КММАНЫН ИЛИМ КҮНДӨРҮ ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ

КММАНЫН ИЛИМ КҮНДӨРҮ 2019: САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН СЕГИЗИНЧИ ДАРЫГЕР ЛАУРЕАТ СЫЙЛЫГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ – ПЕДИАТР АЙЖАН САРИЕВА БОЛДУ.

Биздин Фонд жыл сайын И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жаш окумуштуулар сынагынын жеңүүчүсү үчүн Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякат уюштуруп келет. Лауреатты КММАнын профессордук-окутуучулук курамынан түзүлгөн сынактын КАЛЫСТАР тобу аныктайт.


“И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын Илим Күндөрү” илимий-практикалык конференциясы 2019-жылдын 10-12-апрелинде өткөн. Академия ар жыл сайын бул иш-чараны академиянын тарыхындагы маанилүү окуяга арнап келет. 2019-жылы бул иш-чара ЖОЖдун юбилейи — И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын 80 жылдыгына арналды.

Студенттер, клиникалык ординаторлор, аспиранттар жана кафедра кызматкерлеринин форумуна КММА эле эмес, Кыргызстандын жана ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн медициналык жогорку окуу жайлары да катышты. Программага үй-бүлөлүк медицина боюнча жож аралык Универсиада, илимий конференция, кереге кеңештер, практик дарыгерлердин мектеби, дары каражаттарынын көргөзмөсү жана ошондой эле республикадагы белгилүү медицина адистеринин сөздөрү, лекциялары камтылган.

Менин көз карашымда, мындай иш-чаралар медициналык илимге жана практикага өтө зарыл, анткени ал жаш адистерди илимий дискуссияларга катышып такшалтуу менен бирге, эл алдында чыгып сүйлөө тажрыйбасына ээ кылат, жаш окумуштуулардын кызыктуу иштерин көргөзүп, кесипкөй байланыштардын калыптанышына жардам берет жана жалпы эле окуу процессин жандандырат.

КММА турмушу акыркы жылдары аябай жанданып келатканын кубануу менен белгилегим келет. ЖОЖдун турмушуна сыртынан байкоо салганда, кесипкөй чөйрөдө өзүн көргөзүүгө, жаңы нерсени көрүүгө умтулган активдүү студенттер жана аспиранттар көп экендигин көрүп жүрөм.

2019-жылы саякатка ким барат? Биз аны билебиз: ал – педиатр Айжан Сариева.

 

 

 

 

 

“Жаш дарыгер 2019” сынагынын жеңүүчүсү Сариева Айжан — КММАнын педиатрия кафедрасынын клиникалык ординатору. Биз Айжанды жеңиши менен куттуктап, ага илимде жана клиникалык медицинада мындан ары да албан ийгиликтерге жетише беришин каалайбыз!

Биздин маалыматыбыз боюнча, Айжан бул сынактан кийин дагы бир сынакка – Казакстан ЖОЖдорунун жаш окумуштуулары сынагына катышып, жеңишке ээ болгон. Айжанды ал жеңиши менен да куттуктайбыз! Андыктан урматтуу биздин сайттын окурмандары, биздин республикада эми дагы бир келечектүү педиатр пайда болгондугун билип алыңыздар.

Мурунку Жеңүүчүлөр — жаш адистердин ар бири — Москвага 10 күндүк саякатка барып келишти, биздин сайттын барактарынан алардын жеңиши жөнүндө отчетту эле эмес, ар бирөөнүн саякаты тууралуу альбомду да көрүүгө болот.

Сынак уюштурулуп келаткандан бери төмөнкү жаш окумуштуулар лауреат болду:

2012-жылы — хирург Алан Абдиев

ХИРУРГ АЛЛАН АБДИЕВДИН МОСКВАДАГЫ ЖАЙКЫ АЖАЙЫП 10 КҮНҮ

 

 

2013-жылы — микрохирург Радик Талант

ЖАШ ОКУМУШТУУ ДАРЫГЕРЛЕР ҮЧҮН УЮШТУРУЛГАН СЫНАКТЫН 2013-ЖЫЛДАГЫ ЛАУРЕАТЫ – МИКРОХИРУРГ РАДИК ТАЛАНТТЫН МОСКВАГА САЯКАТЫ

 

2015-жылы — травматолог Болоткан уулу Насыр

“ЖАШ ОКУМУШТУУ-ДАРЫГЕР-2015” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ БОЛОТКАН УУЛУ НАСЫРДЫН МОСКВА ШААРЫНА САЯКАТЫ.

 

 

2016-жылы – студент Жаркын Откеева жана врач-реаниматолог Елена Черномазова

ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫНЫН ЭЭЛЕРИ – ЖАРКЫН ОТКЕЕВА МЕНЕН ЕЛЕНА ЧЕРНОМАЗОВАНЫН МОСКВА ШААРЫНДАГЫ 10 КҮНДҮК САЯКАТЫ

 

 

2017-жылы — нейрохирург Таалайбек уулу Байымбет

НЕЙРОХИРУРГ БАЙЫМБЕТ ТААЛАЙБЕК УУЛУ: ФОНДДУН СЫЙЛЫГЫ – МОСКВАДАГЫ 10 КҮН

 

2018-жылы терапевт Арстанбекова Мира

МИРА АРСТАНБЕКОВА – ФОНДДУН ЖАШ ОКУМУШТУУ ДАРЫГЕР 2018 СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ. МОСКВАДАГЫ 10 КҮН

 

Биз Айжан Сариеванын маданий-маалымат арттыруучу саякаты жөнүндө отчетун сөзсүз жарыялайбыз.


Бул жерден окуңуз:

ЖАШ ОКУМУШТУУ-ДАРЫГЕР. 2012-ЖЫЛДАН БЕРИ ЖЫЛ САЙЫН ӨТКӨРҮЛӨТ

ФОНДДУН ИШТЕП ЖАТКАН ДОЛБООРЛОРУ


Автору
Асел Даниярова

Пикир кошуу

Сиздин e-mail жарыяланбайт Милдеттүү талаалар белгиленген *