ЛИЛЯ, САНЖАРБЕК ЖАНА БИЗ, АЛАРДЫН БАЛДАРЫ – АСЕЛЬ ЖАНА ГЮЗЕЛЬ. 1958-ж

Бүгүн Балдарды коргоо күнүндө даректүү кинорежиссер Тилек Мураталиевден күтүүсүз белек алдым! Кыргыз Республикасынын Кинофотофоно-документтеринин (КФФД) архивинде иштеп жүрүп, 1958-жылы 1-майда апабыз Лиля Турусбекова жана атабыз Санжарбек Данияров жана биз, эгиз бир туугандар Асель жана Гюзель кош коляскада олтурганы тартылган хрониканын кадрларын тапкан. Биздин анда төрт айга жетип-жете элек кезибиз экен, ата-энелерибиз кубанычы койнуна батпай бактылуу […]

Толугу менен...

“ЭЛДИН СҮЙГӨН ЫРЫ”. ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТАСМАСЫ. 1963-ж.

Бул тасма — Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына ысмы коюлган эң мыкты композитор жана ырчы Абдылас Малдыбаев жөнүндө. Биздин көз алдыбызда тасманын каарманы — көрүнүктүү автордун жана аткаруучунун өмүр баянын тек гана сөзмө-сөз айтып берүү эмес. Экрандан биз анын туулуп-өскөн жерин жана анын жердештеринин жандуу жаратылыш менен айкалыштырылганын көрө алабыз. Аларды саякатчылардын туюмунда кабыл […]

Толугу менен...

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН “ЧЕБЕР” ТАСМАСЫ. 1989-жыл.

Кыска метраждуу 10 мүнөттүк Лиля Турусбекованын тасмасында кыргыздын салттуу ээрин жасоочу уникалдуу уста Жылкычы Шаршембиев жөнүндө баяндалат. Биздин эл көчмөн цивилизациясынын өкүлү болгондуктан, анын ажырагыс бөлүгү – бул ат минүү. Ээрдин үстүндөгү турмуш – бул аралыктарды басып өтүү жана жаратылыш жана айлана-чөйрө менен дайыма байланышта болуу мүмкүнчүлүгү, бул эркиндик да сезими. Ат минген адам менен […]

Толугу менен...

“АЛЫКУЛ”. ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ТАСМАСЫ. 1990-ЖЫЛ

Режиссер Лиля Турусбекова жана сценарист Кеңеш Жусуповдун бул тасмасы Кыргызстандын эң көрүнүктүү жана сүйүктүү акыны Алыкул Осмонов жөнүндө баяндайт. Тасма 1990-жылы акындын көзү өтүп кеткенден кийин тартылган, ал өтө кыска өмүр сүрүп, 35 жашында каза болгон. Бул убакта Акындын достору, замандаштары тирүү эле. Акындын Кыргыз Республикасындагы туңгуч педагогикалык окуу жайда – Борбордук Кыргыз педагогикалык техникумунда […]

Толугу менен...

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ ДАРЕКТҮҮ ТАСМА. 2023-Ж. РЕЖИССЕРУ-ГАНИ КУДАЙБЕРГЕН

Биздин даректүү тасманын тарыхы сизди кызыктырабы? Ошондой эле 1956-жылдан 1992-жылга чейин биздин өлкөнүн жашоосу? Өлкөбүздүн алгачкы кесипкөй режиссерлорунун биринин өмүр баяны жана чыгармачылыгы сизди кызыктырабы? Гани Кудайбергендин Лиля Турусбекова тууралуу анын 90 жылдыгына карата тартылган жаңы тасмасы YouTube «Кыргызфильм»киностудиясынын каналында тартууланды. Узактыгы — 21.16 мүнөт. Субтитр менен тасма, эки тилде көрүүгө болот Көрүүгө чакырабыз: Сценарийдин […]

Толугу менен...

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН «МЫСКАЛ» ТАСМАСЫ. 1989-Ж.

Бул басылма 2020-жылы чыгарылып, 20.08.2023-жылы “КЫРГЫЗФИЛМ” киностудиясы тасманы жаңы, сапаттуу санариптештиргендигине байланыштуу жаңыртылган. Маданий мурастарыбызды сактоонун алкагында киностудия тасмаларды, анын ичинде Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына карата режиссердун тарткан тасмаларын санарипке өткөрүүдө. Санариптештирилген тасманы көрүү мүмкүнчүлүгүн колдонуп, үн диапазону зор ырчынын уникалдуу жазууларын угуп, чыныгы ырахат алууга чакырабыз. Уникалдуу табигый үндүн ээси Мыскал Өмүрканова жөнүндө тасмасы. […]

Толугу менен...

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН «ТАГДЫР» ТАСМАСЫ. 1988-ЖЫЛ

Тасма кыргыздардын материалдык маданияты жөнүндө уникалдуу материал чогулткан этнограф Клавдия Ивановна Антипина жөнүндө.   Дагы:  Кыргызстан Инсандары. Лиля Турусбекова – рубрикасы ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА – РЕЖИССЕР ЖАНА ИНСАН – Лиля Турусбекова жөнүндө ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ФИЛЬМОГРАФИЯСЫ

Толугу менен...

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН “АЛАР ТЯНЬ-ШАНДА ТӨРӨЛГӨН” ТАСМАСЫ. 1957-ЖЫЛ

“Алар Тянь-Шанда төрөлгөн” (Они родились на Тянь-Шане) документалдуу фильм 2 бөлүмдөн турат, түстүү тасма, сценарийдин автору А.Салиев, М.Аксаков, операторлору Ю. Герштейн, И. Герштейн. 1957-ж. Бул тасма дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө көрсөтүлгөнү таң калычтуу эмес. Республиканын бүтүндөй турмушу 2 бөлүмгө камтылып көрсөтүлгөн. Мында Кыргызстан, анда жашаган адамдар, алардын күнүмдүк тиричилиги жана жетишкен ийгиликтери чагылдырылган. Көрүүчүлөрдүн көз алдында […]

Толугу менен...

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН “ЖАЗДАН КИЙИН” ТАСМАСЫ. 1967-Ж

 «Жаздан кийин” («Вслед за весной») деп аталган Лиля Турусбекованын документалдуу тасмасы 5 бөлүмдөн турат (40 мүнөт), ак-кара түстүү. Операторлору — М.Туратбеков, А.Кочетков, монтаждаган – Р.Шершенова, композитору – А.Жумахматов, үн оператору – Я.Рывкин, редактору – А.Шершенов, директору – Ж.Курбатова. 1967-жыл. Кыргызстандын тоолору жана адамдары жөнүндө үч новелла. Фрунзе шаарынын кызыктуу жерлери тартылган кадрлар, жаңы эле курулган […]

Толугу менен...

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН «АРБАГЫ ТИРҮҮЛӨР» («ВОСКРЕСШИЕ ИЗ ПРАХА») ТАСМАСЫ. 1992-ЖЫЛ

«АРБАГЫ ТИРҮҮЛӨР» («ВОСКРЕСШИЕ ИЗ ПРАХА») — 2 бөлүктүү документалдык фильм. Режиссеру — Лиля Турусбекова, сценарийдин автору — В.Никсдорф, оператору С.Макекадыров. Бул тасма 1937-жылы күнөөсүз репрессияга кабылып, Бишкектин үстүндөгү Чоң-Таш тоосунун этегинде жашыруун көмүлгөндөр жөнүндө. Алардын сөөктөрү 90-жылдары табылып, баары идентификацияланган. Бул адамдардын тагдырлары ар кандай — ар түрдүү жана социалдык ар башка катмардагы карапайым адамдар […]

Толугу менен...

«АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧ». ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА ЖӨНҮНДӨ. РЕЖИССЕРУ Р.ШАРШЕНОВА. КЫРГЫЗФИЛЬМ 2014.

Лиля Турусбекова жөнүндө документүү тасма. Узактыгы — 22 мүнөт. Тасма тартуу, киностудия, чыгармачыл чөйрө жана үй-бүлөсү, достору — мунун баары анын турмушунда гармонияда жашагандыктан, биз аны кадыресе көрүнүштөй кабыл алчубуз. Биз мына азыр, арадан ушунча убакыт өткөн соң гана, ага өзүн курчап турган чөйрө канчалык баалуу болгондугун түшүнүп отурабыз. Биздин материалдан окуңуз: Лиля Турусбекова, режиссер […]

Толугу менен...

ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ФИЛЬМОГРАФИЯСЫ

Лиля Турусбекова “КЫРГЫЗФИЛЬМ” студиясында иштеп жүргөн жылдары (1956-1992-жж.) режиссер катары 32 документалдуу фильм  — анын ичинен 4 – толук метраждуу (бирөө Ю.Герштейн менен авторлош), жана ошондой эле 65 “Советская Киргизия” киножурналынын чыгарылышын (1955-1967-жж. жана бирөө 1982-жылы) тарткан, андан тышкары, эки фильмде редактор катары катышкан. ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВАНЫН ДОКУМЕНТТҮҮ ФИЛЬМДЕРИ  “Күмүш суу” («Серебряная вода») 1956 1 бөлүктүү, […]

Толугу менен...