ЖУСУПТУН ЧЫГАРМАЛАРЫ

“ОКУРМАНДЫН КИТЕП ТЕКЧЕСИНИН” 10 ТОМДУК СЕРИЯСЫНДА 2015-ЖЫЛЫ ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ БАСЫЛГАН. Бул жерде анын электрондук варианты бар.

1936-mm-dd-jt-10-szhato

Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Ч.Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту “Окурмандын китеп текчеси” сериясында Жусуп Турусбековдун чыгармаларын басып чыгарды. Анын чыгармалары бул сериянын Х томуна Кусейин Эсенкожоевдин поэзиясы менен бир жыйнакка киргизилген. 478 барактын 300 бети Жусуп Турусбековдун чыгармаларына арналган.

Өзүнүн кыска, бирок нуска өмүрүндө саналуу гана адабий чыгарма жаратууга үлгүргөн акын жана драматургдун чыгармаларында өзү жашаган доордун жүзү, тарыхый окуялар так жана таасын чагылдырылган. Бул жыйнакта анын поэзиясы жана драмалык чыгармаларынан тышкары проза түрүндө азылган үч аңгемеси бар.

Сиз pdf форматында 10 томду бүтүндөй көчүрүп алсаңыз болот 2015-zhusup-turusbekov-okurmandyn-kitep-t 


Дагы:

ЖУСУП. ТАНДАЛГАН ЧЫГАРМАЛАР

ЖУСУП АКЫН, АНЫН ДООРУ, ӨМҮР ЖОЛУ

ЖУСУП ТУРУСБЕКОВДУН «АЖАЛ ОРДУНА» ДРАМАСЫ – ҮРКҮН ТРАГЕДИЯСЫНЫН КӨРКӨМ ЭЛЕСИ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *