ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ АТЫНДАГЫ КИТЕПКАНАДА КОШ МАЙРАМ

2025-жылдын 21-ноябрында Жусуп Турусбеков атындагы № 2 шаардык китепканада майрамдык салтанат болду. Китепкананын 85 жылдыгы жана китепкана ысымын алып жүргөн акын жана драматургдун 115 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. КР Агартуу министрлигинин «Кут Билим» газетасынын сайтында ал иш-чара жөнүндө репортаж жарыяланды.  Шилтемеси: ЖООКЕР АКЫН ЖУСУПТУН КИТЕПКАНАСЫНДА    ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ АТЫНДАГЫ КИТЕПКАНА ЖӨНҮНДӨ Ар бир китепкана Бишкекте мындай көп жылдык […]

Толугу менен...

АКСАЙ АЙЫЛЫНДАГЫ ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕГИ ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН МУЗЕЙИ

Жусуп Турусбеков (1910-1943) — Улуу Ата Мекендик согушта жаш кезинде курман болгон белгилүү акын жана драматург. 1910-жылы Түркстан облусунун Жети-Суу облусунун Пржевальский уездинде туулган. Совет доорунда айыл Күн-Батыш деп аталып, 2003-жылдан бери Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Көк-Сай, Ак-Сай, Эшперов жана Жер-Үй айылдары Болот Мамбетов атындагы айыл аймагынын курамына кирет. Жусуп Турусбековдун поэзиясы мектептерде адабият программасынын алкагында […]

Толугу менен...

АКСАЙ АЙЫЛЫНДА ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН ЖАҢЫРТЫЛГАН МУЗЕЙИНИН АЧЫЛЫШЫ

Тоң районунун Аксай айылындагы акын жана драматург Жусуп Турусбеков атындагы мектепте анын музейи оңдолуп, жаңыланды. Жаңыланган музейдин ачылышы 2025-жылдын 24-майында болуп өттү. Санжарбек Данияровдун коомдук фонду мектептин ичиндеги музейди оңдоп, экспозицияны толугу менен жаңыртты. Бул сайттын конокторуна белгилүү болгондой, бул баяндаманын автору фонддун негиздөөчүсү, директору жана фонддун долбоорлорунун аткаруучусу жана ошол эле учурда Жусуп Турусбековдун […]

Толугу менен...

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН «АЖАЛ ОРДУНА» ДРАМАСЫ – ҮРКҮН ТРАГЕДИЯСЫНЫН КӨРКӨМ ЭЛЕСИ

«Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү». — Б. «Турар», 2017 — 700 б. Бул макалада сөз болгон Жусуп Турусбековдун «АЖАЛ ОРДУНА» драмасын биздин сайттан ушул жерден окуп же жүктөп алсаңыз болот. БАЙГАЗИЕВ С. О., ф.и.д., профессор КББА УРКУНЧИЕВА Г. Ж., БГУда улук окутуучу Пьесанын өзүнө тийиштүү чыгармачылык тарыхы бар. «Ажал ордуна» драмасы 1934–1935-жылдары жаралып, […]

Толугу менен...

АКЫН, ДРАМАТУРГ, КОТОРМОЧУ ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУ ЭСКЕРИП

 2017-жылдын 29-мартында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Жусуп Турусбековдун жаркын элесине арналган “АКЫН ЖҮРӨГҮ ТҮБӨЛҮКТҮҮ ӨЧПӨС ОТ” аттуу эскерүү кечеси өттү. Жолугушуу аябай кызыктуу болду! Сүрөтбаян – ушул жерде. Китепкананын 200 орундук залы көрүүчүлөргө жык толду. Алгачкы сөздү алган китепкананын директору, профессор Жылдыз Кемеловна Бакашова Ж.Турусбековдун басып өткөн жолу тууралуу кеңири баяндама жасады. Андан соң […]

Толугу менен...

«ЖУСУП. ТАНДАЛМА ЧЫГАРМАЛАР» КИТЕБИН КИТЕПКАНАЛАРГА ЖАНА МЕКТЕПТЕРГЕ БЕЛЕККЕ ТАРТУУЛАЙБЫЗ. СИЗ ДА АЛГЫҢЫЗ КЕЛЕБИ?

Фонд Жусуптун чыгармаларын окурмандарга жеткирүү максатында басмадан бастырып чыгарган эле. Ал китепти биз Кыргызстандын мектептери, бардык китепканалары жана ошондой Жусуптун чыгармалары жана ХХ кылымдын 30-жылдардагы поэзиясына кызыккандарга тартуулагыбыз келет.  Китеп 900 нускада басылган. Биз 10-20 китептен Жусуп Турусбеков атындагы шаардык китепканага, А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага, К.Баялинов атындагы Өспүрүмдөр китепканасына, шаардык борбордук китепкана системасына жана ошондой […]

Толугу менен...

ЖУСУП АКЫН, АНЫН ДООРУ, ӨМҮР ЖОЛУ

Өзүн көрбөсө да, сөзүн таберик туткан небересинин билгендери. Тээ 1935-жылы 25 жаштагы акын өз элинин тарыхындагы эң кайгылуу окуяны баяндаган драмасына «Ажал ордуна» деп жакшылыктан жар салган ат койгон экен. Кыргызды каран түнгө кабылткан 1916-жылдагы Үркүн жөнүндөгү бул пьесаны көрүүчүлөр жан дили менен кабыл алыптыр! Албетте, ушундай болмок: биринчиден, бул апааттан калган жүрөк жарааты айыга […]

Толугу менен...