ЛАУРЕАТ-ЖАШ ДАРЫГЕРЛЕРДИН САЯКАТТАРЫ

АЙЖАН САРИЕВАНЫН САЯКАТЫ. 3-БӨЛҮМ. КӨРКӨМ ГАЛЕРЕЯЛАРДЫ КЫДЫРУУ.

Фонддун сыйлыгынын алкагындагы лауреаттардын ар бир саякаты лауреаттардын өздөрү сыяктуу эле бири-бирине такыр окшобойт. Биздин саякатчылар – ишкердүү, позитивдүү, көптү билүүгө ынтызар адамдар, ар биринин өзүнүн артыкчылыктары бар. Жалпысынан алганда, биздин программада сөзсүз түрдө балетке, операга, драмалык спектаклдерге, циркке, концерттерге баруу, батыш искусство, орус искусство галереяларын көрүү, Кремлди жана Кызыл аянтты, Москванын алдындагы усадьбаларды, тарыхый жайларды, музейлерди, мисалы, космонавтиканы же ЭЧЖК (ВДНХ) комплексин кыдыруу камтылган.

 Менин баяндоом ар бир күндү хронологиялык түрдө баяндоо эмес, экскурсиялардын темасы боюнча, тагыраагы, мына мындай түрдө болмокчу:

1-БӨЛҮМ. Келген жери жана шарттары. 2-БӨЛҮМ. Театрларга баруу. 3-БӨЛҮМ. Көркөм сүрөт галереяларын кыдыруу. 4.БӨЛҮМ. «БОЛЬШОЙ» театрдагы концерт жана Ю.Никулин атындагы Циркине баруу. 5-БӨЛҮМ. Москва суусунда яхта менен сейилдөө. 6-БӨЛҮМ. Парктар жана тарыхый жайлар. Түнкү Москва. 7-БӨЛҮМ. Космонавтика  музейин жана Океанариум (Москвариум) көрүү. ЭЧЖК (ВДНХ). 8 – БӨЛҮМ. Москва метросу.


3-БӨЛҮМ. КӨРКӨМ ГАЛЕРЕЯЛАРДЫ КЫДЫРУУ.

ГМИИ им Пушкина. Главное здание
ГМИИ им Пушкина. Главное здание
« 1 of 48 »

Лауреаттын программасында дайыма батыш искусствосу жана россиялык искусство менен таанышуу камтылат. Эгерде убакыт калса жана лауреат кааласа, биз дагы галереяларга барабыз, анткени Москвада галереялардан көп нерсе жок, менимче, баарын билгич Гугл да так билбесе керек алардын саны канча экенин.. Сүрөт галереяны көргөн коноктор адатта аябай таң калышат, кээ бирөөлөрүнө күтүүсүз да болот, бирок саякатка жыш толгон программанын убактысы чектелүү…

Эреже катары, батыш искусствосун көрүү үчүн, биз ПУШКИН атындагы МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ СҮРӨТ МУЗЕЙИНЕ барабыз. Адатта эки жолу болот, адегенде – Европа жана Байыркы Чыгыш искусствосу чагылдырылган Башкы имаратына, андан кийин өзүнчө имаратка — “Галерея на Волхонке” барабыз, бул жерден импрессионисттердин жана постимпрессионисттердин бай коллекциясын көрүүгө болот. Айжан экөөбүз бирок бул жол менен бара албадык, анткени экөөндө тең көргөзмө болуп жатыптыр, бул сүрөт картиналардын туруктуу  жайгашкан жерин өзгөртүп коет. Бирок ага карабай, МКСМде эки жолу болдук жана мага сүйкүм залдардагы экспозициялардан эң сонун ырахат алдык. Ал — Египет залы, мында фаюм портреттери жана мумиялар менин жеке көз карашымда, сулуулуктун азыркы идеалдарына толугу менен шайкеш келет, кол жазмалардын пайда болушуна арналган өзгөчө кызыктуу экспозициялары бар Месопотамия залы, Троя казынасы залы… Мунун баарын кыскача баянда жеткире айтып берүү оңой эмес, мүмкүн да эмес. Экинчи жолу барганыбызда Матисс, Ренуар, Моне, Ванг Гог, Пикассо, Гогендин кээ бир эмгектерин көрдүк.

Орус көркөм искусствосунун шедеврлерин албетте, биз ЛАВРУШИНСКИЙ кууш көчөсүндөгү ТРЕТЬЯКОВ ГАЛЕРЕЯСЫНАН көрдүк. Сүрөтчү В.М.Васнецовдун кыл калемине таандык имараттын алды жагы өзүнчө эле уникалдуу, укмуштуудай бай жана ар түрдүү экспозициялары менен эле керемет дүйнөгө жетелеп кеткенсийт. Алгачкы коллекционер Павел Третьяковдун табитине жана сезимталдыгына таң калбай кое албайсың, анткени авторлордун аттары ага чейин эмес, белгилүү коллекционер шедеврлерди алгандан кийин гана белгилүү болгон эмеспи. Ал жерде илинген көркөм сүрөттөрдүн азыркы жайгаштырылганына да, жана Музейге кандай көрсөтүлгөнүнө да ыраазы болбой койбойсуң – баардыгы ыңгайлуу жана маалыматтар айкын жана так берилген. Айжанга аудиогиддин кызматын колдонгону аябай жакты. Биз көрүп, анан анча-мынча талкуулаганга үлгүргөн Кипренский, Брюллов, Иванов, Серов, Перов, Суриков, Васнецов, Ге, Куинджи, Верещагин, Айвазовский, Врубель, Левитан ж.б. эмгектерине кайдигер кароого эч мүмкүн эмес.

Биз улуу И.Е.Репиндин эмгектерин көрө албай калдык, анткени ошол учурда Москвадагы Жаңы Третьяковкада анын персоналдуу көргөзмөсү болуп жаткан эле, биз ага барууга үлгүрбөй калдык.


МУРДАГЫ: 2-БӨЛҮМ. ТЕАТРЛАРГА БАРУУ     КИЙИНКИ: 4-БӨЛҮМ. «БОЛЬШОЙ» ТЕАТР ЖАНА ЦИРК.


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *