ЛАУРЕАТ-ЖАШ ДАРЫГЕРЛЕРДИН САЯКАТТАРЫ

АЙЖАН САРИЕВАНЫН САЯКАТЫ. 8-БӨЛҮМ. МОСКВА МЕТРОСУ

Фонддун сыйлыгынын алкагындагы лауреаттардын ар бир саякаты лауреаттардын өздөрү сыяктуу эле бири-бирине такыр окшобойт. Биздин саякатчылар – ишкердүү, позитивдүү, көптү билүүгө ынтызар адамдар, ар биринин өзүнүн артыкчылыктары бар. Жалпысынан алганда,биздин программада сөзсүз түрдө балетке, операга, драмалык спектаклдерге, циркке, концерттерге баруу, батыш искусство, орус искусство галереяларын көрүү, Кремлди жана Кызыл аянтты, Москванын алдындагы усадьбаларды, тарыхый жайларды, музейлерди, мисалы, космонавтиканы же ЭЧЖК (ВДНХ) комплексин кыдыруу камтылган.

 Менин баяндоом ар бир күндү хронологиялык түрдө баяндоо эмес, экскурсиялардын темасы боюнча, тагыраагы, мына мындай түрдө болмокчу:

1-БӨЛҮМ. Келген жери жана шарттары. 2-БӨЛҮМ. Театрларга баруу. 3-БӨЛҮМ. Көркөм сүрөт галереяларын кыдыруу. 4.БӨЛҮМ. «БОЛЬШОЙ» театрдагы концерт жана Ю.Никулин атындагы Циркине баруу. 5-БӨЛҮМ. Москва суусунда яхта менен сейилдөө. 6-БӨЛҮМ. Парктар жана тарыхый жайлар. Түнкү Москва. 7-БӨЛҮМ. Космонавтика  музейин жана Океанариум (Москвариум) көрүү. ЭЧЖК (ВДНХ). 8 – БӨЛҮМ. Москва метросу.


8-БӨЛҮМ. МОСКВА МЕТРОСУ

Метро ЦСКА
Метро ЦСКА
« 1 of 14 »

Метрополитен москвалыктардын жашоо тирлигин бир топ түйшүктөн арылтып, чоң шаардын кайсы тарабына болсо да жол тыгынсыз, ылдам жетүүгө шарт түзөт. Москва метросу аябай так иштейт, поезддер эң эле көп дегенде, ар бир үч мүнөт сайын келип турат, андыктан өзүңдүн убактыңды так пландап алсаң болот. Азыр өзүнүн маршрутун так эсептегиси келгендерге поезддердин интерактивдүү планшеттик дисплейлер, телефондорун заряддаганга  USB-ажыраткычтар менен жабдылган жаңы түрү бар, кээ бир поезддер ийкемдүү бириктирилген вагондордон куралгандыктан, жүргүнчүлөр кең-кесири жайгашып, поезддин керектүү бөлүгүнө оңой өтүп кете беришет.

Биз Айжан экөөбүз саякат учурунда көбүнчө метродо жүрдүк. Москванын меторосунун дагы бир өзгөчөлүгү: станциялары жеке функционалдуу, технологиялуу эле эмес, кенен, таза, эң эле көркөм болгондуктан, Москванын метросуна атайын экскурсияга чыгышкан туристтик топторду көп кездештирүүгө болот. Биз андай атайын экскурсия пландабасак да, биздин жолубузда кездешкен кызыктуу станцияларды көрө кетип жаттык. Мен жогоруда 1-бөлүмүндө жазгандай, биздин үй Москва метрополитендин эң кооз станцияларынын катарындагы ЦСКА метросунун станциясына эки жүз кадамдай жакын жайгашкан. Кенен вестибюлдар, мрамордук колонналар, спортсмендердин граниттик постаменттеги төрт коло скульптурасы. Ал эми анын адаттагыдан тыш, оригиналдуу көрүнгөн чатыры – “Ходынское поле” паркынын бир бөлүгү болуп саналат, анын үстү газон капталып, жарык шамдар, отургучтар коюлган. Бул станция 2018-жылдын февралында ачылган.

1938-жылы ачылган “Маяковская” метросу өзүнүн гармониялуу пропорциялар топтому менен аябай сонун таасир калтырат. Шыптарында белгилүү сүрөтчү Дейнекинин авиация темасына тартылган мозаикалык сүйрү панносун дароо эле байкай албайсың, ал эми станциянын жеңил жана көркөм кооздугу жүргүнчүлөрдүн көзүнө дароо эле чалдыгат.

Станциянын авторлорунун бири архитектор Алексей Душкин 1935-жылы ачылган Кропоткинская станциясынын архитектору болуп эсептелет. Бул эки станцияны топтомдорунун көркөмдүүлүгү, гармониялуу мейкиндиктин илеби бири-бирине бириктирип тургандай. Колонналарды өзгөчө бир жарыктандыруу идеясын архитектор Байыркы Египетти куруучулардан алгандыгы маалым.

Айжан экөөбүз көргөн дагы бир кызыктуу станциялардын бири – бул “Площадь Революции” (“Революция аянты”). Бул станцияда 76 коло скульптура орнотулган, баардыгы 20 ар түрдүү үлгү, алар – студент жана матростон спортсменкага жана канаттуулар уясына чейинкилери 4 жолу кайталанат. Эл арасында “Площадь Революции” аянтынын белгилүү бир магиялык касиеттери бар деген имиштер айтылып жүргөндүгүнө байланыштуу акырындап анча-мынча ырым-жырымдар пайда боло баштаган. Мисалы, студенттер экзамен тапшырарда “Пограничник с собакой” коло эстелигине келип, андагы иттин тумшугун сүртсө, экзаменден ийгиликтүү өтөт имиш деген ишеним бар. Натыйжада мындагы иттердин баарынын тумшуктары жалтырап, коло жалатылган катмарынын жарымы кертилип калган. Биз да салттан чыкпай, иттин тумшугун сылап өттүк.

1937-жылы ачылган Киевская-Филевская линиясы метросунун станциясынын да шыптары аябай кызыктуу жаркырап, андагы илинген асма шамдарга укмуштуудай чагылышып турат. Оникс колонналарынын койкойгон келбеттери да кишини кайдигер калтырбайт.

Айжанга “Воробьев тоосундагы»  жер алдындагы, тагыраак айтканда “суунун алдындагы” кең жайык станция аябай таасир калтырды, анткени ал Москва-суусунун так алдында көпүрө сыяктуу салынган, анын дубалдары айнектен жасалып, ичинен сыртты караганда, Москва суусу жана Воробьев тоосу бир башкача кубулуп көрүнүп турат.

Албетте, биз бул жерде сүрөттөлгөн жана биз сүрөткө түшкөн станциялардан алда канча көп станцияларды кыдырдык.


МУРУНКУ: 7 БӨЛҮМ КОСМОС ЖАНА ОКЕАН


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *