АГАРТУУЧУЛАР

ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН? УЛАНДЫСЫ

Мына, бул – тарыхый инсандар тууралуу маалыматты издөөдө бизге жакшы кызмат кылган Интернеттин кубаттуу күчүнүн дагы бир далили! Сайттын конокторунун жоопторунун аркасында көп учурда маанилүү жана кызыктуу маалыматтарды алууга болот. Бул жолу мен сиздерге төмөнкү суроого жооптун уландысы менен бөлүшкүм келет: ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН? (мурунку басылмага шилтеме)


Мындан бир жыл мурун сайтыма жаңы усул мектебинин (Жадид медресесинин) мугалими, Алаш Ордонун мүчөсү Хафиз Сарсекеев тууралуу материал жарыяланган. Бул агартуучунун өмүр таржымалы менин изденүүмдүн темасына айланды, анткени ал 1911-жылы Уфа шаарында кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу жарык көргөн Эшенаалы Арабаевдин «Алип бээ жаки төтө окуу» (Тез окууну үйрөтүү Алиппеси) китебин жаратууда авторлош болгон. Тарыхый жактан мындай маанилүү окуя көз жаздыбызда калбоого тийиш болсо да, Хафиз Сарсекеев тууралуу дээрлик эч кандай маалымат белгилүү болгон эмес.

Жогоруда айтылган макалада билим берүүнүн бул көрүнүктүү ишмеринин өмүр баяны тууралуу фактылар келтирилген, ал маалыматтар, бактыга жараша, Казакстанда 20-кылымдын башындагы казак гезит-журналдарында жарык көргөн макалаларды санариптештирүүнүн жардамы менен окурмандарга жетип олтурат. Казакстан Республикасынын мамлекеттик институттарынын ишинин алкагында илимий кызматкерлер тексттерди арабчадан кириллицага транслитерациялаган соң, азыр алар окурмандарга жана изилдөөчүлөргө жеткиликтүү болуп калды.

Мен өткөндө Х.Сарсекеев тууралуу жарыялаган маалыматты “Сталиндик репрессиялардан кутула алдыбы, билсек кызык болмок…” деп аяктаган элем.

каттын автору Шолпан Несибекованын ата-энеси тууралуу жазылган күбөлүктүн үзүндүсү. Хафиз Сарсекеевдин кызы – Шолпандын апасы Жамал

Бизге эми анын кийинки тагдыры тууралуу белгилүү болду. Ал маалыматтарды бизге анын урпактары жазып жиберген. Жарыяланган макалага Хафиз Сарсекеевдин небереси Шолпан Несибековадан жооп кат келди. Анын жообу Хафиз Сарсекеев тууралуу айрым маалыматтарды ачыктоого, тактоого, ошондой эле анын сүрөттөрүн алууга жардам берди. Мен мында Шолпандан келген маалыматты жарыялайм:

________________________________________________________

 “Саламатсызбы, Асель!

Сизге кат жазган — Сарсекеев Хафиздин неберелери. 2022-жылдын 21-декабрында чоң атабыз Хафиз Сарсекеев тууралуу кыргыздын залкар агартуучусу Эшенаалы Арабаевдин 140 жылдыгына арналып жарыяланган макалаңызды интернеттен көрдүк. Биз анын кызы Жамал Хафизовна Сарсекееванын балдарыбыз, Түндүк Казакстан областындагы Петропавловск шаарынын Петухово айылындагы керей уруусунан болобуз. Чоң атам да ошол жерде төрөлгөн деп ойлойбуз.

Ал 43 жашында Каркаралы жана Зайсанда казак мектептерди ачуу үчүн балдарды чогултуп жүрүп келтеден же ичкелтеден каза болгон деп апам айтып калчу, апам ал кезде 13 жашта болчу экен, демек, 1926-1927-жылдар деп болжолдосок болот. Ошондуктан ал сталиндик репрессияларга кабылган жок. Апамдын айтымында, чоң атамдын ата-энеси колунда бар адамдар болгондуктан, аны Уфага — ошол кездеги Россиядагы белгилүү окуу жай болгон “Галия” медресесине окууга жиберүүгө мүмкүнчүлүктөрү болгон.

Хафиз Сарсекеевдин агартуучулук ишмердүүлүгү, ошондой эле “Алаш” партиясынын Чыгыш бөлүмүнө мүчө болгондугу тууралуу Сиздин макалаңыздан окуп билдик. Ал үчүн Сизге терең ыраазычылык билдиребиз.

                  Несипбековдор:  Совет, Сәуле,  Зауре,  Сайлау, Шолпан, Ерсаин”.

__________________________________________________

Демек, Х.Сарсекеев 1882-жылы же 1883-жылы туулган, б.а., Э.Арабаев (1882-1933) менен бир курактуу экени белгилүү болду. Күтүлгөндөй, экөө тең Уфадагы “Галия” медресесинде билим алган, кыязы, 1909-1912-жылдары чогуу окуган, ошол мезгилде Алиппени түзүп, жарыкка чыгарышкан. Тилекке каршы, Хафиз өтө жаш кезинде, 43 жашында каза болгон.


 


Хафиз Сарсекеев мына ушундай адам болгон. Кайсы жылы түшкөнү белгисиз


 


Боз үйдүн ичиндеги сүрөттө: 1. Каракожина (Аубакировдун аялы) 2. Жиенгалиев Абзал 3. Хакимова Меңсулу (Семейден) 4 Сарсекеев Хафиз 5. Амирова Батиха 6. Бейсенбаев Билял 7. Бейсенбаева Афруз, Билялдын аялы уулу Жанат менен.

Боз үйдө олтургандар жөнүндө маалымат:

Жиенгалиев Афзал (1885-1937), Алма-Ата областынын мугалими. РСФСРдин Кылмыш Кодексинин 58-10, 58-11 беренеси боюнча айыпталып, ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА соттолгон. 1989-жылы реабилитацияланган.

Бейсембаев Билял (1882-1937), мугалим,  Хафиз Сарсекеев жана Эшенаалы Арабаевдин курбалдашы.  Түндүк-Казакстан облусунун (Акмола) тургуну, ошол эле Казгородокто жашаган. РСФСРдин Кылмыш кодексинин 58-10-беренеси боюнча айыптуу деп табылып, ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА соттолгон. 1960-жылы реабилитацияланган.

Биз көрүп тургандай, Хафиз Сарсекеевдин коомдук чөйрөсү аны менен тең курактагы мугалимдерден турган, алар “Галия” медресесинде же окшош окуу жайларда билим алган деп болжолдоого болот. Катаал террор мезгилинде алар сталиндик ырайымсыз репрессияга кабылып, 1937-жылы атылып кеткен.

Эске салсак, биринчилерден болуп агартуучу Э. Арабаев 1933-жылы курман болгон. Мен бир нече жолу айтып өткөндөй, мугалимдик – коркунучтуу кесип!


Тема боюнча макалалар:

ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН?

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ БИРИНЧИ БАСЫЛГАН КИТЕП ЖӨНҮНДӨ, мында Эшенаалы Арабаев менен Хафиз Сарсекеевдин Алиппесинин толук варианты окурмандарга сунушталган. Сөздүк 1911-жылы жарык көргөн.

«Базаркул Данияров – алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси – бул китепте Эшенаалы Арабаевге бир топ орун берилген.

Э. АРАБАЕВ – КАЙГЫЛУУ ӨЛҮМҮНӨ ЧЕЙИН БИР ЖЫЛ КАЛГАНДА ТҮШКӨН КООМЧУЛУККА БЕЛГИСИЗ СҮРӨТ— биздин үй-бүлөлүк архивден


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду
 Кызык болсо жазылыңыз


Автору
Асел Даниярова

2 комментарии на “ХАФИЗ САРСЕКЕЕВ ДЕГЕН КИМ БОЛГОН? УЛАНДЫСЫ

  1. Урматтуу Асел!
    Сизге ушул маанилүү маалымат үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
    Сизге шилтеме кылуу менен ушул маалыматты андан ары жайылталы.

    Албан чыгармачыл ийгиликтер каалайбыз.

    1. Урматтуу Тынчтык мырза!
      Сизге чоң рахмат. Сиздин аркаңыз менен элге пайдалуу маалыматтар тарап жатканына кубанычтамын.

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *