АГАРТУУЧУЛАР

ТАРЫХЫЙ СҮРӨТТӨР: Э. АРАБАЕВ – КАЙГЫЛУУ ӨЛҮМҮНӨ ЧЕЙИН БИР ЖЫЛ КАЛГАНДА ТҮШКӨН КООМЧУЛУККА БЕЛГИСИЗ СҮРӨТ

Көрүнүктүү инсандардын сүрөттөрү жана көзү тирүү кезинде тартылган портреттери алардын өмүр таржымалына, деги эле жалпы тарыхына, алар жашап өткөн доордун өзгөчө белгилерине кызыккан адамдардын табигый кызыгуусун жаратып, кесипкөй тарыхчыларды да өзүнө тартып келет. Тилекке каршы, бизди кызыктырган адамдардын тирүү кезинде тартылган сүрөттөрүн табуу дайыма эле мүмкүн эмес, андыктан биз үчүн образдарды ойлоп тапкан сүрөтчүнүн фантазиясына ишенүүгө аргасыз болобуз.

XIX кылымдын аягынан ХХ кылымдын башына чейин бизде деле фото сүрөткө түшүү бир топ кеңири жайылган, бирок биздин өлкөдө, тилекке каршы, массалык репрессиянын кесепетинен көптөгөн сүрөттөр жок кылынган. Адилетсиз куугунтукка кабылган көптөгөн адамдар жакындарынын, өздөрүнүн балдарынын тагдыры үчүн коркуп, түшкөн сүрөттөрдөн беттерин кесип же караңгылатып, ал тургай, сүрөттөрүн толугу менен өрттөп же тытып салышканы баарыбызга маалым.

Бирок ошого карабастан, сандыктарда жана чатырларда дагы да болсо катылган сүрөттөрдүн кенчтери бар экенине, биз каалаган сүрөттөр дагы деле табыларына ишенемин.

Эшенаалы Арабаев (1882-1933) Кыргызстандын эң көрүнүктүү инсандарынын бири, анын сүрөттөрү өтө аз санда сакталган. Биздин үй-бүлөлүк архивде анын каргашалуу өлүмүнө бир жылдай калганда түшкөн сүрөттөрүнүн бири бар.


Эшенаалы Арабаевдин образы коомчулукка негизинен эки фото сүрөт, И.Арабаев атындагы КУУдагы эстелик жана ушул эле окуу жайдын имараттарынын биринин фасадында тартылган сүрөт аркылуу тааныш. Эстелик да, фасаддагы сүрөт да эки белгилүү фотосүрөттүн негизинде жасалган. Менин оюмча, эстеликте түбөлүккө калган Эшенаалы Арабаевдин образында ал өзүнүн жашынан улуу көрүнөт. Ырас, НКВДнын зынданында каза болгондо ал карый элек, 51 жаш курагында эле.

Адатта, басылмаларда эки сүрөт жарыяланып жүрөт: алар солдогу жактан.

Андан тышкары, КР Борбордук мамлекеттик КФФД архивинде Эшенаалы Арабаевдин жубайы Кадичанын сүрөтү бар. Сүрөттөн көздөрү жылмайган элечек кийген татынакай аял бизди карап турат. Маалым болгондой, Эшенаалы Арабаев 1916-жылдын хроникасынан белгилүү болгон Сагаалы Алматаевдин бир тууганы Ысык-Көлдүн манабы Кайбылда Алматаевдин кызы менен баш кошкон. Алматаевдин үй-бүлөсү Арабаевге Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде мектептерди ачууга жардам беришкен. Кайнатасы Кайбылда Алматаев менен бирге элибиздин 10 көрүнүктүү өкүлдөрүнүн катарында Эшенаалы Арабаев 1920-жылдын 1-майында В.И.Ленинге жазылган катка кол койгон.

_________________________

Бул катты бул жерден окуй аласыз:

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ӨКҮЛДӨРҮНҮН 1920-ЖЫЛДАГЫ СЕМИРЕЧЬЕ КЫРГЫЗДАРЫ КЕЗДЕШКЕН АБАЛЫ ЖӨНҮНДӨГҮ КАТЫ ЖОЛДОШ ЛЕНИНГЕ ЖАНА ЖОЛДОШ БРОЙДОГО КАЙРЫЛУУ

________________________

Данияровдордун үй-бүлөлүк архивинде Эшенаалы Арабаевдин 1932-жылдагы, башкача айтканда, каза болгонуна бир жылдай калганда түшкөн сүрөтү бар. Маалым болгондой, 1925-жылдын 12-июнундагы “Отуздун каттын” жазууга активдүү катышкандан кийин Арабаев бул катка кол койгон башка инсандардын катарында бийлик тарабынан катуу жазаланып, партиядан чыгарылып, Кыргыз автономиялуу облусунун илимий комиссиясынын төрагалык кызматынан алынган (чечимден көчүрмөнү сүрөттө караңыз). Ошондон кийин ал 1933-жылы камакка алынып, каргашалуу өлүмгө дуушар болгонго чейин жетекчилик кызматтарды ээлебестен, жалаң гана мугалимдик ишин уланткан. Арабаев 1925-1933-жылдары медициналык техникумда да мугалим болгон

1932-жылдагы сүрөттө — медтехникумдун студенттери жана окутуучулары. Данияровдордун архивинен

Сүрөттөн үзүндү

Солдо кыргыз тебетей кийген – Эшенаалы Арабаев, ортодо, булгаары кийимчен – Төлөнбай Данияров, Т. Данияровдун оң жагында ак көйнөкчөн — Какиш Рыскулова, Төлөнбай Данияровдун арткы жагында – Медтехникумдун директору Жүкөш Мамбеталиев, анын катарында – жоолукчан жана ак жакалуу көйнөк кийген – Тенти Жунушбаева (Адышева).

 

Сүрөттөгүлөр жөнүндө:

Сүрөттөн үзүндү
  1. Төлөнбай Данияров (1910-1974), 1929-жылы Киринпросту бүтүргөн, Борбордук Кыргыз Педагогикалык техникуму (БКПТ) болуп өзгөртүлгөн, эң биринчи бүтүрүүчүлөрдүн арасында. Бул студенттер ошол кездеги чыгармачыл кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү бөлүгүнө айланган (Бул уникалдуу, биринчи кыргыз атайын окуу жайы тууралуу басылманын астындагы шилтемеден окуй аласыз). Окууну аяктагандан кийин Тазабек Саманчин жана Карып Чукин менен бирге Москвага Бубнов атындагы (кийин Ленин атындагы) мамлекеттик педагогикалык институтуна окууга кеткен. Бирок сталиндик репрессиянын алгачкы курмандыктарынын бири болгон анын атасы Бакир Данияров камакка алынышына байланыштуу ал мекенине, Фрунзеге кайтууга аргасыз болуп, медициналык техникумда мугалим болуп иштей баштаган.
  2. Жүкөш Мамбеталиев (1906-19?) – ошол эле БКПТны аяктап, Медтехникумдун директору кызматына дайындалган соң, бул кызматта 7 жыл иштеген. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу болгон.
  3. Какиш Рыскулова (1918-2018), Э. Арабаевдин жээни – болочоктогу белгилүү хирург. Анын өзүнүн айтымында, Эшенаалы Арабаев ага врач болууга кеңеш берген. Бул жолго түшүү менен ал өзүнүн профессионалдык тармагында белгилүү болгон чыныгы адис, илимпоз жана практикке айланган. Бул сүрөттө ал Медтехникумдун окуучусу
  4. Тенти Жунушбаева (Адышева) (1920-1984) — Кыргыз ССРинин эл акыны, кыргыз саясий жана мамлекеттик ишмери. «Заманым», 1961, «Жарык дүйнө», 1965, «Таалай», 1972, ж.б. ыр жыйнактарынын, бир катар аңгеме, роман, эскерүүлөрдүн автору. Ал белгилүү акын Жоомарт Бөкөнбаевге турмушка чыгып, ал каза болгондон кийин кийинчерээк экинчи жолу турмушка чыгып, окумуштуу, академик, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президенти Муса Адышевдин жубайы болгон. Бул сүрөттө ал Медтехникумдун окуучусу.

Сүрөттүн сапаты, тилекке каршы, биз каалагандай эмес. Бирок, Эшенаалы Арабаевдин жүзүнөн жагымдуу жылмаюунун нуру төгүлүп, көңүлү көтөрүңкү турганы байкалат. Бул жерде анын жүзүнүн өзгөчөлүгү абдан жагымдуу экенин айтышым керек, бул интеллигенттин жүзү. Балким, бул сырткы көрүнүшкө субъективдүү баа берүү болор, бирок көпчүлүгү менин пикириме кошулат деп ишенем.

Калган эки фотосүрөттөрдөгүдөй эле ал мында да салттуу тебетейчен, бул өз элинин улуттук өзүн таанууга, агартууга умтулган жана зор салым кошкон адам үчүн табигый көрүнүш.


Тарыхый сүрөттөрдү башка бөлүмдөрдө жарыялоодо, атоодо ТАРЫХЫЙ СҮРӨТТӨР деген сөз камтылат (издөө системасынан издесеңиз болот)

Кирнпростун (ЦКПТ) — биринчи кыргызстандагы жождун (М.В. Фрунзе атындагы Педагогикалык институтунун — 1932-ж.) жана тунгуч университеттин (Кыргыз мамлекеттик университетинин — 1951-ж.) тузулушуне негиз болгон биринчи кыргыз атайын педагогикалык окуу жайынын — Киринпростун (ЦКПТ) толук тарыхы баяндалат, анын жетекчилери, мугалимдери жана бүтүрүүчүлөр бул жерде:

2022-ЖЫЛЫ ЖАРЫК КӨРГӨН: «БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ – АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ. ДООР КҮҮСҮНДӨГҮ ИНСАНДЫН БЕЙНЕСИ» КИТЕБИ. ЭМНЕ ҮЧҮН МЕН БУЛ КИТЕПТИ ОКУП ЧЫГУУНУ СУНУШТААР ЭЛЕМ? (толук электрондук вариант)


Фонддун бардык жаңылыктары тууралуу телеграм каналында: 
Санжарбек Данияровдун коомдук фонду 
 Кызык болсо жазылыңыз.


Автору
Асел Даниярова

2 комментарии на “ТАРЫХЫЙ СҮРӨТТӨР: Э. АРАБАЕВ – КАЙГЫЛУУ ӨЛҮМҮНӨ ЧЕЙИН БИР ЖЫЛ КАЛГАНДА ТҮШКӨН КООМЧУЛУККА БЕЛГИСИЗ СҮРӨТ

  1. Жукош Мамбеталиев кадимки Жалил Абдыкадыровдун кайнатасы. Демек белгилуу режиссер Нурлан Абдыкадыровдун уй-булоолук альбомунан дагы карап коруш керек экен…

    1. Урматтуу Назым мырза! Маалыматыңызга чоң рахмат. Сөзсүз сурайбыз. Андан тышкары Жүкөш Мамбеталиевдин сүрөттөрү биздин үй-бүлөбүздүн фотоархивинде да бар. Анткени ал Жусуп Турусбеков менен досу болгон. Жакында сайтыма жарыялайм

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *