СЫНАКТЫН СҮРӨТ ГАЛЕРЕЯСЫ

“БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016”. 2-ТУР ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮНҮ СЫЙЛОО САЛТАНАТЫ

СҮРӨТАЛЬБОМ. 2016-жылдын 10-сентябрында И.Арабаев атындагы КМУнун жыйындар залында “БИРИНЧИ МУГАЛИМ-2016” сынагынын 2-туру жана ошондой эле жеңүүчүнү сыйлоо салтанаты болуп өттү. Фонд ушуну менен айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери үчүн 5-жолу сынак өткөрүп жатат. Салтанаттын ардактуу меймандары легендарлуу кинорежиссер Болотбек Төлөнович Шамшиев жана Алтай элинин Эл башчысы Бронтой Янгович Бедюровдор болушту. Бул иш-чара кандай өткөндүгү тууралуу “ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ — АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНИН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРЫНЫН МУГАЛИМДЕРИНИН КОЛУНДА” деген материалдан окусаңыздар болот.

« 1 of 3 »

Автору
Асель Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *