шабдан баатырдын өмүр баянынын үлгүсүндө) темасында тегерек стол өттү.

Кереге кеңештин модератору КР УИА Тарых институтунун директору Аблабек Асанканович  Асанканов болду. Ага ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, Япония мамлекетинин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Харада Кадзуя жана ошондой эле КР УИАнын вице-президенти Осмон Тогусаков катышты. Тегерек столдо талкууга коюлган маселелер кеңири болгондуктан, 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө да сөз козголду.  Ага байланыштуу Владимир Шварц бул тема боюнча документтер жана жарыяланган материалдар базасы жөнүндө кыскача маалымат берип өттү. Ал маалыматтар угармандардын зор кызыгуусун жана ар түрдүү пикирлерди жаратты.

Биз китептин мазмуну жана  аннотациясынын котормосу менен таанышып, талкууларга катышкан соң, жапан окумуштуусу өзү иликтөөгө алган теманы үстүртөдөн эмес, тереңден изилдеп чыккан экен деген пикирде калдык. Андыктан биз да котормонун чыгышын жана Тэцу Акияманын дагы келишин чыдамсыздык менен күтөбүз. Ушул темага тиешелүү жаңылыктарды сайттын окурмандарына жарыялап турмакчыбыз.


Дагы:

ЖАНТАЙ ХАН ЖАНА ШАБДАН БААТЫРДЫН ӨМҮР ЖОЛУНДАГЫ ДАТАЛАР ЖӨНҮНДӨ

1916 жылы окуялар жөнүндө (орус тилинде):

Летопись 1916 года по дням
Статьи о событиях 1916 года
Документы событий 1916 года
Сборники материалов о событиях 1916 года


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *