Б. ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ КИТЕПТЕР ЖАНА МАКАЛАЛАР

2022-ЖЫЛЫ ЖАРЫК КӨРГӨН: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ» КИТЕБИ. ЭМНЕ ҮЧҮН МЕН БУЛ КИТЕПТИ ОКУП ЧЫГУУНУ СУНУШТААР ЭЛЕМ?

Орузбаева-Даниярова К.Б., Даниярова А.С. Базаркул Данияров — алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси/ Кыргызчага которгондор Кашыбаева А.С., Даниярова А.С. — Бишкек: Санжарбек Данияровдун коомдук фонду, 2022, — 504 б с., ил.

Китеп кыргыз тилинде. Төмөндө бул китептин электрондук варианты жарыяланган, ошондой эле басылган версияны кайдан сатып алууну көрсөтөт


Китептин кыргыз тилинде жарык көргөн версиясын окурмандар менен бөлүшүп жатканыма кубанычтамын! Орус тилиндеги версиясы жарык көргөндөн бери дээрлик бир жыл убакыт өтүптүр. Бул мезгил аралыгында китеп өз окурмандарын, сынчыларды таап, кыскасы, өзүнүн өмүр жолун баштады десек болот. Мен төмөндө бул жөнүндө кененирээк токтолмокчумун.

Ага чейин мен, китептин авторлорунун бири катары, кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн бул китеп эмне үчүн сиздердин көңүл бурууңуздарга арзыйт деп ишенип жаткандыгым тууралуу ой бөлүшкүм келди.  

Бул китептен сиз тарыхчы Ж.Жунушалиев таасын аныктаган, тарыхый ченемдер боюнча кыска мөөнөткө туура келген – 20-кылымдын биринчи кырк жылында бүтүндөй “жаралуу жана трагедиялар»доорун камтыган укмуштуу окуялар жөнүндө биле аласыз же эсиңизге саласыз.

Көрүнүктүү жол көрсөтүүчү көсөмдөр – кыргыз агартуучулары ХХ кылымдын башында балдарга жана чоңдорго эң негизги билимди негизинен орус, татар жана казак тилдеринде, негизинен стандартташтырылган программасы жана окуу китептери жок эле берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бул китеп кыргыз тарыхындагы мугалимдердин, маданияттын жана илимдин кызматкерлерин тарбиялоонун башатында турган биринчи кесипкөй мугалим Базаркул Данияровдун тагдыры тууралуу. Базаркул Данияровдун өмүрү жана чыгармачылыгы кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китептеринин жана көркөм адабияттардын пайда болушу, алгачкы басма органдарынын жаралышы менен тыгыз байланышта болгон, ал өз доорундагы ири маданий-агартуу долбоорлорунун катышуучусу, атап айтканда, жаңы латын алфавитин киргизүүгө катышкан.

Бул китепте ошол кездеги маданий-агартуу чөйрөсү, окуялар жана инсандар, насаатчысы – Эшенаалы Арабаев, Петр Кузьмич Юдахин, достору – Касым Тыныстанов, Мухтар Ауэзов, Осмонкул Алиев, анын чыгаан шакирттери, жан аябас жары Гафифа тууралуу баяндалат.

Бир сөз менен айтканда, урматтуу окурмандар,

_________________________________

  1. Китепте укмуштуудай инсандар – чоң саясий жана коомдук толкундоолор доорунда жашаган, кымбат баалуу унааларды, сарайларды эмес, элдин эркиндигин, агартуусун кыялданган жаратуучулар тууралуу баяндалат. Китеп кыргыздардын эгемендүү эл катары таанылышына жетишкен инсандар, мамлекеттүүлүгүбүздү куруу идеясына жан оту менен берилген мекенчил инсандар жөнүндө. Сиз алгачкы окуу жайларын түзгөн, жазма адабиятты басып чыгарган, фольклордук шедеврлерди чогулткан, окуу китептерин жазган, көп нускада китептерди чыгарган ошол кыялкечтердин жана баатырлардын өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныша аласыз.
  2. Китеп Кыргызстан мамлекеттик-административдик өлкө катары картада биринчи жолу өзүнүн азыркы чек арасында качан жана кантип пайда болгонун эске салууга мүмкүндүк берет. Бул тарыхый окуяга чейин эле биздин аймак аны мекендеген элдер менен бирге кайсы мамлекеттин курамында болгонун эсиңизге саласыз.
  3. Китепте миң жылдыкта кыргыз тилинде жарык көргөн алгачкы китептер жана аларды жазып, басып чыгаргандар, биринчи гезит, биринчи журнал жана алгачкы окуу китептери тууралуу маалымат берилет.
  4. Бул китептен колониялык мезгилде, андан кийин монархия кулатылгандан кийинки алгачкы жылдарда, акырында, совет доорунда элибиздин өкүлдөрү кайда окууга мүмкүн болгондугу тууралуу биле аласыз.
  5. Китепте Кыргызстандагы биринчи жогорку окуу жайлары, биринчи институт, биринчи мамлекеттик университет кандай негизде пайда болгон деген суроого кеңири жооп алууга болот.
  6. Китепти окугандан кийин биздин интеллигенция, тактап айтканда, чыгармачыл инсандар, жазуучулар, акындар, сүрөтчүлөр, музыканттар, артисттер, мугалимдер, илимпоздор, саясатчылар кандай калыптанганы жөнүндө кеңири түшүнүк аласыз.
  7. Китепте бул инсандар репрессиялык сталиндик машина тарабынан кандай мыкаачылык менен жок кылынганы – куугунтук жылдары, “партиялык тазалоо”, андан кийин – өлүм жазасына тартуу жана лагерлер сүргүнгө айдоо аркылуу жок кылуу жөнүндө баяндалат. Бул китептен мамлекеттик кылмыштын масштабын ошондой эле бизге мурас катары калган нерселер жөнүндө элестете аласыз деп ойлойм.

________________________________

Бул китеп архивдик документтерден алынган ФАКТЫлардын негизинде жазылган, анда авторлордун фантазиясына негизделген бир дагы маалымат жок. Ошол эле учурда китепке кирген КҮБӨЛӨРДҮН ЭСКЕРҮҮЛӨРҮНҮН аркасында «жаратуунун жана трагедиянын» укмуштуу доорун дагы даана элестете аласыз.

Сиз китепке кирген төмөнкүдөй тарыхый сүрөттөрдү өз көзүңүз менен көрүп, бул маалыматтардын анык экендигине ынана аласыз:

__________________________________

  1. Китепке 154 ТАРЫХЫЙ СҮРӨТТӨР киргизилди, ал сүрөттөрдүн ичинен алгачкы жолу жарык көргөн уникалдуу сүрөттөр бар.
  2. Бул китеп тарыхый документтерин негизинде жазылган, алардын ичинде скан болуп көчүрүлгөн 79 ДОКУМЕНТ камтылган.
  3. Сталиндик лагердеги (ГУЛАГ түзүмү) саясий туткун БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВДОН бизге жеткен 17 КАТТЫН ТҮП НУСКАСЫНЫН скан болуп көчүрүлгөн көчүрмөсү. Латын алфавити менен кыргыз тилинде жазылган каттарды өзүңүз окусаңыз да болот, кээ бир каттар араб алфавитинде жазылган (ал балким, лагерь күзөтчүлөрү жана почта кызматкерлери окуй албашы үчүн жазылса керек), бирок китепте бул каттардын толук тексттери камтылган.

__________________________


КИТЕПТИ ТААП ОКУП ЧЫГУУ: 

БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ — АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮУСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ pdf. кыргыз тилинде ЖҮКТОО

— Китептин орус тилиндеги электрондук версиясы мурда биздин сайтта бул жерде жарыяланган: КНИГА 2021 Г. ИЗДАНИЯ: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ПЕРВЫЙ ПЕДАГОГ. ПОРТРЕТ НА ФОНЕ ЭПОХИ».  

— Окурмандар кыргыз жана орус тилдеринде басылган китепти Бишкектеги РАРИТЕТ дүкөндөр тармагынан 690 сомдон сатып алса болот;

Китепти KITEPKANA.kg интернет-дүкөнүнөн шилтеме аркылуу онлайн сатып алууга болот:

Китеп — кыргыз тилинде                  Китеп — орус тилинде


Китеп жарыкка чыккандан кийин, дароо эле окурмандардан ой-пикирлерди ала баштадык. Китеп анда айтылгандардын жакындарынын колуна тийгени анык. Натыйжада азыр мындан аркы изилдөөгө татыктуу жаңы материал жаралууда. Биздин пландарыбызга билим берүү жана маданият тарыхындагы мамлекеттүүлүгүбүз, Кыргызстан элинин эгемендүүлүгү менен ажырагыс байланышкан маанилүү теманы тереңдетүү жана өнүктүрүү камтылган.


Авторлордон тышкары, сиз китепти эмне үчүн окууга арзырлык экенин ал жөнүндө сын-пикирлерден биле аласыз. Алар сизге кызыктуу болот деп ойлойм.
Бул пикирлер 1) басма сөз беттеринде жарыяланган, 2) сайттагы менин маалыматымдын алдындагы “Комментарийлерге” окурмандар калтырган, 3) вотсап жана социалдык тармактар боюнча келген.

Кызыктуу сын-пикирлер бул жерде чогултулган: 

“БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ» КИТЕБИ ЖӨНҮНДӨ. ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАНА КАЗАКСТАНДАН КЫЗЫКТУУ ПИКИРЛЕР

СҮРӨТТӨРДӨГҮ ТАРЫХ. КИРИНПРОС — КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН ЖАНА БИРИНЧИ УНИВЕРСИТЕТИНИН БАШАТЫ. БИРИНЧИ БӨЛҮК


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.


 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *