ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖАНА ИНСАНДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

ЛЕОНИД ДЯДЮЧЕНКО: ӨЗҮНҮН АЙТКАНЫНА ШАЙКЕШ ЖАШАП ӨТТҮ…

Леонид Дядюченконун макаласы “Слово КЫРГЫЗСТАНА” гезитинин “В КОНЦЕ НЕДЕЛИ” тиркемесинин 2001-жылдын 9-февралындагы №16 (21212) санында, 8-бетте жарык көргөн.

Макаланын автору — Леонид Борисович Дядюченкону (1934-2005) окурмандары прозаик, поэт, журналист, котормочу, жазуучу-документалист, кинодраматург, кесиби боюнча «Инженер-геолог, билими боюнча энциклопедист, агартуучу катары таанышкан. Леонид Борисович Кыргызстанды сүйгөн, чыныгы мекенчили болгон жана  көптөгөн документалдык-көркөм чыгармалары – очерктери, повесттери, кинофильмдери аркылуу ага бийик сезимге оролгон чыгармаларын чын жүрөгүнөн арнаган.  Анын эң сүйгөн жанры – документалдуу повесть болгондуктан, өткөндөгү жана азыркы учурдагы мыкты адамдар жөнүндө баяндамаларды жараткан (“Фамильное серебро”, “Киргизский мотив”, “Серебряный глобус”, “Какая она, Победа?” ж.б.)” – Г.Н.Хлыпенко. Автор жөнүндө — кененирээк 

Леонид Борисович Лиля Жусуповнаны анын кээ бир фильмдеринин редактору, айрыкча, анын “Советский Киргизстан” (1974), “Кошой-Таш” (1981) фильмдеринин сценарийлеринин автору катары эң жакшы билген.


Лиля жаш кезинде да өз курагынан улуу көрүнүп, курбулары менен кесиптештеринен нукура, жасалмасы жок олуттуулугу менен айырмаланып турчу. Кино чөйрөсүндө сыртынан жөнөкөй баарлашкандай көрүнгөнү менен, ал өзүнө карата дагы, бөлөктөргө карата дагы текебер же теңтушсунган, төрө пейил же кошаматчыл мамиле жасалышына, сөз менен иштеги илээндиликке эч качан жол берчү эмес. «Чыгармачыл» кишилердин чөйрөсүндө турмуш-тиричиликке, үй-бүлөгө, алар менен байланышкан милдеттерге кол шилтеп коюу эбак эле жүрүм-турумдун кадыресе ченемине айланбадыбы. Лиля, тескерисинче, бул жагынан эч бир өксүгү жок мыкты киши эле. Эгер Лиля Турусбековадай өмүр шериги болбогондо, Мамлекеттик сыйлыктын ээси, медицина илимдеринин доктору, көп сандаган илимий эмгектердин, монографиялардын, окуу китептердин, усулдук иштелмелердин автору жана бир канча жыл Кыргыз медицина институтунун деректири болуп турганда 16 миң дарыгерди даярдаган Санжар Данияровдун күч-кубаты мунун баарына жетмек эмес. Ал кинорежиссёрдун татаал милдети менен бирге аял, эне, чоң эне катары да зор милдет аркалап, коноктор жана тууган-туушкандар үчүн дайыма эшиги ачык турган үйүн тейлеп-тескешке, академиктин жана коомдук ишмердин техникалык катчысы да болууга жетишкени таң калычтуу. Ушунун баарына карабай, тасмаларды чогуу тарткан кесиптештири Константин Орозалиевдин, Нуртай Борбиевдин, Болот Алимбаевдин, үн режиссёру Николай Бондаренконун, композиторлор Таштан Эрматов менен Румиль Вильдановдун ишеничтүү өнөктөшү бойдон калды.

Биринчи муундагы кыргыз интеллигенциясынын чөйрөсүндө, фронтовик акындын үй-бүлөсүндө, акыйкат үчүн күрөшкөн жана жеңишке жетишкен өлкөдө инсан катары калыптанып, Москванын алдында курман болгон атасынын кадыр-баркына татыктуу болууга атайылабаса да аракеттенип, сүйүктүү кесибин да аркалап, өмүр бою бул улуу акыйкаттын жарыгын көкүрөгүндө сактап жүрдү. Бирок бул жөнүндө ал эч качан ооз ачпай, адатта мактала берчү «демилгечил адамдардай» «керектүү жерде, керектүү убакта» боло калууга умтулбады. Чыгармачыл жамааттарда дымактуу чыр-чатактар, тирешүү, жаатчылдык көп болот. Киночулар чөйрөсүндө да «ак жана кызыл розалар согушу» болуп турчу. Кимдир-бирөө өзүн Куросава элестетип, экинчи бирөө өзүн Бондарчук санаса, үчүнчүсү улуттун рухий атасындай жана куткаруучусундай сезип, дагы бири таарынып башка кылыктарын көрсөтчү.

Лиля дайыма бир мүнөз дээринен жазбады. Ал Борис Пастернактын «Белгилүү болуу – жакшы эмес» деген накыл кебин же дагы бир ажайып акын Юнна Морицтин: «Мен даанышмандар менен арак ичпедим жана аларды жаныма жакын жолотконум жок», – деген ырын туу туткандай эле.

Михаил Пришвин күндөлүгүндө минтип жазганы бар: «Менин жолдон чыккандыгым – жашообуздан жаман нерселерди улам көбүрөөк көрө баштаганым». Бул мааниси терең сөздөр Лиля Турусбекованын турмуштук да, чыгармачылык да позициясындагы көп нерселерди керисинен түшүндүрүп бере алат. Албетте, ар кандай кайдыгер эмес киши сыяктуу ал дагы жашообуздагы терс көрүнүштөргө баам салчу, бирок экранда мындай жаман жоруктарды көрсөтүү аркылуу аларды көбөйтүп, жайылтуудан ички туюму менен сактанчу. Аны эң оболу изги көрүнүштөр өзүнө тартып, мындай тандамачылыгы менен жакшы нерселерди гана, жан дүйнөгө жылуулук ыроолоп, үмүт жарата турган нерселерди гана жайылткысы, көбөйткүсү келгендей иштечү.

Бүгүн мындай позиция ашкере чабал жана таптакыр эскирип калгандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок дал ушул бүгүн «эркин» деп аталган маалымат каражаттары сенсация кууп, баардык кылмыштуулук менен былыктыктар агып келип түшүп жаткан аңга айланган учурда, мурдагы инерция боюнча мамлекеттик, атүгүл улуттук аталган сыналгылар кан жалаткан мушташты, бузукканаларды, өлүм-житимди чагылдырып, булар аркылуу чет элдик сигареттерди, гигиена жана тиричилик  каражаттарын жарнамалоочу куралга айланып жаткан кезде, мурда өткөн жана учурда өтүп кетип жаткан улуттук маданияттын чыныгы устаттары менен мекенчилдердин чыгармачылыгы бийик тоонун бир жутум таза абасындай, өткөндүн эскермеси эле болбостон, бир саамга биз кимбиз, эми кимге айланып баратабыз деген маселеде ой жүгүртүүгө ачык чакырык таштайт. Классиктин «сөзүбүз кандай жаңырарын билишти тагдыр буюрбаган» деген сөзү менен өзүбүздү жубатпай эле коёлу. Билгенде эмне – ал кадам сайын, ар бир көчөнүн бурулушунан турмуштун жан кейитер чындыгы болуп жаңырып жатпайбы.

Эстрада менен саясаттагы, искусство менен экономикадагы чектен тыш ээнбаштык адам колунан жаралган жалпы адамзаттык баалуулуктарды, адамды адам кылып турган нерселердин баарын бүлүндүрүп, адам өмүрүн аёосуз кордоого, келечекте татыктуу жашоо мүмкүнчүлүгүн танууга алып барып жатат.

Бир кезде жоопкерчиликтүү жолдош деген түшүнүк бар эле. Азыркылардын көпчүлүгү канчалык жоопкерчиликсиз экендиги бүгүн эч кимге жашыруун эмес. Бир кызарып койбостон урматтуу жолдоштордун чүмбөтүн урматтуу мырзалардын беткабына алмаштырып, туруктуу пайдаланууга «чектелген жоопкерчилик» деген акыл-эске сыйбаган терминди ыкчам ойлоп табышты.

Эң башкысы, Лиля ар дайым жоопкерчиликти сезе билген адам эле. Ал ар бир сөзүнө жооптуу болчу. «Советтик Кыргызстан», «Республика, сенин күнүң» сыяктуу бараандуу серептик-публицистикалык тасмаларды тартуу милдети ага ишенип берилгени кокусунан эмес. Мындай бир караганда саясий ураанчылдай көрүнгөн, юбилейлик картиналардын стилистикасын ал өзү үчүн те 50-60-жылдардагы алгачкы орчундуу эмгектеринде («Алар Тянь-Шанда туулган», «Жаздан кийин») эле аныктап алган болчу. Ал эми анын мыкты фильми «Кошой-Таштын» идеясы кайсы бир райондун эмгекчилеринин ийгиликтери тууралуу кеңири кино маалымат берүү эмес, тууган жердин кайталангыс көрүнүшүн, анда жашаган жөнөкөй кишилердин жүзүн, тагдырын чагылдыруу ыгы катары жаралды. Ал бул тасмадан ааламдагы баардык кайгы-касыреттердин бирден бир дабасы катары эмгектин жаратуучу-өзгөртүүчү улуу күчүнө таазим этүү мүмкүнчүлүгүн көргөн.

Ал өзү үчүн мындай маанилүү мүмкүнчүлүктү текке кетирген жок. Ал айыл адамдары кичинесинен тартып чоңуна чейин жогорудан болгон көрсөтмө менен эмес, расмий иш-чаралар тууралуу отчёттордо белгиленип калуу үчүн эмес, өзүнүн дыйкандык дилгирлиги менен алма багын өстүрүү үчүн ээн чөлдөгү кылымдар бою жаткан таштарды терип жаткандыгын көрүп, башкаларга да көрсөттү. Таңга маалкы жымжырттыкта сугатчы өзүнө гана түшүнүктүү шоокумду угуп, июлдун аптабында чаңкаган жер сууну кантип «шимирип» жатканын тасмага түшүрдү.

Мындай фильмдер өнүккөн экзистенциализмдин табити үстөмдүк кылган чет элдик элиталык кино сынактарда сыйлыкка ээ болбой тургандыгы түшүнүктүү. Ошондуктан Лиля Турусбекованын тасмаларын андай фестивалдарга жөнөтүшчү эмес. «Режиссёр-кинодокументалист диплому бар биринчи кыргыз аял» сыяктуу гезиттик олдоксон мактоолордой эле, буга ал эч таарынчу эмес окшойт. Акыйкатта, ошол эле Юнна Мориц жазгандай, «Сен жөнүндө бөлөктөрдүн айтканына эмес, өзүңдүн айтканыңа гана шайкеш…» жашоо деген ушул.

Лиля Турусбекованын 1937-жылдагы алаамат тууралуу «Чоң-Таш, өлүп, тирилгендер» соңку кино тасмасы эпикалык кошоктой болуп көргөн-уккандын баарын жашытты. Бирок мына ушул хроникалык картинасында да ал расмий протоколдон, сөөктөрдү казып алуу иш-чараларынан, эбаккы кылмыш иштеринен, ок көзөгөн баш сөөктөрдүн фотосүрөттөрүнөн жана гезиттик каралоолордон буйтап, курман болгондордун балдары менен жесирлерине – короолош, Дзержин бульварындагы тааныш, тагдырлаштарына түздөн-түз кайрылат. Анткени бул анын атасынын да тагдыры, атасынын досторунун да тагдыры эле, кайын ата-кайын энесинин жана көптөгөн дагы башка жакын кишилердин да тагдыры болчу. Анткени ал булардын баарын бирөөлөрдөн оозунан эле угуп-билбей, кайсы бир даражада өзү да башынан өткөргөн эле.

«…өзүңдүн айтканыңа шайкеш жаша».


Тема боюнча:

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ФИЛЬМОГРАФИЯСЫ толугу менен

«АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧ». Лиля Турусбекова жөнүндө документтүү кинотасма. РЕЖИССЕРУ Р.ШАРШЕНОВА. КЫРГЫЗФИЛЬМ 2014.


Автору
Леонид Дядюченко

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *