ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ЖАНА ИНСАНДЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА: ВЛАДИМИР МИХАЙЛОВ МЕНЕН «МЫСКАЛ» ТАСМАСЫ ЖӨНҮНДӨ МАЕК

Владимир Михайловдун Лиля Турусбекова менен 1989-жылдагы интервьюсу.  Маек В.И.Михайловдун “Эстутум кино тасмасы. Кыргыз киносунун адамдары жана тагдырлары” китебинде жарык көргөн.  – Б. “Салам” басма үйү, 2007 -524-б.


ДРАМАЛУУ ТАГДЫР

“Кыргызфильм” киностудиясында элдик ырчы Мыскал Өмүркановага арналган “Мыскал” документалдык тасмасы өз ишин аяктады. Биз ал тасманын режиссеру Лиля Турусбекова менен маектешип олтурабыз.

-Лиля Жусуповна, сизди бул тема эмнеге кызыктырды, эмне үчүн сиз ага кайрылууну мүмкүн жана зарыл деп эсептедиңиз?

Билесизби, Мыскал Өмүрканова мен үчүн ар дайым өзүнүн орду бар инсан болуп келген. Ал тирүү кезинде чоң атак-даңкка ээ болгон — эл аны абдан жакшы көрчү. Эгер масштабы боюнча ага окшош ырчыларды эстесек, ага Русланова гана теңдеше алат. Анын кайталангыс үнү бар эле, мен анын талантынын күйөрманы катары ал жөнүндө суктануу сөздөрүн гана айта алам. Ал кыргыз искусствосунда өзгөчө орунду ээлеп турат, керек болсо, мен анын орду өзгөчө деп айтар элем. Ушул себептерден улам ал мени абдан кызыктырып келген.

Көптөн бери ал тууралуу тасма тарткым келип, бирок эмнегедир колум жетпей жүргөн. Ал эми жакында эле атактуу музыка таануучу Балбай Алагушев Мыскал тууралуу сценарий алып келгенде, аябай кубандым. Мен ага дароо кириштим. Мен, албетте, көп кыйынчылыктар болорун билгенмин, бирок… эгер мен колго алып баштап алсам…

Мыскал Өмүрканова жөнүндө документалдуу материалдар өтө эле аз экенин билемин. Сиз мындай оор кырдаалдан кантип чыктыңыз?

Бактыга жараша, Москвада өткөн кыргыз искусство Декадасынан сакталып калган кадрлар бар экен. Ал концертти ДФБСнын операторлору тартышкан.

Сиз 1958-жылы өткөн экинчи декаданы айтып жатасызбы?

Мыскал Өмүрканова

Ооба, 1958-жылдагы. Ал эми 1959-жылы декада жөнүндө фильм жарык көргөн. Бирок Мыскал ал жерде жок. Көрсө, анын номери техникалык жактан жараксыз болуп калыптыр. Бирок кесипкөй кинематографисттер аны жараксыз кылып таштап салбай, синхронун оңдоп-түзөп, архивге сактап коюшкан экен. Мен ал материал бар экенин тап-такыр билген эмесмин. Анын аткаруусундагы “Алымкан” жана “Кыз-Жибекти” укканда, бүткөн боюм дүрүлдөп кетти. Бул өзүнчө сыйкырдуу кереметтей туюлду. Мен тасмага эки номерди тең толугу менен коштум. Көрөрмандар аны мурда эч качан көргөн эмес. Мыскалдын ырларын нукуралай, кыргыз тилинде угуу керек. Алар абдан уникалдуу жана анын аткаруу ыкмасы да укмуштай өзгөчө. Ал жерде бир нотаны эки мүнөткө чейин созгон эпизоду бар.

Кадр артында эмнелер калды, тактап айтканда, Мыскалдын тагдырынын трагедиялуу аякташы тууралуу эмнелерди айта аласыз?

Билесизби, мен Мыскалдын тагдырын ошончолук эле трагедиялуу деп айтпас элем, ал көзүнүн тирүүсүндө атак-даңкка жетишип, анын даамын татты. Ал тургай өздүк көркөм чыгармачылыктан өсүп чыккан ырчыны музыкалык театрга киргизип, опералык ырчылыкка алууга аракеттери да болгон. Бизде негедир музыкалык жөндөмү бар адам сөзсүз опералык театрга барып ырдаш керек деген ушундай бир көз караш калыптанып калган. Бактыга жараша, ал өзүнүн жолун өзү таап кете алды.

Айтмакчы, анын кайталангыс талантына биринчи көңүл бурган адам Кожомкул баатыр болгон. Ал өзүнүн балбандыгынан тышкары, айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеген белгилүү коомдук ишмер да болгон. Мыскалды чыгармачылык жолго салган так ошол Кожомкул баатыр экени маалым. Ал алгач өзүнүн туулуп-өскөн айылында, андан соң облуста, андан соң борбордо өзүн көрсөтүп, бара-бара атактуулукка жетише баштаган. Бул 30-жылдардын ортосунда болгон. Андыктан, анын тагдырында Кожомкул чоң роль ойногону анык чындык. Ал эми анын жашоосу тууралуу дагы эки сөз айта кетейин, анткени ал дагы көшөгө артында калды. Мыскалдын жолдошу комузчу эле, кийин фронтто курман болгон.

Ал адегенде комуз черткенди билчү эмес, тек гана ырдачу, комуз черткенди ага жолдошу үйрөткөн. Экөө бактылуу жубайлардан эле, бирок алардын бактысы көпкө созулган жок. Жалпысынан алганда анын өмүр таржымалы эң сонун башталган. Бирок кийинчерээк анын турмушунда кандайдыр бир драмалык учурлар пайда болгонун билебиз. Балким анын репертуары чектелгенден улам ошондой болгондур. Бул албетте, менин жеке оюм.

Анын үстүнө атак-даңктын сыноосуна туруштук берүү кээде өтө эле кыйын нерсе. Турмуштун сыноосуна эмнегедир көнүп калабыз, аны жеңүүгө аракет кылабыз, бирок атак-даңкты көтөрүү… Бирок ошентсе да аны менен баарлашкандардын баары ал абдан жакшы адам болгонун айтышат.

Анын тагдыры, менимче, ошол доорго мүнөздүү болсо керек деп ойлойм…

Ар бир өнөр адамынын тагдырына мүнөздүү болсо керек. Анткени, азыр деле карагылачы, жаңы чыгып келаткан таланттар да эреже катары, жалгыздап чыгып жатышат. Бизде өнөр адамдарын социалдык жактан коргоо механизмдери жок. Ага, албетте, режиссёрлор, жакшы уюштуруучулар керек болчу. Анткени, ал өзүндө болгон нерсени гана – таза үнүн, кайталангыс талантын элге тартуулады. Тилекке каршы, биз адамдын өзгөчөлүгүн кеч байкайбыз.

Эмне үчүн Мыскалдын өмүр таржымалын толук баяндабай, лирикалык очерк сыяктуу даярдап койдуңуздар? Азыр көпчүлүк, айрыкча жаштар бул кайталангыс таланттуу аткаруучуну билишпейт.

Эң эле жөнөкөй түшүндүрмөсү, орундун жетишсиздигинен улам болсо керек. Анткени, кыска метраждуу фильмде чексиздикти батыруу мүмкүн эмес. Албетте, Мыскалдын өмүр таржымалын кененирээк чагылдыруу максатында тасманы кеңейткибиз келди, бирок… буга көптөгөн себептер тоскоол болду.

Сиз бул теманы улантууну пландап жатасызбы?

Акыркы эки жылдан бери кызыктуу чыгармачыл инсандар менен иштешип жатам. Жакында эле мен Клавдия Антипина жөнүндө тасма тарттым, бул кайталангыс инсан, абдан кызыктуу тагдыры бар этнограф. Эми элдик ээр уста жөнүндө тасма даярдай баштадым… Бул тасмалардын баарынын темалары өздөрүнүн маани-маңызы боюнча бири-бирине жакын — алар элдик таланттар тууралуу. Мени ушундай адамдар көбүрөөк кызыктырат. Мен буга чейин Муратбек Рыскулов жөнүндө тасма тарттым эле. Эми бул материалдан эч ким кыйгач өтүп кете албайт.

Биз, режиссерлор, ушундай уникалдуу адамдарды тасмага тартуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек деп ойлойм, антпесе эртең кеч болуп калат…


Дагы:

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН «МЫСКАЛ» ТАСМАСЫ. 1989-Ж.

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА, РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Владимир Михайлов

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *