ЛАУРЕАТ-ЖАШ ДАРЫГЕРЛЕРДИН САЯКАТТАРЫ

ЖАШ ДАРЫГЕР-ЛАУРЕАТ АЙЖАН САРИЕВАНЫН САЯКАТЫ. 1-БӨЛҮМ. МЕЙМАНДЫН КЕЛИШИ ЖАНА ЖАЙГАШУУСУ.

Фонддун сыйлыгынын алкагындагы лауреаттардын ар бир саякаты лауреаттардын өздөрү сыяктуу эле бири-бирине такыр окшобойт. Биздин саякатчылар – ишкердүү, позитивдүү, көптү билүүгө ынтызар адамдар, ар биринин өзүнүн артыкчылыктары бар. Биздин сыйлык уюштурулгандан берки 9 жыл ичинде, жыл сайын эки лауреат – бири айылдык мугалим жана бири жаш дарыгер-окумуштуу Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякатка келишет.

Маданий иш-чараларга жык толгон программанын ичинен лауреаттын көңүлүнө өзгөчө төп келип, кызыгуусун арттырган нерсени дайыма аныктап билсе болот. Жалпысынан алганда, биздин программада сөзсүз түрдө балетке, операга, драмалык спектаклдерге, циркке, концерттерге баруу, батыш искусство, орус искусство галереяларын көрүү, Кремлди жана Кызыл аянтты, Москванын алдындагы усадьбаларды, тарыхый жайларды, музейлерди, мисалы, космонавтиканы же ЭЧЖК (ВДНХ) комплексин кыдыруу камтылган.

Лауреат мугалим жана лауреат жаш дарыгерлердин саякатынан кийин мен сайттын сүрөт-галереясына сөзсүз 30-60 сүрөт жүктөйм. Бул жолу Фонддун лауреаттарынын Москва шаарына маданий-маалымат арттыруучу саякаты жөнүндө өз-өзүнчө бөлүм-бөлүм менен айтып бергенге аракеттенейин. Менин баяндоом ар бир күндү хронологиялык түрдө баяндоо эмес, экскурсиялардын темасы боюнча, тагыраагы, мына мындай түрдө болмокчу:

1-БӨЛҮМ. Келген жери жана шарттары. 2-БӨЛҮМ. Театрларга баруу. 3-БӨЛҮМ. Көркөм сүрөт галереяларын кыдыруу. 4-БӨЛҮМ. «БОЛЬШОЙ» театрдагы концерт жана Ю.Никулин атындагы Циркине баруу. 5-БӨЛҮМ. Москва суусунда яхта менен сейилдөө. 6-БӨЛҮМ. Парктар жана тарыхый жайлар. Түнкү Москва. 7-БӨЛҮМ. Космонавтика  музейин жана Океанариум (Москвариум) көрүү. ЭЧЖК (ВДНХ). 8 – БӨЛҮМ. Москва метросу.

____________________________________________________________

1-БӨЛҮМ. МЕЙМАНДЫН КЕЛИШИ ЖАНА ЖАЙГАШУУСУ.

 

Аэроэкспресс
Аэроэкспресс
« 1 of 34 »

Адегенде менин коногум Айжан кайсы жерге токтогону жөнүндө айтып берейин. Фонддун бардык лауреаттары менин Москва районундагы “Гранд-парк” турак-жай комплексиндеги  квартирамда жайгашат.

Саякат Бишкектен Москва шаарына, Шереметьев аэропортуна келип конуу менен башталды. Саякат башталганга чейин мен ардактуу коногум – лауреатыма саякатка кандай даярдыктарды көрүү керек, каттоодон кантип өтүү керек, самолетто жана аэропортко келгенде кандай болушу мүмкүн экендигин кененирээк жазып жиберем. Анан албетте, ал конокту тосуп алам, мени дайыма жолдошум Володя коштоп жүрөт.

Бул жолу да ошондой болду, жолдошум экөөбүз Шереметьево аэропортуна барып Айжанды тосуп келдик. Үйгө чейин АЭРОЭКСПРЕСС менен жетип алдык. Окурмандарга айтаарым, АЭРОЭКСПРЕСС электропоезддери комфортабелдүү, тез жеткирүүчү, анан аябай кооз жана ичи таза болот, анын ичи таксиге караганда кенен, жүктөрүңдү коюп койгонго да өзүнчө жайы, ал тургай вай-файы да бар. Бирок эң башкы артыкчылыгы – поезддерде эч качан тыгын болбойт, борборго чейин жарым саатта эле учуп жеткендей болосуң, ошондуктан биз дайыма ага артыкчылык беребиз. Шереметьевден чыккан аэроэкспресс Белорус вокзалына алып келет.

Москвадагы башка дагы 9 вокзал сыяктуу эле, бул шаар менен тааныштырууга ылайыктуу жер. Тверь Застава аянтындагы имарат 1870-жылы, тагыраак айтканда, 150 жыл илгери курулган. Бул вокзалдын көзгө көрүнө турган жеринин бири “Прощание славянки” эстелиги, бул ыр-маршка арналып 2014-жылы коюлган эстеликтен поездден чыккандар кайчы өтүп кете алышпайт. Ал күнү жамгыр жаап тургандыктан, биз ал жерден сүрөткө түшө албадык, андыктан силерге интернет айдыңындагы сүрөтүн көргөзөйүн. Таң калыштуусу, бул жылы саякатыбыз башталгандан тартып 10 күн жамгыр жаап туруп алды. Бирок бул биздин Айжанга тоскоол болбоду, биз пландагандай эле, кызыктуу жайларды кыдырып жүрдүк.

Албетте, адегенде эле курсагыбызды тойгуздук да, “Ходынское поле” паркына сейилге чыктык. Короодон чыгар замат шыр эле кооз, таза, сейилдөөчү, велосипед, скутер тепчү жолдору, чарчаганда отуруп эс ала турган отургучтары бар паркка киресиз. Бул парктагы жасалма көлмөдөн өрдөктөр, көйкөлүп өскөн камыштар, көпүрө, жайында күнгө күйүп эс алып жата турган ыңгайлуу жайлар, балдар жана чоңдор тепчү селкинчектер, айтор ушулардын баары башкача жаркырап тийген жарыктын алдында бир керемет көрүнөт. Парк болгондон кийин ал жерде балдар аянтчалары, көңүл ачуучу фуникулер, волейбол, теннис ж.б. спорттун түрлөрү ойноло турган спорт аянтчалары да бар. Парктын дагы бир өзгөчө көзгө сүйкүмдүү кооз жери — бул плитканын алдынан чачырап чыккан фонтан, ал фонтандын жыбылжып аккан агымдары үстүнөн тийген жарыктан улам бийлеп аткандай сезим калтырат. Күн жылуу учурларда балдар фонтандын айланасында чуркап ойногонду жакшы көрүшөт.

Парктын ичинде болсо – метросунун ЦСКА станциясынын жердин алдындагы вестибюлу, ал парктын жалпы көрүнүшүнө гармониялуу көрк берип турат, курулуштун дубалдары – айнек, эскалатордон көтөрүлүп келатканда парк алаканга салгандай көрүнөт, метронун станциясынын чатырындагы оригиналдуу жайгашкан газондор жана отургучтар паркты андан ары улап кетет. Станциянын өзү кенен, аны курган куруучулар мраморду аяшпаган белем, көз жоосун алган көрктүүлүгү, стилдүүлүгү көркүнө ого бетер көрк кошуп турат, залдын так ортосундагы линияны бойлой белгилүү төрт спортчунун скульптурасы орнотулган.

Парк өзү жөө жүргүнчүлөрдүн сүйгөн жайы эмеспи, үйдүн короосунан чыгып метрого жетиш үчүн парктын ичинен болгону эки жүз кадамдай басып, сол жагыңдан фонтандын, оң жагыңдан мектептин жанынан өтөсүң.

Парктын бет маңдайында аябай чоң Авиапарк соода-сайрандоо коплекси жайгашкан, анын көркүн андагы узундугу 23 метр келген аквариум ачып турат.

Мен адатта конокторумдун баарына тамак-ашты өз колум менен жасап берем, ал эми экскурсияга чыккан учурларда Москванын кафелеринен даам сызабыз. Биздин үйдүн чатырында терасса бар, күн жылуу учурларда биз ал жакта эс алууларды уюштурганды жакшы көрөбүз. Айрыкча эртең менен ошол жерден наар сызып отуруп, айланага көз чаптырып, ырахаттанып чай же кофе ичсең укмуш керемет! Ал жерден “Ходынское поле” паркы, Сити жана башка көк мелжиген кө кабаттуу үйлөр көңүлүңдү ачат.


КИЙИНКИ: 2 БӨЛҮМ. ТЕАТРЛАРГА БАРУУ

 


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *