Сиздер китепти толугу менен ушул жерден pdf форматында көчүрүп алсаңыздар болот zhusup-tandalgan-chygarmalar-2016
Биздин Фонд поэт жана драматург Жусуп Турусбековдун тандалма чыгармаларынан турган китепти жарыкка чыгарды. Бул китеп 1916-жылдагы Түркстандагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгына арналган. Ошол окуялар Жусуптун эң белгилүү чыгармаларынын бири “АЖАЛ ОРДУНА” драмасынын өзөгүн түзгөн.
Андан тышкары, ал китепке акындын согуш жылдарында фронттон жазган “Каракчынын Трагедиясы” поэмасы жана мектеп программасына кирген “Энем” деген поэмасы да кирген. Тандалманы ошондой эле акындын ушул кезге чейин эл оозунда ырдалып келаткан кээ бир обондуу ырлары толуктады.
Китепти ушул жерде бекер жүктөп алса же a.daniyarova@daniyarov.kg электрондук дарек боюнча жазып, китепти сатып алсаңыздар да болот. Кызыккан окурмандар китепти өз баасына сатып алышат, ал эми китепканаларга жана мектеп мугалимдерине бекер таркатылат.
Бишкектен сырткары жашоочулар өз алдыңарча алып кетесиздер же жеткирип берүү кызматы үчүн акы төлөйсүздөр.
Дагы:
ЖУСУП АКЫН, АНЫН ДООРУ, ӨМҮР ЖОЛУ