![]() |
ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. Менин таятам. Акын жана драматург. 32-жашта согушта курман болгон |
![]() |
САГАЛЫ ЭГИЗОВ — Гүлсурук эжекемдин күйөөсү. Ал фронтто курман болгондо 30 жашка чыга элек болчу |
![]() |
АПСЕКЕ (АБДЫСАЛАМ) БАКИРОВ (ДАНИЯРОВ) — атам Санжарбек Данияровдун агасы. 28-жашта курманболгон. |
![]() |
КУБАНЫЧБЕК МОЛДАХМАТОВ — Үмү-Күлсүн Молдахматова таенем, акын Жусуп Турусбековдун жубайынын агасы. Полшада курман болгон. |
![]() |
АСАНБЕК МОЛДАХМАТОВ -Үмү-Күлсүн Молдахматова таенем, акын Жусуп Турусбековдун жубайынын агасы. Бүткүл согушту башынан өткөрүп, тирүү кайтып келди. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын сүрөтчүсү болгон |
АТКАРЫЛГАН ИШТЕР ЖӨНҮНДӨ
Бир эле атаңыз кайтып келиптир да. Жүрөк титиреген жоготуулар. Жаркын элестери эч өчпөсүн.
Жылуу сөздөрүңүзгө чоң рахмат, Гүлнар! Ооба, мындай жоготуулар дээрлик ар бир үй-бүлөдө бар…