2025-жылдын 21-ноябрында Жусуп Турусбеков атындагы № 2 шаардык китепканада майрамдык салтанат болду. Китепкананын 85 жылдыгы жана китепкана ысымын алып жүргөн акын жана драматургдун 115 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
КР Агартуу министрлигинин «Кут Билим» газетасынын сайтында ал иш-чара жөнүндө репортаж жарыяланды. Шилтемеси: ЖООКЕР АКЫН ЖУСУПТУН КИТЕПКАНАСЫНДА
ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ АТЫНДАГЫ КИТЕПКАНА ЖӨНҮНДӨ
Ар бир китепкана Бишкекте мындай көп жылдык тарыхы менен мактана албайт. Китепкана 1939-жылы негизделген. Алгачкы китеп фондунун өзөгүн шаардык балдар китепканасынын филиалынан берилген китептер түзгөн. Китепкана ачылган учурда өзүнчө имараты болбой, башка мекемелердин имараттарында жайгашып иштеген. Мисалы, ал окурмандарды Фрунзе атындагы завод паркындагы клубда кабыл алган. Парк өзү 1935-жылы белгилүү чехословакиялык “Интергельпо” кооперативинин мүчөлөрү тарабынан негизделген.
1957-жылы паркка нацисттик түрмөдө курман болгон чехословакиялык журналист жана коомдук ишмер Юлиус Фучиктин ысымы ыйгарылган. Ал согуштун алдында эки жолу Фрунзе шаарындагы “Интергельпо” кооперативине келген. Парк азыркыга чейин сакталып, сегиз жыл мурда Бишкек мэриясы тарабынан реконструкцияланган.
Китепкана 1959-жылы паркка жакын Б.Бейшеналиева көчөсүнө көчүрүлүп келген жана азыр да ошол жерде иштеп келет. Ошондон тарта китепкананын ишмердүүлүгү жанданып, туруктуу окурмандар топтоло баштаган.
1961-жылдын 10-январында Фрунзе шаардык Кеңешинин чечими менен, кыргыз драматургиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, патриот акын Жусуп Турусбековдун 50 жылдык мааракесине карата китепканага анын ысымы ыйгарылган.
Китепкананын кызматкерлери бул жерге көптөгөн окурмандар келишкенине сыймыктанышат. Улуу муун өкүлдөрү гезит-журнал окуганга келишсе, жаштар сабактарына даярданып, илимий иштерин жүргүзүшөт. Китепкананын окурмандарга кызмат көрсөткөн аймагына №8, №31 мектептер, УВК №9, ошондой эле КУУ, КМЮА, БФЭТ, ИСИТО жогорку окуу жайлары жана С.Чокморов атындагы №10 кесиптик лицей, №100 лицей кирет. Демек, анын окурмандары бул жерди унутпайт.
Китепкананы көп жылдан бери Клара Адылова жетектеп келет. Ал адегенде педагогикалык колледжде башталгыч класстын мугалими адистиги боюнча билим алып, андан соң БМУну “Китепкана иши” кесиби боюнча аяктаган. Китепкана жамааты ынтымактуу, бири-бирин сыйлаган адамдардан турганын байкоого болот.
Бишкек шаарындагы китепканаларга жетекчилик кылуу иши Борборлоштурулган китепкана түзүмү (БКТ) аркылуу жүргүзүлөт. Аны Кулсайра Дандыбаева жетектейт. Ал эми адабий иш-чараларды уюштурууга акын жана журналист Догдурбек Юсупов жардам берет. Догдурбек Юсупов биздин «Биринчи мугалим» конкурсунун калыстар тобунун мүчөсү экенин да белгилей кетели. “Биринчи мугалим” сынактын 14 жыл аралыгында ишмердүүлүгү жөнүндө сайттан тааныша аласыздар: Биринчи мугалим сынагы
Жакында китепканада оңдоо иштери жүргүзүлүп, жарык, ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Ак түс басымдуулук кылган дубалдар, терезелер жана эмеректер эмгектенүүгө кыйла жагымдуу чөйрө түзүп турганы байкалат.
О ЖУСУПЕ ТУРУСБЕКОВЕ
Китепкана 64 жылдан бери Жусуп Турусбековдун (1910-1943) ысымын алып жүрөт. Жалын жүрөк акын кыргыз элине жаңычыл поэзиясы жана алгачкы драмалык чыгармаларынын бири – “Ажал ордуна” пьесасы менен белгилүү. Бул чыгарма “Үркүн” темасына арналган. Анын алгачкы вариантына Абдылас Малдыбаев музыка жазган жана 1934-жылы коюлган. 1939-жылы Москвадагы кыргыз искусствосунун он күндүгүнө карата А.Малдыбаев, В.Власов жана В.Фере тарабынан музыкалык жаңы вариант түзүлүп, көп жылдар бою сахнадан түшкөн эмес. Бул тема азыр да өз маанисин жоготкон жок. Акындын белгилүү чыгармаларынын катарында эл сүйгөн “Эсимде” ыры бар, анын музыкасы таланттуу композитор Атай Огонбаев жазган.
Акын жаш курагында (33 жашта) Улуу Ата Мекендик согушта фронтто курман болгон.
Биз (Санжарбек Данияровдун фонду) иш-чара өтөөр алдында китепкананын дубалдарына Жусуп Турусбековдун үй-бүлөлүк архивинен жана мамлекеттик архивден алынган сүрөттөрдү илип койдук. Ар бир сүрөттө күнү, окуянын өзү жана анда чагылдырылган адамдардын ысымдары көрсөтүлгөн. Бул экспозиция китепкананын окурмандарына акындын жашоосу жана доору менен терең таанышууга өбөлгө түзөт.
21-НОЯБРДАГЫ САЛТАНАТТУУ ЖОЛУГУШУУ
Жолугушууга Борборлоштурулган китепканалар түзүмүнүн жетекчиси Кулсайра Дандыбаева, пресс-катчысы акын Догдурбек Юсупов катышты. Иш-чараны китепкана жетекчиси Клара Адылова алып барды.
Коноктор арасында Бишкек шаарындагы китепканалардын жетекчилери, китепкана ишинин ардагерлери, белгилүү жазуучу жана алыкултаануучу Памирбек Казыбаев, жазуучу Бүбүйра Бектенова жана Жусуп Турусбековдун туугандары болушту. Алар китепканага каалоо-тилектерин айтып, китептерди белек кылышты, ал эми Бүбүйна Бектенова кыргыз пейзажын тартуулады.
Чыгып сүйлөгөндөрдүн басымдуу көпчүлүгү Турусбековго Бишкек шаарында эстелик орнотуу зарылдыгын билдиришти.
Иш-чара концерттик номерлер менен коштолуп, мэриянын музыкалык тобу жана студенттер катышты. Жаш таланттуу ырчынын аткаруусунда “Эсимде” ыры жанырып, С.Чокморов атындагы лицейдин студенттери “Эне” поэмасынан үзүндү көрсөтүштү, ошондой эле акындын ырларын окушту.
Профессор Тыргөөт Чортонбаев өзүнүн чон атасы Үркүн окуясынан кийин жетим калган Жусупту Түптөгү мурунку монастырдын ордуна ачылган интернатка алып барып киргизгенин, болочок акын ошол жактан билим алганы жөнүндө айтып берди.
Тарых музейинин китепканасынын жетекчиси, акындын тууганы, атактуу чабан жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин акыркы төрагасы Таштанбек Акматовдун кызы Назира Акматова да жылуу сөздөрүн арнап, ийгилик каалады.
Акындын небереси (жана бул репортажын автору) Асель Даниярова замандаштарынын эскерүүлөрүнөн цитаталарды окуп Жусуп Турусбековду чыгармачылыкка жан дили менен берилген, берешен жана кайраттуу адам катары сыпаттап өттү.
Бул кош майрам күнү китепкана жетекчилиги жана БКТ жамааты китепкана ишинин төмөнкү ардагерлерине ыраазычылык билдирди:
- Елебаева Рая Илипбаевна – 50 жыл
- Исмаилова Эрмек Жантаевна – 50 жыл
- Жакыпова Жумагүл Асранбековна
- Оркошова Бактыгүл Аскаровна
Эң негизгиси – китепканага кирген окурмандардын агымы эч качан тыйылбасын, эл китепти сүйүп окуй берсин жана мындай жолугушуулар дагы көп-көп өтүп турсун деген каалоо-тилектер айтылды.
Дагы тема боюнча:
иш-чара тууралуу:
КУТБИЛИМ гезитинде: ЖООКЕР АКЫН ЖУСУПТУН КИТЕПКАНАСЫНДА
БКТ баракчасында Фейсбукта: МААРАКЕ. ЫР САБЫНДАГЫ ӨМҮР
Бул сайтта
ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ рубрикасы
ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА рубрикасы
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Эгер сизди кызыктырса жазылыңыз









