КММАНЫН ИЛИМ КҮНДӨРҮ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ

ЖАШ ИЛИМПОЗ-МЕДИККЕ СЫЙЛЫГЫ КАЙТАДАН 2014 ЖЫЛЫНДА БЕРИЛЕТ.

«КММА Илим кундɵрү» 2014, илимий конференциясы жакындап  баратат. Бул конференцияны Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы (КММА) жана Саламаттык Сактоо Министрлиги неченчи жолу ɵткɵзүп жатышат. Бул жылдын даталары жарыяланган: 16-18 апрель.

Радик и Аллан - лауреаты Премии Фонда
Радик и Аллан — лауреаты Премии Фонда

Бул жылы «Илим күндɵрү» Академиянын, мамлекеттик эң биринчи жогорку окуу жайарынын биринин, 75-жылдык юбилейине арналган. Бул маанилүү датага байланыштырып КММА 2014 Илим Күндɵрүнүн Уюштуруучу Комитети салтанаттуу жыйналыш жана Кыргыз Мамлекеттик филармониясындагы концерти менен конференцияны ачууну пландады. Программасы менен КММА сайтынан таанышып алсаңыздар болот http://kgma.kg/index.php/ru/.

Биздин Коомдук Фондубуз, мурдагы жылдардагыдай эле, Санжарбек Бакирович ɵзүнүн ɵмүрүн арнаган мекеменин абдан маанилүү окуясынын четинде калган жок. Толугуурак бул Сыйлык жɵнүндɵ бул жерден окуй алсаңыз болот. Мындан мурун түзүлүп калган адат боюнча, «Илим Күндɵрү 2014» конференциянын чегинде ɵткɵрүлүп жаткан, КММАнын Жаш илимпоздор конкурсунун жеңүүчүсүнɵ Санжарбек Данияров Фондунун Сыйлыгы Россиянын борборуна, Москвага, 10-күндүк МАДАНИЯТ-БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ САЯКАТТЫН элесинде берилет. Бул Сыйлыкка маданий мурастарына жана шаардын көркөм курулуштарына баруу да кирет.

Биринчи жолу бул Сыйлык 2012 жылы уюштурулган, ошол эле жылы жаш хирург Аллан Абдиев жеңүүчү болгон. Бул жерден анын Москвага саяккаттынын сүрɵттɵрүн кɵрсɵнүз болот. 2012 жылы эстафетаны жаш микрохирург Радик Талант алды. Ал эми бул жерде Радиктин саякатынын сүрɵттɵрү бар. Эми кабарларды күтɵлүк, бул академиянын юбилейдик жылында конкурстун жеңүүчүсү ким болот экен?

 

Жаш илимпоз-медиктин саякат программасы боюнча толук маалыматты бул жерден кɵрсɵңүз болот.


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *