Б. ДАНИЯРОВ ЖӨНҮНДӨ КИТЕПТЕР ЖАНА МАКАЛАЛАР

“БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ» КИТЕБИ ЖӨНҮНДӨ. ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАНА КАЗАКСТАНДАН КЫЗЫКТУУ ПИКИРЛЕР

Китеп текчесинде

Бул сын-пикирлерди биздин веб-сайттын «КОММЕНТАРИЙ» тилкесинде китептин орус тилиндеги версиясы басылып чыккан жеринен тапса болот: КНИГА 2021 Г. ИЗДАНИЯ: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – ПЕРВЫЙ ПЕДАГОГ. ПОРТРЕТ НА ФОНЕ ЭПОХИ» 30.09.2021.

Мага ал пикирлер кызыктуу сезилди. Ал китептин кыргызча варианты чыккандыгы тууралуу маалымат менен бөлүшүп жатып (2022-ЖЫЛЫ ЖАРЫК КӨРГӨН: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ» КИТЕБИ. ЭМНЕ ҮЧҮН МЕН БУЛ КИТЕПТИ ОКУП ЧЫГУУНУ СУНУШТААР ЭЛЕМ?), мен аларды өзүнчө макала түрүндө белгилеп коюуну чечтим.


Анвар Камальдинов. Фото из интернета

Биздин сайттын Өзбек Республикасындагы туруктуу окурманы Анвар Камальдинов 2021-жылдын 18-декабрында пикирин, ошондой эле башка сайттагы жарыяга шилтемени жазып калтырды

Бул китепти жеткиликтүү кылып эркин коюп койгонуңуз абдан жакшы болду. Мендеги нускасы компьютер, флешка, фотоаппарат, иш столум менен бирге күйүп кеткен (алдыңкы кабаттан ушунчалык күчтүү өрт чыкканда, баарыбыз алды-артыбызды карабай, ызы-чуу болуп качып жөнөгөнбүз), китептин алгачкы 15 бети күйүп кеткен экен, бирок мен анда 25-бетке чейин окуп үлгүргөн элем. Ушундай жоготууга учураганыбызга карабай, мен күйгөндөн калгандарын иргеп алып, бул китепти кечинде үн чыгарып окуп жүрдүм, бул китептеги ойдон чыгарылбаган окуялардын чыныгы каармандары бизге үлгү болуп, жан дүйнөбүзгө күч топтоого колдоо көрсөттү.

tatar.uz сайтында бул китептен анонс жарыялаган http://tatar.uz/?p=1680 


Жогоруда көрсөтүлгөн сайттагы анонсту келтиремин:

2021-жылдын китеби чыныгы адам жөнүндө

Өзбекстандагы мамлекеттик архивде иштеп жүрүп, мен Асель Даниярованын китеби үчүн Эл агартуу тарыхы боюнча документтерди табууга көмөк көрсөттүм. Ал китеп 2021-жылдын жайында жарык көрүп, август айында менин колума тийди. Бул эбегейсиз зор эмгек мен күткөндөн да алда канча ашып түштү. “Бул үйрөнө турган үлгү!” – дедим мен, китепти дароо колума алып барактап чыккан соң.

Чындыгында эле, көптөгөн тарыхый фотосүрөттөр менен кооз жасалгаланган ал китепте илимий да, жан дүйнөсү да, даректүүлүгү менен да укмуштуу окуялуу романдын интригасы чебер айкалыштырылган. Албетте, 20-кылымдын башталышындагы мезгил ушундай эле, бирок аны кинодогудай көрсөтүп, кошо аралаштырып, кошо кайгыртуу – бул баарына эле бериле бербейт. Китептин кээ бир жерлерин аялыма үн чыгарып окуп бердим, ал өзүнө Базаркул Данияровдун педагогика боюнча айткандарынан цитаталарды жазып алды, мен ага ал кишинин лагерден жазган каттарын окуп бергенимде, ал ыйлап жиберди.

Бардык убактарда романтик каармандар ырайымсыз прагматикалык адамдардан запкы жеп келишкен, бирок улуу кайра куруу доору мындай адамдарды өзгөчө бийик көтөрүп, мамлекеттик аппараттын коркунучтуу күчү менен аеосуз төмөн карай кулаткан. Бул даректүү тарыхты окугандан кийин гана мамлекеттик түзүлүштүн саясий ураандарга карабастан адамдардын психикасы жана маданияты менен канчалык тыгыз байланышта экенин түшүнө аласың. Укуктарды социалдык негизде чектеген совет бийлигин иш жүзүндө жокко чыгарган 1936-жылдагы эң демократиялуу Конституциянын кабыл алынышы,  романтиктерге каршы жапайы адамдардын ооздукталбаган репрессиялары менен дал келгени кокусунан эмес.

Улуу Жеңишти даңазалаган 1945-жыл да кийинчерээк бир катар чуулгандуу процесстерге айланат – «трофей иши», «авиация», «Ленинград», «врачтардын иши»… Бир жагынан жылтырак кооз мукаба менен капталган, экинчи жагынан чыныгы коомдун кир барактары. Ал эми бөлүнүү да саясий позициясына жараша эмес (1991-жылдагы коммунисттер эсибизде), калктын калың катмарынын менталитетине жараша болгон.

Андыктан, адамзаттын тарыхындагы бир кездеги эң өнүккөн, эң алдыңкы, уникалдуу мамлекеттин аймактарында советтик эксперименттин ийгиликсиз болгонуна, эбегейсиз колониялык системанын салтанат курганына карабастан, биз агартуучулардын аракети текке кетпегенине күбөбүз — жалпы элдик билим берүү түзүмү сакталып калуу менен бирге,  жаңы муундардын минималдуу цивилизациялык деңгээлин камсыз кылып, жаңы таланттарга жол ачууда. Биздин алгачкы жол салган жаратман адамдардан үйрөнө турган нерселерибиз көп, буга “Базаркул Данияров – алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси” китеби жардам берет.

_____________________________

Майра Сарыбай. Фото из Фейсбука

Бул Казак Республикасынын филология илимдеринин кандидаты, педагог Майра Шоракызы Сарыбайдын пикири кыргыз жана казак интеллигенциясынын ортосундагы терең маданий байланыштардын айкын далили.  

Урматтуу Асель Санжарбековна!

2021-жылдын 10-августунда Пони экспресс менин үйүмө «Базаркул Данияров – первый педагог. Портрет на фоне эпохи» китебин жеткирип берди. Китептин авторлору — Кутпа Бакировна Орузбаева-Даниярова жана Асель Санжарбековна Даниярова. Чоң рахмат! 

Китепти окуган соң, мен Кутпа Бакировна — Бакир Данияровдун (Базаркул Данияровдун агасы) кызы экендигин билдим, Асель Санжарбековна – Санжарбек Данияровдун (Бакир Данияровдун баласы) кызы. Мен “Казакстан аялдары” коомдук фондунун илимий эксперти катары, өткөн доордо болуп өткөн окуяларга жана адамдарга жаңы өмүр тартуулаган кыргыз аялдарына суктанганымды билдиремин. Биздин баарыбызды бириктирген өткөн тарых барактарынын жаркын элеси үчүн китептин авторлоруна таазим кылабыз. Китепке тиркелген бир визиттик баракчадан жана китептин мукабасынан гана мен алдыда маңыздуу жана олуттуу иш турганын түшүндүм.

Эсимде, 2018-жылы казак окумуштуу-педагогу, тилчи, методисти, 20-кылымдын 1-жарымындагы белгилүү агартуучу Шамгали Харесович Сарыбаевдин 125 жылдык мааракесине арналган “21-кылымдын илимий-билим берүү парадигмалары: тил жана маданият руханий баалуулуктар” аттуу Эл аралык илимий-теориялык конференциянын алдында, мен сиз менен интернет айдыңында таанышканмын. Элмира Осмоналиева Алматыда атам Шамгали Сарыбаевдин өмүр таржымалын иликтеп жүргөнүмдү билгенден кийин, мага Сиз жөнүндө айтып берди. Менден ал жөнүндө сурамжылаган соң, ал сиз менен кеңешүүнү сунуштады.

Үч жыл мурун, мен сизди биограф катары кызыктырбашым мүмкүн эле, себеби менин Шамгали Сарыбаев жөнүндө билгендерим өтө аз болгон. Бирок, бул мезгил аралыгында архивдик документтерди окуганды үйрөнүп, 20-кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый инсандар тууралуу илимий, публицистикалык, көркөм адабияттар менен таанышып, окумуштуулар, чөлкөм таануучулар менен достошуп, конференцияларда баяндама жасап, макалаларды жарыяладым. Шамгали Сарыбаевдин өмүр таржымалынын үстүндө иштеп жүрүп, албетте, Түркстан аймагындагы билим жана илимдин калыптануу тарыхы жана алгачкы агартуучулар тууралуу басылмалар менен тааныштым. Ал эми мен үчүн Базаркул Данияров деген ысымдын мааниси аябагандай зор эле. 2021-жылдын август айындагы сүйлөшүүдө сиз муну туура баамдап, китепти тартууладыңыз. Китепти аягына чейин окуп чыгып, мен сиздин, атактуу Данияровдордун династиясынын өкүлүнүн көңүл буруусуна арзыганыма чексиз сыймыктандым! Бул албетте, мен үчүн өтө чоң сыймык.

Базаркул Данияров жөнүндөгү китепти окуп жатып, Шамгали Сарыбаевдин өмүр баянына, чыгармачылыгына, анын айланасындагыларга, үй-бүлөсүнө эрксизден салыштырдым. Экөө тең орустун турмушун түп ордунан козгогон социалдык-экономикалык окуялардын бардык катастрофалык кесепеттеринен азап чегип, элди агартуу жолуна баштап жүргөндөр. “Чыгыш Батыш менен бет келет, бул кагылышууда ыргытылган таш ар кандай сууларды аралаштырып, шакекчелерди пайда кылат” деп жазат, көрүнүктүү орус окумуштуусу Николай Анастасьев өзүнүн Мухтар Ауэзовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу “Триумфанттын трагедиясы” аттуу китебинде. Прогрессивдүү өкүлдөр бул позициядан компромиссти талап кылган маданияттар менен тилдердин диалогунун зарылдыгын ачык түшүнгөн.

Сиз ошондой эле биринчи главада дүйнөдөгү элдер обочолонуп өзүнчө жашабаганын жана жашаган эместигин белгилейсиз: “Эбактан берки тарыхта майда элдерде чоңураак элдердин үстөмдүгүндө калуу коркунучу болуп келген. Адамдар жеңишке жетишүүгө же күн алдындагы өз ордун коргоого, же күчтүүлөр менен сүйлөшүүгө жөндөмдүү болушу керек болчу. … XIX кылымдын 60-жылдарында кыргыздардын бүт аймагы иш жүзүндө Россия империясынын курамына кирген. Негизинен, бул кандайдыр бир жерде мажбурлоо түрдө, кайсы бир жерде ыктыярдуу-милдеттүү түрдө, бирок катастрофалык согуштарсыз болгон”.

Алар Россия империясынын Түркстан генерал-губернаторлугунун аймагында төрөлгөн: Базаркул Данияров Семиречье облусундагы Пишкек уездинин Сарыбагыш волостуна караштуу Чоң-Кемин дарыясынын өрөөнүндө, ал эми Шамгали Сарыбаев – Ички Кыргыз Ордосунун Нарын бөлүгүнө караштуу волосттун Кашар Шагыл 9 деген жеринде туулган. Алардын ата-бабалары белгилүү, билимдүү уруунун кадырлуу өкүлдөрү болушкан. Базаркул Данияров Шамгали атадан төрт жаш кичүү болгон. Замандан озуп чыккан Базаркул Данияров менен Шамгали Сарыбаев ошол каардуу, алааматтуу доордун интеллектуалдык жаркын инсаны катары, ата-бабаларынын жана өздөрүнүн идея-максаттарын өмүр бою ар-намыстуу коргоп жүрүп өтүштү.

Алардын кайталангыс уникалдуу тагдырларында мен көп окшоштуктарды көрдүм. Экөө тең «Жаңы усул» мектептерин бүтүргөн. Алардын тагдыры казак, кыргыз жана орус интеллигенциясынын борбор шаары Ташкент менен тыгыз байланыштуу болгон. Сиз «КИРИНПРОС – Кыргыз (Казак) билим берүү институту» деген бөлүмдө айтып кеткендей, Базаркул Данияров Ташкенттеги педагогикалык техникумда окуп жүргөндө,  Шамгали Сарыбаев анын мугалимдеринин бири болгон. Шамгали Верный шаарына Казинпросту ачууга кеткенге чейин 1920-1921-окуу жылында Киринпросто экөө жолугушуусу толук мүмкүн. Базаркул Данияров 1932-жылы САКУнун тил жана адабият кафедрасына тапшырганда, анын окутуучуларынын бири Шамгали Сарыбаев болгон, ал Верный шаарына үч жылдык командировкадан кайтып келип, 1923-1934-жылдары САКУда иштеген. Базаркул Данияров бир эле мезгилде окуучу да, мугалим да болуп калгандыктан, алар кесиптеш да болушкан. Базаркул Данияров менен Шамгали Сарыбаев Түркстан Эл агартуу комиссариатынын илимий комиссиясынын, анын ичинде таланттуу окумуштуу Абубакир Диваев жетектеген этнографиялык экспедициялардын иштерине катышкан.

Алар эне тилдерин окутуу менен гана чектелген эмес. Базаркул Данияров менен Шамгали Сарыбаев илимий билимдердин көрүнүктүү уюштуруучулары жана жайылтуучулары болушкан: алгачкы окуу китептерин жана окуу программаларын чыгаруу, гезит-журналдар менен кызматташуу, котормочулук, сабатсыздыкты жоюу, жазууну реформалоо, конференцияларга катышуу ж.б. иштерди аткарышкан.

Кыйынчылыктар жана сыноолор, анын ичинде Базаркул Данияров менен Шамгали Сарыбаевди каралоолордун кесепети алардын аялдарына да тийген. Эки татар аялзаты Гафифа Даниярова (Халикова) жана Насима Сарыбаева (Усманова) күйөөлөрүнүн ишенимдүү жан шериктери болушкан.

Сиздин китебиңизге менин кызыгуумдун артып жатышы, атамдын архивинде сакталып келген Базаркул Данияров менен Шамгали Сарыбаевдин жалпы тагдырлары менен гана негизделбейт, ал менин кыргыз элине, анын маданиятына жакын болгондугума да тыгыз байланыштуу. Атам Шора Сарыбаев 1950-жылдардан мен төрөлгөнгө чейин чыгаан инсан, филолог Карбоз Дыйканов менен дос болгондон тартып, Кыргызстан биздин үй-бүлөбүздүн турмушуна тыгыз аралашкан.

Мен кичинекей бала кезимден тарта Ысык-Көлдү сүйүп, атам менен Бишкекке кыргыз окумуштууларынын диссертацияларын жактаганга командировкага барып конок болуп, апам экөөбүз атамдын жана менин кыргыз досторубузду, кесиптештерибизди далай тосконбуз. Мен үчүн Кыргызстан —  менин окуучу баламдын кыргыз айылындагы жайкы каникулдан кийинки кыргызча акценти, Карбоз байкенин балдарынын баары, өмүрдөн эрте кеткен менин сүйүктүү досум Айсулу Сопиева, Элес тобунун жана Эркин Мукашевдин музыкалары, Долинка айылындагы Илим пионер лагери, Константин Кузьмич Юдахиндин сөздүгү жана башка көптөгөн нерселер…

Ал эми доор менен инсандын мамилесинин контекстиндеги сиздин илим жана билим тарыхын баяндаган эмгегиңиз эми Шамгали ата тууралуу биринчи китепти жазуу аракетимде негизги жол көрсөткүч, үлгү болмокчу. Менин столумдагы бул баа жеткис нуска Шамгали Сарыбаевдин библиографиялык көрсөткүчү болот, анткени анда ал жөнүндө эскерүүлөр бар.

Базаркул Данияровдун портретин реконструкциялоо боюнча жыйырма жылдык эмгектин натыйжасы Түркстандын билим жана илим тарыхы менен алектенген окумуштуулардын арасында резонанс жаратаары шексиз. САКУ, Илимий комиссия, Академиялык борбор, Түркстан мугалимдер семинариясы жөнүндөгү маалыматтар менин бул институттар тууралуу азыраак билимимди бир топ кеңейтти. Изилдөөнүн кылдаттыгын да белгилегим келет, бул бир гана булак базасы эмес, архивдик документтерди талдоодо майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруу менен да көрсөтүлөт. Мисалы, САКУга кабыл алууда автобиографияны же анкетаны талдоо. Бул сиздин китебиңиздин өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы. Китепте ономастикалык маселелерге, анын ичинде кыргыз элинин аталыш тарыхына, келип чыгышына жана өзгөрүшүнө көп көңүл бурулган. Борбордук педтехникумду аяктагандар жөнүндөгү бөлүм да зор кызыгууну туудурат.

Алгы сөз, жашоонун этаптары, фотосүрөттөрдүн номурлары коюлган тизмеси, сүрөттөр жана ысымдардын көрсөткүчү, китеп беттериндеги цитаталар, ыраазычылык, кыскартылган сөздөрдүн (аббревиатуралардын) тизмеси — ушунун баары жогорку деңгээлдеги полиграфия, ойлонулган дизайн жана түзүм менен бирге маалыматтын кабыл алынышына жана сакталышына гана өбөлгө түзбөстөн, окуунун жана илимий-изилдөө иштеринин маданиятын да жогорулатат.

Бөлүмдөрдүн биринин «Пассионерлер үчүн кошок-реквием» деп таасын аталышы, мага дароо Анна Ахматованын сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган «Реквиемин» эске салды.

Нет, и не под чуждым небосводом, 
И не под защитой чуждых крыл, — 
Я была тогда с моим народом, 
Там, где мой народ, к несчастью, был.

Өзүмдүн баянымды Чыңгыз Айтматовдун мен жакшы көргөн «Туңгуюктагы аңчынын ыйы (кылым аягындагы мойнуна алуу)» деген китеп-диалогундагы сөзү менен аяктайын. “… Ар бирибиз алардын катарына кошулаарыбызды эске алсак, бизден анча алыс узабаган ата-бабалар жөнүндөгү эскерүүлөрүбүз кандай терең сезимдерди козгойт”.

Сизди терең урматтоо менен 
Майра Шоракызы Сарыбай, 
Филология илимдеринин кандидаты, педагог. 
Сентябрь 2021


РАРИТЕТ китеп дүкөнүнүн текчелеринде

— Китепти электрондук түрдө кыргыз жана орус тилдеринде ушул басылманын башында шилтемелер аркылуу жүктөп алсаңыз болот

— Окурмандар кыргыз жана орус тилдеринде басылган китепти Бишкектеги RARITET дүкөндөр тармагынан 690 сомдон сатып алса болот;

Китепти KITEPKANA.kg интернет-дүкөнүнөн бул шилтеме аркылуу онлайн сатып алууга болот:

КИТЕПКАНА.КГ — кыргызча китеп сатып алыңыз
KИТЕПКАНА.КГ — орус тилинде китеп сатып алыңыз


 

 


Автору
Анвар Камальдинов; Майра Шоракызы Сарыбай

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *