КММАНЫН ИЛИМ КҮНДӨРҮ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ

ЕЛЕНА ЧЕРНОМАЗОВА – ФОНДДУН ЛАУРЕАТЫ, РЕАНИМАТОЛОГИЯ ЖАНА РЕАНИМАЦИЯ КАФЕДРАСЫНЫН КЛИНИКАЛЫК ОРДИНАТОРУ, “ТЕЗ ЖАРДАМ” КЫЗМАТЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ, ТЕЛЕ АЛЫП БАРУУЧУ ЖАНА “БИРИНЧИ МУГАЛИМ” СЫНАГЫНЫН АЛЫП БАРУУЧУСУ

2016-жылы Фонддун  “Жаш окумуштуу-дарыгер” сынагынын эки жеңүүчүсү болду: бири Жаркын Откеева, экинчиси Елена Черномазова.


dsc_0111

2016-жылдагы КММАнын жаш окумуштуулар сынагынын жыйынтыгында биз Фонддун сыйлыгын КММАнын реаниматология жана реанимация кафедрасынын клиникалык ординатору ЕЛЕНА ЧЕРНОМАЗОВАГА ыйгарууну чечтик. Анткени Елена КММАнын Билим күндөрүнө бир нече жолу катышып, өзүнүн секциясында реаниматология боюнча доклады менен биринчи орунду ээлеген эле. Белгилей кетүүчү жагдай, Елена өзүнүн илимий докладын өз эне тили болбогон кыргыз тилинде жасап, илимий форумда өзүн жаш окумуштуу жана адис катары көрсөтө алды.

Тез жардам кызматында Елена менен бирге иштешкен кесиптештеринин ал жөнүндө айткан жылуу пикирлерин угуп көрөлү:

elena-ch«Лена Черномазова – бул биздин “Тез жардам” кызматынын сыймыгы, ал өзүнүн духу, табигый шыгы боюнча врач, Медициналык академияны кызыл диплом менен аяктаган. Академияда окуп жүргөн кезинде эле нейрохирургиянын реанимация бөлүмүндө медициналык айым болуп иштеп жүргөн, андыктан реаниматологиянын оор жүгүн жакындан билет десек болот.

Азыр Лена КММАнын реаниматология жана реанимация кафедрасында ординатура өтүп жүргөн кези. Реаниматолог-анестезиолог кесибин мыктылап өздөштүрүү максатында шаарыбыздын реанимацияларында күндөп-түндөп жүрөт. Ал өз эне тилинен сырткары, кыргыз жана англис тилдерин мыкты билет, Медакадемиянын илимий иш-чараларына активдүү катышып келатат.

Бизде Лена азырынча фельдшердик кызматта иштесе да, өзүнүн ажардуулугу, өз кесибин ардактап сүйгөндүгү  менен тез эле эмгек жамаатынын сүймөнчүгүнө айланды. Лена менен иштеген да, эс алган да өзүнчө эле ырахат!”

Фонддун директору Еленага Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка баруу сыйлыгы ыйгарылгандыгы тууралуу жарыялаганда, бул жаңылыкка Лена эле эмес, Билим күндөрүнүн жыйынтыктоочу отуруму жүрүп жаткан зал да кол чаап, колдошту. Ошондон улам Еленаны кесиптештери жогору баалап, сыйлашары, анын жетишкендиктерине кошо кубанышары байкалды.

2016-жылдын Жаш окумуштуу-дарыгер сыйлыгынын жеңүүчүсү, КММАнын 4-курсунун студенти Жаркын Откеева менен бирге Москвага саякатка Ленанын барып калган себеби мына ушундай.

Елена Черномазовада эл алдында чыгып, орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөө тажрыйбасы бар, ал ординатурадагы окуусун жана тез жардам кызматындагы жумушун таштабай туруп, КТРКнын жаңылыктарын алып барып жүргөн. Фонддун атынан Еленага 2015-2016-жылдагы “Биринчи мугалим” сынагын ыктыярчы катары алып баруу сунушу менен кайрылганымда, ал макул болгондугу мени аябай кубандырды. Елена алып баруучулук милдетин мыкты деңгээлде аткарды, ал үчүн Фонддун атынан терең ыраазычылык билдирем!

Елена жана Жаркындын Москва шаарына болгон САПАРЫ ТУУРАЛУУ БАЯН. ИЮНЬ АЙЫ, 2016 ЖЫЛ 

САЯКАТТЫН СҮРӨТ АЛЬБОМУ

ЕЛЕНА «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫНЫН АЛЫП БАРУУДА


Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *