ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖАНА ИНСАНДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

ЛИЛЯ  ТУРУСБЕКОВА: МЕНИН РЕСПУБЛИКАМ. НАИРА ЗАРИФЬЯНДЫН ИНТЕРВЬЮСУ 1980-ЖЫЛ.

Лиля Турусбекова менен болгон бул интервью «ЭКРАН» журналынын 1980-жылдагы №3 санында «КЫРГЫЗ КИНОСУНУН ЧЕБЕРЛЕРИ» рубрикасында жарык көргөн.

Биздин пикирибизче, бул интервью режиссердун чыгармачылык кредосун толук чагылдырып берген.


«Документалдуу фильм совет кинематографиясынын стилине материалды жана чындыкты кабыл алуу курчтугун; көз көргөндү тунук жана укумчулдук менен айкалыштырууну; чындыкка жана турмушка ашырууну; жана башка көптөгөн жаңы нерселерди киргизди”.

С. ЭЙЗЕНШТЕЙН

Жакында эле Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен кинематография тармагында узак мезгил үзүрлүү иштеген эмгеги үчүн кыргыз киностудиясынын режиссер-документалисти Лиля Жусуповна Турусбековага Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылды.

Лиля Турусбекова өзүнүн чыгармачылык жолунда биздин эле эмес, чет өлкөлөрдүн экрандарында ийгиликтүү көрсөтүлүп келген көптөгөн кызыктуу документалдуу жана илимий-популярдуу фильмдерди жараткан.

Лиля Жусуповнанын атасы  — Жусуп Турусбеков — Ата Мекендик согушта курман болгон белгилүү кыргыз акыны жана драматург болгон. Лиля бала кезинен ата-энесинин чексиз мээримине, алардын искусство менен адабиятты ыйык туткан аяр чөйрөсүндө өсүп чоңойгон. Жаш кызды киноискусствонун өзгөчө ажайып дүйнөсү өзүнө тартып алганы да балким ошондон болсо керек.

Лиля Турусбекова Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссердук факультетинде советтик кинонун улуу устаттары – искусство чөйрөсүнө эмгек сиңирген ишмер Л.В.Кулешовдон, ал эми IV курстан – А.А.Ованесованын жетекчилиги астында кинематографиянын хроникалдуу-документалдуу тармагында адистикке үйрөнөт.

Лиля перед зданием ВГИКа

Ал жерден советтик жана чет элдик киноискусствонун теориясы жана тарыхы, дүйнөлүк кинонун алдыңкы ишмерлеринин чеберчилиги менен таанышып, сценардык жана режиссердук билимге ээ болуу менен, тасма тартуунун татаал техникасын үйрөнгөн.

Лиля Турусбекова өтө тынчы жок, бирок өтө кызыктуу кинорежиссер-документалисттин кесибин тандап алган, ал студент кезинде эле өндүрүштүк практикага барганда 8-мартка арналган “Советтик Кыргызстан” журналынын атайын чыгарылышын тарткан. Ал тасмада ар түрдүү кесипти аркалаган айымдардын турмушунан алынган бир нече көз ирмемдерди

жылуу маанайда чын жүрөктөн кызыктуу айтып берген.

Ошентип татаал, өзгөчө жана өтө толкунданткан студенттик жылдар артта калып, 1956-жылы институтту аяктаган соң, Лиля Турусбекова Кыргыз киностудиясында алгачкы эмгек жолун баштаар замат өзүнүн эң алгачкы “Серебряная вода” кино очеркин тарткан. Кыргыз металлургдары жөнүндө баяндаган бул фильмде ал Айдаркен кен бургулоочуларынын татаал эмгегин поэзия ыргагына шайкеш жеткире алган. Ушул жерден эле жаш режиссердун турмушка, өзү тасма тартып жаткан адамдарга, алардын тагдырларына өзгөчө көңүл салып мамиле жасаганы билинген.

Кадр из фильма «Вслед за весной»

Андан соң Лиля Турусбекова «Они родились на Тянь-Шане» деген тасмасын, (1958-жылы бул фильм тарыхта алгачкы жолу Ташкентте өткөн Азия жана Африка мамлекеттеринин кинофестивалында көрсөтүлгөн), “Декада кыргызского искусства в Москве” (борбор шаардагы кыргыз маданиятынын чоң майрамы жөнүндө), “Твои подруги”, өзүнүн мекени жөнүндө эки толук метраждуу тасма – “Вслед за весной” жана “Советский Кыргызстан”, “В большой семье”, “Великий эпос” жана башка көптөгөн тасмаларын тарткан.

Жаш режиссер Лиля Турубекова бир жолу өзүнүн жумушу жөнүндө: “Ушул тасмалардагы кадрлар болочок муундарга биздин бактылуу жана таза күндөрүбүздүн улуулугун жана каармандыгын сактап калсын” деп айтканы бар.

Сүрөткердин бул чыгармачылык кредосу анын режиссер-документалисттик ишмердүүлүгүндө камтылган бардык максаттарын жана милдеттерин жетишерлик толук жана терең чагылдырып турат.

Биз Лиля Жусуповна Турусбекованын биздин кабарчыбыз менен болгон маегин жарыялайбыз. Материал Кыргыз ССРинин кинематография боюнча Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Шершен Усубалиевич Усубалиевдин Лиля Турусбекованын чыгармачылыгынан алган таасирлери жөнүндө бөлүшкөн ой-пикирлери менен толукталат.

Кабарчы: Лиля Жусуповна, Сизди режиссер-документалисттик кесип эмнеси менен кызыктырды, эмне үчүн Сиз киноискусствонун ушул жанрына кайрылдыңыз?

На занятиях по актерскому мастерству

Л.Турусбекова: Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссердук факультетине окууга өткөн соң, мен эң эле кызыктуу, таланттуу адам – Лев Владимирович Кулешовдун устаканасында окуп калдым. Биз актердук факультеттин студенттери менен этюд аткаруу, актердук чеберчилик боюнча классикалык чыгармалардан үзүндүлөрдү даярдоо сыяктуу ж.б. сабактарды чогуу өтчүбүз. Чыгармачылык иштин бир формасы катары мындай бир тапшырма берилчү: өзүңдүн турмушуңдан алынган эсте каларлык эки жаркын эпизодду сүрөттөп берүү, аны жөн гана айтып бербестен, документалдык тактык менен жасоо керек эле. Мен бала кезде башымдан өткөргөн бир окуянын үзүндүсүн эч нерсесин унутта калтырбаганга аракеттенип жазып бергем. Устатым мени мактаганына караганда, ал тапшырманы талаптагыдай аткарсам керек.

Балким ошондо менде турмуштагы адамдар, алардын эч нерсени ойдон чыгарбай туруп эле изилдеп, байкоо жүргүзүүгө боло турган чыныгы турмушуна, тагдырына кызыгуу пайда болушу мүмкүн деп ойлойм.

Кабарчы: Сиздин оюңузча, документалдуу кинематографка тиешелүү өзгөчө бир маанилүү, өзгөчө бир мүнөздүү сапаттар барбы?

Л. Турусбекова: Ооба, албетте бар. Мен өзүмдүн кесибимди аябай сүйөм жана документалист болгонума эч качан өкүнбөйм. Анткени дайыма ар түрдүү адамдар, алардын тагдырлары менен “бетме-бет” кездешүү өтө кызыктуу, алар ар дайым күтүүсүз, кайталангыс болуп турат. Жаңы материал, жаңы тагдыр, демек, ага өз алдынча, өзгөчө жол издейсиң. Анан албетте, мурда сага белгисиз болгон толгон-токой фактыларды билесиң, демек, инсан катары дүйнө таанымыңды байытасың.

Маселен, мен окумуштуу жөнүндө тасма даярдап жатканда, албетте, биология тармагындагы адис боло албайм, бирок мен сөзсүз түрдө ал адамдын эмгектери жөнүндө, анын өзү жөнүндө, анын илимий ачылыштары жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк билишим керек.

Андан тышкары, документалдуу кинонун бир таң калычтуу касиети бар – фильм мурдараак тартылып, канчалык эскирген сайын, ошончолук кызыктуу боло баштайт. Азыр кээде мурдагы эмгектериңди карап отуруп, көп нерселер тарыхка айланганын, тасма тартуу техникасы такыр башкача экенин, тартылган материалга көз карашың да башка экенин көрөсүң, а бирок ички туюмуңда ошол кадрларга бир башкача жылуулук пайда болот.

Мен азыр кээде азыркы ишимде өзүм көп жыл мурда тарткан тасмалардын үзүндүлөрүн колдонгон учурларым да кездешет.

Алсак, жакында эле СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева жөнүндө тасма тартып жатып, Индияда өткөн советтик фильмдердин фестивалына катышып келген Бакен Кыдыкеева жөнүндө 1958-жылы журнал үчүн сюжет тартканымды эстедим. Анан албетте, ал кадрларга кайрылбай кое албадым. Ошол кезде Борбордук студия “Күндүн жаңылыгында” ошол фестиваль жөнүндө очерк тарткан. Бул окуя актрисанын турмушундагы эң толкунданткан кубанычтуу учуру болгондуктан, кийин ошол эпизоддор ага жаңы түс берди.

Ошол эле жылы мен Москвада өткөн кыргыз искусствосунун Декадасы жөнүндө тасма тарткам. Жыйырма жылдан кийин кыргыз театрынын эки корифейи – СССР эл артисттери Муратбек Рыскулов жана Бакен Кыдыкееванын “Курманбек” спектаклиндеги образдарынан үзүндү  алып пайдаландык. Ал да ошондой эле тасмага эң мыкты кошумча боек берип, мурда жараткан эмгегим жаңы өңүттө, жаңы мааниге ээ болуп калды.

Документалдуу кинонун менин көз карашымдагы дагы бир өтө маанилүү тарабы – таанып-билүүчүлүгү. Мисалы, мен биздин борбор калаабыздын 100 жылдыгына арналган “Большевики Пишпека” тасмасын жаратып жатканда, мага архивдик материалдарды терең казып чыгууга туура келди: мен Кыргызстанда Совет бийлигин орноткон адамдар жөнүндө ондогон китептерди, документтерди карап чыктым. Мен ал материалды талдап, ошол мезгил жөнүндө өзүмдүк жеке көз карашымды иштеп чыгуу менен, фильмдин тарыхын баса белгилөөгө тийиш элем. Андан башка, мен өзүм ошол күндөрдөгү окуялар жөнүндө өтө көп билдим, көрүүчүлөргө да биздин республиканын турмушундагы тарыхый учурларын, биздин жердештерибиз өзгөчө кайталангыс адамдар болгондугунун жеткире алдым деп ойлойм.

Режиссер-документалисттин кесиби өтө активдүү экендиги талашсыз – ал өзүн эс алып отурууга жол бербеши керек, токтоп да кала албайт, ал тынымсыз алдыга умтулуп, тигил же бул окуяны же кайсы бир адамдын тагдырын талдап, чечмелеп, түшүндүрүп берүүгө тийиш.

Ш. У. Усубалиевдин эскерүүсү: 1957-жылы мен Кыргыз киностудиясынын директору болуп шайланганда, адеп ишке киришкенден баштап эле эң мыкты тасмаларды тарткысы келген, республика жөнүндө жеке өзүнүн, жаңы пикирин билгизгиси келген режиссер кызыбыз Лиля Турусбекованы дароо байкадым. Ал республика тууралуу көбүрөөк билгиси келип, эки жактарга көп кыдырып чыга баштады. Лилянын алгачкы тасмаларынын бири “Они родились на Тянь-Шане” тасмасы москвалык кинематографисттердин көңүлүн өзүнө бурган, өзүнүн жерине болгон чексиз сүйүүсүн жеткирип бере алган режиссердун профессионалдык даярдыгы, материалды жаңы өңүттө бере алгандыгы эч кимдин көз жаздымында калган жок.

Бир окуя эсиме түшүп жатат —  биз Киевде өткөн II Бүткүл союздук кинофестивалга чогуу барып калдык, анда Лилянын “Они родились на Тянь-Шане” тасмасын көрсөтүшкөн. Кечинде Лиля бир жакка чыгып кеткенде, биз токтогон мейманканага бир ак сакалдуу украин улутундагы карыя келип, жаш толгон көздөрү менен: “Ушул тасманы тарткан кыз кана?” деп сурап калды. Көрсө, ал карыя Кыргызстанда төрөлүп, өсүптүр, кийин баласы чоңойгондо Киевге окууга кетип, атасын да кошо ала кетиптир. Лиля Турусбекованын тасмасынан өзүнүн туулуп-өскөн жерин көргөн карыя өзүн Кыргызстанга барып келгендей сезиптир. Режиссерго чексиз ыраазычылыгын билдирген ошол карыянын сөздөрүн толкунданбай угууга мүмкүн эмес эле!

Кабарчы: Лиля Жусуповна, адатта режиссердун чыгармачылыгынын өзөгүн бир негизги тема ээлейт да, ал ошону ирети менен иштеп чыгып жүрүп отурат… Сиздин тасмаларыңызда башкы нерсе эмне деп ойлойсуз? Тасмаларыңызда эмне жөнүндө айтып бергиңиз келет?

Л. Турусбекова: Ырасында эле документалистке эң эле ар түрдүү темаларды иштеп чыгып, турмуш чындыгындагы ар түрдүү көрүнүштөрдү кеңири камтууга туура келсе да, мен үчүн изилдөөнүн жана таанып-билүүнүн негизги объектиси адам болгон жана кала берет!

Бул бир жагы, экинчи жагынан – документалист тарткан бардык картиналар жыйынтыгында ошол мезгилдин духун чагылдыруу менен, образ жараткандай, доордун өзүнүн “модели” чагылдырылган мезгилдин жазма тасмасын жаратат. Бул материалга карата колдонулган ыкмада, тасма тартуу ыкмасында жана башка көптөгөн жерлерде көрүнөт. Менин оюмча, бул ошондой эле документалдык кинонун жана аны менен бирге менин жумушумдун башкы багыты да болсо керек деп ойлойм.

Менин чыгармачылыгымдын башкы темасы – биздин республика жана андагы адамдардын тагдыры деп айтсам, жаңылышпайм.

Эң таң калычтуусу, республика жөнүндө фильм даярдап жатканда, айлана-чөйрөңдөгүлөрдүн баарын демейдеги учурга караганда көбүрөөк жакшы көрүп, элиңдин жетишкендиктерине өзүңдүн жакындыгыңды көбүрөөк сезесиң.

Мен журнал үчүн Кыргызстан жөнүндө өзүнчө сюжет формасында анча чоң эмес чыгарма жана “Вслед за весной” жана Советский Кыргызстан” деген эки толук метраждуу тасма жараттым. Кыргызстандын адамдары жөнүндө «Они родились на Тянь-Шане» (6 новелла), “Твои подруги” (3 новелла), Кыргызстандын искусство чеберлери – А.Малдыбаев, М.Рыскулов, Б.Кыдыкеева жөнүндөгү тасмаларда баяндалат. Ар бир кыргыз адамы үчүн эң кымбат “Манас” темасына да кайдигер боло албадым. Ал жөнүндө “Великий эпос” деген тасма бар.

Ш. У. Усубалиевдин эскерүүсү: Лиля Турусбекованын чыгармачылыгындагы эң көрүнүктүү өзгөчөлүгү – бул анын ар дайым өзүнүн республикасы, анын жетишкендиктери, анын байлыктары жөнүндө, эң башкысы – анын адамдары жөнүндө көрүүчүгө айтып берүүгө жасаган далалаты болгон.

Ал өзүнүн элин, өзүнүн шаарын, Кыргызстанын чексиз сүйгөн. Биз анын ошол сезимдерин режиссер жараткан фильмдеринен таасын көрө алабыз. Ошондонбу, ал тасмаларды зор кызыгуу менен көрөсүң. Алсак, Каирде көрсөтүлгөн биздин республика жөнүндөгү “Они родились на Тянь-Шане” тасмасын египеттик документалисттер чексиз канааттануу менен көрүшкөнүнө күбө болгонмун…

Лиля Турусбекованын эмгектери чет өлкөлүк расмий делегация өкүлдөрүнүн жана кинематография кызматкерлеринин арасында эң чоң ийгиликтерге ээ болгон.

Мен жеке өзүм анын тасмаларын Индиядан келишкен жалаң айымдардан турган өкүлдөргө, Япониянын элчисине, Гвинея, Сирия, Румыния, Венгриянын партиялык расмий өкүлдөрүнө тартуулаганда, алар кандай жылуу кабыл алышканын өз көзүм менен көргөн жайым бар. Ал тасмаларды көргөндөн кийин өздөрүнүн пикирлери менен бөлүшкөн элчилер, өкүлдөр биздин республика боюнча саякатка чыгып келишкендей сезимде калышкандарын, тасмалардын баары таңууланбай, бийик чеберчиликте өтө жеңил, кылдат тартылганын бир ооздон тастыкташкан.

Мында биз режиссердун тасмаларында анын чеберчилиги жылдан-жылга артып, монтажда болобу, кадрларды тандоо, аны коюштурууда болобу, же болбосо ага музыка тандоодо болобу, айтор, бардыгында мастер-документалисттин кылдат жараткан эмгектерин баса белгилеп кетсек болот.

Кабарчы: Лиля Жусуповна, сиз кандай ойлойсуз: документалдуу тасманын ийгилиги эмнеден көз каранды болот?

Л. Турусбекова: Тасманын ийгилиги көптөгөн компоненттерден – анын сценарийинен жана сюжетинен, музыкасынан, режиссердун жана оператордун чеберчилигинен көз каранды экендиги айкын чындык. Бирок, ийгиликтин башкы ачкычы – режиссер өзүнүн каарманын таап, анын кызыктуу, башкалардан өзгөчө личносттугун изилдеп отуруп, анын сейрек, өзгөчө көрүнүшүн, окуясын, кандайдыр бир аракеттерин таап, ачып бергендигинде деп ойлойм.

Кабарчы: Акыркы мезгилде Сиз “Советтик Кыргызстан” журналынын чыгарылышын даярдап жүрөсүз. Сиз үчүн бул жанр эмнеси менен кызыктуу?

Л. Турусбекова: Кинопериодика, тагыраак айтканда, “Советтик Кыргызстан” журналы киноискусствонун ушул түрүнө тиешелүү, бул жанр бүгүнкү күндүн белгилерин тез, оперативдүү чагылдырып калууга мүмкүнчүлүк берген өтө өзгөчө жанр.

Республиканын экономикалык, саясий жана маданий турмушундагы бардык окуяларды ыкчам чагылдырып бере алат. Өзүнүн ушундай активдүү позициясы менен мени өзүнө тартып, кызыктырып турат.

Ш. У. Усубалиевдин эскерүүсү: Лиля Турусбекова өзүнүн ишин чексиз сүйөт. Өзүнүн кесибине болгон күч-кубатын жана билимин жумшоо менен, республикадагы белдүү документалист болуп чыга келди.

Анын атасы Жусуп Турусбековду жакындан билген адам катары, ал сыяктуу кандуу согушту башынан кечирген адам катары, ал атасынын татыктуу кызы болуп чоңойгондугу мени чексиз кубандырат. Биз – согуш ардагерлери, анын кесипкөй чеберчилиги менен сыймыктанабыз.

Мен Лилянын эч качан жана эч жерде өзүнүн ийгиликтерин айтып мактанбаган өзгөчө эң жөнөкөй адам экендигин айта кетким келет. Ал аябай боорукер, балким ошондонбу, ар түрдүү муундагы кинематографисттердин баары аны терең урматташып, анын кеп-кеңештерин угушуп, ага тартылып турушат.

Лиля Турусбекова Азия жана Африка өлкөлөрүнүн I кинофестивалына катышкан эң биринчи аял, расмий өкүлчүлөрдүн мүчөсү, Кыргызстан кинематографисттер Союзун  түптөөчүлөрдүн эң алгачкыларынын бири болгондугун баса белгилебей кетүүгө болбойт.

Биз, республиканын кинематографиясынын ардагер кызматкерлери, Лиля Турусбековага “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” наамы татыктуу тапшырылды деп эсептейбиз жана ал үчүн чексиз сыймыктанабыз жана кубанабыз. Лиля Жусуповнанын чыгармачылык өмүр таржымалындагы эң кубанычтуу окуясы менен куттуктайбыз жана биздин экрандан бул мыкты режиссердун жаңы-жаңы эмгектерине далай күбө болорубузга ишенебиз!

Аңгемелешкен Н. ЗАРИФЬЯН

Редакция Ш.У.Усубалиевдин жылуу куттуктоолоруна кошулат жана Лиля Жусуповна Турусбековага мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!


ФИЛЬМОГРАФИЯ ЛИЛИ ТУРУСБЕКОВОЙ 

Лиля Турусбекова жөнүндө — «ПЕРВАЯ ЛАСТОЧКА» -«АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧ»(СААМАЛЫК) — 2014

«ВОСКРЕСШИЕ ИЗ ПРАХА» — 1992


Автору
Наира Зарифьян

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *