Тоң районунун Аксай айылындагы акын жана драматург Жусуп Турусбеков атындагы мектепте анын музейи оңдолуп, жаңыланды. Жаңыланган музейдин ачылышы 2025-жылдын 24-майында болуп өттү.
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду мектептин ичиндеги музейди оңдоп, экспозицияны толугу менен жаңыртты. Бул сайттын конокторуна белгилүү болгондой, бул баяндаманын автору фонддун негиздөөчүсү, директору жана фонддун долбоорлорунун аткаруучусу жана ошол эле учурда Жусуп Турусбековдун небереси.
Бул баяндамада Жусуп Турусбековдун жаңыланган музейинин ачылышы тууралуу отчет берилген. Музейдин экспонаттары жана анын кыскача тарыхы жөнүндө өзүнчө МУЗЕЙДИН ЭКСПОЗИЦИЯСЫ деген баяндамадан тапса болот.
Окурман көрүп тургандай, “Адамдар›Кыргызстандын инсандары. ЖУСУП” рубрикасында музейдин ачылышы жана анын көргөзмөсүн баяндаган макалалар жайгаштырылган. Бул жерде анын чыгармачылыгы жана өмүрү тууралуу башка материалдар да орун алган, биз ал рубриканы жаңы баяндамалар менен үзгүлтүксүз жаңыртып турууга аракет кылабыз. Шилтемелер аягында.
Музейдин салтанаттуу ачылышы Мекенибиздин адабиятын, маданиятын, тарыхын баалоочулар жана Тоң районунун Аксай айылындагы мектептин жамааты, окуучулары үчүн мектеп турмушундагы маанилүү окуя болуп калды деп ойлойбуз.
Оңдоп-түзөөдөн өткөн музейдин ачылышына мектептин директору Алтын Мусаева баштаган мектеп жамааты, окуучулары, акимчиликтин өкүлдөрү, акындын жердештери жана экспозициянын автору менен бирге акындын неберелери, чөбөрөлөрү, жакындары катышты. Бишкектен белгилүү акын-жазуучулар — Памирбек Казыбаев, Кыялбек Урманбетов, журналист Айнагүл Кашыбаева, Тарых музейинин китепканасынын жетекчиси Назира Акматова келишти.
КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ЫСЫК-КӨЛГӨ КЕЛИШИ
Коноктор бир күн мурун келишип, «Жайчынын» бардык шарты бар эң сонун боз үй-конок үйүнө токтоду. Кожоюну, чабан, облуска белгилүү активист, легендарлуу Таштанбек Акматовдун уулу Баатырбек Акматовго жана жубайы Динарага конокторду жылуу тосуп алып, көрсөткөн сый-урматы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Жайчы уруусунун жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрү атактуу жердешинин жаркын элесине чогуу таазим кылуу максатында дасторкон жайып күтүп жатышкан экен. Сыйлуу меймандар менен учурашууга Тоң районунун акими Бактыбек Осмонов келди. Ал Жусуп Турусбековдун жаркын элесине таазим кылуу үчүн атайын алдын-ала келгенин, алыска иш сапары менен кетип жаткандыгына байланыштуу музейдин салтанатуу ачылышына катыша албастыгын айтты.
ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН ЭСТЕЛИГИНИН АЛДЫНДАГЫ МИТИНГ
Аксай айылындагы мектеп дал Ысык-Көлдү курчап турган чоң жолдун боюнда жайгашкан. Жол ушул жерден жээктен алыстап кеткени менен, көлгө келген саякатчылар көбүнчө ушул жол менен өтүшөт.
Чоң жолду бойлой тосулган мектептин тосмосунун ичинде 1990-жылы акын-драматургдун 80 жылдыгына карата акындын жолду каратып коюлган эстелиги айылдаштарына да, келген саякатчыларга да даана көрүнүп турат.
Эртең мененки саат 09:20да мектептин коноктору жана жамааты алдын-ала түзүлгөн программага ылайык, Жусуп Турусбеков атындагы орто мектептин кенен короосуна чогулуп, акындын бюстуна мектептин атынан жана Санжарбек Данияровдун коомдук фондунун атынан гүл коюу менен эскеришти.
Чакан митингде менин айткан маанилүү сунушумду чогулуштун катышуучулары жактыруу менен кабыл алышты.
“
Жусуп Турусбеков кыска өмүр сүрдү, болгону отуз үч жыл! Бирок ошого карабай, көптөгөн иштерди аткарууга үлгүргөн. Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, ал жерде дагы жазганын улантып, чыгармаларын өз мекенине басмага жөнөтүп турган. Ал - Улуу Ата мекендик согушта каза болгон каарман жоокер! Ал жалгыз эмес болчу! Бул каардуу согушта анын башка жердештери, акын-жазуучулар да курман болушкан: Жума Жамгырчиев, Мукай Элебаев, Жекшен Ашубаев, Кусейин Эсенкожоев... Быйыл Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата мектеп жамаатына жана бул жерде отурган акын-жазуучуларга кайрылып кетким келет. Фронтто да колунан калемин түшүрбөй чыгармаларды жазып, каза болгон жоокер акын-жазуучуларыбызды бир топко кошуп, алардын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн эстелик тургузууну сунуштайм. Менин сунушумду тиешелүү жетекчилер эске алат деп ишенем”.
Андан соң катышуучулар мектептин ичиндеги музейге карай бет алышты.
МУЗЕЙДИ КЫДЫРУУ
Музей бөлмөсүнө кире бериште салт боюнча кызыл тасма кесилди. Тасма кесүү жөрөлгөсүн аткаруу жазуучу Памирбек Казыбаевге, айыл өкмөт башчысы Руслан Кылжыровго жана акындын небереси Жаңыл Турусбековага ыйгарылды.
Музей бөлмөсүндө 9-10-класстын үч окуучусу Токталиева Назира, Эрнисова Ая, Туратбекова Айпери музейдин материалдарын алдын ала изилдеп, даярдашып, экскурсия өткөрүштү. Музейдин сүрөттөрү «Музей экспозициясы» (жүктөлүүдө) деген өзүнчө баяндамада.
САЛТАНАТТУУ БӨЛҮГҮ. ЧЫГЫП СҮЙЛӨГӨНДӨР
Музей менен таанышкан соң иш-чаранын катышуучулары ал жерде сөз сүйлөштү. Салтанаттуу бөлүгүн мектеп директору, кыргыз тили жана адабияты мугалими Алтын Мусаева алып барды. Жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн Болот Мамбетов атындагы айылдык кеңештин башчысы Руслан Темирбекович Кылжыров, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Нурия Өндүрүшовна Төлөнгутова, Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Алманбет Абсаматов, жергиликтүү тургундар – аксакалдар Токон Исраилов, Үмөр Мусабаев ж.б. сөз алышып, ойлорун ортого салышты. Алар белгилүү жердешинин чыгармачылыгы жана өмүр жолу менен жакындан таанышкан кездеги жеке окуяларын эскеришип, музейге дагы кандай маалыматтарды, экспонаттарды кошууга болору тууралуу ой бөлүштү.
Күтүлгөндөй эле жазуучулар Памирбек Казыбаев менен Кыялбек Урманбетов абдан кызыктуу окуяларды айтып, ырларынан окуп беришти. Алар музейди мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды да айтышты. Ал эми белгилүү акын Кыялбек Урманбетов алтургай көрүүчүлөр менен ырдады.
Менин (Асел Даниярованын) кезегим келгенде 35 жыл мурун ачылган музейдин тарыхынан кыскача айтып бердим жана аны жаңыртууга эмне түрткү болгондугуна токтолдум.
ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ АТЫНДАГЫ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫНЫН КОНЦЕРТИ
Иш-чара мектеп окуучуларынын сонун концерти менен уланды. Катышуучулар жыйындар залында 9-10-класстын окуучуларынын күчү менен даярдалган “Ажал ордуна” драмасынан үзүндүгө күбө болушту. Ал мектептин директору Алтын Мусаеванын жетекчилиги менен даярдалган. Концертке Жусуп Турусбековдун драмасынан эң эмоционалдуу жети көрүнүш тандалып алыныптыр. Андан соң жаш өнөрпоздор Жусуп Турусбековдун сөзүнө жазылган «Эсимде» аттуу эбак эле элдик болуп кеткен кереметтүү ырын аткарышты. Меймандар жаш артисттерге кызуу кол чабышты..
ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ТҮШТӨНҮҮ
Иш-чара катышуучулар үчүн мектеп жамааты атайын уюштурган түшкү тамак менен аяктады. Түшкү сый тамакта көптөгөн коноктор жана жакындары музейдин ишине чын ыкластан ийгиликтерди каалашып, таасирлери менен бөлүштү.
Мектептин чакан музейи өсүп келе жаткан муундарга, жердештерге, аймактардын жана өлкөнүн конокторуна көрүнүктүү акын-драматургдун, мекенди коргогон баатырдын элесин сактап калууга жардам берет деп ишенем.
Дагы тема боюнча:
ЖУСУП АКЫН, АНЫН ДООРУ, ӨМҮР ЖОЛУ
Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында:
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
Эгер сизди кызыктырса жазылыңыз



