ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖАНА ИНСАНДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН

Лиля Турусбекова (1933-2001) жөнүндө анын кызынын эскерүүсү. 1956-1992-чыгармачылык жылдары.


Мамлекеттик Архивдеги кино фото-сүрөт жана фоно документтердин арасында таң калычтуу кадрлар сакталып калыптыр: 1951-жыл, Фрунзе шаары, темир жол вокзалы, Фрунзе-Москва поезди, студенттер Москвага окууга жөнөп жатышат, аларды туугандары узатышууда. Москвага кетип жаткан жаштардын арасында БМКИде (ВГИК) документалдык кинонун режиссерлору факультетине өткөн Лиля Турусбекова да бар. Бир көз ирмемге анын бактылуу жылмайган жүзү даана көрүнөт. Бул менин апам, ал кадрлар тартылгандан арадан 65 жыл өткөндөн кийин гана биринчи жолу көрдүм…

Ар бир адам өзүнүн апасын жакшы көрүп, аны дүйнөдөгү эң жакшы адам деп эсептейт эмеспи, а бирок менин көз карашымда, тарыхтын бир үзүмү болуп калган менин апамдын басып өткөн жолу жана чыгармачылыгы жөнүндөгү баян башкаларга да кызыктуу болсо керек.

Лиля портрет с надписью
Лиля Турусбекова. «Салам, Санжарбек!» деген жазуусу бар портрет.

Өткөн мезгилге кылчайсак, анын кадрларында – республикабыздын үчтөн бир кылымда басып өткөн жаркын жана жөнөкөй, драмалык жана жаратман окуяларга жыш толгон турмушу чагылдырылгандыгын көрөбүз. Лиля Турусбекованын уникалдуу кадрларында  ал өзү бир бөлүгүн түзгөн өлкөнүн карапайым жашоосунун, элдин маданиятынын бүтүндөй бир бүктөмү камтылган. Режиссер Лиля Турусбекованын фильмдеринин каармандары – карапайым адамдар. Анын баары тарыхчылар, жазуучулар жана өз мекенинин басып өткөн жолун билгиси келген жөнөкөй адамдар үчүн баалуу материал экени талашсыз.

Республикадагы кино тармагынын алгачкы кесипкөй ишмерлердин бири катары, Лиля Турусбекова өзү жалгыз иштеген эмес. Анын айланасында ошол доорду, искусствону даңкташкан таланттуу, белгилүү инсандар болушкан. Лиля Турусбекова өзүнүн документалдык ленталарын тарткан учурда Кыргызстандын киносу мурда болуп көрбөгөндөй бийиктикте эле, кинематографисттердин кесиптик чеберчилигинин деңгээли ыкчам жогорулап отурган, ошол эле учурда алар өздөрүнүн чыгармачылыгындагы өзгөчөлүктөрүн жоготпой, мыкты фильмдерди жаратышкан. Лиля Турусбекова ал мезгилде киностудиянын көркөм кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон жана чыгармачыл процесске жүргүзүлгөн критикалык анализдерге активдүү катышып турган.

Ал кынтыксыз табити, эстетикалык туюму менен айырмаланган адам эле деп ишенимдүү айта алам. Лиля Турусбекова өзү жашаган доордун маданий чөйрөсүн кынаптаган адамдардын бири болчу жана ошого жараша анын өзүнө жана башкаларга талабы да өтө жогору эле.

Маданият жөнүндө сөз кылганда, мен эки аспектини белгилегим келет. Бир жагынан, бул анын айланасындагылардын баарына, анын ичинде кесиптештерине, студиядагы катардагы кызматкерлерге жасаган боорукерлик менен айкалышкан урмат-сыйлуу мамилеси, кесипкөйлүк тажрыйбаларды өнүктүрүүгө, жаш адистердин чыгармачылыгын колдоого жасаган далалаттары жана анын интрига, ушак-айыңдардан сырткары болушу эле. Экинчи жагынан бул анын чыгармалардын эстетикалык табитине койгон бийик талабы, учурда гүлдөп-өсүп жаткан искусствонун терс, табити төмөн, жагымсыз жактарын иргеп жок кылууга жасаган далалаты, келишпес мамилеси эле. Андыктан анын өмүр жолундагы ошол маданий бир бүтүмүн, анын өлкөнүн турмушун чагылдырган, ал жараткан баалуу кадрлардай эле көз жаздымда калтырууга болбойт деп ойлойм.

Жусуп читает книгу детям
Жусуп балдарга китеп окуп берет. Лиля — ак беретчен жанында турат

Лиля деген ысым кыргызда, деги эле Кыргызстанда сейрек кездешкен. Лиля деген атты ага —  көрүнүктүү акын жана драматург, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон атасы Жусуп Турусбеков койгон экен. Эл арасында Жусуп деген сүймөнчүк аты бар атасы Владимир Маяковскийдин чыгармачылыгына таасирленип, кызынын атын пролетар поэттин музасы – Лиля Бриктин урматына атаган. Атасы согушка аттанып кеткенде Лиля Турусбекова болгону 8 жашта болуптур, бирок жанындай жакшы көргөн кызына төккөн мээрими аны өмүрү өткүчө коштоп жүрдү. Атасы менен түшкөн сүрөттөрү алигүнчө сакталуу: кичинекей Лилянын ата-энеси менен түшкөн сүрөтү, Лиля атасы менен Дзержинский атындагы бульварда (азыркы Эркиндик) кетип баратканы, Лиля бир туугандары жана короодогу башка балдар менен атасы окуп берип жаткан китепти угуп отурушкандары, ж.б.

Согушка чейинки балалык кездеги эскерүүлөрү: Кыргызстандагы эң көрүнүктүү маданий окуялардын бири – 1939-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосунун Биринчи Декадасы. Ага республикабыздын искусство тармагындагы 400гө жакын маданий ишмерлери катышкан. Иш-чаралардын чордонунда Жусуптун эки чыгармасы бар: 1916-жылдагы окуяларга арналган “Ажал Ордуна” музыкалык драмасы жана Жоомарт Бөкөнбаев менен Кубанычбек Маликовдун чыгармачылык катышуусунда жаралган “Айчүрөк” операсынын либреттосу. Атасы 6 жаштагы кызы Лиляны өзү менен кошо Москвага ала барган, ал жерде Лиля өлкөнүн чыныгы сыймыгына айланышкан декада катышуучулары, чыгармачыл кызматкерлер менен аралашып жүргөн. Андыктан, балким Лилянын тандаган болочок кесиби да бекеринен эмес чыгар…

Лиля бала кезинен эле өзүнө тың кыз болгон: согуш мезгилинде мектептен берген бир үзүм нанын үйүндөгү эки кичүү инисине алып келип берчү. Апамдын радиого берген интервьюсу азыр бизде сакталуу, анда ал өзүнүн апасы экөө согуш аяктагандан көп жыл өткөндөн кийин акын жөнүндө – анын ата жана өмүрлүк жолдош катары кандай болгондугун айтып беришкен. Ал окуянын тарыхы мындай: Жусуп фронтко аттанаар алдында аскердик даярдыктан өткөн соң, аны үй-бүлөсү менен коштошконго үйүнө жиберишет. Ал үйүнө келсе босогодо үч баласы жалгыз өздөрү отурушат, анткени анын басмаканада иштеген жаш жубайы Фрунзенин (Бишкектин) башка жашоочулары сыяктуу эле иштен кийин “кылым курулушу” – Чоң Чүй Каналынын курулушуна кол кабыл кылганы кеткен. Ал балдарына жакын келип, кызын башынан сылап жылмайып: “Чоң кыз болуп, бөбөктөрүңдү караганга жарап калыптырсың” дейт. Бул атасын акыркы жолу көрүшү эле, ал согушка кеткен бойдон кайтып келген жок…

Анын апасы Күлсүн Молдахматова белгилүү Байтик баатырдын чөбөрөсү болгон. Мүнөзү сылык-сыпаа, өтө маданияттуу, кандайдыр бир деңгээлде альтруист да болуптур. Алсак, өзүнүн колундагы үч баласына, күйөөсү согушта курман болгон жоокердин жесири болгонуна карабай, үй-жайсыз калгандарга боору ооруп, үйүнө алып келип жашатчу. Ошондой “меймандардын” бири, Асия деген жетим кыз кийин Лилянын кичүү инисинин келинчеги болуп калды. Турусбековдун үй-бүлөсү менен бирге көп жылдар бою согуш учурунда Россиядан эвакуацияланып келген Дора Павловна жашаган. Ал менимче, Ленинграддан келсе керек эле. Кийин ал өз алдынча үй-бүлө күтпөй, биздин үй-бүлөнүн бир мүчөсү катары биз менен чогуу жашап жүрдү.

Лиля с подругами
Курбуларым менен. Лиля ортодо экинчи катарда. Сол жагында: Тамара Токомбаева. Оң жагында Жылдыз Жолдошева. Биринчи катарда сол жакта — Дамира Баялинова Оң жакта — Рита

Лиля кичинекей кезинен тарта эле XX кылымдын биринчи жарымында Кыргызстандын адабиятын түптөгөн мыкты-мыкты инсандардын чөйрөсүндө өскөн. Алардын көбү атасынын достору жана кесиптештери эле, андан тышкары басмаканада иштеген апасы Гүлсүндүн да чөйрөсү ушундай болгон. Акын Жусуп Турусбековдун кызы Лилянын Аалы Токомбаевдин кызы Тамара Токомбаева, жазуучу Касымаалы Баялиновдун кызы Дамира Баялинова менен бирге түшкөн сүрөттөрү бар. Ал эми өтө жакын мамилеси өмүр бою сакталып калган мектептеги жана студенттик жылдардагы курбулары да белгилүү инсандар болгон (мисалы, кийин эт-сүт өнөр жай министринин мурунку орун басары болуп көп жыл иштеген Дамира Чокоева). Алардын баары өздөрүнүн эскерүүлөрүндө Лиля өзүнүн курбалдаштарынын ичинен өз ишине өтө олуттуу жасаган мамилеси жана китепти чексиз берилип сүйгөндүгү менен айырмаланып тургандыгын белгилешкен.

кулешов
Лев Кулешов

Бала чагында, үй-бүлөсүндө калыптанган интеллигенттүүлүгү, ички маданияты, көз карашынын кеңдиги, тереңдиги ВГИКте Лев Кулешовдун устаканасында татыктуу уланып, кынапталган. Лев Кулешов тууралуу кийин анын “Искусство кино” деген китебине шакирттери: “Биз картина жасадык, Кулешов кинематография жасады” деп жазышкан. Ал бир эле учурда кинонун теоретиги жана практиги, новатору болгон, биринчи болуп монтаждын ыкмаларын колдонгондугу үчүн ал “Кулешовдун эффектиси” деген аталышка ээ болгон. Кулешов көп жылдар бою БМКИде (ВГИК) сабак берген жана анын жетекчилеринин бири болгон жана режиссура кафедрасын жетектеген, андан тышкары мемуарларды, окуу пособиелерин, сценарийлерди көп жазган. Ал өмүрлүк жары — үнсүз кинонун жылдызы Павел Третьяковдун небереси, Сергей Боткиндин кызы, өзүнүн кинолорунда тартылган Александра Хохлова экөө биргеликте бир нече режиссердук устакананы түптөп чыгарышканы маалым. Кулешовдон таалим алышкандардын арасында белгилүү режиссерлор В.Пудовкин, Б.Барнет, М.Калатозовдор болгон.

WFP2-KHOK01
Александра Хохлова

БМКИнин Кыргызстандан барышкан алгачкы бүтүрүүчүлөрү: документалдык кинонун режиссеру Лиля Турусбекова, кинооператорлор Марлес Туратбеков жана Кадыржан Кадыралиевдер болгон, булардын баары азыр тарыхта изи калган инсандар. Лилянын “Серебряная вода” деп аталган дипломдук иши  Кыргызфильм киностудиясында И.Герштейндин сценарийи боюнча тартылган. И.Герштейн ошондо эле тажрыйбалуу кинематографист катары таанылып, 1942-жылы киностудияны түптөгөн алгачкы чыгармачыл кызматкерлердин бири болгон.

БМКИни аяктаган соң, Лиля Турусбекова өзүнүн алгачкы эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында баштап, ал жерден «Советтик Кыргызстан» киножурналын үзгүлтүксүз тартып турган. Ал эми хрониканын редактору азыркы белгилүү жазуучу, драматург жана манас таануучу жана бала чагынан досу Мар Байжиев эле: анын атасы, белгилүү манас таануучу Ташим Байжиев менен үй-бүлөлүк карым-катнашы болгондуктан, Жусуптукуна байма-бай келип турушкан. Ал мезгилде киножурналдарды кинотеатрларда коюлуучу көркөм кинолордун ар бир сеансынын башталышында көрсөтүп турушкан, азыр анын ордун жарыялар ээлеп калышпадыбы, анда болсо ошол киножурналдар аркылуу көрүүчүлөр өлкөдөгү жаңылыктар, маанилүү окуялар менен таанышып турушкан.

Режиссер Лиля Турусбековага “Советтик Кыргызстан» киножурналынын 65 чыгарылышында жана 30дан ашык кинолентасында өлкөнүн турмушун, карапайым жана белгилүү адамдар, алардын кыялдары, эмгектеринен жаралган маданий мурастары, атмосферасы, ошол жылдардын хронологиясын тартып алуу вазийпасы буюрган экен. Ушунун баары кадрда чагылдырган тек гана жансыз сүрөт эмес. Жок, анын баарында кесипкөйдүн колу менен кылдат жана аяр ачылган каармандарына урмат-сыйы, алардын руханий дүйнөсүнө арзуусу, кызыгуусу көрүнүп турат.

Балким ошондон уламбы, болгону 25 жаштагы Лилянын киностудиядагы алгачкы кадамдарынан баштап эле өзү менен тең курбуларын мындай кой, кээ бир улуу адамдар да ага “эже” деп кайрылышкан, алар ошонусу менен анын билимине, ишине жасаган олуттуу мамилесине, кесипкөйлүгүнө урмат-сыйын көрсөтүшсө керек. Мындай мамилеге жаш режиссердун сулуулугу, аялдык назы, табигый жүрүм-туруму жана ак көңүл мүнөзү тоскоол болгон эмес. Лиля кесиптештери арасында кандайдыр бир көзгө илешпеген образы аркылуу өзүнүн тартынбаган мүнөзү менен жылуу мамиле түзүп, ошол эле учурда аша чаап кетүүгө жол бербеген,  билинбес чекти кармай билчү.

Киностудиягы алгачкы кадамынан баштап эле анда жаратман адамдарга, алардын эмгегине кызыгуу жаралып, инсандык чыгармачыл башталышын сезип-туя билүү сапаты калыптанган. Дебютантка Совет бийлигинин 40 жылдыгына карата кыргыз элинин турмушундагы өзгөрүлүштөр жөнүндө лента тартуу тапшырмасын алат. Лиля “Алар Тянь-Шанда төрөлгөн” (1958) киноочеркин тартат. Салт болуп калгандай, өлкөнүн экономикалык жана маданий жетишкендиктерин санап чыгуунун ордуна, ал фильмде баштан аяк конкреттүү адамдардын тагдырлары жөнүндө баяндайт. Бир нече өз алдынча сюжеттерден түзүлгөн фильмде композициялык, монтаждык, жанрдык болгон ички биримдүүлүгү сакталганы байкалып турат: ар бир каармандын биографиясында  мурунку баяндын темасынын өнүгүшүнө айланган өзгөчөлүгү жана кийинки баяндын кириш сөзүнүн өзөгү болуп өнүгүп жүрүп отуруп, анын баары республикабыздын руханий өсүшүнүн тарыхын түзөт. Л.Турусбекованын “Алар Тянь-Шанда төрөлгөн” кинотасмасы дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттерге чыккан алгачкы кыргыз документалдык лентасынын катарында болгон.

1961-жылы режиссер Лиля Турусбекова «Улуу эпос» деген фильмди тарткан, анын сценарийин Мар  Байжиев жазса, оператору Кадыржан Кадыралиев, композитору Таштан Эрматов, сүрөтчүсү Сагын Ишенов, үн оператору Төлөмүш Океев, режиссердун ассистенти Ракия Шаршенова, картинанын директору Иманкул Абдыкулов болгон. Кандай гана команда топтолгонун караңыздарчы! Ушул адамдардын баары кыргыз киносунун сыймыгы, тарых барактарында ысымдары түбөлү сакталган инсандар болуп калышты. Ал фильм Манас эпосунун мааниси жөнүндө республикада жаралган чоң кызуу талаш-тартыштардан кийин тартылган. Ошол мезгилдин саясий таасириндеги кээ бирөөлөр анын сакталышына каршы болушкан. Фильм улуттук маданияттын бөлүнгүс бир бөлүгү болгон эпикалык эбегейсиз мурасын коргоп, сактап калууда өз салымын кошкону талашсыз чындык.

Толук метраждуу документалдык “Вслед за весной” деп аталган фильмди жаратууда Нуртай Борбиев, Манас Мусаев, Карим Абдыкулов, Валерий Виленский, Болот Шамшиев, Геннадий Базаровдор катышышкан. Ал фильмде алгачкы ирет Кыргызстандын жетишкендиктери, илимий ийгиликтери, Нарын каскадынын курулушунун башталышы тууралуу кеңири баяндалат. Тасманын ачылышында, ошол кездеги легендарлуу маданият министри Күлипа Кондучалова бул тасма кандай фестивалда болсо да катышууга татыктуу экендигин белгилеген. Кыргыз киносунун атак-даңкын чыгарган бүгүнкү күндөгү көптөгөн устаттар ошол тасманын таасиринин астында болочок кесиптерин тандашканын айтып жүрүшөт.

Лиля Турусбекованын тасмаларынын каармандары – бул адамдар. Азыр ошол мезгилге бир кылчайып карасак, бир бүтүндүктү түзгөн ал уникалдуу кадрларда өлкөнүн турмушу, элдин маданияты чагылдырылган, анын өзүн да ошол кадрлардын бир үзүмүндө көрүүгө болот. Атактуу актерлер Муратбек Рыскулов (“Мастера киргизского искусства”) жана Бакен Кыдыкеева (“Причастность”), ырчы, уникалдуу табигый үндүн ээси Мыскал Өмүрканова (“Мыскал”), поэт, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов (“Алыкул”), өтө кызыктуу тагдыры бар, нукура салттуу кыргыз кийимдеринин тарыхын изилдөөчү, унутулуп бараткан элдик уздардын, улуттук кийимдердин жана кыргыз оюуларынын эстетикасын, искусство чеберчилигин өз убагында сактап калууга үлгүргөн окумуштуу-этнограф Клавдия Антипина (“Судьба”), ээр чабуучу, салттуу кол өнөрчүлүктү улоочу Жылкычы Шершебаевдер (“Чебер”) документалдуу тасмалардын каармандары болуп калышты. Азыр ал инсандар жөнүндө бул материалды колдонбой туруп сөз айтууга болбой тургандыгын айтышат.

Ал адамдардын баары – биздин тарых, бул кадрлар баа жеткис. “Мыскал” тасмасын тарткандан кийин Лиля Турусбекованын берген интервьюсунда: “Бул тасмалардын темаларынын баары бири-бири менен үн алышып турат – алар элдик таланттар жөнүндө. Негизинен мени ушундай адамдар өзүнө тартат… Биз, кинематографисттер ушундай уникалдуу адамдарды тасмага тартып калууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз керек, болбосо эртең кеч болуп калат” деп айтканы бар.

Анын ушундай эмгектеринин ичинен таланттуу уюштуруучу Корчубек Акназаров жөнүндө “Кошой-Таш” деп аталган толук метраждуу тасмасы өзгөчө орунду ээлейт. Бул тасмада табияты каардуу Кочкор өрөөнүн жердеген түрдүү адамдардын чын пейилден жараткан жаратман эмгектери, өзү баш болуп жыргал турмуш курууга киришкен жетекчинин элдин күчүн мобилизациялоодо колдонгон өзгөчө ыкмасы жөнүндө баяндалат. “Фильм эмгекти даңазалоо менен адам үчүн сыймыктануу сезимин жаратат. Катуу талап кое билгендиги жана ошол эле учурда эмоционалдуугу менен ал өзүнө тартып, ынандырып турат”-деп мүнөздөйт бул фильмди өзүнүн “Кыргызское кино” деген китебинде, белгилүү кино таануучу Каарман Ашимов (1999-жыл, 74-бет).

Л.Турусбекованын “Оглянись, Чолпон” деген тасмада университеттин студенти жана анын курбулары жөнүндө баяндалса, жаш тикмечи жана мугалим жөнүндөгү “Твои подруги” деген тасмасынан, ошондой эле баланын жатак-мектептеги жашоосу жөнүндөгү “Я и мои друзья” деген тасмасынан турмуштун көп кырдуулугу камтылган өлкөнүн кадыресе турмушу көз алдыбызга жиптей тизилип өтөт, ал эми биринчи режиссеру Ю.Герштейндин “Рождение песни” тасмасында саякатка аттанышкан чоң атасы жана анын небересинин көзү менен мекенибиздин булуң-бурчтарын көрө алабыз. Мына ушул атактуу жана катардагы карапайым адамдар жөнүндөгү тасмалардын баары өз каармандарына купуя сый-урмат менен, азыркыча айтканда, толкуп-ташкан позитив менен тартылган деп ынанымдуу айтууга болот. Аларда кадыресе турмуш кошумча боексуз, нукура чындыгы менен берилген жана курулай отчет берүү жок. Бул карапайым адамдардын жаратман чөйрөсүнүн күрөө тамырын таамай кармаган оптимист жана кылдат чебер байкоочунун колунан жаралып, сакталып калган бир доордун документи.

Албетте, Лилянын чыгармачылыгында тарыхтын драмалык эпизоддору да жок эмес. “Большевики Пишпека” тасмасында XX кылымдын башталышындагы татаал жылдарда Кыргызстандын аймагында орун алган олуттуу окуялар чагылдырылган. Кыргызстан эгемендикке жеткен жылдары тартылган “Воскресшие из праха” тасмасы бүтүндөй өлкөнү солк эттирген окуялардын жаңы табылгалары тууралуу баяндалат. Сталиндик репрессия жылдарында атылып, массалык түрдө жашыруун көмүлгөн 137 адамдын сөөгү табылган, алардын катарында Совет бийлигинин алгачкы жылдарында жалындуу күрөшкөн белгилүү саясий ишмерлер бар эле. Бирок тасма сенсация жөнүндө эмес. Анда алардын туугандары өз жакынын жоготкондо башынан өткөргөн оор кайгысы тууралуу айтып беришет, алардын айткандарынан өз мекенинин чыныгы патриотторунун, сейрек кездешүүчү инсандардын портреттери, алардын тирүү кезиндегидей жаркын жана жагымдуу элестери көз алдыга тартылат. Бул тасмаларды ошол өткөөл жылдарда, фильм тартылган учурда күч алып кеткен “каралоо” эмес, тек гана тарых эстеликтери жана сабактары десек жарашчудай.

Лиля с братом и сестрами Чокоевыми
Лиля Күлчоро иниси менен жана Чокоевдер менен дем алыш күндөрү Карагачтуу токойдо

Ошол эле катардан юбилейлерге карата тартылган жана өзүнүн жанры боюнча республиканын жетишкендиктерин даңктоого үндөгөн панорамалык картиналар – “Советский Киргизстан”, “Твой день, Республика” тасмаларын көрүүгө болот, алар формалдуу отчет түрүндөгү, куру материал эмес, мамлекет үчүн өтө маанилүү ири долбоорлор, мезгил күбөсү жөнүндөгү мыкты материал болуп калды.

Кадр сыртында автордун биз көрбөгөн, бирок кесиптештеринен көп ирет уккан киностудияда өтөгөн баа жеткис эмгеги жатат. Лиля баа коюучу (тарификациялык) комиссиянын мүчөсү болгон, ал комиссия ар бир 6 айда студиядагы “экинчи звенонун”: режиссердун, оператордун ассистенттеринин, гримердун, жазуу технигинин, лабораториянын техникалык кызматкерлеринин, монтаж цехинин кызматкерлеринин ишин баалап турган. Лиля Турусбекова ар дайым студиянын кызматкерлерин объективдүү баалаган, ал ар бир кызматкердин эмгегине зор ынтаа жана урмат-сый менен мамиле жасаган. Арадан көп жылдар өтсө да, анын адилеттик үчүн ишенимди бекемдөөгө жасаган далалаты адамдардын эсинде унутулбай сакталып калды. Айланасындагы адамдардын баасында, элдин көңүлүн өзүнө бурууга умтулбаган, өтө жөнөкөй, карапайым болгондугуна карабай, ал принципиалдуулугун тайманбастан көрсөтө билген адам эле.

1962-MM-dd LT 79-14 syemki Toguz Toro
Тасма тартканда Тогуз-Тородо
с детьми для сайта
Асел (оңдо) жана Гүзел (солдо) кыздары менен

Режиссердук кесип жеке эле чыгармачылык изденүүлөрдү талап кылбастан, темпераменти жана кулк-мүнөзү ар кыл адамдардан турган тасма тартуучу топту иштете билүүнү да талап кылган, дайыма күтүүсүз кырдаалдарда болууга туура келген, турмуш-тиричилик шарты дайыма эле ыңгайлуу боло бербеген, көчүп-конуп жолдо жүргөн, керек болсо, бийик тоолуу жайлоолорго ат менен барууга, же болбосо, плотинанын курулушуна чыгууга  да даяр болгон, бирок, ошол эле учурда жакшынакай келбетти сактап калууга туура келген кесип… Ошол эле учурда документалисттер эл алдына көрүнө бербейт, эл адатта хроника эмес, көркөм тасма менен алектенгендерди жакшы тааныйт. Арийне, Лиля өзүнүн кесибин “жүрөк тандоосу” боюнча, түшүнүү менен тандаган жана бул иши анын үй-бүлөсүнө, сүйүктүү жарына, балдарына, досторуна жана жакындарына эч качан тоскоол болгон эмес. Мунун баары анын турмушунда гармонияда жашагандыктан, биз аны кадыресе көрүнүштөй кабыл алчубуз. Биз мына азыр, арадан ушунча убакыт өткөн соң гана, ага өзүн курчап турган чөйрө канчалык баалуу болгондугун түшүнүп отурабыз…


Лиля Турусбекованын Фильмографиясы

«АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧ». ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА ЖӨНҮНДӨ. РЕЖИССЕРУ Р.ШАРШЕНОВА. КЫРГЫЗФИЛЬМ 2014.

«ВОСКРЕСШИЕ ИЗ ПРАХА» (АРБАГЫ ТИРҮҮЛӨР) 1992


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *