КММАНЫН ИЛИМ КҮНДӨРҮ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ

«КММА ИЛИМ КҮНДӨРҮНҮН” АЛКАГЫНДА ӨТКӨН “ЖАШ ОКУМУШТУУ ДАРЫГЕР-2016” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ — ЖАРКЫН ОТКЕЕВА

Жаркын Откеева, Студентка 4 курса КГМА
Жаркын Откеева, Студентка 4 курса КГМА

2016-жылдын апрель айында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда жыл сайын өткөрүлүүчү “ИЛИМ КҮНДӨРҮ” илимий-практикалык конференция болду. Жаш окумуштуулардын сынагын КММА жетекчилиги, конференциянын уюштуруу комитети өткөрдү. Программада белгиленгендей, сынакка катышууну каалагандардын саны жыл санап өсүүдө. Алсак, быйылкы жылы сынакка катышууга 212 доклад сунушталган. Калыстар тобуна КММАнын профессордук-окутуучулук составынын эксперттери тартылган.

Биринчи орунду “арылоо иши” факультетинин 4-курсунун студенти ЖАРКЫН ОТКЕЕВА ээледи. Биз Жаркынды бул жеңиши менен куттуктайбыз (ал 212 катышуучунун ичинен жеңүүчү деп табылды)!

Биз Жаркынды бул жеңиши менен өзүбүз жеке куттуктадык. Фонд 2012-жылдан бери жыл сайын жеңүүчүнү Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякатка алып барат. Жаркын 2016-жылдын 11-июнунан 21-июнуна чейин Москва шаарына саякатка барып келди

Быйылкы жылы биз эки жаш окумуштууну: Жаркын Откеева менен Елена Черномазованы алып бардык. Жаш дарыгерлер Кызыл аянтты кыдырышты, Покров соборун (эл оозунда – Василий Блаженныйдын собору деп да аталат) көрүштү. Кремлди кыдырып жүргөн убакта күн жылуу кездерде ишемби күндөрү өтүүчү Кремлдеги кароолдорду орду-ордуна коюу көрүнүшүнө туш болдук, бул учурду көрүүгө атайын келген туристтер өтө көп болот.

Театралдык программа төмөнкүдөй болду: Станиславский жана Немирович-Данченко атындагы музыкалык театрдан Цезарь Пунинин “Эсмеральда” балети, Эрмитаж Багындагы Жаңы Опера театрындагы Джузеппе Вердинин “Травиата” операсы жана ошондой эле драмалык спектаклдер – “Содружество актеров Таганки” театрынан “Звезда обмана” пьесасын жана белгилүү Кичи театрда А.Н.Островскийдин “Поздняя любовь” пьесасы, Архангельскидеги князь Юсуповдордун байыркы усадьбасында П.Когандын камералык оркестри ж.б.

Жаркын и Елена Черномазова на катере по Москве-реке
Жаркын и Елена Черномазова на катере по Москве-реке

Усадьбанын парктагы ансамблинен тышкары, Жаркын менен Елена Новодевичьев кечилинин айланасындагы жасалма көлмөнүн жана коомдук бактын (сквер) көрүнүшүнө суктанышып, ММУнун кароолдук аянтынан Москваны бийиктиктен көрүштү, андан тышкары, Нескучный Сад, М.Горький атындагы Маданий жана Эс алуучу Борбордук Паркты кыдырышты. Москвадагы эстеликтер да биздин жаш окумуштууларды кайдигер калтырган жок, айрыкча, Болото аянтындагы М.М.Шемякиндин “Дети – жертвы пороков взрослых” (Балдар – чоңдордун кемчилигинин курмандыгы”) деп аталган эмгегинин скульптуралык тобу көңүлүн бурду.

Жаш окумуштуу-саякатчылар А.С.Пушкин атындагы көркөм искусство музейинде эки жолу болушту – башкы имаратындагы байыркы Египеттин, Месопотамиянын, байыркы Греция жана Рим искусствосу, Микеланджелонун искусствосу, Рембрандттын полотнолору жана ошондой эле Европа живопистеринин имаратындагы импрессионизм жана пост-импрессионизм искусствосу менен таанышышты. Алар белгилүү Третьяков галереясындагы орус живописинин шедеврлерине да кайрылбай кете алышкан жок.

Елена менен Жаркын Цветной бульвардагы Юрий Никулиндин атактуу циркиндеги оюн-зоокторду кызыгуу менен көрүшүп, Флотилии Рэдиссон” комфортабелдүү катерине түшүп Москва-суусунда тамаша куруп, көңүл ачышты, мындай жерден Москванын борборун башка өңүттөн көрө аласың. Борбордун меймандары үчүн жыйынтыктоочу күнү “Борбор шаардын түнкү жарыгы” деген аталыштагы тур уюштурулду.

Жаркын менен Еленанын өтүнүчтөрү боюнча Бакулев атындагы жүрөк-кан тамырлар хирургиясы институтуна саякат уюштурулуп, алар жарым күн ошол жерде болушту. Институттун кызматкерлери бизге интенсивдүү терапиянын иши жөнүндө айтып беришип, заманбап жабдууларын көрсөтүштү. Көргөндөрү жаш дарыгерлерге аябай чоң таасир калтырды. Фонд институттун улуу илимий кызматкери Э.У.Асымбековага ушундай кызыктуу жолугушуу уюштуруп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Бишкекке кайтып келген соң Жаркын менен Елена 2016-жылдын 10-сентябрында И.Арабаев атындагы КМУда өткөн “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатында катышуучуларга Москвага баргандагы кызыктуу саякаты тууралуу айтып беришти.

ЖАРКЫН МЕНЕН ЕЛЕНАНЫН САЯКАТЫ ЖӨНҮНДӨ СҮРӨТОТЧЕТ.

 


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *