ЖУСУПТУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

ЖУСУП АКЫН, АНЫН ДООРУ, ӨМҮР ЖОЛУ

Өзүн көрбөсө да, сөзүн таберик туткан небересинин билгендери.

Жусуп портрет. 1933
Жусуп портрет. 1933

Тээ 1935-жылы 25 жаштагы акын өз элинин тарыхындагы эң кайгылуу окуяны баяндаган драмасына «Ажал ордуна» деп жакшылыктан жар салган ат койгон экен. Кыргызды каран түнгө кабылткан 1916-жылдагы Үркүн жөнүндөгү бул пьесаны көрүүчүлөр жан дили менен кабыл алыптыр! Албетте, ушундай болмок: биринчиден, бул апааттан калган жүрөк жарааты айыга элек эл өнөр секисинен өз тагдырын көргөн. Экинчиден, Жусуп Турусбеков өзү ошол окуяны баштан кечирген – алты жашында ата-энесин ээрчип ак кар, көк муз каптаган ашуудан ашып чоочун жерге качпады беле… Балтыр эти ката элек чагында эл менен бирге Кытайдын Кашкарына чейин жөө баскан. Ашуу азабынан оор кеселге чалдыккан ата-энеси туулган жерге, чалкып жаткан касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгине кайтып келгенде көз жумушту!

Тоголок жетим калып, турмуштун запкысын эрте тарткан баланын келечеги кандай болмок?..

ХХ кылымдын биринчи жарымындагы доор алмашкан кыйын кезеңдеги карама-каршылыктуу өзгөрүүлөрдү көзүменен көрүп, тозоктой азабын тартуу менен эле чектелбестен, кыргыз элинин тарыхый тагдырында чечүүчү мааниге ээ болгон эң орчундуу маданий окуяларга өзү да түздөн-түз катышкан чыгармачыл инсандын басып өткөн кыска, бирок нускалуу өмүр жолунан айрым сүртүмдөр…

Ар кайсы туугандарынын колунда жүргөн Жусуп 10 жашар курагында Түптө багар-көрөрү жок эркек балдар монастырынын ордуна ачылган жатак мектепке кирип калат. Кат-сабаты ачыла баштаган күндөн тартып элеболочок акын жана драматург билимге ынтызарлыгын, чыгармачыл шык-жөндөмүн көрсөтөт. Ал көп окуп, кайда жүрсө да колунан китеп түшүрбөйт. Киндик каны тамган Көк-Сайга жайкысын китептерин ала келип, кичине эле бош убакыт тапса окуп жүргөндүгүн жердештери да эскерчү. Жусуп колуна тийген кыргыз, казак, татар тилдериндеги, ошондой эле интернатта үйрөнгөн орус тилиндеги китептерди көп окуйт.

Заман капшабы менен бирге, жетимчиликтин азабын да тарткан өспүрүм үчүн билим алуу мүмкүнчүлүгү

Кыргызмамбас, Киргосиздат, QЬRQЬZ MAMLEKET BASMASЬ, 1930-е г
Кыргызмамбас, Киргосиздат, QЬRQЬZ MAMLEKET BASMASЬ, 1930-е г

теңдешсиз бакыт эле. Ошол мезгилде Кыргыз автоном облусунун (кийинчерээк – автоном республикасынын) борборунда эне тилдеги алгачкы гезиттер “Эркин Тоо” (1924-жылы) жана “Ленинчил жаш” (1926-жылы) чыга баштаган. Редакциялык штабда кесипкөй кызматкерлердин чакан тобу иштеп, аларга жер-жерлерден жаңылыктарды сабаты ачылган жумушчулар жана ыктыярдуу кабарчылар жиберип турган. Ошолордун бири Жусуп эле. Ошентип, тагдырындагы бул бурулуштан кийин ал өмүр бою чыгармачыл мейкиндиктин кайнаган чордонунда болуп калды.

Ата-эненин камкордугунан айрылган Жусуп жаштайынан эле өз алдынча, тайманбасадам болуп калыптанган. Окуу жайынын жетекчилеринин аксым жоруктарын ашкерелеп, кереге гезитке жазыпганы үчүн интернаттан чыгарылганы мунун бир күбөсү.

Акыйкат издеп Фрунзеге келип, «Ленинчил жаш» гезитиин редакциясынан жумушка орношот. Ошол жылдарда борбор шаардагы турмуш өзгөчө эле: алгачкы гезит, журналдар чыгып, 1926-жылы Кыргызмамбас (Кыргыз мамлекеттик басмасы) түзүлгөн. Дилгир жаштар түптөгөн музыкалык драма студиясы 1930-жылы кесипкөй театрга айланып, кийинчерээк Мамлекеттик опера жана балет театры болуп кайра түзүлгөн. 1928-жылы Базаркул Данияров, Сыдык Карачев, Касым Тыныстановдор 1928-жылы түзгөн «Кызыл учкун» адабий ийриминин ишине Жусуп жигердүү катышып турган. Бул топко кирген калемдештери акын Мукай Элебаев, жазуучу Касымаалы Жантөшев, келечектеги манастаануучу Ташым Байжиев жана башкалар дээрлик баары кийинчерээк кыргыздын кесипкөй адабиятын түптөөгө зор салым кошуп, рухий таберик калтырышты. Ошол кездешүүлөр кандай маанайда болгондугун элестетеличи: адабият жөнүндө кызуу талаш-тартыштар, жандуу стиль, чыгармачыл эргүү, жаркын келечекке болгон бекем ишеним, көч башылык парзды сезип-туйгандык!..Совет мезгилиндеги «Жаркыра, менин жылдызым!» (“Гори, гори, моя звезда”) фильмин көргөндөр ошол доордун Искремастай өкүлдөрү кандай дем-күч менен жашагандыгын түшүнөт. Дал ошол мезгилде Жусуп Турусбеков алгачкы ырларын жарыялап, адабий чөйрөгө аралашкан. Замандаштары эскергендей, жаш акын өзүнүн эле чыгармаларын эмес, редакцияга келип түшкөн башка авторлордун жазгандарын да жигердүүлүк менен редакциялайт. Ал башка акын, жазуучулардын чыгармачылык өсүшүнө көз салып, калемдештеринин ийгилигине чын дилинен кубанат.

Сов бюро коллектива ВЛКСМ при Тверской окружной совпартии
Сов бюро коллектива ВЛКСМ при Тверской окружной совпартии

Жусуптун ал кездеги көксөгөнү – билим алууну улантуу. Акыры бул тилеги орундалып, 1928-1931-жылдары Тверь шаарындагы совпартиялык мектепте окуду, каникул учурунда «Ленинчил жаш» гезитине редакторлук да кылды. Эмне үчүн адабий институтка барбадың же акындыгыңды таштап саласыңбы дегендерге минтип даана жооп берчү: эң башкысы – билим алуу, калганы – таланттан. Турмуштук жаңы тажрыйба, жаңы чөйрө, туулган жерден алыста жүргөндөгү кыйынчылыктар, Маяковскийдин чыгармачылыгына абдан кызыгып, кыйла жакындан таанышуу, Пушкин, Есенин жана башка улуу акындардын чеберчилик сырларынүйрөнүү – мунун баары Жусуп Турусбековдун рухий жетилишине зор таасир эткен. Ата журтуна билими, ой чабыты жетик инсан болуп кайтып келген Жусуп чыгармачыл ишмердикке мурдагыдан да катуу киришип, «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттеринин, Кыргызмамбастын редактору, Жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси жана Кыргызстандын республикалык драма театрынын деректири болуп иштеди. Ошол кезде Ж.Турусбеков болгону 22-24 жаштарда эле.

Бул учурда Жусуп педагогикалык техникумдун бүтүрүүчүсү, арзышканы Молдахматова Күлсүнгө үйлөнгөн.

Жусуп жана Күлсүн. 1932
Жусуп жана Күлсүн. 1932

Ал экөө үч баланын ата-энеси болуп, тун кызын Маяковскийдин музасы Лиля Бриктин урматына Лиля деп аташкан.

Дал мына ошол мезгилде акындын «Жусуптун ырлары” (1932), “Шайыр жаштар” (1933), “Тандалмалар” (1935), кийинчерээк “Мекен” (1939) деген поэтикалык жыйнактары жарык көргөн. Анын чыгармачылыгынын негизги темасы жаратман эмгекти даңазалоо болгон. Анан акындын ырларына обондор да жазыла баштайт. Чогуу эмгектенүүнүн ыракаты менен кыздын ажары жогорку көркөмдүктө чагылдырылып, темага лирикалуулук жана сүйкүмдүүлүк тартуулаган юмор менен жаш cулууга арнап жазылган “Кызыл жоолукчан” деген ырына жаш композитор, келечектеги ар кыл жанрдагы көптөгөн музыкалык чыгармалардын автору Абдылас Малдыбаев обон жараткан. Жалпыга таанылган аталган ыр бүгүнкү күндө да унутулбай аткарылып келет. Мындан тышкары акындын «Терим күүсү», «Кара көз»деген ырлары калк арасында кеңири таралган. Ошол эле учурда «Эсимде» деген айтылуу ырына Атай Огонбаев ажайып обон жаратып, биринчи жолумукам үндүү Муса Баетов ырдап чыккан. Музыкасы менен сөзү шайкеш чыккандыктан, калайыктын сүйүктүү чыгармасына айланып, аны жараткандардын ысымдары улуттук маданияттын тарыхына түбөлүк жазылып калды.

Жусуп читает книгу детям. В светлом берете - дочь Лиля. На коленях - сыновья
Жусуп читает книгу детям. В светлом берете — дочь Лиля. На коленях — сыновья

Эркин эмгек, тууган жердеги өзгөрүүлөр темасына кайрылуу менен, Жусуп ырдын формасына жана сөзгө эксперимент жасайт. «Ук, жер жүзү!» деген ырында Маяковскийдин таасири байкалат, бирок бул туурагандык эмес, эне тилде жаңы ыкмалардын эркин колдонулушу. Ушул эле жылдары Жусуп А.С. Пушкиндин “Чакан трагедиялар” түрмөгүнөн “Таш конок” пьесасын жана кыргыз окурмандары үчүн башка да чыгармаларды (мисалы, Генрих Гейненин ырларын) которот.

Жусуп балдарга арналган чыгармаларында аларды билим алууга көркөм тил менен үндөйт.

Жеке турмуш тажрыйбасы, жердештеринен сурап-билгендери, көпчүлүгүнүн тагдыры өзүнө окшош акын достору менен пикир алышып жүргөндүгү, адабий-редакторлук татаал жумушту аркалагандыгы, сөз менен көшөрө иштегендиги жана чыгармачылык даремети, кыргыз элинин ХХ кылым башындагы эң оор окуясы – 1916-жылдагы көтөрүлүш,Кытайдагы көргөн азап-тозок жана мекенге кайтып келүү – тууралу сахна үчүн «Ажал ордуна» деген мыкты драмасын жазууга мүмкүндүк берди. Алгач бул чыгарма басылып чыгарылып, анан Абдылас Малдыбаевдин музыкасы менен коштолуп театрга коюлган. Бирок спектаклдин ийгилиги, көрүүчүлөрдүн ашкере кызыгуусу чыгарманы музыкалык драмага айландырууга шыктандырып, анын музыкасын чыгармачыл кызматташтыкта А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Фере жазган. Пьесанын дал мына ушул варианты 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасы учурунда чоң ийгилик менен көрсөтүлгөн жана кийин да көптөгөн жылдар бою сахнадан түшкөн эмес.

Аталган декадада көрүүчүлөр кыргыздын «Семетей» эпосунун мотиви боюнча коюлган «Айчүрөк» операсы менен да таанышкан. Либреттону Жусуп Турусбеков, Кубанычбек Маликов жана Жоомарт Бөкөнбаев чыгармачыл кызматташтыкта жаратып, ал эми музыкасын А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Фере жазган. Арадан 75 жыл өтсө да опера театрдын сахнасынан түшпөй келет, анын бүгүнкү күндө да көптөгөн күйөрмандары бар.

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш майданына чакырылган кезде, 31 жаштагы Жусуп Кыргызстанда

"Ажал ордуна". Сцена из спектакля 1938 год
«Ажал ордуна». Сцена из спектакля 1938 год

белгилүү акын жана драматург катары таанымал эле. Ал чыгармачыл адам катары брон алып согушка барбай койсо деле болмок. Бирок ал мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланбай, майданга аттанып, 1943-жылы салгылашта окко учат.

Акындын чыгармачылыгы согуш талаасында да токтоп калган жок. Согуш отун кечип жүрүп жазган ырлары «Кызыл Кыргызстан» жана «Ленинчил жаш» гезиттерине байма-бай жарыяланып турган. Сүйүктүү жарынан: «Блокнот, блокнот, блокнот жөнөт!» — деп суранып жазган катынан үзүндү сакталып калганыда бекер эместир.

Өзү майданда жүрүп, фашисттик баскынчылар менен болгон кармашта күн сайын өлүм коркунучуна кабылып турса да, «Каракчынын трагедиясы» деген поэмасын жазат. Акындын пикиринде бул согуш – Германия үчүн да трагедия. Анткени немис эли бир ууч адамдардын кызыкчылыгы менен ач көздүгүнөн улам апаатка тушукту…

Окоптордо жазылган бул чыгарманы Жусуп талаа почтасы аркылуу өзү согушка чакырылганга чейин редактор болуп иштеген «Кызыл Кыргызстан» гезитине жөнөткөн. Ошентип, поэма согуш катуу күч алып турган мезгилде, гезиттин 1942-жылдагы №1 санына жарыяланат.

Жебедей сызып өткөн учкул өмүр… 33 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан акындын баскан жолу кандай татаал, кандай мазмундуу! Бул – бөтөн жерге качып-тозгон, кайра Ата Журтуна кайтып келген эли менен тагдырлаш, сүйгөнү менен баш кошуп, калемдештери менен чыгармачыл баарлашып, тууган жердеги алгачкы басма мекемелеринде кызыктуу иштеген, Мекенин душмандан коргоп, кан майданда баатырларча курман болгон улуу адамдын өмүр жолу. Ыргагы элинин жүрөгү менен үндөш ажайып ыр саптарда, поэзиядагы жаңычыл багытында, Үркүн жөнүндөгү терең маанилүү тарыхый драмада, биринчи кыргыз операсынын либреттосунда, дүйнөлүк шедеврлердин эне тилдеги котормолорунда жана мекен сакчысынын поэтикалык доошунда түбөлүк жаңырып кала берген жаркын өмүр.

19.03.2016


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *