ЭЛ АГАРТУУ ЖӨНҮНДӨ

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БИРИНЧИ БАСЫЛГАН КИТЕП ЖӨНҮНДӨ

Макалабызды кыргыздын чыгаан агартуучусу, мамлекетибиздин “негиздөөчү аталарынын” бири Эшенаалы Арабаевдин 140 жылдыгына арнайбыз.

Бул макалада сиздер үчүн биринчи кыргыз китебинин толук электрондук версиясы бар: Арабай уулу (Арабаев) Эшенаалы, Хафиз Сарсекеев. «Алип бээ жаки төтө окуу» «Шарк» басмасы, Уфа, 1911-ж.

Хафиз Сарсекеев тууралуу маалымат кийинки басылмада ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН?


Кыргыз эли ар дайым эбегейсиз көп сандагы сюжети ар түрдүү, анын ичинде көлөмү жагынан кайталангыс оозеки эпикалык чыгармаларды эсинде сактап келген. 20-кылымда басма сөз турмушубузга ыкчам киргенден кийин да, оозеки эпос өлбөй-өчпөй сакталып келатат. Өткөн кылымдын аягында биздин жашообузга басмадан кийин маалымат технологиялары агылып кирип келди. Бирок эпикалык жана башка оозеки жанрлар унуткарылбай аткарылып, ушул күнгө чейин жашап, өнүгүп келет. Ошол эле учурда китептердин басылып чыгышы элдин турмушун түп-тамыры менен өзгөрткөн космостук кадам болду. Бул бирок 20-кылымдын башында — башка тилдерде басылып чыккандарга салыштырмалуу бир топ кеч болгонун моюнга алуу керек.

Китептердин басылышы менен элибиз жалпы сабаттуулукка умтулуп, аны дүйнөлүк маданий байлыктар менен тааныштыруу, азыркы түшүнүктө билим берүүнү жайылтуу башталганын төгүнгө чыгара турган бирөө-жарым табылары күмөн. Ошондон бери 100 жылдан бир аз ашык убакыт өттү, а бирок чоңдордон тартып мектеп окуучусуна чейин бирөө да, биздин биринчи китебибиз кайсы китеп болгонун, анын автору ким болгондугун жана ким тарабынан чыгарылганын анык билбейт.

Кыргыздар Россия империясынын колониясы болгон Түркстандын курамында кезинде — 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башындагы кыргыздын жазуучу-акындарынын үркөрдөй чакан тобу өз чыгармаларынын кол жазма тексттерин урпактарына калтырып кеткен. Бул тексттер кыргыз тилинде араб графикасы менен жазылган. Учурда алар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунда сакталып турат.

____________________________________________________

Басмаканадан басылып чыккан кыргыз тилиндеги алгачкы 5 китеп эки эл агартуучусу – Эшенаалы Арабаев менен Осмонаалы Сыдыковдун жеке демилгеси менен жарык көргөн. Китептер 1911-1914-жылдары Уфа, Казань, Оренбург басмаканаларында басылып чыккан, анда 1920-жылдары латын алфавитине өткөнгө чейин бардык түрк тилдүү элдер колдонгон араб шрифтери үчүн басылган тамгалар болгон. Бул китептер чакан нускада жана жеке каражатка чыгарылган. Башкача болушу да мүмкүн эмес эле.

 ____________________________________________________

Бул китептер чакан нускада жана жеке каражатка чыгарылган. Башкача болушу да мүмкүн эмес эле.

Россия империясынын колониялык бийлигинин көз карашы боюнча ал кезде кыргыздар өз алдынча эл катары болгон эмес. Азыркы Кыргызстандын аймагынын көпчүлүк бөлүгү ошол кезде Түркстан генералдык өкмөтүнүн курамына кирген, ал эми түндүк бөлүгү (Семиреченск облусу) бирде Түркстан, бирде Степное, андан кийин Батыш Сибирь генералдык өкмөтүнүн курамында болгон. Документтерде Орус Түркстанды мекендеген жергиликтүү элдер чет элдиктер же жергиликтүүлөр (туземец) деп аталган. Алардын арасында сарттар (азыркы өзбектер жана тажиктер), таранчылар (уйгурлар), дунгандар жана ошондой эле «кыргыздар» болгон, бирок бул этноним менен казактарды атаган. Кыргыздар казактардын бир бөлүгү деп эсептелген («киргиз» деген ат менен), кээде аларды расмий эмес түрдө «каракиргиздер» деп бөлүп атаган, сыягы, аларды түштүк тараптагы тоолорду жердеген казактардын уруусу катары кабыл алышса керек. Эгерде администрациянын көз карашында этнос (кыргыз)  өзүнчө улут болбосо, анда ага мамлекеттин казынасынан китеп, гезит, мектеп үчүн каражат бөлүнбөйт эле…

Элдин аталышындагы кетирилген бул катачылык Россия империясы кулагандан кийин кийин оңдолгон. Жана бул 1917-жылдын февраль айында орус падышасы тактан түшүп, өлкөнү солкулдатып турган падышалык бийлик кулатылгандан кийин да дароо эле боло койгон жок. Мурдагы колониянын — Түркстан генерал-губернаторунун ордуна 1918-жылы Түркстан АССРи жарыяланган. Алты жылдан кийин, 1924-жылы, ал жоюлган. Чек араларды белгилөө деп аталган процесстин жүрүшүндө анын ордуна өзүнчө республикалар жана облустар, анын ичинде борбору Пишпек болгон Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу жана Кыргыз АССРи түзүлгөн, ал бирок негизинен Казак Республикасы болгон. 1925-жылы май айында Кыргыз АССРи Казак АССРи болуп, ал эми Кара-Кыргыз автономиялуу облусу Кыргыз автономиялуу облусу болуп өзгөртүлгөн. Мына ошондон кийин  элибиздин тарыхындагы эң маанилүү укуктук акт түзүлүп,  кыргыз элинин бар экендигин расмий таануу ишке ашкан.

Бирок кыргыздар Россия империясынын колониясынын курамындаа жашап турган мезгилде эле, 1911-жылы элибиздин тарыхында биринчи жолу Арабай уулу (Арабаев) Эшенаалы Хафиз Сарсекеев менен биргеликте Уфа шаарындагы “Аккула” басмасынан кыргыз жана казак балдары үчүн “Алип бээ жаки төтө окуу” (“Окууну тез үйрөнүү”) аттуу китебин түзүп, басып чыгарган. Ошол эле 1911-жылы Арабай уулу Казань шаарында акын жазуучу жана ойчул Молдо Кылыч Шамыркан уулунун «Кысса-и-Зилзала» («Жер титирөө») чыгармасына өзүнүн кириш сөзүн жазып, басып чыгарган.

Кийинки 1912-жылы Эшенаалы Арабаев “Жазуу өрнөктөрү” деген окуу куралын жазган. Бул окуу китебин Оренбург шаарынын басмаканасынан чыгарган.

Булар кыргыз тилиндеги алгачкы үч басма китеп эле. Биринчи кезекте басып чыгарууну талап кылган китептерди тандап алуу — демилгечинин терең ойлонулган планын айгинелегендигин белгилей кетүү керек. Алгач элге 1) алфавитти, 2) окуй турган китепти жана 3) жазуу эрежелерин берүү болду. 

Ошол эле мезгилде Сыдык уулу Осмонаалы 2 китеп чыгарган — 1912-жылы Уфа басмасынан анын “Мухтасар тарых-и Киргизия” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), кийинки жылы “Тарых-и кыргыз Шадманыйа” ( Шабданга арналган кыргыздардын тарыхы) жарык көргөн, көбүбүз ушул күнгө чейин санжырабызды ошого таянып текшерип келебиз. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү китептер фондунда бул эки басылманын нускалары бар. Бул китептер кызыккан окурмандарга жакшы белгилүү, анткени алар арабчадан кириллицага транслитерациялангандан кийин кайра-кайра басылып чыккан. Биринчи транслитерацияны кийин, эгемендүүлүк жылдарында Кусейин Карасаев жасаган.

Сүрөт. Осмонаалы Сыдык уулунун “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” китебинин мукабасы жана китептин кээ бир барактары (1912), жогорку сүрөт. «Тарых-и кыргыз Шадманыйа» (1914), төмөнкү сүрөт

 

Биздин таң калганыбыз, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Сейрек китептер фондунан да, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сейрек кездешүүчү китептер фондунан да Э.Арабаевдин алгачкы үч китебинин изин таба алган жокпуз. Ошондой эле агартуучу Э.Арабаевге арналган китептердеги иллюстрациялардын арасынан да бул китептердин фотосүрөттөрүн, сканерленген сүрөттөрүн таба алган жокпуз.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда кийинчирээк, 1925-жылы басылып чыккан Молдо Кылычтын “Тамсилдер” аттуу китеби бар. Ага баш сөздү Базаркул Данияров Эшенаалы Арабаевдин жетекчилиги астында Илимий комиссияда иштеп, алгачкы китептерди басып чыгарууга активдүү алектенип жүргөн мезгилде жазган.

Сүрөт. Молдо Кылычтын Б.Данияровдун кириш сөзү менен “Тамсилдер” китебинин мукабасы жана кээ бир барактары (1925)

М.М.Эсенгулованын «Эшенаалы Арабаевдин агартуучулук ишмердиги жана педагогикалык мурасы» (2013) монографиясынын акыркы беттеринде анын 1924-1932-жылдары жарык көргөн айрым китептердин мукабаларынын сүрөттөрү берилген. Алардын арасында «Карасаев китептеринен» деген мөөр басылган бир титулдук баракча бар, бирок тексти жана жарык көргөн жылы дээрлик окулбайт… Кийинчерээк белгилүү болгондой, бул биз издеген так 1911-жылдагы Алиппенин титулдук барагы.

Кыргыз Маданият Борбору сайтында Т.Чоротегиндин Молдо Кылыч Шамыркановдун 150 жылдыгына арналган макаласында Э. Арабаев 1911-жылы жарыкка чыгарган акындын “Кысса-и-Зилзала” чыгармасынын мукабасынын сүрөтү келтирилген. Макаланын авторунан алынган маалыматка караганда, ал китептин көчүрмөсүн Ташкенттеги ИАнын Чыгыш таануу институтунун фондунан таап алган

Сүрөт. Молдо Кылыч Шамыркан уулунун “Кысса-и-Зилзала” китебинин мукабасы. 1911-жылы Казань шаарында Эшенаалы Арабаев тарабынан жарык көргөн.

Жакында эле түндүктөгү коңшубуздун түштүк борборун кыдырып жүргөн кезде не бар не жок деген таризде, Казакстандын Улуттук китепканасынын фондунан сейрек кездешүүчү китептерди издеп көрдүм. Көрсө, аларда Э.Арабаев менен Х.Сарсекеевдин алиппесинин электрондук көчүрмөсү бар экен! Казакстан РФ менен маданий алмашуу алкагында Россиянын Улуттук китепканасынын фондусунан электрондук версиясын алган! Каталогдо Э.Арабаевдин аты-жөнү жазылган эмес, китеп “Алип бээ жаки төтө окуу” деген тааныш аталышта казактардын алиппеси катары көрсөтүлгөн.

Ошондон улам маданият тармагындагы кызматкерлерибизге – министрликке, китепканаларга, архивдерге, илимий-изилдөө институттарына кайрылгым келет. Активдүү болуп, тарыхыбыз, маданиятыбыз үчүн баалуу, сейрек кездешүүчү басылмаларды башка мамлекеттердин фонддорунан сурап алууну сунуштаймын.

Албетте, араб арибин билген азыркы изилдөөчүлөрүбүз, тарыхчыларыбыз бул китептин ар бир барагын окуй алат болуш керек. Иллюстрациялардын жоктугу таң калтырбай койбойт. Азыркы замандагы адамдарга алиппени же алфавитти сүрөттөрү жок элестетүү кыйын. Бирок биздин оюбузча, алиппе башталгыч жаңы усул (усул жадид) боюнча окутууга ылайыкталгандыктан, өз доору үчүн прогрессивдүү болгон.

Дагы бир маселе, биздин оюбузча, көп учурда орусчага “Азбука для обучения скоростному чтению” деп которулган алиппенин аталышын “Азбука для быстрого обучения чтению” деп которсок туура болчудай.

Зияш Бектеновдун «Замандаштарым жөнүндө. Адабий эскерүүлөр» деген эң сонун китебиндеги Э.Арабаевге арналган очеркинде бул өзгөчө окуу китеби жарык көргөндөн кийин эл арасында популярдуулукка ээ болуп, балдарды китеп окууга тез үйрөтүүгө жардам бергенин айтат. Уфа шаарындагы Эшенаалы Арабаев окуган «Галия» медресесинин окуучулары жайкы каникулда айыл-кыштакты кыдырып, дал ушул китептин жардамы менен балдарды окуганды, жазганды үйрөтүп, акча табышкан.

Айта кетчү нерсе, окумуштуулар Э.Маанаев менен А.Осмонкуловдун “Э.Арабаев — кыргыз элинин алгачкы агартуучу-окумуштуусу жана саясый коомдук ишмери” деген 2002-жылы жарык көргөн китебинде, сөздүктүн өзгөчөлүктөрүн мүнөздөп, сүрөттөп берген. Бул сүрөттөмө А.Абдырахманов, А.Э. Кубатова жана Ж.Р. Байдилдеевдин “Эки доор инсаны. Эшенаалы Арабаев” деген китебинде келтирилген. Азырынча бизге профессорлор Э.Ж.Маанаев жана А.Осмонкулов изилдеген китептин нускасы каякта экендиги белгисиз болууда, бирок биз сөзсүз түрдө бул басылманы тактап, толуктоого аракет кылабыз.


Бул баалуу китептин барактарын окурмандарыбыз жана изилдөөчүлөрүбүз менен бөлүшүп жатканыбызга кубанычтабыз.

Арабай уулу (Арабаев) Эшенаалы, Хафиз Сарсекеев. «Алип бээ жаки төтө окуу» Шарк басмаканасы, Уфа. 1911-ж


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *