1942-ЖЫЛ. ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН «КАРАКЧЫНЫН ТРАГЕДИЯСЫ» ПОЭМАСЫ

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы. Согуш учурунда жазылган поэма.  Акын Жусуп Турусбеков 33 жашында, 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон. Ал учурда атагы чыгып калган белгилүү акын жана драматург эле. Аны согуштан бошоткон кагазы (бронь) болгонуна карабай, фронтко, душмандар менен согушууга аттанган… Балдар үйүндө тарбияланып өскөн жаш акын, баш калаабыздын так борборундагы […]

Толугу менен...

“ОКУРМАНДЫН КИТЕП ТЕКЧЕСИНИН” 10 ТОМДУК СЕРИЯСЫНДА 2015-ЖЫЛЫ ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ БАСЫЛГАН. Бул жерде анын электрондук варианты бар.

Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Ч.Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту “Окурмандын китеп текчеси” сериясында Жусуп Турусбековдун чыгармаларын басып чыгарды. Анын чыгармалары бул сериянын Х томуна Кусейин Эсенкожоевдин поэзиясы менен бир жыйнакка киргизилген. 478 барактын 300 бети Жусуп Турусбековдун чыгармаларына арналган. Өзүнүн кыска, бирок нуска өмүрүндө саналуу гана адабий чыгарма жаратууга үлгүргөн акын жана драматургдун […]

Толугу менен...

ЖУСУП. ТАНДАЛГАН ЧЫГАРМАЛАР. Электрондук китеп

Сиздер китепти толугу менен ушул жерден pdf форматында көчүрүп алсаңыздар болот zhusup-tandalgan-chygarmalar-2016 Биздин Фонд поэт жана драматург Жусуп Турусбековдун тандалма чыгармаларынан турган китепти жарыкка чыгарды. Бул китеп 1916-жылдагы Түркстандагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына арналган. Ошол окуялар Жусуптун эң белгилүү чыгармаларынын бири “АЖАЛ ОРДУНА” драмасынын өзөгүн түзгөн. Андан тышкары, ал китепке акындын согуш жылдарында фронттон жазган “Каракчынын […]

Толугу менен...