Гүлбара Төлөмүшеванын “Искусствонун назик жана кубаттуу күчү. Кыргызстандын айымдары кинодо” киноальбомунун үзүндүсү 2017-жылы Швейцария элчилигинин “Азыркы искусстводогу айымдар – балдарга” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын Демилгелери” Эл аралык коомдук фонду тарабынан жарыяланган.»Роза Отунбаеванын Демилгелери» фондуна жана автор Гулбара Төлөмүшовага макаланы жарыялоого уруксат бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Публикуется по книге: Толомушева Г. Сила хрупкости и жесткость искусства. Женщины в кино Кыргызстана. — Б.: Аркус, 2017. — 108 с.: ил., стр. 6-8
ЛИЛЯ ТУРУСБЕКОВА
(8-май 1933-жыл – 7-январь 2001-жыл)
Лиля Турусбекова Кыргызстандын борборунда, белгилүү жазуучу Жусуп Турусбековдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1956-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссердук факультетин аяктаган соң, “Кыргызфильм” киностудиясында алгачкы эмгек жолун баштаган. Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери.
Режиссер-документалист Л.Турусбекова “Советтик Кыргызстан” киножурналдарын тарткан, анын ичинде ата мекендик кино казынасына кирген – “Күмүш суу” (1956-ж.), “Алар Тянь-Шанда төрөлгөн” (1957-ж.), “Улуу эпос” (1962-ж.), “Жаздан кийин” (1967-ж.), “Советтик Кыргызстан” (1974-ж.), “Бакен Кыдыкеева” (1977-ж.), “Пишпектин большевиктери”
(1977-ж.), «Кошой-Таш» (1982-ж.), «Тагдыр» (1984-ж.), «Мыскал», “Арбагы тирүүлөр” (“Воскресшие из праха”) ж.б. Ал өзүнүн тасмаларында замандаш-жаратмандын, дыйкандын образын жаратып, Социалисттик Кыргызстандын маданий гүлдөп-өсүшүн баяндайт.
“Күмүш суу” тасмасы сейрек металл – сымап кенин каскан Хайдаркан тоо кенчилеринин достугуна жана жолдоштук өз ара мамилесине арналган. Ал эми «Алар Тянь-Шанда төрөлгөн» тасмасы Совет бийлигинин 40 жылдыгына арналып, кыргыз элинин турмушундагы эң чоң өзгөрүүлөрдү айтып берет. Тасма өз-өзүнчө новеллалардан куралган. Ар бир новелла – бул биздин замандаштын портрети. Режиссер белгилүү инсандар: атактуу кызылчачы К.Шопокова, мугалим О.Кыштобаев, балерина Б.Бейшеналиева, чабан У.Жаркынбаев, окумуштуу-академик А.Мамытов, композитор Т.Эрматовдордун портреттери аркылуу өз мекенинин кожоюну, жаратманы – биздин замандаштын образын түзө алган. “Алардын тагдыры образдуу, так жана конкреттүү берилген. “Алар Тянь-Шанда төрөлгөн” тасмасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн экранында көрсөтүлгөн”.[1]
Л.Турусбекованын «Мен жана менин досторум» деп аталган кийинки тасмасы көрүүчүлөрүн экспрессия, көрүнүктүүлүгү менен өзүнө тарта алган. Анын прологу өзгөчө. Алыскы айылдан келген кыргыз бала жатак-мектептеги өзүнүн жаңы турмушу жөнүндө айтып берет. Бул ыкма тасмага динамика, жылуулук, лиризм тартуулайт.
Л.Турусбекова көбүнчө таланттуу кинооператор Кадыржан Кыдыралиев менен бирге иштешкен. Ал адамдын жогорку чеберчиликте аткарган иши режиссерго Фрунзедеги ВЛКСМ атындагы тигүү фабрикасынын мастери Жумагүл Үркүнчиевага жана жаш педагог Анара Исаевага арналган “Сенин курбуларың” тасмасындагы бир катар эпизоддорду поэтикалык маанайда чечмелегенге жардам берген.
«Кыргыз искусствосунун чеберлери» тасмасы сахнанын атактуу чеберлери Муратбек Рыскулов, Абдылас Малдыбаевдин образдарын ачып берсе, “Бакен Кыдыкеева” тасмасы СССРдин эл артисти, Кыргызстандын сүймөнчүктүү актрисасына арналган, ал эми “Мыскал” тасмасы – атактуу ырчы Мыскал Өмүркановага арналган. Негизи эле Лиля Турусбекова Кыргызстандын өркүндөп-өсүүсүнө зор салым кошушкан күчтүү, атактуу инсандарын тартканды жактыраар эле, алсак, “Тагдыр” тасмасы көрүнүктүү окумуштуу-этнограф Клавдия Ивановна Антипинанын жөнөкөй эмес күнүмдүк түйшүктөрү жана жетишкен ийгиликтери жөнүндө көркөм баяндап берет.
«Пишпектин большевиктери» тасмасы Пишпектеги (Бишкек) большевиктик уюмдардын уюшуу тарыхына, жумушчу жана дыйкандардын бийлиги үчүн күрөштүн катышуучуларына арналган. Турусбекова кыргыз документалистикасына жаңы теманы толук ачып берүү үчүн көпчүлүк учурда сейрек кездешүүчү архивдик сүрөт документтерди, эски кинохрониканы колдонгон.
Лиля Турусбекова толук метраждуу документалдуу түстүү “Советтик Кыргызстан” (1974) жана “Кошой-Таш” (1980) деген эки тасманы өзүнүн ишенимдүү пикирлештери – жазуучу Леонид Дядюченко жана оператор Нуртай Борбиев (сайттын администраторунун кошумчасы: Лиля Турусбекова жогорудагы эки тасмадан башка дагы 1967-жылы “Жаздан кийин” жана ошондой эле Ю.Герштейн менен биргеликте 1961-жылы “Ырдын жаралышы”деп аталган эки толук метраждуу тасма тарткан) менен бирге жараткан.
«Советтик Кыргызстан» тасмасы 1974-жылы кеңири белгиленген Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына арналган. Турусбекова Совет бийлигинин тушунда республиканын эмгекчилеринин жетишкендиктеринин жалпы картинасын түзүүгө аракеттенген. “Анын баары көрүүчүлөргө жакын жана түшүнүктүү образдык формада чечилген. Булут баскан бийиктиктен тоо кыркаларынын, өзөн-суулардын, гүлдөгөн өрөөндөрдүн жана жайыттардын, жаңы курулган шаар-кыштактардын көп кырдуу кооз панорамасы ачылат. Тасмада курулуш кранынын жана вертолеттун, деңиз катеринин, самолеттун жана пахта жыйноочу машинанын кабиналарындагы тынымсыз кыймыл-аракеттер чагылдырылган. Алар республиканын турмушундагы динамизмди көрсөтөт”.
“Кошой-Таш” толук метраждуу тасмасынын көңүл чордонунда — Кочкор өрөөнүн дыйкандардын жардамы менен таанылгыс кылып өзгөрткөн партиянын райондук комитетинин биринчи секретары Корчубек Акназаровдун образы. Турусбекова өзүнүн тасмасында киндик каны тамган жеринде чарчап-чаалыкпай, мээнет терин төгүп эмгектенген эмгекчилерди кылдат чагылдырат. Эбегейсиз жерди таш-кордон арылтуу оңой болгон эмес. Тасманын аталышы да Кошой баатырдын алп ташынын аталышындай.
“Биз экрандан өзүнүн өрөөнүн таанылгыс кылып өзгөрткүсү келгендердин ар бир метр жерди таштан арылтуу үчүн күрөшүп жаткандарын көрөбүз. Алардын арасында атактуу малчы-чабандар, дыйкандар, сугатчылар, айылдык механизаторлор, чарба жетекчилери бар. Алардын күжүрмөн эмгегинин натыйжасында таштак талаа гүлдөп-өсүп, түшүмдүүлүгү жогорулайт. Биз ошол тасмадан мурда гектарынан алты центнер арпа алган жерден эми кырк жана кырк эки, ал эми кээ бир жерлерде элүү беш центнерден түшүм алышканын көрөбүз. Кочкор өрөөнүндө мурда мындай түшүм болуп көргөн эмес. Мындай ийгиликке райондун эмгекчилери дың жерди иштетүү үчүн жумшаган ченемсиз аракеттеринин натыйжасында жетишкен. Адамдын адал эмгегин даңктаган тасманы көргөндөрдү сыймыктуу сезимге чулгап, өзүнүн келишимдүүлүгү жана сезимталдыгы менен өзүнө тартып, ишеним арттырып турат”,-деп жазат Ашимов.
Лиля Турусбекова өзү оператор Нуртай Борбиевге аябай ыраазы болуп: “Ал Кочкордун сүрдүү сулуулугун чагылдырып калууга дайыма даяр болчу” деп айтканы бар.
Бул тасманын сценарийин автору Леонид Дядюченко болгон, ал Турусбекова жөнүндө эскерүүсүндө бул тасма жөнүндө төмөндөгүдөй жазган: “…анын эң мыкты тасмасы Кошой-Ташты” тартуу идеясы өз жеринин кайталангыс сулуулугуна, анда жашаган карапайым адамдардын жүзүнө жана тагдырына үңүлүп кайрылуусуна түрткү болгон. Ал бул тасмадан жарык дүйнөдөгү бардык кайгы-кападан арылтуучу эмгектин жаратман зор күчү менен беттешүү мүмкүнчүлүгүн көргөн. Ал кичинесинен чоңуна чейин жогору жактын көрсөтмөсү жок эле, аткарылган иш-чаралар жөнүндө расмий отчеттору үчүн эмес, өзүнүн жер эне менен киндиктеш жан дүйнөсүнүн таасири астында кылымдардан бери таш баскан талааны тазалап, ал жерге алма бак отургузууга ашыккан элеттиктердин карапайым эмгегин жеке эле өзү көрбөстөн, аны башкаларга да көрсөтө алган. Таң жаңы супа салганда, июль айынын аптабынан чаңкаган Жер эненин сууну кана жутуп жатканына маашырланган сугатчынын суунун өзүнө гана түшүнүктүү шыбырын тыңшаганын көрсөтөт”.[2]
Дядюченко ошол эле макалада режиссердун“Арбагы тирүүлөр” (“Воскресшие из праха”) деген 1937-жылдын трагедиясын чагылдырган режиссердун акыркы тасмасы эпикалык ый – кошоктун деңгээлинде тартылганын айтат: “Бул хроникалык картинада анын расмий протоколдон, эксгумация, жана эскирген буюм далилдер актыларынан, ок тешкен баш сөөктөрү тартылган сүрөттөрдөн жана гезиттердеги жарыялардан качып, курман болгондордун жесирлерине жана балдарына, баарына жакшы тааныш Джержинкасына, өздөрүнүн короосуна, жалпы тагдырга түз кайрылуу далалаты көрүнөт. Анткени ал — өзүнүн жана анын атасынын, курбуларынын жана ошондой эле өмүрлүк жарынын ата-энесинин жана башка көптөгөн ага жакын адамдардын тагдырлары эле, анткени анын баары бирөөдөн угуп эмес, өзү башынан кечирген, жеке өзүнүн тагдыры болчу”.
Турусбекованын көпчүлүк кесиптештери Лиля Жусуповнанын өзгөчө сылык, адептүү таалим-тарбиясы тууралуу режиссердун жаркын элесине арналып тартылган “Алгачкы карлыгач” (режиссеру Р.Шершенова, 2014) документалдуу тасмасында белгилүү кинооператорлор Манасбек Мусаев жана Валерий Виленский белгилешет. Лиля Жусуповнанын өмүрлүк жолдошу КР УИА академиги, профессор, медицина илимдеринин доктору, физиолог Санжарбек Бакирович Данияров болгон. Экөө Гюзель жана Асель деген татынакай эгиз кызды жана Бектур уулуну тарбиялап өстүрүштү.
Лиля Жусуповнанын бүт өмүрү тили жөн турбаган, адаттан тышкаркы ар кандай амбициялык көрүнүштөр кадыресе көрүнүш катары саналган чыгармачыл адамдардын арасында өткөн. Лиля Турусбекованын жасалмасыз табигый жүрүм-туруму, боорукерлиги, анын асылзаттыгы, айланасындагыларга: мейли, ал тасма тартылып жаткан жерде болобу же көркөм кеңештин отурумунда болобу, баардыгына бир башкача сыйкырдуу таасир этер эле. Баардыгы эрксизден ага тартылышып, анын ыргагында болууга умтулушуп, мааниси да арта түшкөндөй, кызыктуу боло түшчү. Турусбекованын дайыма өзү жүргөн чөйрөнүн моралдык жагын жакшыртып жиберүүчү өзгөчө касиети бар боло турган.
Лиля Жусуповна Турусбекованын тасмалары ойдон чыгарылбаган, саясий конъюнктураганын пайдасына ыңгайлашпаган, адилет жана акылман документалисттин көз карашында тартылган, демек, анда эң нускалуу тарыхый чындык чагылдырылган бүтүндөй бир эпоха камтылганы талашсыз.
Тандалган фильмография:
«Күмүш суу», 1956
«Алар Тянь-Шанда төрөлгөн», 1957
«Улуу эпос», 1962
«Жаздан кийин», 1967
«Советтик Кыргызстан», 1974
“Тоолордо жай тез өтөт” (“Коротко лето в горах”), 1975
«Пишпектин большевиктери», 1977
«Бакен Кыдыкеева», 1977
«Кошой-Таш», 1981
«Сенин күнүң, Республика», 1984
«Тагдыр», 1984
«Мыскал», 1986
«Чебер», 1990
«Кыргыздар», 1992
“Арбагы тирүүлөр” (“Воскресшие из праха”), 1992
[1] — Ашимов К. – Кыргыз киносу. – Бишкек. – 1999. – с. 13