«Жаздан кийин” («Вслед за весной») деп аталган Лиля Турусбекованын документалдуу тасмасы 5 бөлүмдөн турат (40 мүнөт), ак-кара түстүү. Операторлору — М.Туратбеков, А.Кочетков, монтаждаган – Р.Шершенова, композитору – А.Жумахматов, үн оператору – Я.Рывкин, редактору – А.Шершенов, директору – Ж.Курбатова. 1967-жыл.
Кыргызстандын тоолору жана адамдары жөнүндө үч новелла. Фрунзе шаарынын кызыктуу жерлери тартылган кадрлар, жаңы эле курулган Төө-Ашуудагы тоннель, ошол эле жердеги бийик тоолуу дарылоо борбору жана илимий лаборатория, академик Мирсаид Мирхамидович Миррахимов бийик тоолуу абадан жабыркаган бейтаптарды дарылоо жөнүндө айтып берип жатат, профессор-физиолог Валентина Абдылдаевна Исабаева илимий иш жүргүзүп жатат. Бийик тоолуу Мерцбахер көлү менен айсберг ортосундагы кайыктагы адамдар кошо тартылган кереметтүү кадрлар. Нарын ГЭС каскады жөнүндө алгачкы тартылган тасмалар.
Дагы:
ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН
ЛЕОНИД ДЯДЮЧЕНКО: ӨЗҮНҮН АЙТКАНЫНА ШАЙКЕШ ЖАШАП ӨТТҮ…
ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА: МЕНИН РЕСПУБЛИКАМ. НАИРА ЗАРИФЬЯНДЫН ИНТЕРВЬЮСУ 1980-ЖЫЛ.
«АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧ». ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА ЖӨНҮНДӨ. РЕЖИССЕРУ Р.ШАРШЕНОВА. КЫРГЫЗФИЛЬМ 2014.