ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТАСМАЛАРЫ

ЛИЛЯ, САНЖАРБЕК ЖАНА БИЗ, АЛАРДЫН БАЛДАРЫ – АСЕЛЬ ЖАНА ГЮЗЕЛЬ. 1958-ж

Бүгүн Балдарды коргоо күнүндө даректүү кинорежиссер Тилек Мураталиевден күтүүсүз белек алдым!

Кыргыз Республикасынын Кинофотофоно-документтеринин (КФФД) архивинде иштеп жүрүп, 1958-жылы 1-майда апабыз Лиля Турусбекова жана атабыз Санжарбек Данияров жана биз, эгиз бир туугандар Асель жана Гюзель кош коляскада олтурганы тартылган хрониканын кадрларын тапкан. Биздин анда төрт айга жетип-жете элек кезибиз экен, ата-энелерибиз кубанычы койнуна батпай бактылуу эле, апам – колунда диплому бар, чыгармачылыгын жаңы баштаган даректүү кинорежиссер, ал эми атам – келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш окумуштуу-физиолог, илимдин кандидаты.

Бул керемет сюжет «эришин» («оттепель») туу чокусунда жаралганы байкалат. Өлкөнүн жарандарынын эмгектеги ийгиликтери тууралуу баяндалган кинохрониканын кадрларына формалдуу эмес тариздеги жаш үй-бүлөнүн кубанычтуу окуясы жуурулушкан.

Мен мурда да архивден үй-бүлөлүк кызыктуу кадрларды таап алган учурларым болгон, мисалы, 1951-жылы апам Москвага Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга кетип жатканда, аны темир жол бекетинде апасы, (таенебиз) узаткан. Анын бүт турпатында кубанычтын илеби, алдыдагы жаңы, ажайып кереметти күтүп жатканы байкалат. Ал эми 1959-жылдагы кадрларда Лиля Турусбекова жогорку өкмөттүк сыйлык менен сыйланып жаткан учуру сакталып калган, ал болгону 26 жаштагы жаш, тал чыбыктай ичке, жүзүнөн нуру төгүлгөн кыялкеч. Бул кадрлар ал тууралуу эки даректүү тасмада колдонулган.

Биздин атабыз анда көзгө көрүнүктүү, харизмалуу жаш жигит кези деп айтаар элем, бирок ушул убакка чейин анын ошол курагындагы кинокадрларды кездештире элекмин, ал кадрда атам 30 жашта экен.

Мен жана менин жакындарым үчүн бул баа жеткис кадрларды, айрыкча, бүгүн сиздер менен бөлүшүп жатканыма абдан кубанычтамын.



Лиля Турусбекова жөнүдө тасмалар:

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ ДАРЕКТҮҮ ТАСМА. 2023-Ж. РЕЖИССЕРУ-ГАНИ КУДАЙБЕРГЕН
«АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧ». ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА ЖӨНҮНДӨ. РЕЖИССЕРУ Р.ШАРШЕНОВА. КЫРГЫЗФИЛЬМ 2014.

адамдар › кыргызстандын инсандары. лиля турусбекова › лиля турусбекованын тасмалары

Лиля Турусбекова жөнүндө тасмалары:

адамдар › кыргызстандын инсандары. лиля турусбекова › чыгармачылыгы жана инсандыгы жөнүндө

Санжарбек Данияров жөнүндө: 

адамдар › кыргызстандын инсандары. санжарбек данияров


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *